Добавить статью
15:26, 25 июля 2016 73748

Баарлашуудан улам...

2016-жылдын 7-8-июлдарында кереметтүү Ысык-Көл боюндагы Аврора эс алуу пансионатында Тарых жана маданият жылына карата “Ысык-Көл баарлашуусу II” аталышындагы тегерек стол өттү. Тегерек столдун негизги максаты Тарых жана маданият жылына карата иш-чаралардын даярдыктарын  талкуулоо болду.

Жыйын учурунда “Бүткүл II көчмөндөр оюну, 1916-жылкы Улуу Көтөрүлүштүн 100 жылдыгы, педагогика жана жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоо жаатында “Келечек сапар” долбоору, Тарых жана маданият жылын белгилөө боюнча уюштуруу Дирекциясынын иш-чаралары деген 4 баяндама угулуп, талкууда көптөгөн алгылыктуу пикирлер айтылды, омоктуу маселелер көтөрүлдү, сунуштар берилди. Тегерек столго Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Мира Карыбаева, Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаев, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун” катчылыгы, окумуштуулар, тарыхчылар, маданият ишмерлери, акын-жазууулар, коомдук ишмерлери, манасчылар, журналисттер, спорт жана дене-тарбия, түрлүү коомдук уюмдардын өкүлдөрү баары 100 адамдын тегерегинде чакырылгандар катышышты.

Катышуучулар өз сөздөрүндө “Ысык-Көл баарлашуусу II”нин коомдук мааниси чоң жыйын болгондугун белгилешти. КР Президенти А.Ш.Атамбаевдин коомчулук жана бийлик өкүлдөрү менен мындай арай көзү чарай баарлашуусун уюштурууга демилге көтөргөндүгүнө ыраазычылыгын айтышты. Кыргыз демократиясынын азыркы багытына шайкеш келген бул баарлашууда бийлик өкүлдөрү, тагыраак айтканда КР Президентинин аппаратынын кызматчыларынын, жергиликтүү бийликтин алдында олтуруп, өлкө турмушунун көйгөй маселелери боюнча ачык, кээде ачуу, таамай айтылган пикирлер, көз караштар жана сунуштар берилгендигинин өлкө алдындагы бир катар маселелерди туура чечишине салым кошоорун тастыкташты.

Баарлашуунун жүрүшүндө “Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун” даярдыгы, педагогика жана жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоо жаатындагы “Келечек сапар” долбоорунун иши, Тарых жана маданият жылын белгилөө боюнча уюштуруу Дирекциясынын иш-чаралары боюнча талкуулоодо иштин жандандыруу боюнча сунуштар айтылып, негизинен ача пикирлерди жараткан жок. Кызуу талкуулар, сын-пикирлер, атүгүл кескин карама-каршы келген көз караштар менен коштолгон сунуштар1916-жылкы Улуу Көтөрүлүштүн жана Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө, ошондой эле жыйындын программасына кирбеген, бирок, өлкөнүн алдындагы азыркы актуалдуу маселелери, маселен жаңы паспорттун үлгүсүндөгү айрым графаларды алып коюу, кыргыз улутунун келечеги, көп улуттуу өлкө, өлкө биримдиги жана мамлекеттин бүтүндүгү, оппозиция-позиция жана башка маселелер боюнча жүрдү.

Кызуу талаш-тартыштар менен коштолгон эки күндүк жыйын негизинен конструктивдүү аяктап, тийешелүү резолюция кабыл алынды. Бирок, талкуулар дагы да улана берери, баарлашуунун катышуучулары эч болбосо бир жылда эки жолу улуттук маанилүү маселелер боюнча пикир алмашып турары белгиленди.

Каралган маселелердин айланасында мен дагы ой-пикирлеримди айта алдым, бирок убакыттын тардыгынан кеңири ой-бөлүшүүгө мүмкүн болгон жок. Ошондуктан Кыргызстандын интеллигент-жараны катары бир катар маселелер боюнча пикиримди жарыялап коюуну чечтим.

  1. Мамлекеттик биримдик маселеси

Мамлекеттик жана коомдук биригүү өлкөдө жашаган бардык этностордун “Кыргыз Республикасы” деп аталган мекенинин алдындагы жалпы атуулдук жоопкерчиликке негизделиши керек. Өлкөнүн бардык атуулдарынын бир гана мекени – Кыргыз Республикасы болуп эсептелип, анын алдындагы жоопкерчилик этномаданий көп түрдүүлүктүн баарына бирдей болушу шарт. Бирок, бул жоопкерчиликте этно-көп түрдүүлүк жөнүндөгү мурунку стереотипке жооп берген “Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз”, “Кыргызстандын күнүнүн алдында баары өсөт” деп аталчу концепциялар четке кагылышы зарыл. Чынында, ушул убакка чейин “ээси жок үйдө (Кыргызстанда) агы да карасы да, сарысы да күрөңү да, досу да душманы да” – баары бирдей өсүп келишкен. Азыркы шартта этносаясий абал кыргыз коомчулугунун биригүүсүнө карата мезгилдин жаңы чакырыктарын, башка методологияны, концепцияны талап кылууда.

Демек, “жалпы үй” концепциясын четке кагуу менен, Кыргызстандын бардык этно-көп түрдүү атуулдары ал үйдүн ээси болгон кыргыз деп аталган ядронун айланасына акырындык менен биригүүсү керек. Мамлекет түптөөчү улуттун айланасына биригүү гана тигил же бул өлкөдө бекем коомдук атуулдук биримдикти түзүп, жаңы саясий жалпылыкты калыптандыра алат. Мындай жаңы этно-саясий улуттук эалпылыктын бириктирүүчү ядросу катары биздин өлкөдө кыргыз улутунун тарыхый социо-маданий баалуулуктары чечүүчү деп эсептелип, байыртадан элибизде сакталып келген “гумандуулук”, “меймандостук”, “толеранттуулук”, “кечиримдүүлүк” сыяктуу белгилер менен камсыздалып, “ийкемдүүлүк” менен өлкөдөгү этно-көп түрдүүлүктү бириктирүүнү камсыз кылышы шарт. Ошол эле учурда атуулдук коомдун ичинде жашаган этно-көп түрдүүлүктүн кызыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү мамлекетке атын берген улуттун кызыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү менен “акылга сыярлык” баланста болушу улут биримдигин калыптандырууга зарыл өбөлгө.

Мамлекеттин биримдиги - бул өлкөнүн бүтүндүгү болуп эсептелет. Суверендүүлүктүн камсыз болушу үчүн мамлекеттин биримдиги жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу керек. Анын элементтери төмөнкүлөр:

1) Өлкөнүн региондорго бөлүнүп, ыдырашы, регионализм. Башкача айтканда, түндүк-түштүк маселеси. Түндүк-түштүк маселеси негизинен георафиялык гана түшүнүк болуп келсе да, советтик доордун 60-жылдарынан, айрыкча Кыргызстандын эгемендигинин акыркы жылдарында саясатчылар тарабынан көбүртүлүп-жабыртылып, саясатка айланып кеткендигин жашырууга болбойт. Раззаков-Усубалиев, Масалиев-Акаев, Бакиев-Отунбаева-Атамбаев схемасындагы мамлекет башчыларынын алмашышы ушул маселенин айынан “реванш алуу” сыяктуу туюлуп, элдин биримдигине зыян келтирип келгендигин жашырууга мүмкүн эмес. Бул маселени конструктивдүү нукка бурбасак, регионализм ооруусу кыргыз коомчулугунда көпкө чейин улана бериши мүмкүн.

2) Өлкө калкынын уруулук кландарга бөлүнүшү, башкача айтканда уруучулук (трайбализм). Бул бөлүнүү түндүк-түштүк, жердешчилик, уруучулук деңгээлиндеги корпоративдик кызыкчылыктардын негизинде пайда болуучу ажырымга алып барат. Мындай бөлүнүү күнүмдүк турмушта көпкө чейин сакталышы мүмкүн. Бирок, ал мамлекеттин деңгээлине чыгып кетсе кооптуу. Өлкөнүн коомдук-саясий туруктуу өнүгүшү, турмуштун жакшырышы, экономиканын, маданияттын жана элдин интеллектуалдык деңгээлинин жогорулашынын негизинде, акырындык менен бул илдеттен арылууга болот.

3) Саясый ажырым. Бул процесс радикалдуу оппозициячыл күчтөрдүн расмий бийликке болгон мамилесине байланыштуу. Оппозиция, албетте, ар кандай демократиялуу өлкөнүн адаттагы көрүнүшү. Бирок, оппозиция конструктивдүүлүктүн чегинен өтүп, охлократиялык жол менен мамлекеттик төңкөрүш кылууну көздөгөн максат коюп, экстремисстик жолго түшсө, бул мамлекеттин биримдигине олуттуу доо кетирет. Ошондуктан бийлик-эл, оппозиция-позиция мамилеси мыйзам чегинде, укуктук-жоопкерчилик чегинде гана өнүгүүсү зарыл. Бул жерде башкы бийликтин туура жана адилет саясаты мыйзамдуулуктын кепили.

4) Этникалык ажырым. Бул маселенин курчуп кетиши, албетте, мамлекеттин биримдигине чоң коркунуч туугузушу мүмкүн. 1990-жылкы кыргыз-өзбек кагылышы, 2010-жылкы июнь окуялары анын канчалык коркунучтуу экендигин дагы бир жолу эскертти. Учурда этно-саясат боюнча жогорку бийлик алкагында тийешелүү бөлүмдөр бар, концепция, программа кабыл алынган. Бирок, иш-жүзүндө этносаясат компанейшинага айланбастан, туруктуу жүргүзүлүүчү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынан болушу шарт. Жогор жакта айтылгандай мамлекеттик биримдиктин кыргыз улутун бириктирүүчү ядро катары колдонуу менен конструктивдүү саясат алуу баруу – ийгиликтин кепили.

5) Идеологиялык ажырым. Бул коркунуч саясий ажырымга жакын. Себеби, мындай ажырымдын түпкү себептери саясий көз караштардын, партиялык идеялардын атаандашуусунан, интернационалдуулук менен мекенчилдиктин карама-каршылыгынын шовинизм менен түркөй улутчулдукка чейин өсүп кетишине байланыштуу болот. Демек, идеологиялык ажырымды конструктивдүү нукка салып, аны идеялардын интеллектүү жарышы катары калыптандырууга аракет болбосо, мындай ажырым, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирүүчү кармаштарга айланып кетиши да мүмкүн.

6) Диндик ажырым. Кыргызстандагы азыркы поликонфессионалдык абал муну пайда кылууда. Баш мыйзамда мамлекет динден ажыратылган. Бирок, азыкы учурдагы диний көп түрдүүлүктүн шартында диний көз караштардын, конфессиялардын, секталардын жана диний уюмдардын өз ара мамилесин позитивдүү нукка буруп турууда мамлекет аппарат демилгени колго алуусу зарыл.

7) Мамлекеттин чегаралык бүтүндүгүнүн коопсуздугу. Бул эл аралык, дипломатиялык маселе. Баланстуу, жакшы ойлонулган тышкы саясат мунун кепилдиги.

2. Улуттук идеология, демократия маселеси

    1. Улуттук идеология жана мамлекеттик идеология.

Бул эки түшүнүк бири-бирине каршы маанидеги түшүнүктөр эмес. Ошол эле учурда алар бири-биринен өзгөчөлөнүп да турушат. Эгер мамлекеттик идеологиянын булагы Кыргыз Республикасынын Конституциясы болсо, улуттук идеология – бул улуттук баалуулуктардан, улуттук кызыкчылыктан, Кыргызстандын эл аралык ордунан, көп улуттуу өлкөнүн учурдагы абалынан жана башка заманбап чакырыктардан келип чыгуучу идеология. Демек, улуттук идеология өсүп-өнүгүп турат.

Учурдагы заманбап түшүнүктө “улут” жана “өлкө” бир маанидеги терминге айланып бара жатат. Өлкө болсо, кең маанисинде - мамлекет. Кыргызстанда бир нече жолу Баш мыйзам өзгөрүп келди. 2010-жылкы вариант да коомчулуктун пикиринде азырынча кам. Ошондой болсо да мамлекеттик идеология бизде салыштырмалуу бар.

Бирок, улуттук идеологияга келсек, 25 жылдан бери бир канча жолу “улуттук идеология” түзүү аракети болуп келди. Бардык учурда ал элге жукпай, ишке ашпай калууда. Улуттук идеология жазабыз деген аракетти саясатташтырып жиберишкендиктен, ал ар бир “түстүү революция” деп аталган саясий толкунда улам жаңыча көтөрүлүп келе жатат. Менимче идеологияны үстүртөн даярдоо, ойлоп табуу, жазуу ишке ашпаган аракет. Ал эгер өлкө экономикалык, коомдук, саясий, руханий жагынан оңолсо, өзүнүн азыркы ааламда татыктуу ордун тапса,улуттук идеология акырындык менен өзүнөн-өзү калыптануучу нерсе. Ошондуктан “улуттук идеологияны” даярдайлы, анан ошонун негизинде жашоону жакшырталы дегендин ордуна, өлкөнү кантип оңдойбуз, жашоону кантип татыктуу кылабыз деген конкреттүү программалардын үстүнө талыкпай иштесек, коррупция менен кадрдык сасатты оңдосок, кыргыздын оңго-солго, түндүккө-түштүккө, уруу-урууга бөлүнүшүн жойсок, аягында келип өлкө алдыңкы өнүккөн чектерге акырындап жетсе, ошондо улуттук идеология өзү эле калыптанат деп ойлойм.

    1. Демократия: Кыргызстан демократиялуу өлкө, биз “демократиянын аралчасыбыз” деп төш кагабыз. Бирок, Кыргызстан чыгыштын салтуу жашоосунун, өзүбүздүн көчмөн демократиясынын үлгүлөрү менен жашап келе жаткан өлкө. Ошондой болгонуна карабастан батыштын либералдык демократиясын калка кылып көчүрүп алып, башыбыз маң болуп олтурат. Мындай саясаттын кесепетинен биздин демократия көп учурда демократия эмес, анархияга жакын охлократияга айланып кетүүдө.

Батыштын либералдык демократиясында “жеке кызыкчылык” биринчи орунда туруп, коомдук кызыкчылык, экинчи планда. Ал жерде “индивидуализм” жашоонун кредосу. Демек менин түшүнүгүмдө батыштын демократиясы “индивид эгоисттердин” кызыкчылыгын биринчи орунга койгон философия. Ал эми чыгыштын салттуу демократиясы, ошонун ичинде көчмөн демократиясы, көчмөндөрдөн таасир алган кытай, корей, япон демократиясы “жеке кызыкчылыкты” экинчи орунга коюп, “жамааттык, корпоративдик кызыкчылыкты” биринчи орунга койгон демократияга негизделген. Демократиянын ушундай негизде калыптануусу, менимче, анын байыркы антикалык доордогу классикалык түрүнө туура келет. Азчылык, жеке инсан көпчүлүккө, жалпылыкка баш иет. Маселен, Японияда Тойота фирмасынын ар бир жумушчусунун кызыкчылыгына караганда ал иштеген корпорациянын кызыкчылыгы жогору турат. Демек, мындай жерде өнүгөт. Кыргызда болсо, эзелтен келген курултайлык башкарууда жалпы кызыкчылык жеке кызыкчылыктардын үстүндө туруп, жашоонун бардык проблемаларын чечип турган. Ошондуктан менин сунушум, батыш либераралдык демократиясына басым кылбай, өзүбүздүн салттуу менталитетибизге басым кылсак, жашоонун “кыргыз жолун” тапсак. Идеологияда, саясатта жана башка сфераларда коомдук, жалпы мамлекеттик кызыкчылыктарды биринчи орунга жылдырсак туура деп санаймын.

  1. Мекенчилдик. Улутчулдук менен интернационалдуулуктун айкашы

    1. Мекенчилдик маселеси. Эгер Кыргыз элинин дүйнө цивилизациясына батыл чыгуусун кааласак, биз кыргыз тарыхын, улуттук баалуулуктарын, руханий байлыгын даңазалашыбыз керек. Бирок, биз кантип даңазалап жатабыз? Негизинен көп нерсе туура айтылгандай эле болуп келет. Маселен, Манас, Көчмөн оюндары, кыргыз тамак-ашы, салттары, кол өнөрчүлүгү жана башкалары кыргыз баалуулуктарын дүйнөгө даңазалоодо. Бирок, кээде аша-чаап, “кыргыз башка элдердин атасы”, “кыргыз улуу эл”, “башка элдер кыргыздардан тараган” дегенге чейин айтып жиберип, коңшулардын келекесине да калып жатабыз.

Ошондуктан менин пикирим жана сунушум. Тарыхый жактан тастыкталган, дүйнө цивилизациясына салым кошо алган элибиздин баалуулуктарын даңазаласак. Алар кыргыздын Манасында, манасчылыкта, кыргыз элинин руханий баалуулуктарында, акындык өнөрүндө, көчмөн цивилизациясында, жерибиздин кооздугунда, экологиялык тазалыгында, меймандостугубузда жана башкаларда жатат. Туура алар жөнүндө көп эле айтылат. Бирок, бул жерде айтайын дегеним, маселен эмне үчүн кыргыз кинолорунда, кыргыз турмушун масс-медиада чагылдырууда, журналисттик баяндарда, сенсация үчүнбү, же "сюрреализмге" өтө эле жогорку маани бергендиктенби, кыргыздын начар жактарын, кээде уяла турган жактарын көп чагылдырып, рекламалап жиберип жатышат. Айталы, эч болбосо Казахстандагыдай “Кочевник”, “Миңбала” сыяктуу кыргыз элинин баатырдыгын, айкөлдүгүн даңазалаган, жерибиздин кооздугун, этнографиясын даңазалаган фильмдерди эмнеге тартпайбыз? Акыркы убакта “Курманжан датка” көркөм тасмасы ошого аракет кылгандай болду. Бирок, анын да толгон-токой кемчиликтери бар. Демек, кыргызды дүйнөгө рекламасак, ушуга көңүл бурсак. Ошондо мекенчилдикке тарбиялайбыз, ошондо “кыргыз болгонуна сыймыктанган” жаштардын катмарын түзө алабыз. Азыр “кыргыз экенине уялган жаштар да көп экендигин билебиз го.

Жогорку маселеге азыркы масс-медиа, маалымат же информациялык күрөш да байланыштуу. Бул жаатта Кыргызстанда ырааттуу саясат жүргүзүлүшү керек. 2010-жылдагы “информациялык согушта” кыргыз маалымат айдыңы” жеңилип калды. Демек, кыргыз масс-медиасы азыркы глобализмдеги чакырыктарга жооп бере алгыдай, туруктуу саясат иштеп чыгуусу зарыл. Сенсацияны кууп, мааниси жок, коомчулукка тескери таасир кыла турган материалдарды берүү зыян жана коркунучтуу. Мен бул жерде кайсы бир деңгээлде масс-медиага мамлекеттик көзөмөл киргизүү зарыл деп эсептеймин. Ашыкча плюрализмдин зыяны да көп. Ал охлократияга алып баруучу жол.

    1. Кыргыз” термини жана өзүн-өзү таануу. Бул маселеге мен олуттуу маани бергим келип турат. Учурда кыргыз элинин, айрыкча жаштардын арасында улуттук сезим курч. Сезимтал. Бул жерде “улутчулдук” менен “ааламдашуунун” тиреши турат деп түшүнөм. “Кыргыз” деген сөз жөн эле этникалык маанидеги, тар термин эмес, ал кенен, көп палитралуу, көп спектрдүү термин. Байыртан бери “кыргыз” термини бир келки канаатташ элдердин жалпылыгын билдирип келген. Эзелки кыргыз мамлекети, VII-X кылымдардагы Енисей кыргыз каганаты жана улуу кыргыз державасы “кыргыз этносунун” мамлекети, өлкөсү эмес, ядросун, өзөгүн кыргыз этносу түзгөн, кенен маанидеги полиэтностуу өлкө болгон. “Кыргыз” деген жалпылыкты кытай, араб-перс жана башка булактар “Кыргыз ээлиги”, “Кыргыз үйү” (маселен хун-ю – хунну үйү деген сыяктуу), “Кыргыз эль” деген терминдер менен айтып, ага мамлекет, өлкө деген маани берген. Орто кылымдардан XVIII кылымга чейин Урал тоолорунан чыгышка кеткен Улуу Талаанын тургундарын кээде жалпылап, “кыргыз” деп да атап койгон. Ошондуктан кызактарды да “киргизы” атап коюшу бекеринен эмес. Демек, “кыргыз” термини этноним гана эмес, политоним.

Өзбек”, “казак” терминдери да политоним катары ондогон уруулардын жалпылыгы катары келип чыккандыгын жакшы билебиз. Бекеринен Манас “эль” деген түшүнүктү полиэтникалык мааниде “курама жыйып, журт кылдым” деп атап, кыргыз деген этностук ядронун тегерегине сандаган түрк урууларын, монгол урууларын бириктирген. Манас “чачылганды жыйнап” кыргыздын айланасына тууган чогултуп “эл-журт” кылып, “сен түрксүң”, “сен мангулсуң”, “сен кытайсың”, “сен казаксың же өзбексиң” деп бөлбөй кыргыз кылган. Чыгышы Лопнор, батышы Арал, түндүгү Опол, түштүгү Ооганды бириктирип, “Кыргыз” аталган конфедеративдүү мамлекет түптөгөн. Айкөл Манас “каны таза кыргыз” гана бийлесин деп башкаларды жээриген эмес. Маселен теги кытай Алмамбет, Манастын мамлекетинде экинчи бийликчи, Чоң казатта башкы аскер башчы болгон. Тарыхый инчан Ли-Линчи? Маселен, биздин заманга чейинки 99-жылы хан элинин колбашчысы Ли Лин хуннуларга каршы жортуул уюштуруп, жеңилип калгандан кийин ал хунну ханынын кызына үйлөнүп, байыркы кыргыздарга башчы болуп дайындалган. Кыргыздашкан Ли Линдин урпактарынын династиясы орто кылымдардагы кыргыз каганаттарында 1000 жыл жашап турган. Маселен, Барсбек, 840-жылы уйгурларды талкалап, “Улуу Кыргыз державасын” түзгөн кыргыз ажосу да Ли Линдин иукуму болгон.

Ушуга окшогон ондогон тарыхый мисалдардан бир жыйынтык чыгат. Ал “кыргызды кыргыз кылып келген” ички-уруулук да, тышкы туугандык да биримдик. “Чачылгандар жыйылып”, “курамалар биригип”, КЫРГЫЗ деп аталган полиэтникалык жалпылыкты түзгөн. Ошондуктан, кыргыз санжыраларында “тондуу уул”, жээн тууган, жээн эл, келгин уул деген түшүнүктөр бар. Демек, “кыргыз” термини таптаза бир этносту түшүндүрбөйт, коомдук, уруулук, саясий жалпылыкты түшүндүрөт.

Азыркы ааламдашуу заманында этностук эмес, “улут” деп аталган коомдук-саясий жалпылыктар түзүлүүдө. Маселен, француз, англичан, русский, индус, кытай, өзбек, түркия түркү жана башка. Демек, биз прогресске карай умтулчу болсок, анда “кыргыз” деген терминге да коомдук-саясий маани берип, улут, өлкө деген жалпылык катары сезишибиз керек. Азыркы учурда “КЫРГЫЗ” термини кыргыздардын “өзүн-өзү таанып-билүүсү, же орусча айтканда “самоидентификациясы”. Ал этаптан биз өтүп кеттик. Азыр, бизден, жүрөгү кыргыз деп соккон, башында ак калпак койкойгон, кыргызча так жана даана сүйлөгөн инсандан, “кыргызды” эч ким тартып ала албайт. Бирок, дүркүрөп алдыга кетип жаткан бул заманда биз “кыргыз” терминине “этностук” гана тар маани берип кала берсек, жаныбыздан алдыга өтүп бара жаткан башка болочок “кыргыз жаранын” көрбөй да, укпай да калабыз.

Ошондуктан, менин сунушум, “Кыргыз” терминине жаңы маани берели, азыркы заманбап мыйзам-ченемге карата, аны “улут”, азыркы “жалпылык” деп түшүнөлү. Эзелки “кыргыз” деген этностук ядронун айланасына бирге жашап жаткан, тууган, коңщу этносторду, “кыргыз улутуна” бириктирели. Ошондо гана кыргыз аты өчпөйт, сакталат, көбөйөт. Демек, “кыргыз улуту”, “кыргыз мамлекети”, кыргыз республикасы”, “кыргыз экономикасы”, “кыргыз руханий байлыгы”, “кыргыз жери” жана башка аталыштарды азыркы Кыргызстан деп аталган көп улуттуу, бирдиктүү, улуттук жалпылык катары сезели. Ошондуктан, жогорку логикага ылайык “кыргыз жараны” деген аталыштан коркпойлу, үркпөйлү.

Учурда паспорттун жаңы үлгүсүнө байланышкан талаш келип жатат. Мен, ой-толгоп, анализдеп, “улуту” деген этностук тар маанидеги графанын ордуна “жарандуулугу” деген кең маанидеги графа коюп, анын жообун “кыргыз жараны” деп атоону туура деп эсептээр элем. Анткени, тарыхый прогресстин талабына, азыркы заманбап чакырыгына ошол гана жооп берет.

  1. 1916-жылкы Улуу көтөрүлүш жана Үркүн маселеси

    1. Көтөрүлүшпү же Үркүнбү? Азыр кыргыз коомчулугу 1916-жылкы Улуу көтөрүлүштүн айланасында жакшы эле түшүнүк алып калышты. Өлкө тургундарынын бардык катмары, массалык-маалымат каражаттары, илимпоздор, коомчулук – баарында маалымат бар. Демек, 1916-жылкы көтөрүлүш тарыхый да, илимий да, тарбиялык да чоң мааниси бар азыркы күндүн актуалдуу маселесине айланды.

Ошонун ичинде бир маселе туура эмес коюлгандай көрүнөт. Коомчулукта “Улуу Үркүн”, “Үркүн-100”, “1916-жылкы Үркүн” деген аталыштар көп колдонулуп жатат. Туура түшүнөлү. 1916-жылкы окуялар Көтөрүлүшпү же Үркүнбү? Ушул таризде мен Азаттыкка макала да жаздым, ММКда да сүйлөдүм. Казакстанда да 1916-жылкы көтөрүлүш Кыргызстандагыдай эле масштабда, мүнөздө болгон. Бирок, аларда “үркүн” деген сөздү өтө сейрек колдонушат экен. Негизинен “көтерилис”, “1916-жылкы кыймыл”, “1916-жылгы азат күрестери”, “1916-жылгы улуттук-боштондук күреси” деп сүйлөшөт. Ал эми бизде “Каргашалуу окуя”, “Үркүн”, же атүгүл “Улуу Үркүн” деген терминдерди колдонуу басымдуулук кылат.

1916-жылкы окуя эки чоң бөлүктөн турат. Аны баары билишет. Биринчиси – өтө тажрыйбалуу, өтө мытайым жана мыкаачы Орусиянын отор бийлигине, анын тишине чейин куралданган аскерине каршы куралсыз элдин көтөрүлүшү. Бул теңдешсиз баатырдык. Ошол баатырдыкты даңазалоо, ошол баатырдыктын мисалы менен азыркы муунду мекенчилдикке тарбиялоо – менимче эң башкы маселе. Ошондуктан эң биринчи кезекте 1916-жылкы окуяларды “Улуу көтөрүлүш” деп атасак. Ал эми Үркүн бул ошол Улуу көтөрүлүштүн экинчи фазасы, азаттык күрөшүнүн жыйынтыгы. Күрөшкө чыккан куралсыз эл жеңилип бара жатканда, кыш-күрөө кирип келгенде айласыздан качууга, жанын сактап калуу үчүн үркүүгө туура келген. Бул кайгы-капа, жүрөк титиреткен азап жана кыйынчылык. Демек, үркүн Улуу көтөрүлүштүн кайгылуу жагы, жеңилүү жагы. Негедир биз так ушул экинчи жагын биринчи кылып эле сүйлөп, кай жерде болбосун “Үркүндүн сабактары”, “үркүндүн тарыхый мааниси” жана башка дей беребиз. Эмне үчүн 1916-жылкы окуялардын негизги, биринчи жана даңазалуу жагын экинчи орунга коюп, анын кайгылуу жагын кайра биринчи орунга жылдырабыз. Менинче бул эки түшүнүктүн ордун алмаштырып, негизинен “Улуу көтөрүлүш” деп кана атоону сунуш кылаар элем. Ушул пикирди Кыргызстандын массалык-маалымат каражаттары да укса, түшүнсө жакшы болоор эле.

    1. 1916-жылкы көтөрүлүштүн 100 жылдыгын белгилөө жана эл аралык саясат.

1916-жылкы Улуу көтөрүлүштүн 100 жылдыгын белгилөө жөн эле кыргыз айдыңындагы тарыхый окуя эмес, ал эл аралык саясий мааниси бар окуяга айланып кетти. Анткени, бул тикелей алганда 100 жыл мурун да, азыр да эки элдин – кыргыз менен орус элинин мамилеси. Биз канчалык азыркы орус эли мындан 100 жыл мурунку орус эли эмес, башка режим, башка өлкө дегенибиз менен “кыргыз жана орус элинин мамилеси” бул жерде дайым тура берет.

Ошондуктан азыркы Орусиянын тарыхчылары, саясатчылары буга олуттуу маани беришүүдө. Аларды тынчсыздандырган үч маселе бар:

1.Көтөрүлүштүн себептери. Көтөрүлүштүн келип чыгышына ондогон саясий, экономикалык, руханий-идеологиялык себептер болгондугун алар деле жакшы билишет. Атүгүл эң негизги себеп – жер маселеси болгондугунан да маалымбар. Бирок, көтөрүлүштүн чыгышына үчүнчү күч олуттуу таасир эткен деген пикирди биринчи орунга койгулары келишет. МГУда былтыр бул боюнча конференция болгон. Архив агенттигинин интернет-порталы ачылды. Апрель айынын акыр жагында МамДуманын спикери С.Нарышкин Кыргызстанга келип кетти. КРСУда болгон жыйында ал 1916-жылкы көтөрүлүштүн негизги себептеринин бири бул – тышкы күчтөр, азыркы тил менен айтканда үчүнчү күч. Демек, түрк-герман агентурасы кыргыздарга таасир гана тийгизген эмес, аны уюштурган деген пикирди айтып кетти. Учурда орус тарыхчылары ушул маселени жогорку деңгээлге алып чыгып жатышат. Демек, бул тенденциянын натуура экендигин баса көрсөтүшүбүз эп. Аны жасап жатабыз.

2. 1916-жылкы окуяны баалоо. Улуу көтөрүлүштө болгон кыргын “тукум-курутпу” (геноцид), же кыргынбы” Же болбосо айрымдары айткандай жөн эле көтөрүштү басып коюубу? Бул маселеде кыргыз тарыхчылары, коомчулугу кандай жыйынтык чыгарышат деп карап турушат. Демек, көтөрүштү баалоо маселеси керек болсо саясий маселеге айланды. Ошондуктан, кыргыз тарыхчылары тарыхтын мыйзам-ченемдерине, чындыкка ылайык, эл аралык юридикалык эрежелерге ылайык баар беришибиз абзел. Геноцид - тигил же бул улутту, этносту, расаны, диний жамааттагы кайсы бир топту толук же жарым-жартылай жок кылып жиберүү үчүн уюштурулган пландуу жана максаттуу иш-чара. Терминдин орусчасы - гректердин γένος — род, племя жана латынча caedo — убиваю) деген терминдеринен куралып айтылган. 1944-жылга чейин "геноцид" термини колдонулган эмес. Аны алгачкы жолу польшалык еврей улутундагы юрист Рафаэль Лемкин (1900-1959) фашизмдин еврейлерди тукум-курут кылуу саясатына карата киргизген. Геноцидди кыргызча тукум-курут деп которсо болот.

Кыргын деген кыргызча сөз бар. Ал орус тилинде “истребление” деген маанини берет. Кыргын деп тигил же бул урууну, элдин бөлүгүн жок кылууга, талкалоого багытталган аскерий иш-чараны түшүнөбүз.Демек, 1916-жылкы көтөрүлүштү жазалоо иш-чарасы кыргынга, же орусчасы “истреблениеге” туура келет.

Баалоонун дагы бир аспектиси бул 1916-жылкы окуя “элдик-боштондук кыймылбы” же “улуттук-боштондук кыймылбы”?. Эгер мурунку советтик идеологияны четке каксак, анда 1916-жылкы көтөрүлүш “улуттук-боштондук кыймыл”. Анткени, советтик идеологияда “эл” деген түшүнүккө “кедей-кембагал, жумушчу-дыйкан табын” гана киргизишип, оокаттуу катмарды элге кошушкан эмес. Ошондуктан “пролетардык диктатура” духундагы иделогияга жооп берген “элдик-боштондук кыймыл” деген термин келип чыккан. Ал эми азыркы методологияда жалпы элди “нация”- улут деп аташат. Ага бир аймакта жашаган тургундардын баары – кедейи да, байы да, оңу да, солу да кирет. Демек, азыркы мааниде “улуттук-боштондук кыймыл” деп атоо туура.

Көтөрүлүштөгү жоготуулардын саны. Бул дагы саясий маселеге айланууда. Орус тарыхчылары 1916-жылкы окуядагы кыргыз элинин жоготууларын айтып жатып, эмне үчүн кыргыз көтөрүлүшчүлөрүнүн да орус улутундагы жарандарды кыргандыгын айтпай жатасыңар деп күнөөлөшүп жатышат. Маселен кыргыз тарабынан болжол менен 120 миң адам өлгөн делсе, орустар тарабынан бүт Жети-Суу жана Фергана өрөөнүндөгү окуяларды кошо алганда 4000 адамдын тегерегинде дешет. Бирок, кыргыз изилдөөчүлөрү да бул маселеде бир катар ача пикирлерди айтып келүүдө. Бул ушул жылдын жыйынтык конференциясында акыркы так саны айтылат деп ойлойбуз.

    1. 1916-жылкы көтөрүлүштү изилдөө жагдайлары

Эң биринчи - кимдер изилдеш керек. Баарлашууда кызыккандардын баары изилдеш керек деп талап коюп жатышат. Илимий изилдөө, коомдук-публицистикалык изилдөө деген бар. Бирок, илимий тарыхты, албетте тикелей тарыхчылар гана изилдеши зарыл. Болгондо да ошол доорду изилдеп жүргөн тарыхчылар аткарышы тийиш. Андай адистарыхчылар азыркы кыргыз тарых илиминде 5-6 эле окумуштуу. Так ошолор түрдүү талаш проблемалар боюнча акыркы көз караштарды айтышат жана аны коомчулукка жарыялашат. Мен башкалар изилдебесин деген жерим жок. Түрдүү коомдук ишмерлер, журналисттер, жалпы эле кызыккандар өз пикирлерин айта алышат. Илимий изилдөө менен коомдук-публицистикалык иликтөө бири-бирине карама-каршы эмес. Бири-бирин толуктап турат. Болгону коомдук пикирдегилер тарыхчыларга тастыкталбаган, илимий эмес көз карашты таңуулабашы керек.

Ысык-Көл, 8.07.2016.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×