Добавить статью
16:58, 21 октября 2016 24863

Энциклдопедия жөнүндө

ЭНЦИКЛОПЕДИЯГА ЭЧЕНДЕР ЖАЗЫЛБАЙ КАЛГАН

Энциклопедия – илимдердин системалуу жыйындысынан турган илимий эмгек. Мындай китепти илим-билими өнүккөн, өзүнчө мамлекет катары кыйла өнүгүп-өсүүгө, ийгиликтерге жеткен, улуттук ар-намысты бийик туткан, жазууга, даңазалоого татыктуу улуттук терминдери, инсандары бар гана мамлекет чыгара алат. Мындай китеп – мамлекеттин башкы китеби, элдин кенчи болуп саналат. Рухий байлыкты туу туткан, маданиятты кастарлаган мамлекеттер улутунун, мамлекетинин ыйык китеби катары эсептешет жана үйлөрүндө ыйык Куран китеби менен катар эле рухий мүлк катары сакташат. Ал түгүл айрым өнүккөн өлкөлөр энциклопедияны окуу китеби катары пайдаланышат. Мына ушундай рухий мүлк кыргыз элинде да бар.

Улуттук универсал 6 томдук Кыргыз Совет Энциклопедиясы (КСЭ) 1976-80-жылдары чыгарылган. Ага кошумча том катары жана КСЭнин алфавиттик көрсөткүчү болгон китеп 1982-жылы, ал эми Кыргызстан жөнүндө кеңири түшүнүк берген 2 томдук кыргызча, орусча атайын том 1983-жылы жарык көргөн. Ошентип кыргыз элинин тунгуч энциклопедиясы совет мезгилинде бардыгы 9 том болуп чыгарылган. Ошондон кийин Кыргыз энциклопедиясынын жамааты облустук, тармактык энциклопедияларды чыгарып, улуттук энциклопедиянын 2-басылышын чыгарууга даярдык көрө башташкан.

Натыйжада 2006-2015-жылдары Кыргызстан деп аталган улуттук энциклопедиянын 7 тому, Кыргыз Республикасынын табиятын, тарыхын, маданиятын, адабият, экономикасын, билим берүү, саламаттык сактоосун ж.б. бардык тармактарын камтыган атайын том орус жана кыргыз тилдеринде, жалпысынан 9 том болуп жарык көрдү. Бул китептерге “экинчи басылышы” деп жазылган жок. Анын себеби түшүнүктүү. КСЭ чыгарылган учур советтик мезгил болуп, КСЭге кирген улуттук терминдер 25%дын гана тегерегин түзсө, акыркы Улуттук энциклопедияга кирген дүйнөлүк терминдер 25%дын тегерегин түзбөсө да, 40-50% болуп (менин баамымда), көпчүлүгү улуттук терминдерди камтыды. Бул албетте жакшы. Совет мезгилинде айтылбай келген инсандар, нукура улутубузга тиешелүү аталыштар кеңири камтылганы албетте кубанычтуу. Бул улутубуздун сыймыгы болгон негизги китеп мыкты кагазга, ыңгайлуу форматта, түстүү сүрөттөр менен коштолуп көркөм чыгарылды.

Энциклопедиядагы макалалардын мазмуну дагы окурмандар үчүн жеңил тил менен жазылып, окумдуу чыгыптыр. Бул үчүн биз улуттук энциклопедиянын жетекчилери академик Ү.Асанов, мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары З.Бейшеев, Ч.Жумагулов, окумуштуу Д.Андашев, редакторлор Ө.Бараталиев, Б.Бегалиева, Д.Акматова, С.Төлөгөнова, М.Оморова, Р.Карачалова, Т.Абдылдабеков, А.Абдрахманова, Ж.Жолдошева, А.Касымалиев, Ш.Керимова, М.Молдалиева ж.б. терең ыраазычылык билдирүүгө тийишпис. Мындай зор эмгек кыргыз элинин дөөлөтү, урпактарга калтырган рухий мурасы, маданияты, тарыхы болуп эсептелет. Элдин билимдүүлүгүнүн көрсөткүчү болгон бул китептер дагы кыйла мезгил элге кызмат кылат. Көркөм адабияттай бир окуу менен бүтүп калбай, маалымат берүүчү булак катары тынымсыз колдонулууда болот. Интернеттин мекени болгон Америкада китеп, айрыкча энциклопедиялар көп колдонулаарын статистика ар дайым белгилеп келет. Ошондуктан тоолуу Кыргызстанда энциклопедиялар кеңири колдонула бермекчи. Бир гана азыркы мезгилде жону жукарып турган кыргыз элинин энциклопедияны көргөндө Шодокондун бүркүтүндөй көзү кызарганы менен, алууга каражаты жетишсиздиги кендирди кесип келет. Ошондуктан бул энциклопедиянын маанисин, баа-баркын түшүнгөн жергиликтүү бийликтер, колунда бар байлар жалпы эл пайдаланчу жергиликтүү китепканаларга, мектептерге жок дегенде 1 комплекттен алып беришсе зор иш жасаган болушаар эле.

Эми энциклопедия жөнүндө дагы бир оюмду билдире кетейин. Китеп чынында эле айрым бир майда кемчиликтерине карабастан жакшы даярдалыптыр. Бирок ушул 7 том менен энциклопедияны чыгаруу токтоптур деген маалымат айтылып жүрөт. Эгер токтотулганы чын болсо, анда бул энциклопедия жетекчилигинин чалагайым иши болуп эсептелет. Анткени дүйнөлүк практикада эч бир энциклопедия ушинтип чала бүткөрүлгөн боюнча ташталбайт. Мамлекет жардам бербесе элден акча чогултса да аягына чыгарып коёт. Энциклопедия деген маалымат берүүчү өзгөчө китеп болгондуктан эң акыркы китеби чыккан жыл дүйнөдөгү, мамлекеттеги акыркы маалыматты толук камтыган жыл болуп эсептелет. Ошондуктан ар дайым кошумча том чыгарылат, же болбосо жок эле дегенде акыркы томдун аягына 1-том чыккан жылдан берки алфавит боюнча кирбей калган же жаңы маалыматтар киргизилет. Мына ушул жагдай биздин улуттук энциклопедияда эске алынбай калганы өкүндүрөт. Анткени 1-том чыккан 2006-жылдан бери 10 жыл өтүп дүйнөдө, мамлекетте далай-далай өзгөрүүлөр болду. Кыргызстанда эле критерий боюнча Энциклопедияга жазыла турган далай инсандар (Президент, Премьер-министр, спикер ж.б. кызмат адамдары, генералдар, илим докторлору, академиктер ж.б.), көптөгөн терминдер пайда болду. Алсак критерий боюнча Энциклопедияга жазыла турган, бирок тиешелүү алфавиттик том чыгып кеткенден кийин кызматка келген КР Президенти А.Атамбаевдин, КР ЖКнын төрагасы А.Жээнбековдун, КР Премьер-министрлери Ө.Бабанов, Т.Сариевдин, КР эл жазуучусу Калканбай Ашымбаевдин, белгилүү музыка таануучу, эл артисти Балбай Алагушовдун, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаттары А.Абдиев, Т.Аманкулов, А.Чылымовдордун, белгилүү жазуучу Меңди Мамазаированын ж.б. көп инсандардын өмүр баяндары, Терек-Суу деген айыл, Уюктук байланыш (сотовая связь), Смартфон, Айфон, Скетчком сыяктуу азыркы түшүнүктөр, көптөгөн маанилүү терминдер 7 томдук Улуттук энциклопедияга камтылбай калганы кечиримсиз көрүнүш. Булар өзүм китепти карап, таппай калгандарым гана, чындап издесе өтө эле көптөр жазылбай калган өңдөнөт. Ошондуктан быйылкы Маданият жана тарых жылында маданиятсыздыкка жол бербей, аталган кемчиликти четтетүү үчүн кошумча 8-томду даярдоону, эгерде ал аз болуп, китеп жука көрүнүп калат десе, мурунку тажрыйбадай эле Улуттук энциклопедиянын Көрсөткүчүн түзүүнү сунуштайм. Деги эле көп томдук болгон учурда Көрсөткүчтүн болушу абдан эле пайдалуу жана ыңгайлуу. Көрсөткүч түзүү анча деле кыйын эмес, 1 редактор 1 айдын ичинде эле түзүп койсо болот. Муну мен мурда КСЭнин “Көрсөткүчүн” түзгөн тажрыйбамдан айтып жатам.

Муну Энциклопедия редакциясы карамагында турган КР Президентине караштуу Улуттук тил комиссиясы эске алып, “ишиңерди чала таштабай аягына чыгаргыла” десе болмок. Тил комиссиясы жылыга көптөгөн китептерди чыгарууда, алар албетте абдан керек, бирок кыргыз элинин башкы китеби болгон энциклопедиянын акыркы тому үчүн ошолордун айрымдарын кийинкиге жылдырып, энциклопедияга кичине каражат караштырса абдан эле сооптуу иш кылышмак. Болбосо Энциклопедия жетекчилиги бир томдун каражатын жогоруда өмүр баяны жазылбай калган инсандарга кайрылып, кайрымдуулук каражат сураса деле чыгарууга болот беле деп ойлойм. Айтор жакшы иш жакшы башталып, толук бүтпөй калганы мени эски энциклопедиячы катары ойлонтууга аргасыз кылды.

Азыр Интернеттин заманы, эч ким китеп окубайт, соткасын чукуп эле маалыматты таап алышат деген бул жаңылыш пикир. Эгерде андай болсо азыркы техника өтө өнүккөн Батышта эч бир мамлекет энциклопедия чыгарбайт эле да. Тескерисинче алар ымыркайларга арналгандардан тартып, бардык тармактар боюнча түрлөнтүп, өтө кооздоп чыгарып атышпайбы.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Мурунку энциклопедиячы,

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×