Добавить статью
13:53, 27 октября 2016 17528

Шаарыбызды барктай билели, - Арча-Бешик конушунун тургуну

Акыркы кездерде жасалып бүткөн иштин жакшы жактарын көрбөй же көргүсү келбей, кемчилик издеп, ага карата орундуу да, орунсуз да сындарды айтып, кылдан кыйкым тапкан жагынан чебер замандаштарыбыз арбып бара жаткандай. Эки кишинин башы кошулган жерде саясаттан саймедиреп, бири “мындай кылыш керек болчу”- десе, экинчиси “андай кылыш керек болчу”- деп өздөрүн акылман кеңешчи катары эсептеген, бирок, бир нерсе жасап кыйратпаган жарандарыбыз арабызда жок эмес. Ошол эле учурда иштин майын чыгара жасаган, бирок, жасалган иштери тууралуу “мен ушинтип салдым”- деп төш кагып жар салбаган чыныгы ишмер инсандардан дагы куру эмеспиз.

Жакында эле автоунаам менен бара жатып, Шабдан баатыр жана Иса Ахунбаев атындагы көчөлөрдүн кесилишиндеги көз жоосун алган скверди көргөндө көңүлдө жагымдуу сезим пайда болду. Атайын токтоп, ошол жакка басып бардым. Көйкөлгөн көк майсандардын ортосунда отургузулган балатылар, кылдат жасалган орундуктар, жөө адамдар басып жүрүүчү троутарлар орун алган ушул чакан аянтча ошол чөлкөмгө өзгөчө жарашык берип турарына күбө болдум. Кечээ эле ушул жерде көчөттөр сатылчу базар орун алып, чар жайыт токтогон автоунаалар, ар кайсы жерде топ-тобу менен ирээтсиз коюлган бактын көчөттөрү көзгө жагымсыз көрүнчү эле. Азыр чакан, келбеттүү скверди карап туруп, шаар күн санап жакшы жагына өзгөрүп бара жатат деген ойго келдим жана ошол оюмду кагаз бетине түшүрүп, жалпыга билдирүүнү туура көрдүм. Акыркы бир жылдын ичинде шаарыбызда алга карай көзгө көрүнөрлүк жылыштар болууда десем аша чапкандык болбос. Сөзүм куру болбос үчүн мен жөнөкөй шаар тургуну катары өзүм байкаган өзгөрүүлөр тууралуу кеп кылайын.

Борборубуздун тазалыгын камсыздоо боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Азыр мурагыдай оозу-мурдуна чейин толуп, батпаганы тегерегинде чачылып жаткан таштанды салынчу контейнерлер дээрлик көзгө көрүнбөйт. Мурда катуу нөшөрдө суу толуп жагымсыз жыт чыгарып турган эски контейнерлер азыр жаңыларына алмаштырылып, ачык асмандын алдында болбостон, үстү темир чатыр менен калкаланган.

Борбордук көчөлөрдө автоунаа айдап бара жатканда ары алагды кылып, ары шаардын көркүн бузуп турган, үстүңө кулап түшчүдөй болуп самсаалаган жарнамалык калкаламалардын алынгандыгы көптөгөн шаар тургундарына жаккан окуя болду. Куураган дарактардын кыркылышы, борбордук көчөлөрдүн жээгинде көркөмдүү гүлдөрдүн өстүрүлүшү, шаардын борборунан баштап жаңы конуштарга чейинки көптөгөн көчөлөрдүн жаңыртылып жасалып жаткандыгы - ушулардын бардыгы көңүл кубандырчу көрүнүш эмей эмне?

Мен Арча-Бешик конушунда тургандыктан ошол жакта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу да баяндагым келди. Таштанды маселеси биздин конуштун жашоочуларынын көкөйүнө көк таштай эле тийип келген, аны жумасына бир жолу автомашина менен алып кетишчү. Ал автомашина мен жашаган көчөгө бейшемби күнү келчү. Бейшембиге чейин таштандыны үйдүн короосуна чогултаар элек, бир жума бою турган таштанды өзгөчө жайдын ысыгында кандай абалга келери айтпаса дагы түшүнүктүүдүр. Ошол машина бейшемби күнү келбей калган дагы учурлар болчу. Даана кызык ошондо башталчу. Каптарга, баштыктарга салып, көчөгө алып чыгып койгон таштандыларды ит, мышыктар чачып, көчөбүз кагаз менен желим баштыктарга толуп калчу. Үч ай мурун ар бир көчөнүн башына таштанды салынчу контейнерлер коюлду жана алар өз учурунда бошотулуп турат. Эми биз мурдагыдай корообузга таштанды чогултпай калдык, ал маселе биз үчүн толук чечилди, бул үчүн конуштун тургундары чексиз ыраазы.

Конуштун борбордук көчөсүн эртең менен тазалык кызматкерлеринин шыпырып жүргөнү, көчөлөрдүн жээгиндеги чөптөрдүн маал-маалы менен тегизделип туруусу, мыйзамсыз соода түйүндөрү алынып, ирээтке келтирилиши азыркы жетекчилик шаардын борборуна эле эмес, жаңы конуштарга дагы көңүл буруп жаткандыгынан кабар берет.

Бардык көйгөйлүү маселелер чечилип, телегейибиз тегиз болуп калды деп айтуудан алысмын. Алдыда жасалчу иштер арбын экендиги талашсыз. Оңдолчу, жаңы жасалчу жолдор көп. Ар кайсы жерлердеги кыркылбай турган куураган дарактар дагы да болсо шаарыбыздын көркүн эле бузбастан, жашоочулардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Кээ бир жерлерде арыктардан суу ашып, тротуарларды каптаган көрүнүштөр кездешүүдө. Ушунун баары дагы да болсо көптөгөн иштер жасалышы керек экендигин билдирип турат.

Кыргызда “жоктун арты жок” деген жакшы сөз бар. “Аныбыз жок, мунубуз кем”- деп мөңкүрөй бербей, айланага жаркын маанай менен карап, бири-бирибизге жылуулук тартуулап турсак, улууларыбыз өзүбүздү кичүүлөргө үлгү болгудай алып жүрсөк шаарыбыз жарык боло түшөт беле деп ойлоп кетем.

Сөзүмдүн акырында шаар тургундарын өзүбүз жашап жаткан шаарыбызга аяр мамиле жасап, анын тазалыгына кам көрүп, шаарыбызды барктоого, ошону менен бирге жетишпестиктерди эле чукуй бербестен, шаардагы жасалып жаткан иштердин жакшы жактарын дагы көрүп, баалай билүүгө чакырат элем. Ал эми шаар жетекчилигине мындан ары дагы ушул калыбында иш жүргүзө берүүсүн каалап кетмекчимин.

Абакиров Жыргалбек Осмонович

Бишкек шаары, Арча-Бешик конушу,

Кең-Суу көчөсү №145 үй.

шаар, ой-пикир
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-10-2023
Караханийлердин кыргыз экендиги боюнча Ө.Караевдин айткандары
7596

30-08-2023
Президент С.Жапаровдун «Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты (идеологиясы)» аттуу китебинин бет ачары
12879

26-04-2023
Пикирлеш инсан жана илимпоз Куссеин Исаевди эскерүү
15545

15-04-2023
Улуттук илимдер академиясына урулган сокку- өлкөнүн өнүгүүсүнө тоодой тосколдук жаратат
15869

07-04-2023
Алмазбек Атамбаевдин 7-апрель элдик революция күнүнө карата кайрылуусу
7602

15-01-2023
Алтынга айланган таштандылар
7864

01-12-2022
Жашоо бул эмес эптеп өмүр сүрүш, жашоо бул эртеңкини көрө билиш. Токтобек Мамытов жөнүндө...
9775

27-09-2022
Башты көтөр, Манас бабам духу бар...
6647

17-08-2022
Өзөк өрттөгөн өкүт. Тилек Мураталиевди эскерүү-эссе
16402

03-08-2022
"Алмустактан бери" деген сөздүн мааниси
7844

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×