Добавить статью
9:37, 15 января 2020 15132

Ой-пикир: НАМАЗДЫН СЫРЫ

Автор жазган текст, грамматикасы өзгөргөн жок. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Намаз окууну балаңа 8 жашка чейин үйрөт, 10 жашка чыкканда сабасаң да намаз окута башта деп хадисте жазылган. Намаз окууну жаш кезинен баштоо адамдын ден соолугун сактоо менен ар түрдүү оору, дарттардан сактануунун алдын алуу болот. Мусулман баласы ичкен тамагын сиңирүүнүн жана ашык заттардан арылуунун жолун билбегендиктен, Мухаммед пайгамбар бул кыймыл-аракетти киргизген.Бейиш менен тозогуң бул жарык дүйнөдө ушул намазда деген. Туура тамактануу жана ичкен тамактын денеге керексизин денеден чыгаруунун жолун үйрөткөн.

Мусулмандар намаз окушат. Ал эми намаз окуп жатам, аны эмнеге окуп жатам, эмне сыры бар деген бир адам жок. Намазга жыгылуу менен кудайга жалынып, бул жарык дүйнөгө жаратканына тобо кылып, жашоосуна ыраазы болушат.

Намаз окуу менен өз ден соолугуна көп пайдалуу кыймылдарды аткарып жатканын көпчүлүк биле бербейт.

Намаз окууга турганда ниет кылдым, жүзүм кабылага, калыс Алла Таала үчүн деп кулак кагуу менен биз денедеги шилекей безинин борбору болгон кулактын учуна колубузду тийгизебиз. Колубуз кулактын учуна тийгенде, шилекей бези иштеп, шилекей бөлүп чыгара баштайт. Бул күчтүү рецептордун борбору болот.

Намаз окуп баштоо сүрөлөрдү, дубаларды окуу менен тилдин учу таңдайга тийип, шилекей чогулуп, көмөкөйдү көздөй жылат. Оозго толгон шилекей, андан ары кызыл өңгөч менен ашказанга куюлат. Шилекей тамакты сиңирүүдө ферментатор же иштеткич болгондуктан, тамак бат иштелип сиңет. Камдага отуруу жана саждага жыгылуу, буттун баш бармагын бүктөй отуруу, денедеги муун оорулардан (падаградан, полиартриттен, артриттен) арылтат. Анткени заара кристалдары адамдын муундарына топтолбой, буттун бармак сөөктөрүнүн араларына кирбей калат. Камдага же чөк түшүп отурганда, балтыр менен жоон санга топтолгон суюктуктар кысылып, табарсык менен бөйрөккө чогулат. Ошондой эле саждага жыгылуу менен, өттүн бүктөлүп калган түтүкчөсү жазылат. Өт баштыкчасында өт суюктугу топтолбой, коюуланбай жана катуу затка айланбай, ашказанга суюк кезинде куюлуп турат. Дайыма намазга жыгылуудан ашказан иштеп, адамдын денесинде физиологиялык процесс жүрөт. Саждага жыгылуу же тоңкочуктоо менен жоон ичегидеги сыртка чыга турган коюу зат, кайра көкүрөк жакка жылуу менен самоклизма же суюктук менен аралашып, ич катып калуу (запор) жана жоон ичегинин учуна күч келүү азайып, жоон ичегинин учу сыртка чыгуусунан (геморрой) азаят. Дайыма отуруп иштеген же рулда отурган адамдардын табарсыгына суюктук бат келет да, дааратканага барып заарадан арылууга туура келет. Ошол эле мезгилде жоон ичегиде суюктук азаят, заң кургак болуп, заңдаганда чыкпай ич катыйт (запор) жана геморройго алып келет. Ошондуктан адам баласы, бөтөнчө мусулман эркектер туруп заара кылууну токтотуп, дайыма жана бардык убакытта чокчоюп отуруп же бүркүт отуруш менен заара кылса биринчиден токсиндерден, экинчиден запор (ич катуу, геморрой) ооруларынан арылат. Намаз окуган адам теспе алып жүрсө, зикир чалууда келмени шашпай толук айтып, 11 болгондо шилекейиңди жутуп, кайра башта. Мында шилекей ашказанга кирип, тамак сиңирет.

Эгер намаз окугусу келбеген адамдар намаздын кыймыл-аракетин кылышса ден соолугу оңолот.

Боюнда бар аялдын эмнеге ичи катып, запор болушат? Түйүлдүк чоңойгон сайын, аялдын жоон ичегисин кыса баштайт. Кызылган жоон ичегиде суюктук калбай, сыртка чыга турган заң катуу болуп ыйынганда жоон ичегиге күч келип, адегенде ич катуу (запор) пайда болот. Ал кийин геморрой оорусуна айланат. Ошондуктан бул дарттардын алдын алуу керек. Аял дайыма оң жамбашы менен жатуусу керек, намаздагы кыймыл-аракеттерди жазоо керек. Мындан жоон ичегини түйүлдүк кыспай, бош болот.

КАЙЫРБЕК КОҢУРБАЕВ: "ЫЙЫК МУРАС" КООМУНУН ТӨРАГАСЫ

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

10-04-2019
Эмне үчүн эркектер отуруп заара кылышпайт? 1-бөлүк
14931

12-11-2016
Тарыхыбызды тактайлы
78316

13-07-2016
Түндүктү ылдый тартып, салаңдаган 50 үзѳңгү
27955

23-05-2016
Ааламдын сырдуу дүйнөсү, 2-бөлүк.
38725

02-04-2016
Шейшеби бекип калуу же простатит
27167

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×