Добавить статью
15:10, 8 мая 2020 30627

Гитлер "Чыгышта ырайымсыздыктын өзү келечек үчүн пайдалуу» деген...

Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында (1941-1945-ж.ж.)

75 жыл мурун 1945-жылдын май айында, 1418 күн жана түн ичинде эң катаал, кыйратуучу жана кандуу согуштун от жалынында Кызыл Армия Берлинди басып алуу менен германдык фашизмге жана анын союздаштарына каршы күрөштө жеңиштин чекиттин койгон.

Советтер Союзуна кол салуудан мурун фашисттик Германия өзүнүн кылмыштуу согушун идеологиялык жактан алдын ала негиздеп, даярдаган болчу. Идеологиянын жана саясаттын маңызы Кызыл Армияны жок кылуу, советтик коомдук жана мамлекеттик түзүлүштү жоюу, СССРди мамлекет катары жок кылып, анын элдерин улуттук көз карандысыздыктан ажыратуу болгон. 1941-жылдын 30-мартында Советтер Союзуна кол салуунун алдында Гитлер: «Большевизмди кыйратуучу өкүм кылмыш дегенди билдирбейт… Кеп кыргын үчүн күрөш жөнүндө болуп жатат… Бул согуш Батыштагы согуштардан такыр башкача болот. Чыгышта ырайымсыздыктын өзү келечек үчүн пайдалуу» деп айткан. Кийинчерээк, аскерлердин командачылары менен болгон кеңешмеде Гитлер андан дагы кескин түрдө: «Бизге орус армиясын жеңип, Ленинградды, Москваны жана Кавказды басып алуу жетишсиз. Биз бул өлкөнү жер бетинен өчүрүп, анын элин жок кылышыбыз керек» деп сүйлөгөн.

Өзүнүн максаттарына жетүү үчүн 1941-жылдын 22-июнунда фашисттик Германия мурда болуп көрбөгөндөй масштабда авиация, танкалар, артиллерия жана башка согуш каражаттарын массалык түрдө колдонуу менен бир эле убакытта бир нече стратегиялык багытта Советтер Союзуна кол салуу менен согушту баштаган.

Согуш учурунда Германия: куралдуу күрөштүн эң адамгерчиликсиз ыкмаларын колдонуп, советтик жаран болгону үчүн гана аялдарды, карыларды жана балдарды жок кылып, согуш туткундарын аёосуз кыйнап, болгон жерлеринде зомбулуктарды көрсөтүп, каалагандай талап-тоноп, маданий эстеликтерди талкалап жок кылган. Фашисттик Германиянын СССРге каршы жүргүзгөн согушунун ар бир күнү жана ар бир сааты, ар бир мүнөтү ал тургай, ар бир секунду биздин элдерибиз үчүн кан жана азап, өлүм жана кыйроо болгон. Мисалы, бир гана Белоруссиянын аймагында фашисттер 260тан ашык өлүм лагерлерин, жүздөгөн түрмөлөрдү түзүшүп, анда 800 миңден ашык жарандарды өлтүрүшкөн. Фашисттер Украинага да чоң зыян келтиришип, 28 миңден ашык айылдарды жана кыштактарды талкалап, өрттөп, 10 миллионго жакын адамды турак жайынан ажыратышкан жана дээрлик бардык өнөр жай ишканаларын жана өндүрүү имараттарын урандыга айландырышкан. Фашисттерден Россиянын аймагында да ири жоготуулар болду. Убактылуу басып алынган аймактарда жүздөгөн шаарлар жана 3 миллионго жакын имараттар кыйратылып, 11 миллион адам үй-жайсыз калган. 12 миңден ашуун өнөр жай ишканалары жок кылынган. Фашисттер 1,8 миллион адамды өлтүрүп, Германияга 2 миллионго жакын адамды алып кетишкен.

Согуштун биринчи күндөрүнөн баштап, Ата Мекенди коргоо идеясы элдин бардык катмарына тез арада жайылып, алардын биримдигинин маанилүү факторуна айланып, бирдиктүү күрөшкөнгө багыт берген болчу. Кыргызстан дагы Советтер Союзунун башка республикаларындай эле, аскерге милдеттүүлөрдү мобилизациялап, аскердик түзүмдөрдү жана бөлүктөрдү түзүү менен бирге аларды фронтко жөнөтө баштаган.

Биринчилерден болуп 385-аткычтар дивизиясы, 40 жана 153-өзүнчө аткычтар бригадалары түзүлгөн. 1941-жылдын ноябрында Фрунзедеги учкучтар мектебинин базасында түнкү бомбалоочу үч – 660, 664, 665 авиациялык полк түзүлгөн: Биздин республиканын жана Казакстандын мыкты аскерге чакырылуучуларынан республикабыздын аскер комиссары генерал-майор И.В.Панфиловдун кол алдында 361-аткычтар, кийинчирээк даңкы чыккан 1941-жылдын 17-ноябрында кайрадан уюшулган 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы түзүлгөн.

Андан кийин 107, 108, 109-улуттук кавалериялык дивизиялары жана 207-аткычтар дивизиясы түзүлгөн. Ал эми 1943-жылдын май айында Советтер Союзунун Баатырлары Чолпонбай Түлөбердиев жана Дүйшөнкул Шопоков атындагы өзүнчө аткычтар батальондору жана башка бөлүктөр түзүлүп фронтко жөнөтүлгөн.

Согуш мезгилинде, бардыгы болуп Кыргызстан фронтко 400 миңден ашык адамды (анын ичинде 1,5 миңге жакын аялдарды) же республиканын ар бир төртүнчү жаранын жөнөткөн.

Союздук республикаларынын элдери менен катар, фронтто кыргыздар баатырдык жана кайраттуулук көрсөтүшүп, акыркы көз ирмемге чейин салгылашышкан. Мисалы, 1941-жылдын 10-июлунда биздин жердешибиз Николай Дмитриев Борисов районунда (Белоруссия) душмандын эки танкасын талкалап, жардыруудан катуу жарадар болгонуна карабастан душмандын каардуу чабуулун токтотуп, фашисттик үчүнчү танканы жок кылган. 1941-жылдын 31-августунда көрсөткөн эрдиги үчүн ага Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Ал, бийик даражадагы наамды алган биринчи кыргызстандык жоокер болгон.

Москваны коргоо учурундагы оор күндөрдө, жердешибиз генерал-майор И.В. Панфилов башкарган 316-аткычтар дивизиясы өчпөс даңкка ээ болгон. 1941-жылдын 10-октябрында ал Волоколамскты батыштан жана түштүк-батыштан коргоп турган учурда душман бул багытта көптөгөн учактардын коштоосу менен дээрлик 200дөй танктан турган 2 танктык жана 2 жөө аскерлер бардыгы биригип 4 тандалган дивизиясын даярдап 16-октябрда чабуулга өтөт. Баатырдыгын жана кайраттуулугун көрсөткөн панфиловчулар, көп учурларда душманга каршы өздөрү чабуулга өтүшүп, коргонуу чегинен өтүүгө мүмкүнчүлүк бербей, алардын чабуулун токтотууга мажбур кылышкан. Эки жумадан кийин гитлерчилер кайрадан Волоколамск-Москва автожолуна чыгуу максатында жайнаган автоматчылардын коштоосунда 50 танкалары менен чабуулду башташканда, Дубосеково темир жолунун кесилишинде 316-аткычтар дивизиясынын 1075-полкунун танкаларды жок кылуучу взводу танкка каршы куралдардын оту, граната жана күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр менен душмандын 18 танкасын жана көптөгөн жоокерлерин жок кылышып, Москвага фашисттик танктардын бирин да өткөрбөй, теңсиз салгылашууда дээрлик бардык 28 панфиловчу эр жүрөктүк менен көз жумган. Бул легендарлуу салгылашуунун катышуучуларына өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Алардын катарында биздин кыргызстандык жоокерлер Дүйшөнкул Шопоков, Николай Ананьев, Григорий Конкин, Иван Москаленко, Григорий Шемякин жана Григорий Петренко (6 адам) болгон.

Фрунзе шаарында түзүлгөн 40-чы өзүнчө аткычтар бригадасы 1941-жылдын 18-ноябрында Нахабино районунда фашисттик баскынчыларга каршы турушуп, беш күн ичинде фашисттердин 8-10 жолку чабуулдарынын мизин кайтарышып , биздин коргонуу чегибизден аларды өткөрүшбөй бир эле күндүн ичинде 600 аскерин жана офицерин жок кылышкан. Москва алдындагы салгылашууда каармандыгы жана эрдиги үчүн 40-өзүнчө аткычтар бригадасы Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Башка советтик республикалардын жоокерлери менен бирге кыргызстандыктар – О. Жетикашкаев, М. Юнусалиев, А. Абдугапаров, Х. Калимов, Ж. Рустамов жана башка көптөгөн жоокерлер тайманбастык жана кайраттуулук менен Ленинградды да коргошкон. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине (б) жана Жогорку Советтин Президиумуна (1942-жылдын апрели) жолдонгон катта Ленинград фронтунун командачылыгы: «Кыргыз элинин тайманбас балдары биздин Улуу Ата Мекенибиздин бардык уулдары менен бирге Кызыл Армиянын жана Флоттун катарларында эр жүрөктүк менен согушуп, фашисттик аскерлерге катуу сокку урушууда. Кызыл Армиянын кыргыз жоокерлеринин даңктуу иштери германдык фашизм менен Улуу Ата Мекендик Согуштун тарыхынын жарык баракчасында калат.” – деп белгилеген.

1942-жылдын 6-августунда Воронеж фронтунун 160-аткычтар дивизиясынын 636-аткычтар полкунун 11 жоокери: орус Захарин, украинчы Черновол, грузин Баниашвили, биздин жердешибиз Чолпонбай Тулебердиев жана башкалар Дон дарыясынан сүзүп өтүшкөндө Меловая дөбөсүнүн чокусунда жайгашкан душмандын дзоту ар бир метр жерге ок жаадырып алардын жолун тосот. Алдыда сойлоп бараткан Ч.Түлөбердиев дзотко гранаталарды ыргытса дагы пулеметтун ок атуусу токтобойт, ошого карабастан ал, дөбөнүн чокусуна жетип, амбразураны өзүнүн денеси менен жаап, душмандын пулемётунун үнүн токтот. Артта сойлоп келе жаткан жоокерлер пулеметтун огунун токтолгондугунан пайдаланышып дзоттто отурган фашисттерди талкалап, өздөрүнүн полкуна Селявино кыштагын ээлегенге шарт түзүшүп беришет.

11 жоокердин эрдигинин аркасында кийин Воронеж шаары баскынчылардан бошотулунат. Стратегиялык пунктту басып алууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн Ч.Түлөбердиевге өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Сегиз айдан кийин, 1943-жылдын 27-февралында, Псков облусунун Плетень кыштагынын жанында Ч.Түлөбердиевдин эрдигин 19 жашар А.Матросов кайталаган. Тилекке каршы, советтик жоокерлердин эрдигин даңазалоодо Ч.Түлөбердиевдин эмес, биздин жердешибиздин эрдигин кайталаган А. Матросовдун ысымы колдонулган. Кийинчирээк үч жүздөн ашык адам ушундай эрдик жасашкан.

Биздин кыргызстандык жоокерлер Сталинградды дагы коргошушкан. Кыргызстандык – А.Титов, танкаларга каршы куралдын мээлөөчүсү, өзүнүн 60-кавалериялык полкунун атчандар тобу менен биргеликте душмандын арткы (тыл) аймагына тайманбастык менен чабуул жасап, душман менен алты сутка бою салгылашып, бир танканы талкалап, экинчисин артка бурулууга аргасыз кылып, анын жолдоштору ондогон фашисттерди жок кылышкан. Бул эрдиги үчүн ал Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Ал эми 1943-жылдын сентябрында Днепр дарыясынан өтүүдө жана батыш жээгиндеги көпүрөнү бекемдөөдө көрсөткөн эрдиги үчүн ага Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Андан тышкары, Днепрди өтүүдө жана оң жээктеги салгылашууларда каармандыгы үчүн жети кыргыз жоокери Советтер Союзунун Баатыры наамын алышкан: А. Чортеков, Т. Жумабаев, П.Свечников, Х. Гадельшин, Г. Тихонов, Э.Мазков, М. Тешебаев.

1943-жылдын январында куралдын мээлөөчүсү сержант Дайыр Асанов Сталинграддын алдында тике атуу менен танкты жок кылып, минометтук батареяны катардан чыгарган, бир айдан кийин ал Пятницкое кыштагын бошотууда куралдан таамай атуу менен 8 танкты, 6 бронемашинаны жана душмандын көптөгөн күчүн жок кылган. Сержант Даир Асановго Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Харьковдун алдындагы салгылашууларда кыргызстандык – аткычтар ротасынын командири улук лейтенант В. Петрищев өзгөчө айырмаланган.

Кийинчирээк Советтер Союзунун Маршалы Г.К.Жуков ал жөнүндө мындай деп жазган: “Талаа фронтунун армиясы Харьковго жакындагандагы, салгылашууда И.Манагаровдун 53-армиясы жигердүү иш-аракет жасашты… айрыкча айыгышкан салгылашуу улук лейтенант В. Петрищевдин кол алдындагы 16 кишиден турган топтолгон рота тарабынан Полезия районундагы 201,7 бийиктигин басып алууда болду. 7 гана жоокери тирүү калган учурда, В. Петрищев жоокерлерине кайрылып: “Жолдоштор, биз ушул бийиктикте Панфиловчулар Дубасековдо кандай турса, биз ошондой турабыз. Өлөбүз, бирок артка чегинбейбиз! деп, артка чегинишпей, бийиктикти дивизиянын бөлүктөрү келгенге чейин кармап турушту”. Каармандыгы жана эрдиги үчүн улук лейтенант В. Петрищевге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Өзгөчө эр жүрөктүктү жана кайраттуулукту Молдавиядагы Днестрдин оң жээгиндеги салгылашууларда 287-гвардиялык полкто кызмат өтөгөн куралдын мээлөөчүсү кенже сержант К. Жаркынбаев көрсөткөн. 1944-жылдын 16-апрелинде бир күн ичинде ал, 45 мм замбиректин таамай атуусу менен душмандын ири күчтөрүнүн үч жолку каршы чабуулунун мизин кайтарган. Жаркынбаевдин замбирегин жок кылууну көздөп 30 учак абадан жасаган чабуулуна, душмандын бир нече өз алдынча жүрүүчү замбирек, куралдарынын аткылап тургандыгына жана немецтик жөө аскерлер ар тараптан айланып аны жок кылуу аракеттерине карабай, ал бир кадам да чегинбей аны курчап турган күчтөрдү аткылоону улантуу менен төртүнчү контр чабуулдун мизин кайтарып, 25 душмандын жоокерин өлтүрүп, 2 станоктук пулеметун жок кылып, калгандарын качууга мажбур кылган. Анын ок-дарылары түгөнгөндө, өзүн жоготпостон, жанында өлгөн душмандын пулеметун алып, фашистердин бешинчи чабуулунун мизин кайтарып, 12 жоокерди жок кылып, ээлеп турган рубежди сактап калат. Кыргыздын жоокеринин тайманбас аскердик эрдигин Мекенибиз жогору баалап: К. Жаркынбаевге Советтер Союзунун Баатыры наамын ыйгарат.

Даңктуу согуштук эрдиктери менен биздин жердешибиз Э. Пасько белгилүү болгон. Ал, түнкү бомбалоочу учкучтун-штурманы катары ПО-2 учагы менен 1942-жылдын май айынан тартып 1944-жылдын сентябрына чейин 780 жолу түнкү учууларды жасап, душманга 93 тонна бомба таштап, фашистердин аэродромдорун, артиллериялык пункттарын, кампаларын, темир жол эшелондорун талкалаган андан башка Түндүк Кавказдын, Кубандын, Таман жарым аралынын, Крымдын, Белоруссиянын, Польшанын оккупацияланган аймагында 109 өрт очокторун пайда кылып, душмандын 6 күйүүчү май жана ок-дарылар кампасын, көптөгөн жоокер күчтөрүн жана аскердик техникаларын жок кылган. 1944-жылдын 26-октябрында ага Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наам ыйгарылган.

Дагы бир Кыргызстандык – Фрунзе шаарынын тургуну, штурман-учкуч Талгат Бегельдинов, 144-гвардиялык авиациялык полктун эскадрилья командиринин орун басары Ил-2 учагы менен 305 ирет, жалпысынан 500 сааттан ашык учууга чыгып, 21 танканы, 5 өз алдынча жүрүүчү артиллериялык куралдарды, 7 учакты, 37 автомобилин жоокерлери менен, 2 локомотивди, 7 вагонду аскерлери жана техникалары менен жок кылган.

Көрсөткөн кайраттуулугу жана эрдиги үчүн ал эки жолу (1944- жана 1945-ж.ж.) Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.

Берлиндеги чабуулда 207-чи кыргызстандык аткычтар дивизиясында жана 150-аткычтар дивизиясында кызмат кылган көптөгөн кыргыз жоокерлери жигердүү согуштук аракеттери менен өзгөчө айырмаланышкан. Алар биринчилерден болуп 1945-жылдын (30-апрелинде) 1-май күнү Рейхстагдын үстүндө Жеңиш туусун көтөрүшкөн (А. Берест, М. Егоров жана М. Кантариялар 150-аткычтар дивизиясынын туусун орнотконго чейин): капитан Б. Байбулатов, улук лейтенант А. Сүйүмбаев, пулеметтук расчеттун командири сержант Н.Оморов жана гвардиячы А. Исмаилов. Өзү Рейхстагдын үстүнө төрт жолу туу көтөрүлгөн. Мурункуларын фашистер кайрадан атып түшүрүшкөн.

Биздин кыргыз жоокерлерибиз Советтер Союзунун бардык элдеринин өкүлдөрү менен тыгыз биргеликте Европа элдерин фашизмдин колунан бошотуу менен эл аралык миссиясын эрдик менен аткарышкан. Польшаны бошотуудагы салгылашууда А.Оторбаевдин, В.Суховдун, С.Садыковдун жана П.Колесниковдун эрдиктерин жогору бааланып, алардын бардыгына Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Душмандын ооругунда калып калган биздин жоокерлерибиз Белоруссия, Украина, Ленинград, Псков жана Смоленск облустарындагы партизандык кыймылдардын отряддарында дагы фашистер менен күрөшүшкөн. Украинадагы А. Грабчактын партизандык түзүмүндө Советтер Союзунун 24 улуту, анын ичинде 17 кыргыз болушкан. Беларус партизандык отряддарында баатырдык менен: А. Мурзакулов, С. Сарыбаев, Б. Узбеков, А. Адышев, Т. Артыкбаев, К. Букаев, А. Иманалиев жана башкалар күрөшүшкөн. Сум облусунун партизандык түзүлүшүнүн командачысы эки жолку Советтер Союзунун Баатыры С. Ковпак (Белоруссия): “Биздин жоокерлердин арасында кыргыздар да болгон, – деп жазган – алар эң мыкты жигиттер, мыкты аткычтар… бирок, эскерүүдө Пржевальск районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну Д.Джабаев менен Сокулук айылынын тургуну И. Бейшеналиевди өзгөчө айтар элем” – деп биздин жердештерибиздин аракеттерин жогору баалаган.

Биздин жердештерибиз, Ыраакы Чыгышта милитаристтик Японияга каршы салгылашууда да жогорку аскердик каармандыктарды көрсөтүшуп, кыргыз улутунун намысын сакташып, аброюн бийик көтөрүшкөн.

Советтер Союзунун Кызыл Армиясынын кыргыз жоокерлеринин даңктуу иштери Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхына түбөлүк кирип, көрсөткөн тайманбастыгы, кайраттуулугу жана эрдиги үчүн Кыргызстандын 150 миңден ашык жоокерлери ордендер жана медалдар менен сыйланышкан, алардын 34 – үч даражадагы Даңк орденинин кавалерлери, 74 кыргызстандык жоокерлер Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга ээ болушкан.

Ошол эле учурда, Кыргызстандын ооруктагы эмгекчилери да фашисттик Германияны жеңүүгө баа жеткис салымын кошушкан. Согуштун башталышы менен Советтер Союзунун башка республикалары сыяктуу эле Кыргызстан да айыл л чарбасынын бардык тармактарын согуштук багытка буруп, “Бардыгы фронт үчүн, бардыгы жеңиш үчүн”деген чакырык тын алдында бардык материалдык, адамдык жана каржы каражаттарын душманды жеңүү үчүн жана фронттун муктаждыктарына жиберип турган.

Иштеп жаткан өнөр жай ишканалары аскердик буюмдарды өндүрүүгө өтүү менен гана чектелип калбастан, жумушчулардын, инженерлердин жана техниктердин үзүрлүү эмгеги менен көчүрүлгөн ишканалар кыска мөөнөттө ишке кирилген.

1941-жылдын октябрында Бердянск (Украина) сельмашзаводу Фрунзеге алып келинип, ноябрда 140 станок орнотулуп, ишке киргизилген, декабрь айынын акырында алардын саны 305ке көбөйүп, ошол замат завод фронтко продукция өндүрө баштаган. Украинадан жана Ростов облусунан чыгарылган беш бут кийим фабрикасынын жабдуулары Фрунзе бут кийим фабрикасынын цехтеринде жайгаштырылып, ал республиканын жеңил өнөр жайынын ири ишканасына айланган. Жабдууларды орнотуу жана трикотаждык фабрикасын ишке киргизүү бир айдын ичинде аяктаган жана 1941-жылдын декабрына чейинки мөөнөттө 40 машина толук кубаттуулукта иштей баштаган. Харьковдон 1941-жылдын декабрь айынын ортосунда көчүрүлүп келинген тигүү фабрикасы 1942-жылдын 10-январында аскердик жабдуулардын биринчи партиясын чыгарууга жетишкен.. Москва облусунун Павловский Посад шаарынан 1942- жылдын январь айынын ортосунда алып келинген жибек кездеме жабдыктары Оштогу жибек комбинатынын устаканаларында жайгаштырылып август айында толук кубаттуулугу менен парашюттук шелк өндүрүп баштаган.

Кечиктирилгис темп менен 1942-жылдын февраль айында Ак-Туз коргошун-цинк кени, июнь айында – Хайдаркен металлургия комбинаты ишке киргизилген. Ошол эле жылы Ново-Троицк шаарындагы кант заводу, Фрунзедеги кара куурай жана джут фабрикасы, Пржевальске жеңил өнөр жай комбинаты жана Жалал-Абаддагы витамин заводу ишке киргизилген.

1942-жылдын декабрында фронттун муктаждыктары үчүн кол гранаталарын өндүрүү боюнча “Красный металлист” заводу ишке киргизилген, ал эми 1943-жылы түстүү металлургия ишканалары үчүн каустикалык жана кальцийленген сода чыгаруучу химиялык завод, Токмоктогу кант жана консервалоо заводу, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад жеңил өнөр жай комбинаттары ишке киргизилип, М.В. Фрунзе атындагы сельмаш заводунда минотралдык куралдарды өндүрүү жолго коюлган.

Согуш жылдары жалпысынан союздук жана республикалык маанидеги 38 ири өнөр жай ишканалары ишке киргизилип, коргонуу, сымап, коргошун, машина куруу, жибек токуу, кара куурай жана джут, спирттик, фармацевтик, витамин өндүрүү боюнча жаңы өндүрүштөр түзүлгөн. Тамак-аш, текстиль, металл иштетүү, тигүү, бут кийим чыгаруу чөйрөсүндө мүмкүнчүлүктөр кеңейтилген. Мисалы, согуш жылдарында 1,4 миллион жуп аскер бут кийими, 500 миң метрге жакын шинель кездемелери, 5,7 миллион кийим тигүү жана 2,9 миллион трикотаж буюмдары, 1,7 миллион баштык, 2,6 тонна жип, 500 тоннадан ашык аскердик шпагат, 900 миңге жакын жуп байпак жана чулка, 95 миллион банка эт консервасы, 177 миң тонна кум шекер, 300 миң фунттан ашуун кургатылган нан даярдалган. Бир гана Фрунзедеги токуу фабрикасынан фронтко ок-дары баштыктары, капчыктар, ээрлер, минометчиктер үчүн буюмдар, курлар, ат жабдыктар жалпысынан – 1,5 миллион кийим-кече буюмдары жиберилген.. Осоавиахим атындагы кийим тигүүчү фабрикада даярдалган жабдыктар Кызыл Армиянын 49 дивизияны жабдылаганга жетиштүү болгон.

Отун-энергетикалык көйгөйдү чечүү үчүн көмүр шахталарында күн сайын жогорку нормада көмүр казып алуу белгиленип, көмүрдү көп казып алууга жетишишкен. Мисалы, тоо кенчи Янышев (Таш-Көмүр) тешиктердин жайгашкан жерин өзгөртүп, өзүнүн планын 5 эсе көбөйткөн ал эми 1942-жылдын 9-апрелинде сменалык өндүрүш планын 1050%ке а аткаруу менен рекорд койуп, норма боюнча 22 тоннанын ордуна 236 тонна көмүр казып берген. Кенчилердин талыкпаган эмгегинин натыйжасында 1941-1945-жылдары көмүр өндүрүү дээрлик 7 миллион тоннага жетип, (1936-1949) жылдарга салыштырмалуу 1,5 миллион тонна ашык көмүр өндүрүшкөн. Бул, согуш мезгилинде республиканын эле эмес бүткүл Орто Азиянын жана Казакстандын түштүгүндөгү коргонуу өнөр жайын жана темир жол транспортун үзгүлтүксүз күйүүчү май менен камсыз кылууга мүмкүндүк берген.

Жаңы курулган жана колдонууга киргизилген өнөр жай объектери электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр курулган жана пайдаланууга берилген:

– 1943-жылдын июнь айында Чүйдүн чоң каналынын батыш тарабында 4200 кВт.с кубаттуулуктагы Лебединовка ГЭСи. Бул объекттин курулушунда Фрунзе, Ош, Жалал-Абад облустарынын 1500 колхозчулары жана Фрунзе шаарынын 2000 эмгекчиси иштеген;

– 1943-жылдын ортосунда Фрунзе шаарынын ЖЭБ жана Ош ГЭС пайдаланууга берилген;

– 1944-1945-жылдары Токмок, Жалал-Абад жана Пржевальск ГЭСтери пайдаланууга берилген. Бул обьекттерди ишке киргизүү менен электр энергиясын иштеп чыгаруу 1940-жылдагы 51,6 млн.кВт.саатынан 1945-жылы 77,3 млн кВт.саатка чейин көбөйгөн. Электр энергиясын өндүрүүнүн өсүшү фронттун заказдарын аткарып жаткан өнөр жайдын маанилүү тармактарынын ыргактуу ишин камсыз кылган.

А эми жумушчулардын катарлары эвакуацияланган элдин эсебинен толукталып турган. 1941-жылдын жай жана күз айларында фашистер басып алган жана фронтко жакын райондордон, Москвадан жана Ленинграддан 139 миңге жакын жумушчулар, колхозчулар жана кызматкерлер келген. Мындан тышкары, 1942-жылдын 30-июнунда түзүлгөн Жумушчу күчүн эсепке алуу жана бөлүштүрүү боюнча комитет, 1944-жылдын март айына чейин туруктуу ишке 34 миңге жакын адамды жөнөткөн. Ошондой эле республикада Польшанын 20 миңге жакын жараны убактылуу эмиграцияда турган.

Мындан сырткары, Кыргызстан 1942-жылдын ноябрынан тартып, 1942-жылдын сентябрына чейин Ленинграддын, Киевдин, Одессанын, Феодосиянын, Херсондун, Краснодарск крайынын, Кабардино-Балкариянын балдар үйүнөн 3,5 миңге жакын балдарды асырап алган.

Айылдын эмгекчилери үчүн согуш өзгөчө катаал сыноо болгон, анткени Советтер Союзу Украинадан, Дон жана Кубандан ажыраган эле. Ал жерлерде 47 % айдоо аянттары жайгашып, малдын башынын 45 % багылчу эле. Мындай шарттарда өлкөнү азык-түлүк жана айыл чарба чийки заттары менен камсыз кылууда Повольже, Урал, Сибирь, Орто Азия негизги мааниге ээ болушкан. Ушундан улам биздин республиканын колхоздору жана совхоздору согуш жылдарында айдоо аянттарын кеңейтип, каналдарды куруп, малдын башын көбөйтө баштаган. 1942-жылы айдоо аянттары 1940-жылдагы 154,2 миң га салыштырганда, 430,2 миң га же 56 %га жеткен. Ушул эле жылы Чүйдүн чоң каналынын курулушу аягына чыгарылып, Фрунзе облусунун колхоздору жана совхоздору кошумча 10 миң га жакын кайрак жерлерди сугаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Дыйкандарыбыз дагы болуп көрбөгөндөй күч менен эмгектенишкен. Мисалы, Сокулук районунун Калинин атындагы колхоздун звеновойу З. Кайназарова 1941-жылдан тартып, 1945-жылга чейин гектардан жылына орточо 1265 центнер кызылча чогултса Калинин районунун номер III колхозунун звеновойу Ш. Тезекбаева 1944-жылы кант кызылчасын өстүрүп, гектардан 1309 центнерден чогултуп, кызылча талааларынын чеберлеринин бардык мурдагы дүйнөлүк рекорддорун багынткан. Ушул эле колхоздун Курманалиев чабан бригадасы 1945-жылы 300 тубар койдон 450дөн козу алган. Талас облусунун Киров районунун чабаны В. Жанузакова 267 тубар койдон 437 козу алып, аны сактап кала алган.

Согуш жылдарында биздин колхоздор жана совхоздор өлкөгө жана фронтко: (миң т.) дан – 764.7, эт – 82,7, картофель – 42,2, жашылча-жемиш- 27,9, жүн – 9,8 берген. Мындан тышкары, кавалерияга 50 миң жылкы берген, анын ичинде 14 миңи толук ат жабдыктары менен берилген.

Кыргызстандын жумушчулары, колхозчулары жана интеллигенциясы кайратман эмгеги гана эмес, жеңишти жакындатуу үчүн коргоо фондуна жеке акча каражаттарын, мамлекеттик займдын облигацияларын берип, малын, этти, данын жана өздөрүнүн алтын жасалгаларын беришип, өлкөнүн аскердик кубаттуулугун бекемдешкен. 1942-жылдын аягына карата республиканын эмгекчилеринен бул фондго 10 млн. ашык рубль, 38,9 кг алтын жана күмүш, 11 862 центнер эгин, 2 479 центнер эт, 1788 кг май келип түшкөн. Эки жыл ичинде (сентябрь, 1941-ж. – сентябрь, 1942-ж.) калктан алынып, фронтко 555,6 миң жылуу кийимдер жөнөтүлгөн. Согуш башталгандан тартып 1945-жылдын январь айына чейин бардыгы болуп кыргызстандыктар 186 млн. рубль акчалай жана 47 млн. рубль мамлекеттик займдын облигациялары түрүндө беришкен. Бул каражаттарга фронт үчүн зарыл болгон танктардын бүтүндөй колонналары жасалган.

Жумушчулар жана колхозчулар менен бирге республиканын интеллигенциясы дагы фашизмди талкалоого өзүнүн салымын кошкон. Илимий-изилдөө, адабий жана искусство, элдик билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин 16 миңге жакын жумушчулары фронтко кетишкен. 1941-жылдан 1944-жылга чейинки мезгилде негизинен эвакуацияланган окумуштуулардын эсебинен бизде түстүү жана сейрек металлдарды, көмүрдү жана мунай затты, кара металлды чалгындоо боюнча 321 геологиялык экспедиция уюштурулган. 1942-жылдын июль айында СССР илимдер академиясынын президенти В. Комаров Кыргызстанда “акыркы мезгилдерде сымап, сурма, вольфрам жана башкалар сыяктуу стратегиялык металлдарды алуу боюнча иш башталды” деп жазган.

Колдонмо химиянын лабораториясынын окумуштуулары ланолин – курал жана замбирек тетиктери үчүн майлоо продуктун алуунун технологиясын иштеп чыгышкан. Эпидемиология жана микробиология институту тарабынан жугуштуу ооруларга каршы иштелип чыккан сыворатка менен вакцинаны алуу методикасы өтө маанилүү болгон.

1942-жылдын ноябрь-декабрь айында Кыргызстанга Москвадан эвакуацияланып, СССР илимдер академиясынын биологиялык бөлүмү А. Бах жана А. Борисяк, 4 мүчө-корреспонденти башында турган 5 институт жана 235 илимий кызматкерлер келген. Азык-түлүк менен камсыз кылуунун тартыштыгынан улам, калк организмдин нормалдуу иштеши үчүн зарыл болгон белоктун жана майдын тартыштыгына туш болгондугуна байланыштуу, цингадан сактап туруучу С витамининин (аскорбин кислотасы) керектөөсү зарыл болгон. А. Бах башында турган Биология жана микробиология институтунун бизге келген окумуштуулары анча быша элек грек жаңгагынан С витаминин алуу ыкмасын сунуш кылышып, витаминди өндүрүү үчүн Жалал-Абад шаарында витамин заводун курдурушкан. Ал эми Арсланбоб жаңгак токойу чийки зат базасы катары колдонулган. 1943-жылдын 13-августунда Фрунзеде СССР илимдер академиясынын филиалы ачылып, жетекчилигине академик К.Скрябин койулган.

1944-жылы Тил, адабият жана тарых институту Москвада К. Юдахиндин редакторлугунун астында биринчи “Орусча-кыргызча сөздүктү” чыгарттырган.

Согуш жылдары Кыргызстанга 12 жогорку жана орто атайын окуу жайлары көчүрүлүп келинген. Алардын арасында: Ленинград ветеринардык институту 258 студенти менен, Николаевск корабль куруу институту 597 студенти менен ал, Пржевальск шаарына жайгаштырылган, Ростов мамлекеттик университети жана мугалимдер институту – Ошко, Лесгафт атындагы Ленинград дене тарбия институту жана Харьков коммуналдык чарба инженерлер институту –Фрунзе шаарында жайгаштырылган.

Жарадар болгон жоокерлерге, фронтовиктердин үй-бүлөлөрүнө жана согуштун майыптарына дагы чоң көңүл бурулган. Госпиталдык тармакты түзүү 1941-жылдын октябрь айынан башталып, республикада 25 госпиталь анын ичинде Фрунзе облусунда 17, Ош – 4, Жалал-Абад – 4 госпиталь иштеген. Бардыгы болуп, 1941-жылдын 1-ноябрынан 1944-жылдын июль айына чейин дарылоо үчүн 38 миңге жакын жарадарлар жана оорулуулар кабыл алынып, 14 миңден ашык опреацияларды жасашкан, алардын ичинен 99,1 %ынын өмүрү сакталып, 49 % кайрадан фронтко жөнөтүлгөн.

Немецтик-фашисттик агрессиядан Советтер Союзунун тарткан жоготуулары жана материалдык зыяндары эч нерсе менен салыштыргыс. Тарых мындай кыйроону, тоноончулукту жана ырайымсыздыкты көргөн эмес. Алар 1710 шаар, кыштактарды, 32 миңге жакын ири жана орто өнөр жай ишканаларын, дээрлик 40 миң ооруканаларды жана бейтапкананы, 1 миңден ашык музейди, китепкананы, театрды, 334 жогорку окуу жайын, 1520 мектепти талкалашып өрттөшүп, 25 млн. адамды үйсүз калтырышкан, Фашисттер 7 млн. жылкыны, 17 млн. ири мүйүздүү малды, 20 млн чочкону жана 27 млн. койду жана эчкини жок кылган, тартып алган жана Германияга алып кетишкен. Өзгөчө өлкөбүз үчүн адамдык жоготуулар өтө оор жоготуулардан болду. Жалпысынан алардын саны (жөнөкөй жарандар жана аскер кызматчылары) 27 млн жакын адамды түзүп, жарымы – аскер адамдары, согуш майданында жок болушту.

Ошентип, Улуу Ата-Мекендик согуш трагедия эле эмес, Советтер Союзунун элинин улуу триумфу болду. Адамдар фронтто дагы, оорукта дагы, чыдагыс кыйынчылыктарды жеңип, болуп көрбөгөн жоготууларга чыдап, тарыхта мурун болбогон кайратман, күжүрмөн, адеп-ахлактык каармандыктарды жаратышып, трагедияны триуимфка, жеңилүү ызасын жеңиштин кубанычына айлантканга жетишишти. Ал эми СССРдин Куралдуу Күчтөрү гитлердик Германияга жана милитаристтик Японияга кыйраткыч сокку урушуп, дүйнөлүк-тарыхый жеңишке жетишти. Кыргызстан дагы, Советтер Союзунун башка республикалары сыяктуу эле, жалпы жеңишке өзүнүн чоң салымын кошту.

Бүгүн биздин аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын каармандыгына урмат-сый көрсөтүп, алардын эркиндигин эстөө жана ардактоо менен бирге мындан кийин:

•өз Мекенин сүйүүнү жана коргоонууну үйрөнүп, жаш муунду, патриоттук духта жана Мекенди коргоого даяр турууга, өзүнүн тарыхын, мурдагы муундардын ишин жана каада-салтын сыйлоого тарбиялап;

•мыкты улуттук-тарыхый жана күжүрмөн каада-салттарды сактоо менен бирге аларды өнүктүрүп;

•элдердин биримдигин бекемдеп, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүп, мамлекеттин коргоо потенциалынын жетиштүү деңгээлин колдоп;

•эл аралык мамилелердин туруктуу системасын куруп, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарынын негизинде теңдештирилген тышкы жана ички саясатты жүргүзүп, жасаган жамандык үчүн жаза боло тургандыгын эч качан эсибизден чыгарбашыбыз зарыл.

Исмаил Исаков
генерал-лейтенант, КР ЖК III, V чакырылышынын депутаты, КР мурдагы коргоо министри, Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×