Добавить статью
10:49, 10 февраля 2020 66993

Ой-пикир: Ислам дининин Кыргызстанга таралыш тарыхынан. Кутейба ибн Муслим (уландысы)

Автор жазган текст, грамматикасы өзгөргөн жок. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

Ислам илиминин, дининин Борбордук Азияга келиши, тездик менен таркашы жергиликтүү жашоочулардын илим-билимге умтулуусуна, дүйнѳлүк ѳнүгүүгѳ жол ачты. Дүйнѳлүк ѳнүгүүнүн ажырагыс бир бѳлүгү болгон ислам илими, маданияты ѳнүгүп-ѳсүп, тездик менен Борбордук Азияга таркай баштады. Тарыхый аз убакыттын ичинде ислам тууралуу диний илим гана эмес, адамзаттын ѳнүгүүсүнѳ таасир эткен гуманитардык жана эстетикалык илимдер гүлдѳп ѳнүгѳ баштады (логика, грамматика, лексикология, поэзия, философия, математика, геометрия, медицина, астрономия, география, тарых).

Бүгүнкү күндүн адамзат цивилизациясын алдыга түртүп жаткан прогрессивдүү күчтѳр Америка Батыш мамлекеттеринде болуп жатат. Ал жактагы илимпоздордун ачылыштары, чыгарылып жаткан технологиялык инновациялар дүйнѳ жүзүнѳ таркап, адамзатты алдыга түртүп жатат. Интернет, электрондук аппараттар, бардыгы бүгүн батыш мамлекеттеринде пайда болуп, адамзатты сугарып, аларды жайылтып, бизди жаңы прогресске умтултуп жатат.

Ошондой эле күчкѳ орто кылымда ислам цивилизациясы ээ болгон. Илимдин, маданияттын бардык түрлѳрү пайда болуп, ислам мамлекеттери адамзатты, бүткүл дүйнѳнү алдыга түрткѳн күчкѳ айланып турган. Ошол күч ислам аркылуу Кутейба ибн Муслимдин кол башчылыгында Борбор Азияга келип, Борбордук Азиядагы жапайы элдерге, бытыранды хандыктарга мамлекеттүүлүккѳ, биригүүгө күч берип, ошол эле убакытта дүйнѳ жүзүн алдыга түртүп жаткан дарыяга сугарып, цивилизациянын туу чокусуна жеткен балуулуктарды үйрѳнүүгѳ зор салымын кошкон.

Кутейба ибн Муслимдин орду Борбордук Азия тарыхында, Россия империясынын тарыхындагы Петр I ордунан кем эмес, Кытайдын жаңы тарыхынын ѳнүгүүсүнүн негиздѳѳчүсү Мао Цзедундун ордунан кем эмес. Анткени бул кол башчылар чоң сыноолор аркылуу прогрессивдүү күчтѳрдү, алдыңкы баалуулуктарды ѳз элдерине алып келип, бүгүнкү күндѳгү жетишкендиктерине жол ачып берген.

Улуу кол башчы Кутейба ибн Муслимдин Борбордук Азия тарыхындагы күчтүүлүгү, барктуулугу, даанышмандыгынын орду ѳтѳ чоң. Ошондуктан Кутейба ибн Муслимди даңазалап, Борбордук Азия тарыхындагы өзгөчө ордун белгилеп, ѳзүбүздүн сый-урматыбызды кѳрсѳтпѳсѳк тарыхый акыйкатсыздык болот.

Кутейба ибн Муслимдин Ѳзбекстандын аймагында болжолдуу бир нече жерде мовзолейи бар. Эмне үчүн Кутейба ибн Муслим Сахабалар кѳрүстѳнүндѳ коюлган. Эң улуу далил ушул жердин ыйык Сахаба аталып калышы. Байыртадан Сахаба аймагы бийик дѳңсѳѳ, ойдуң болуп, коопсуздук стратегиялык жактан ѳзгѳчѳ жерде жайгашкан. Айланасы тик аска зоо, тар капчыгай, кышы-жайы мелүүн климат. Баш жагы алыскы Алай ѳрѳѳнүндѳ жана тоодон келген дарыя суу болуп, коргонгонго ылайыктуу тик аска зоо, байыркы убактан бери атайын бир максат үчүн колдонгонго, жайгашканга ылайыктуу жер болгон. Бул жер стратегиялык жактан ыңгайлуу болуп, чоң армиялардын штабы, соода-сатык кылган ишкерлердин Кербен сарайы, Улуу жибек жолунун тоому болуп келген. Арабдардын биринчи жортуулдарындагы, кийинки жортуулдарындагы коюлган мүрзѳдѳгү таштардагы жазууларга караганда Сахаба туруктуу аракеттеги генералдык штаб болгон сыяктуу.

Ошол себептен кичинекей аймакта, аскадагы байыркылардын 486 кв метр аянттагы ыйык Ноодогу салам каты, ачык асман обсерваториясы ( б.з.ч. 1-миң жылдыктагы петроглифтер), Ислам дүйнѳсүнүн Сахабаларынын, жоокерлеринин 3 гектардандан ашык бейиттери, Ислам динин таркатуучуларынын улуу кол башчысы Кутейба ибн Муслимдин мовзолейи жайгашканы, Сурпа–Таш ( Супура) ата кабыр сарайы, Устун- Таш кабыр сарайы, Кыз Мазар эстеликтери, Байыркы Кытай чыны завод эстеликтери, ѳзгѳчѳ Кароол –Дѳбѳ ( Темир Корук) кабыр сарайы, Сахаба бейиттеринен 2,5 - 3 метр тереңдиктен чыгып жаткан жүздѳгѳн арабча жазылган фонограммалары бар менгир таштары.

Ошол себептен кичинекей аймакта кѳптѳгѳн тарыхый, маданий, диний, илимий жерлердин очогу, борбору ордосу болгон. Жергиликтүү элдин маалыматына караганда, Чыңгызхандын армиясы ошол жерде токтогон, баш ийбегендиги үчүн жергиликтүү тургундарды кырып салган. Бабурдун келгени жѳнүндѳ да маалыматтар бар. Совет заманындагы басмачылар ошол жерди байырлаган.

Чили-Сай аска ноосунун бетине сүрѳт жазма чегерилген. Ошол тоону тең экиге бѳлүп, чыгыштан батышты карай аска экиге ноо түрүндѳ бѳлүнгѳн. Ошондуктан аны жергиликтүү эл Кескен бел деп аташат. Чындыгында, аны ким кескен эмне менен кескенин эч ким билбейт. Бул жерди Туяк деп да аташат. Борбордук Азия аймагынан, Ѳзбекистандан, Тажикстандан туристтердин, зыяратчылардын аягы үзүлбѳйт. Сахаба сейил багында 44 чайкана жайгашкан. Жайында күнүгѳ Сахаба комплексине 1-1,5 миңге жакын туристтер, зыяратчылар келип-кетип турушат. Эгерде жакшылап рекламалап, инфраструктуралык шарт түзсѳк, туристтердин, зыяратчылардын саны он эселеп кѳбѳйѳт.

Жогоруда айтылган тастыктамалардын, далилдердин, фактылардын негизинде Кутейба ибн Муслим Сахаба бейитинде жатат. Бүгүнкү күндѳ Сахаба бейитиндеги Кутейба ибн Муслимдин мовзолейи реставрацияланып бүтүү алдында турат.

Бул жаңы реставрация болуп жаткан мовзолей байыркы Кокон хандыгы убагында, Кудаярхан башкарып турган кезде реставрация болгон. Кийин 1958-жылы устасы Молдо Абдулла уулу Насуруллонун жетекчилиги астында реставрацияланган. 1979-жылы Муллабатыров Алмухаммат устанын жетекчилиги астында реставрацияланган. 1986-жылы Абдуфаттах эшен уулу Абдулмомун эшен устанын жетекчилигинде реставрацияланган. Акыркы жолу 2019-жылы Нуман уулу Хасан кары ажынын жетекчилигинде реставрацияланды. Бул маалыматтар мовзолейдин ичиндеги жашыруун кутучадан табылды.

Биринчи жолу Сахабага 1988-жылы Ош мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеп турганымда, бирге иштеген окутуучу Жусупакматов Лютфулла менен келип, керемет кѳрүнүштѳргѳ туш болдук. Чили-Сай аскасындагы сүрѳттѳлүштѳр (петроглифтер), Сахаба сейил багынын айланасындагы бири-бирине окшобогон кабыр сарайлар, кимди болсо да кызыктырбай койбойт. Айланып кѳрүп чыккандан кийин жергиликтүү элдин арасында сурамжылоону баштадык. Укмуштай маалыматтарга ээ болдук. Тѳрт жылдын ичинде байма бай келип отуруп, атайын иликтѳѳлѳрдү, изилдѳѳлѳрдү эксперименталдык байкоолорду, божомолдоолорду жүргүздүк. Кѳптѳгѳн татаал ѳмүргѳ кооптуу иштерди жасадык. Аскадагы сүрѳттѳлүштѳрдү, петроглифтерди реставрациялап, толук кагаз бетине түшүрдүк. Масштаб менен кичирейтип толук картасын түздүк.

Убакыт ѳтүп, бир нече жылдан кийин барып кейиштүү окуяга туш болдум. Байыркы аскадагы петроглифтер талкаланган, үстүнѳ жергиликтүү туристтер, зыяратчылар, жолчулар май боегу менен аттарын жазышкан, атайын курал жабдыктар менен асканын бетин оюп, сүрѳттѳрдү тартышкан. Сахабалар бейитиндеги арабча жазуулары бар таш менгирлер азайып кеткен. Жергиликтүүлѳрдүн айтуусунда, Ѳзбекстандан, Тажикстандан келген зыяратчылар ташып кеткен. Кѳчѳдѳ турган мавзолей кароосуз калган. Кѳрүстѳндүн ичиндеги мавзолей үстүнѳн суу тамып, бузула баштаган. Кароол-Дѳбѳ (Темир-Корук) кабыр сарайы жер участогуна берилип кеткен. Байыркы Кытай чыны заводу эстеликтери жер участогуна берилип жок болуп кеткен. Сурпа-Таш (Супура) ата кабыр сарайынын үстүнѳ уюлдук телефон антеннасын орнотуп койгон (жакында үстүнѳ кирпич завод курулат деген маалымат бар). Устун-Таш кабыр сарайы кулап калган. Азыркы күнгө чейин Чили-Сай аскасындагы баа жеткис 486 кв метр аянттагы петроглифтер республикалык маанидеги тарых жана маданияттын мамлекеттик тизмесинен орун алган эмес.

Жогорудагы кѳрүнүштѳрдү кѳрүп, зээним кейип, изилдѳѳмдү кайрадан баштадым. Биринчиден, документтештирүү, кайра калыбына келтирүү иштери менен алектенүүнүн үстүндѳмүн. Ушул ишти алдыга жылдыруу үчүн Ноокат аймагынан чыккан Жогорку Кеңештин бардык депутаттарына кайрылдым, диний аалымдарга кайрылдым, жооп албадым. Мамлекеттик «Кыргыз Туусу» газетасына, «Бейиш» газетасына Сахаба аймагы тууралуу макалаларды жаздым. Кыргыз Республикасынын Маданият министирине, Ноокат районунун администрация башчысына кирип, Сахаба маселелери жѳнүндѳ баяндадым. 2018-жылы 24- июлда Ноокат районунун 90 жылдыгына арналган илимий практикалык конференцияда доклад жасадым. Бишкек шаарындагы Ноокат коомунун мүчѳлѳрүнүн алдында доклад жасадым. Интернеттен «Акипресс» маалымат агенттигине Сахаба аймагы тууралуу кѳлѳмдүү макала жаздым.

Ушул менин жасап жаткан аракеттеримди колдоп Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Рузалиев Надирбек Закиржанович, айылдык кеңештин башчысы Нууман уулу Хасанбай ажы колго алып, айылдык бюджеттен каражат бѳлүп, жеке ишкерлерди тартып, Кутейба ибн Муслимдин мовзолейин кайра куруп реставрациялап бүтүрүү алдында турат. Бул жасалып жаткан иштер Сахаба комплексинин бир гана бѳлүгү .

Алдыда ачык асман алдында музей куруу, алты байыркы кабыр сарайларды калыбына келтирүү, аскадагы петроглифтерди калыбына келтирүү, туристтик маршруттарды түзүү, инфраструктураны калыбына келтирүү сыяктуу толгон-токой иштер турат. Чындыгында бул иштерди мен баштаганда үмүттѳн башка эч нерсе жок эле, бирок убакыт ѳткѳндѳн кийин чоң аракеттин натыйжасында иш алдыга жыла баштады.

Ата-бабадан калган мурас, элибиздин ѳткѳндѳгү тарыхый, маданий, диний эстеликтерин сактоо, аны келечек урпактарга жеткирүү азыркы муундун кечиктирилгис милдеттери. Бул вазийпаны аткаруу, тѳкпѳй-чачпай ишке ашыруу биздин ыйык милдетибиз. Мен бул ишти улантам, менин катарыма кошула турган адамдарды издейм жана кабыл алганга даярмын.

Чили-Сай Сахаба комплекси Ноодогу кат сүрѳт чиймелери жана андагы астрономиялык туюнтмалары Сахаба бейит кереметтери, байыркы Ноокат элинин башаты, булагы, ордосу, киндиги, ата-баба мурасы, нарк насили баа жеткис мүлкү, келечектеги муунга энчилеген энциклопедиясы дей кетмекчибиз. Жалпы алганда бул кереметтер тез арада изилденүүгѳ, терең реставрацияга муктаж. Азыр ушул долбоордун үстүндѳ тарыхый чоң иш жүрүп жатат, тарыхый акыйкаттуулук ордуна келиш керек. Эң негизгиси бул аймак Кыргызстандын тарыхында, Борбордук Азия тарыхында, Ислам дүйнѳсүнүн тарыхында, Дүйнѳ жүзүнүн тарыхында ѳз ордун ала турган жер. Ѳз салымын кошом деген инсандарга биз кызматташканга даярбыз.

Айдосов Абдурахман, эл агартуунун отличниги

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×