Добавить статью
13:13, 7 октября 2020 30217

Эрнест Али Абдыжапаров. Кыргызым. Ой толгоо

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланат. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

КЫРГЫЗЫМ. ОЙ ТОЛГОО

УЧУР

Мен тарбияланып, өсүп, адам катары калыптанып аткан заманда Кудайды жомок катары кабыл алып, материалисттик көз караштын негизинде жер бетинде беиштүү мамлекет курулат деген кыял менен жашап келдик. Горбачевдун “Кайра куруу жана эркин сөз” шарапаты каптаганда буга чеин жок эседе жүргөн маалыматтар көчкүдөй агып келип Советтер Союзунун таш талканын чыгарып, күтпөгөн пенделердин жан дүйнөсүнө Кудайдын барлыгын даңазалады. Тарпты туйган жорулардай болуп дүйнөнүн ар кайсыл бурчтарынан буркан-шаркан түркүн диний селдери каптады. Жаңы кудайлардын кубулжуган жүздөрүнө азгарылган эл “О” дүйнөнүн “беишинен” жайларын брондоп аткан учурда, мурдагы коммунист жана комсомолдор элге таандык материалдык байлыкты менчиктештирип, бул “жалган” дүйнөгө ээлик кыла башташты. Ушундай парадкско күбө болдук: Кудайдын жүзү көрүнөөрү менен элге ачкачылык келди. Мечиттер менен чиркөөлөргө чөгөлөгөн сайын, жүрөгүбүздү америкалык доллардын “албарстысы” басты. “Аллах Акбар” деген ураандары менен бейкүнөө адамдарды жардырган, аткылаган, кескилеген өлтүргөчтөр пайда болду. Эзели сүт, айран, кымызды сатпаган кыргыз базар экономикасына башын ийип акты соодалап “өлбө жаным, өлбө” деген акыбалга кептелди.

Интерфакстын маалыматына таянсак дүйнөнүн 82% байлыгы бүгүнкү күндө адамзаттын 1% бөлүгүнүн менчигине өтүп кеткен. 2009 жылы адамзаттын жарымы (3,7 млрд.) ээлеген каражаты 380 адамдын ээлеген каражатына тете болсо, бүгүнкү күндө ошончо каражат 42 адамдын кана капчыгындагы капиталына айланган. Ошол 42 адам демократиялык саясий формацияда, сөз эркиндиги орногон коомдо, экономикасы калыстыка калыптанган системада, дин ишеними Кришна, Будда, Муса, Иса, Мукамбет пайгамбарларды пир туткан мамлекеттерде баш калкалашат. Эми өзүбүздүн эле айлана-чөйрөбүздү карап көрөлү. Кайда барбасаң “миллионерче ойлон”, “өзүңдү миллионерче алып жүр”, “бирөөнө кул болбо”, “мен баймын деп кайталай бер” деген бизнес-тренингдер, он-лайн сабактар, сетевой маркетингдер кыргыздын күнүмдүк жашоо тартибин ээлеп алган. Ал эми канчалык көп каражатың болсо, ошончолук сый-урматка, бийик даражага ээ болосуң деген түшүнүк - бул турмуштун кадыресе аксиомасы. Канчалык калыс, мээримдүү, кайрымдуу, элдик, өнөрпоз адам болсоң, ошончолук жакырсың, ошончолук көз карандысың, ошончолук тепсендисиң. Бул кашкайган чындык. Бул чындыктан эч жака качып кутула албайсың.

КИМ ЭЛЕК?

Э.Абдыжапаров (1) Совет доорунда Кыргызстандын тарыхы сабак катары мектептерде да, жогорку окуу жайларда да берилчү эмес. Биз окуп билген тарых СССР-дин тарыхы деп аталчу, бирок башынан аягына чеин орус элинин таржымалын жаттап айтып бергенибизге жараша бааланчубуз. Кыргыздар жөнүндө сурамжылай турган болсок, тоодо көчүп жүргөн жапайы калкты совет бийлиги окутуп, чокутуп, билим менен илимге сугарып эл кылганын тушүнүп, ишенип Коммунизмди куруп келгенбиз. А бирок ошол эле учурда манасчылардыбыздын түгөнгүс дастанына сүңгүп, комузубуздун дирилдеп чыккан күүлөрүнөн кыялданып, боз үйүбүздүн кыналган кереметине суктанып, элибиздин аяр пеилине ырахаттанып, кыргыз болгонубузга ичибизден сыймыктанчубуз. Ушул эки кубулуштун жуурулушканынан чыга келди да Чыңгыз Айтматов, кыргыздын профессионалдуу өнөрканасы, заманбап илимий чөйрөсү. Ар бир доордун таасиринин жакшы менен жаманын талдап, иргеп билүү бул акыл эстүүлүктүн белгилери. Ал эми жакшы менен жаманды айрып билүүнүн бир эле ыкмасы: эмне сени өстүрсө ошонун баары жакшы, эмне сени чөктүрсө ошонун баары жаман. Тилеке каршы бугүнкү күндө жакшы менен жамандын чынжырлары чаташып өсүү менен чөгүүнүн түшүнүктөрүн айрып билүү да кыйындыка туруп калган. Мамлекеттин өсүүсү калкынын акыл эстүүлүгүнөн эмес, экономикалык көрсөткүчтөрдөн өлчөнүп калса, жеке адамдын өсүүсү анын үйлөрүнүн жана машинелеринин саны менен бааланат. Ооба, илгери деле эшекти атка алмашытырып, анан бир аздан кийин күлүктү минип калсаң эл айтмак, а, бул бала өсүп атыптыр деп. А бирок ата бабаларыбыз минген атыңдан мурун сүйлөгөн сөзүңө, жасаган ишиңе жараша мамиле кылышчу. Бүгүн сен ак көңүл, боорукер, калыс, сыпаа, ийкемдүү, көрөгөч, туйгуч, акылман болуп, бирок жашооң карапайым болсо эч ким сени сыйламак турсун көзүнө илбей да калат. Ошондон улам бир суроо туулуп атат. А биздин ата-бабаларыбыз чын эле ак пеил, айкөл, жароокер, кайраттуу, эр жүрөк болгонбу? Деги өткөн чак, байыркы заман, тарых деген тушүнүктөрдүн төркүнү кайсыл жерде? Дегеле биз окуп билгендей, Википедияга жазылгандай, илимпоздор далилдегендей тарыхыбыз чындыка дал келеби?

ЖАҢЫ ХРОНОЛОГИЯ

Бир нече жыл мурун орустун “Фоменко-Носовский: Новая хронология” жаңы илими көзгө урунуп калды. Алардын жыйынтыктарына, аргументтүү далилдерине таянсак азыркы биз билген дүйнө тарыхын XYI-XYII кылымдарда батыштын Питавиус-Скалигер деген окумуштуулары карасанатайлык менен бурмалап чыккан экен. Фоменко менен Носовскийдин аргументтерин кайталап, алардын айткандарынын чын-төгүнүн талдабай, болгону ушундай гипотеза бар экен, андай болсо биз деле ушундай көз караш менен кыргыздын тарыхын караштырып көрбөйлүбү деген багытта ой жүгүртүүмдү улантайын. Кыргыздын тарыхын изилдеш үчүн орустун жаңы пайда болуп аткан тарыхынан издөө зарылчылыгынын себептерин келтирип кетеин. Фоменко-Носовскийдин “Русь. Подлинная история” деген китебинин 11 бетинде мындай деген жазууну кезиктиребиз: “Орда с самого начала была русской. Ордой – в другом произношении Ратью – называлось русское войско. Слова “войско” и “воин” являются церковно-славянскими по происхождению, а не старорусскими и вошли в употребление на Руси поздно; старые русские названия были таковы: Орда, казак, хан.” Башкача айтканда Фоменко менен Носовскийдин изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы мындай корутундуга келип атат. Орустун бийлиги орто кылымда бүткүл жер жүзүнө өкүм сүргөн. Мамлекеттик саясат түрк (кыргыз) тилинде жүргүзүлгөнү менен жарандары каалаган динине тайынышчу. Християн динине өтүп кеткендер Византиялык (церковно-славянский) миссионерлердин таасири менен өз тилин унутуп азыркы орус тилинде сүйлөп калышкан. Ал эми мусулмандар Аллага арабча тайынып, бирок өз тилин сактап калышкан. Орус империясынын бийлиги эки баштуу болгон, ошондон улам орустун гербинде бүркуттүн эки башы бар. Административдик башкаруу “Ак Ордодон” (Улуу Новгороддон) жүргүзүлгөн болсо, аскердик күч “Алтын Ордодо” жайгашып жалпы аскерлерди “казак” деп аташкан. Административдик борбор соода, эсеп-чот, дин, рух маселелерин чечип турса, аскердик борбор дүйнөнү багынтып жаңы жерлерди улуу империяга кошуп берип турган. “Алтын Ордонун” аскер-казактары Улуу Новгород борборунан баардык муктаждыктар менен камсыздалынып, салыктарды төлөбөгөн княжестволорду буйрутма менен жазалап тартипке салып турган. Фоменко-Носовскийдин дагы бир “Славянское завоевание” деген эмгегиндеги бир маалыматты келтирип кетели: “Повторим — согласно новой хронологии и нашей реконструкции истории, все славянские якобы «античные и ранне-средневековые» завоевания Европы являются отражениями русского великого завоевания мира XIV века. Или же — вторичного османско-атаманского завоевания XV–XVI веков, также вышедшего из Руси”. Бул жерде түрктөр дагы орус болуп жазылып атканы бекеринен эмес, себеби Осмон империясы ошол эле орус империясы экенин Фоменко-Носовскийлер өздөрүнүн эмгекетеринде кынтыксыз далилдеп атышат. Айтылып калгандай “татаро-монгольское иго” доорунда орустун экономикалык өсүүсү туу чокусуна жетип, байлыкты бөлүштүрүү системасы ачык-айкын болбой, эки борбордун ортосундагы бир бирине кылган шектенүүсү күчөй баштайт да акыры жарандык согушка алып келет. “Куликовская битвада” эки тарап салгылашып улуу Новгороддун күчтөрү жеңип Алтын Ордолуктар жеңилип калат. Эки тарапта тең казак-аскерлер катышканы үчүн орус-казак, кыргыз-казак деген тушүнүк калып калган. Ушул күндөн баштап орус империясынын эки баштуу башкаруу системасы бир баштуу болуп калат. А бирок жеңилип калган күчтөр тынчыбай бийлик колдон колго өтүп отуруп акыры “Великая смута” башталат. Мурда орус (кыргыз) империясынын алдында баш калкалаган батыштын корольдору (кароолдор) учурду пайдаланып бийлике Романовдордун (Ырамандын тукуму) династиясын алып келет. Рюриктердин (Улуу урук) урпактары 100 жыл бою тактыны талашып отуруп акыркы таза кандуу тактынын мураскери Емельян Пугачевдун башы алынгандан кийин кана жарандык согуш тынчыйт. Ошол XYII кылымдан баштап Романовдор буга чеин так талашып келген Крымды (Жеримдин кыры, Кырым, Окраина, У окраины, Украина), Уралды (Орол), Сибирьди (шибер) Алыскы Чыгышты жана Борбор Азияны кайрадан карамагына баш ийдирип алат. А бирок жеңилген тараптын урпактары кайрадан баш көтөрүп бийликти талашпасын деп, атайын тапшырма менен эски тарых түп тамыры менен жоюлуп жаңы тарых немис тарыхчыларга буйрутма берилип кайрадан жазыла баштайт. Ошол эле “Русь. Подлинная история” китебинин 38 бетинде мындай жазууну окуйбуз. “Искажение подлинной русской истории в версии Шлецера-Миллера-Байера получает естественное объяснение как одна из важнейших идеологических задач Правящей Романовской Династии. Приглашенные немцы попросту исполнили данный им Романовыми заказ”. Мындай жагдайга кескин түрдө каршы чыккан Михайло Ломоносов куугунтукталып, камалып, өлүм жазасынан араң аман калып, көзү өткөндөн кийин тарыхый эмгектерин ошол эле немистер редакциялап элге жарыялап берген. Орус империясынын таасири Америкага, Кытайга, Индияга, Европага, Алыскы, Орто жана Чыгыш Азияга тийип тургандыктан улуу орус (кыргыз) тарыхын жокко чыгарып, бырчалап, тытмалап, көбөйтүп, үзгүлөп, сапырып туруп ошол колонияларына энчилеп таркатып берген. Мындай шартты Скалигер менен Питавиус өздөрүнүн эмгектерине пайдаланып, орустун (кыргыздын) тарыхын мындан нары дүйнө элдеринин тарыхы катары ар кайсыл булуң бурчтарга жайгаштырып, ар кайсыл доорлорго чоюп жамап, көбөйтүп, мындан нары бир бүтүн болуп келген тарыхты Улуу Кытай, Улуу Египет, Улуу Греция, Улуу Рим, Улуу Индия, Улуу Монгол империялары деген ат менен биздин күнгө чеин даңазалап, ушундай түшүнүк тамырын жайып козголбос абалга келип калган. Буга чеинки китептер өрттөлүп, мындан кийинки маалыматтардын баары Питавиус менен Скалигеринин тарыхый хронологиясына таянып жазылган. Бул хронологияга чеин адамзат ”Дуйнө Жаралгандан бери 7 миң жыл өттү” деген жыл сүрүүнү пайдаланышкан. Ошого карабастан Фоменко менен Носовскийлер кай бир жерлерде сакталып калган күбөлүктөрду таап алып “Славянское завоевание” деген китебинде, Италиялык Мавро Орбини деген окумуштуунун XYIII кылымда жазып кеткен эмгегинен мындай маалыматтарды окуй алабыз: “Кроме того, от Славян (кыргыздардан), по свидетельству Орбини, произошли многие европейские народы, которые, как считается сегодня, не имеют ничего общего со славянами.

Среди них: бургундцы, шведы,финны,готы, ост-готы, вест-готы, готы-аланы,даки,норманны,траки, (то есть попросту турки),венеды,померанцы (жители германии и польши),британцы, авары.

Подчеркнем, что почти все утверждения Мавро Орбини подтверждаются и другими независимыми средневековыми источниками.” Фоменко менен Носовскийдин далилдерине таянсак Монгол империясынын XIII-XIY кылымдардагы жортуулдары, Осмон империясынын XY-XYI кылымдардагы жортуулдары “Орус-түрк” (Кыргыз) империясына таандык экенин баамдайбыз. Окурмандардын кээ бирөөсү мыйыгынан күлүп, - “орус ко мейли, андай акыбалга жетиши мүмкүн, бирок кыргыздардын мындай тарыхка тиешеси канчалык? Кыпындай кыргыз өзүнүн чимкиригин тарталбай жүрүп дүйнө жүзүн кантип эле басып ала алсын?” – деп шакаба чегиши түшүнүктүү. Андыктан жалпы жаңы тарыхты кеп кылуудан мурда ошол скептиктерди кыжалат кылган суроолоруна жооп берип, эмне себептен биз орустарды кыргыз деп улам-улам орустун күмөн тарыхына өзүбүздү жармаштырып атканыбыздын чоо жайына токтололу.

ОРУСТАР МУРДА КЫРГЫЗ БОЛГОНБУ?

Же кыргыздар мурда орус болгонбу? Ооба! Болгон! Башкача айтканда XYI кылымга чеин биз бир эл болгонбуз. Кебете Э.Абдыжапаров (2) кешпирибизди кеп кылсак эч кимибиз танбайбыз го, мурда кыргыздар ак жуумал, көк көз, сары чач, кең далылуу экенибизди. Орус (кыргыздар) XYI кылымга чеин эркин үч тилде сүйлөп (славянча, арабча, кыргызча), Теңирчиликти, Исламды, Христиандыкты жуурулушкан бир дин деп кабыл алып келишкен. Александр Блоктун “Скифы” (Сактар) деген поэмасынан үзүндүну келтирсек, ал жерде: “Да, скифы - мы! Да, азияты - мы! С раскосыми и жадными очами!” – деп орустар азият болгонун баса белгилейт. Ошол эле Фоменко-Носовскийдин Афанасий Никитиндин XY кылымда жазылып, кийин өрттөлбөй сакталып калган “Хождение за три моря” деген эмгегине кайрылышкан жерин келтирип кетеин: “А вот ВСПОМИНАЯ О РОССИИ, он часто переходит на тюркский или арабский язык. Чего стоит, например молитва Афанасия Никитина О РУССКОЙ ЗЕМЛЕ. Перечисляя виденное в разных странах, Никитин наконец с особо теплыми чувствами вспоминает о Руси (Урус). И кончает это перечисление молитвой о Русской Земле. С самого начала этой молитвы он переходит с русского языка на тюркский: «Да, Подольска земля обильна всем; а Урус ерье таньгры сакласынъ; Олло сакла, Худо сакла, будоньяда мунукыбить ерь ектуръ; нечик Урус ери бегъляри акай тусил; Урус ерь абаданъ больсын; расте камъ деретъ. Олло, Худо, Бог, Данъгры» [95], с.25.” Карагылачы! Бөтөн жерде жүргөн орус өз жерин сагынып өзү билген, тайынып жүргөн Кудайларына улам, улам жалынып жиберип атат: “...Орус жерин Теңир сакта, Алла сакта, Кудай сакта, бул дүйнөдө мындан кымбат жер жоктур” - деп. Азыркы биздин кыргыздардан эмнеси менен айрымаланат? Биз деле аралаштырып жалынабыз го? Теңир, Кудай, Алла деп... Дагы бир жерин келтирип кетеин Афанасий Никитиндин экинчи аты жөнүндө айтканын: “И жил я здесь, в Бидаре, до Великого поста и со многими индусами познакомился. Открыл им веру свою, сказал, что не бесерменин я, а (веры Иисусовой) христианин, и имя мое Афанасий, а бесерменское имя - ходжа Юсуф Хорасани.” Индустар анын орус экенин билип карманган динин тактаганда “мен мусулман эмесмин, христианмын, бирок мусулманча атым ходжа Юсуф Хорасани” – деп тактап атат. Демек XYI кылымга чеин орус элинин эки динине жараша эки аты, христианча жана мусулманча болгону анык чыгып атат. Кийин орустун тарыхын бурмалап атканда адамдын бир аты оруска думшан болуп калса (Батый хан), экинчи аты менен орус элинин баатыры болуп чыга келип атбайбы (Ярослав Мудрый). Ушул нукта дагы эле ой жүгүртө берсек орустун жерлеринин, бир далай князьдарынын, графтарынын аттары кыргызча болгону деле мындай гипотезаны далилдеп берет. Жада калса орустун падышаларынын аттарынын түп тамырын тырмалап көрсөк теги кырызча болуп чыгып атат ко: Путин – путь – бут; Елцин – елчи, Горбачев – горб, көрпө, көрпөчө, Брежнев – брежный, бережный, берег – берки жээк, аркы жээк; Хрущев – куруш, күрөш; Ульянов – уулжан; Романов – ыраман; Рюрик – улуу урук. Мындай мисалдарды дагы бир далайга чеин узарта берсек болот. Ошондон улам Советтер Союзу да бекеринен уюшулбай, 70 жыл ынтымактуу бир элдей болуп жашаганыбыз да бекер эместир.

Бул илимий эмгек эмес, болгону менин жеке ой жүгүртүүлөрүм. Эгерде бирөөңөр илимий далилдер менен ойлорумду жокко чыгарам десеңер, моюн сунуп кетенчиктеп берем. Бирок акыркы жылдары генетика деген илим өзүнүн арышын кеңейтип тактыгы менен тарахчыларды жарга такап, менин бул жерде айтып атканыма жөлөк болуп берет. Ал илимди так билбесем да, аки-чүкүсүн талдап бере албасам да, ДНК генеология илиминин башатында турган Анатолий Клесовдун айткандарына таянып, илиминин тыянактарын өзүмдүн ой жүгүртүүмө жуурулуштуруп сөзүмдү улай береин. Анын айтымында жер жүзүндөгү адамзаттын башкы атасы мындан 300 миң жыл мурда жашаган экен. Демек түпкү Адам атабыз, алгачкы пайгамбарыбыз ошол доорго туш келет экен да. Кызыктуу нерсеси биз кана, кыргыз-казактар, адам (человек), адам баласы, адамкерчилик, адамзат деп тегибиздин атын сактап калганбыз. Адам атанын урпагы экенибизге сыймыктанып “мен адаммын” деп төшүбүздү кагабыз. Орустардын тилине мен деген сөз оолашып “мне”, “меня”, “мной” деп сакталып калган. Англис тилинде “man” ошол бойдон калып, бирок эркек адам деген маанини берсе, “woman” – аял киши деп которулат. Башкача айтканда “мен адам” деп эркек айтса, “мен ева” (“Ово эне менмин”, “woman”) деп аял айтат.

Биз билгендей эң алгач Жараткандын маалыматтары, Кудайды даңазалаган ыр саптары айтуучуларга аян менен төбөсүнөн төгүлүп, ооз эки айтылып жүрүп, кийин дарактын кабыктарына жазылып көзгө уруна баштаганда Вед (бет, жүз, барак, Кудайдын айткандары барака түштү) деген адабий эмгектер пайда болуп, мындан нары Кудайдын айткандарын “ведаю” (бет алдым), vision, video, вижу, видение (көзгө урунган) деген түшүнүктөр пайда болгон. Жараткан бул маалыматтарын пендечиликтен арылган таза, аруу жандарга кана төгүп берип, бул элди аруу эл (Арии) деп атап калышкан. Ошол беттерди изилдеген окумуштуулардын айтымында арийлер Вед (бет) адабиятын Индияга Борбо Азиядан алып келишкен. Анатолий Клесовдун корутундусуна көңүл бурсак, чыныгы аруу эл (гаплогруппасы R1a) түштүк сибирден, Енисей (Энесай) жээктеринде пайда болгон (кээ бир башка генетиканы изилдеген окумуштуулардын айтымында Борбор Азияда жаралган), кийин көчүп отуруп Түштүк, Чыгыш жана Кичи Азияларды аралап Чыгыш Европага чеин тарап, кайра артка кайтып келип бүткүл Евразияны ээлеп калган экен. Бүгүнку күндө ушул гаплогруппанын 50%-дан ашык көрсөткүчтөрүн алып жүргөн элдерди санап өтсөк булар: Алтайлыктар, кыргыздар, Индиянын брахмандары, поляк, украин жана орустар. Бул багытта кыргыздын генеология изилдөөчүлөрү (Дастан Сарыгулов, Кубан Чороев ж.б.) өздөрүнүн эмгектерин ачык жарыялап кыргыздын санжырасы менен салыштырып кыргыздын байыркылыгын далилдеп аткан учуру.

Буга кошумча болуп кыргыз эли, өнөрү, үрп-адаты, каада-салты, жашоо шарты, ой жүгүртүүсу, көз карашы, кыял жоругу, пеили менен адамзаттын башаты болуп келгенине кыйытма далил болуп бере алат. Мисалдарды келтирсек: темир кошулбай жасалган комуздун негизинде өнүккөн аспаптар: гитара, мандолин, рояль ж.б. Ушул сыяктуу кыяк - скрипканын башаты; ооз комуз - аккардеондун башаты; чоор - үйлөмө аспаптардын башаты; жетиген - арфанын башаты; добулбас - литавр жана түркүн урма аспаптардын башаты; чалап менен максым - түркүн суусундуктардын башаты; кымыз - түркүн шараптардын башаты; бозо - пивонун башаты; боз үй - туркүн чиркөө менен мечиттердин башаты; оюн зоогу - аскер илиминин башаты; манасчылык – адабият, театр жана кинонун башаты; ар бир кыргыздын жолуна жараша ордун билүү - мамлекеттүулүктүн башаты; Теңирчилик - түркүн диндердин башаты. “Манас” эпосундагы согуштук тактикаларды изилдеп отуруп Манастын Ак келтесинин негизинде оптикалык мылтык иштелип чыккан экен. Сталин 41 жылы Москваны алдырып ийерде, Панфилов баш болгон кыргыз менен казактардын элинен дивизия чогултуп, немистердин эң негизги соккусу боло турган Волоколамск багытына коюп, чабуул башталаарда жоокерлердин алдында Саякбайга “Манас” айттыртып, буга чеин согуш майданында боло элек аскерлерге козголбос эр жүрөк берип Москваны коргоп калганы тарыхый факт.

Орустар кыргыз болгонбу деген суроону тактай турган дагы бир кызыктуу маалыматты жакында интернеттен Мария Каменскаянын жар салганын келтирип кетеин. Анын айтымында Советтер Союзу күч алып турган мезгилде кол алдындагы Кыргыз Советтик Социалисттик республикасына арналган 37 беттен турган төмөнкүдөй документти, бүгүнкү күнү “сырдуулугун” жоготкон, казып чыгып окуп берип атат: “ЦК КПСС и Совет министров СССР подтверждают достоинство, честь, титулы и права киргизам, как достойных потомков своих славных предков в семье русских народов, которым от Неба и Творца принадлежит вся власть на земле как отрокам божьим. О чем киргизы доказали в прошлом со времен Великого Манаса”. Бул жазуу 36-чы бетинде экен. Биринчи бетинен баштап мындай жазууну келтирет: “Киргизы, как автохтонный народ в семье русских народов по происхождению входящих в семью русских народов являются потомками Великого Манаса, имели с 552 года Государственность...”. Дагы бир үзүндүсү: “Киргизы подтвердили свои титулы как верноподанных отроков божьих восходящих к славной, первородной и благородной породе славян. Киргизы были признаны благородными потомками славной великой рассы, как победителями великого дракона и стороной мирного договора о сотворении мира в звездном храме 5528 лет назад после которого киргизское племя чужени (кыясы “чуу жин” же “чуу жээн”) стало законным правопреемником и правопродолжателем китайской империи и династии великого дракона”. Дагы бир үзүндүсү: “...им (киргизам) предоставлена возможность осуществлять надежное хранение золота и иного имущества победителя указанного как имущество репарации (келтирилген зыяндын ордун толтуруу) и контрибуции (жеңилген тарап жеңген тарапка акчалай төлөм чегерип туруу) причитающихся и принадлежащих великой рассе потомками которой признаются киргизы”.

Ушул жерден биртке токтолуп, талдап, мындай документтин жаралышына эмнелер себепкер болгонун ынанымдуу түшүндүрмөлөрдү издеп таппасак, караманча былжырак сөз болуп калчудай. Бир суроо: мындай документти Советтер Союзунун жетекчилиги эмне себептен жараткан? Жообун айтып көрөүн. Мурда айтылган кебимди улап мындай версияга токтолмокмун. Совет бийлигинин жашуруун кызматтары сакталып калган байыркы орустун (кыргыздын) тарыхын казып чыгып, Улуу Октябрь революциясынын себептерин төмөнкүдөй кабыл алган болсо керек: XYI-XYII кылымдарда орус (кыргыз) империясынын батыштагы колониялары борбордо ыңкылап уюштуруп, Рюриктердин (улуу урук) династиясын кулатып батыштын саясатын жүргүзгөн Романовдордун (Ырамандын тукумдары) династиясын бийлике алып келишкен. (Кыстырма маалымат: Николай II-нин ДНК-сы “R1a” гаплогруппасына кирбейт экен). Ошол учурдан баштап эгемендүүлүкө чыккан колониялар (Европанын корольдору) орустун (кыргыздардын) мурдакы жерлерин бөлүштүрө башташкан. Ошондон улам XYI кылымдан баштап Франция, Нидерланды, Британия, Португалия, Испания, Бельгия, Германия, Турция, кийинчирээк Япония, жаңыланган Россия бүткул дүйнө жүзүн ич ара менчиктештирп, колонияларын тоноп, элдерин кул кылып, ченемсиз алтын, зер, күмүштөн турган байлыктарга ээ болушкан (Европанын музейлерин карагыла). Жүз жыл бою Орус империясында жарандык согуш уланып, акыры Емельян Пугачевдун жеңилгени менен кыргын токтоп, карапайым эл “крепостной” кулдарга айланып, бирок кийин “русофилдер” менен “западниктер” деген тирешүү интелектуалдык чөйрөгө көчүп талашып тартышуу уланган. XIX кылымдын башында декабристтер төнкөрүш уюштуруп жеңилип калышкан. Тирешүү улам күчөй берип бийлик “крепостной” кулчулукту жойгонго мажбур болгон. Ага карабастан “народниктер” падышаны кулатууга көп аракеттерин жумшаган. XX кылымдын башында түркүн күчтөр Ак Падышачылыка тынбай чабуул жасап отуруп акыры тактыдан кулатып, большевиктер Романовдорду тукум курут кылышкан. Ак падышанын аскерлерине жардам катары он төрт чет өлкөлүк мамлекетинин интервенциялык аскерлери жиберилип, жарандык согуш большевиктердин жеңиши менен аяктаган. Эгерде Лениндин кол алдындагы бийликтин жүргүзгөн саясаты болгобогондо, 1916 жылы Романовдордун кыргызга кылган кыянатчылыгынын кесепитенен биз эч качан жерибизге ээ болуп, мамлекеттүулүкө жетмек эмеспиз. Себеби алар билишкен, дүйнөлүк бийликтин мураскери болгон кыргыздар акыры өздөрүнүн укуктарын айтып чыгаарын. Большевиктердин бийлиги, жер бетинен жоголуп бараткан кыргыздарга административдик чек араны бөлүп берип, келечекте көз карандысыз мамлекеттүү болуу пайдубалын курап берген. Башкача айтканда, Улуу күч кыргыздардын келечекте мамлекеттүү болушуна кам көрүп, адам баласынын миллиондогон курмандыгына карабай, Романовдордун династиясын кыйратып Советтер Союзунун түзүлүшүнө шарт түзүп берген.

Эми кезек келди окшойт төмөнку суроолорго жооп издегенге: Эмне деген мурас? Эмне деген “сотворение мира в звездном храме”? Албетте бул нукка салынган сүрөттөмөнү менин жеке пикирим, көз карашым, ой толгоом, туюмум менен келтирилип атат. Бирок ар бир сүрөттөмөнүн алдында тарыхый маалыматтар, илимий негизгер, эзотерикалык , логикалык корутундулар турат. Башында эскерилип кеткен логистиканы колдонуу аракети десем да туура болот. Кыясы бүгүн адам баласы Кудайдын жаратмандыгына шек саноодон алыс болсо да, Кудайдын барлыгына ишенип, тайынып, сыйнып, таазим эткени менен, жүргөн-турганы, кыймыл-аракети, ой-санаасы, сезим-туюму, тулку-мүнөзү менен пендечиликтен арыла албай атканын эч ким танбастыр. Элдин камын көрөм деген журт башчылары да, элди ыймандуулук жолуна салам деген “аалымдары” да, сулуулукту даңазалайм деп талпыңган өнөрпоздору да, бирде өз вазыйпасын так өтөгөн болсо, көбүнесе материадык байлыктын азгырыгына жетеленип, болгон күч аракетин “дүр дүнүөнүн” сазына батып баратканына күбө болуудабыз. “Аалам” ырахаты менен “кутучадагы” ырахаттын айрымасын билип турса да, “бул жашоомдо, бүгүн, азыр пендечилик жыргалына тоюнуп алайын” деген тыянак менен өмүрүн сүрүүдө. А демек бул көрүнүш “жан” дүйнө менен “дене” дүйнөнүн ортосундагы келишпестик бир тарабына ооп кетип баратканынан кабар берет. Бул күрөш Адам атабыз жерди байыр алып алгандан бери тең салмак менен жүрүп келатат. Адамзаттын тарыхы ушул эки жааттын тирешкени менен алпурушуп келатат. Куранда Иблис (Инжилде Сатана) периштесинин өзөгү карарып, адам баласы улам азгырылган сайын жан дүйнөсү азыктанып, кудурети күчөп, Кудай менен тиреше турган кубатка ээ болот экен. Биддисттердин түшүнүгүндө адам баласынын жан дүйнөсү качан биротоло тазарганда, ал Кудайдын кучагына кайтып келет экен. А бирок, жер жүзүндөгү жашоосунда канчалык күнөө кетирсе, ошончолук Кудайга узай турган жолу “кармалып” (карма), улам жер бетине төрөлүп пенденин көр дуйнөсүнөн чыга албай калат экен. Башка диний философиялардын айтымында адам баласы башка планеталарда (беиште) жашап аткан учурда күнөөлөрүнөн арылалгыз болуп калганда, түңүлгөн Жараткан күнөөкөр пенделерди (алардын жан досторун) жер планетага (түрмөгө) айдатып жиберген имиш. Биртке өнүгүп-өсүп күнөөлөрүбүздөн арылып келатканда, байыгыл эле “көнгөн адатыбыз” күчөп, пеилибизден кайтып, “акыр заман” топон сууларына кабылып, улам жер бетинен жок болуп кетип атканыбыз ошондон окшойт. А бирок кайсыл диндин философиясын албайлы, бул жолкусунда, Кудайдын каарына калганыбызды моюнга алып, тазарып кетпесек, анда келерки “акыр замандын” көчкүсу адам баласын биротоло жер жүзүнөн жууп, денелерибиз эмес, жан дүйнөбүздү да материалдаштыртып, ыпыр чаң менен сапырып жокко айлантып салаар коркунучунда турат экенбиз. Ар тараптуу диндердин биргелешип аракет кылганына карабай, адамзат көз көрүнөө туңгуюка шыпырылып баратканына күбө болуудабыз. Биз үчүн Манас атабыз кыргыз элин сактап калган баатыр экенин баарыбыз билебиз. А бирок эмнегедир “Манас” деген ат Непалдагы тоонун, Кытайдагы дарыянын жана административдик борборунун, Тибет жана Алтайдагы көлдөрүнүн, Индия менен Бутандагы улуттук парктарынын жана дарыяларынын, Дагестандагы айылынын, Америка Кошмо Штаттарынын тоосунун жана шаарынын аттарына ыйгарылган. Санскрит тилинен “Манас” деген сөз “жогорку акыл эс” (высший разум) деген түшүнүктү берсе, демек көөдөнүндө “Манасы“ жок адам баласы кадыресе пенде болуп калаарын ырастайт экен да. Так кесе айта турган болсок, Манас кыргызга эле эмес, бүткүл адамзатка таандык күч экен да. “Манастын” касиети элден, мамлекеттен, адамзаттан качып кете турган болсо, ошол элдин, мамлекеттин, адамазаттын аягы согуш, кыргын, алаамат, табигый кырсык, акыр заман менен бүтөт экен да. Жатык тил менен түшүндүргөндө, Манас - Жараткан менен пенденин ортосундагы ортомчу “акыл эс”, туура багыт, “алтын доорго” салынган тең салмактуу сапар. Манас аркылуу кана жер жүзүндө ирет, тартип, калыстык, эстүү мыйзам орнойт дегенди билдирет. Адам баласынын башатында Манастын илими, мыйзамы, буйругу өкүм сүрүп, өнүгүүсу көбүрүп-жабырып турган болсо, бүгүнкү күндө пенденин көөдөнүнөн Манас кетип, эсинен чыгып, унутулуп, адам баласы материалдык азгырыка ооп, руханий баалулуктардан ажырап, чаржайыт, алдым жуттум, өзүмчүлдүк саясатка туш болуп, акыр заманды чакырып атканына күбөбүз деп жыйынтык чыгарса болот.

Муканбет алейкисаламдын айтымында Алланын 99 аты бар. Жараткан жалгыз, бирөө, аны эч ким жараткан эмес, ал баарын жараткан, а бирок пенделер аны өздөрүнүн жашоо шартына жараша 99 кырынын бирөөсүн байкап туруп өзүнө ыңгайланган ат менен Ага кайрылышкан. Биз, кыргыздар, Жаратканга кайрылган бир нече ысымга токтолуп кетели.

ТЕҢИРИ

Тең” – тегиз, тете, калыс, адилеттүү, бирдей, окшош деген түшүнүктү берсе, ал эми “Ири” – чоң, чексиз, түбү жок деген түшүнүгү менен “ак-каранын” Улуу Тең салмагын кармап турган Зор Күч деген маанини берип турат: ысык-суук, өйдө-ылдый, оң-сол, бар-жок, эркек-аял, жакшы-жаман, алга-артка, чын-калп, төр-улага, жашоо-өлүм, касиет-пендечилик, ач-ток, дос-кас, Көкө-Умай, инь-ян жана ушул сыяктуу түгөнбөгөн түшунуктөр. Кыргыздар эзелтен “жаман айтпай жакшы жок” деген макал менен табийгаттын эч нерсесин жээрибей “ырыскысына” да, “каарына” да “буйрук” деп кабыл алып, “Теңирдин жазганына” наалыбай жашап келишкен. Ушул касиети менен башына төгүлгөн дөөлөт-оомат-зоболосуна да, маңдайына жазылган кыргын-сүргүн-наалатына да бирдей баш ийип миңдеген кылымдар бою Жараткандын өзгөчө назарына бөлөнүп сакталып келишкен.

КУДАЙ (перстин Жаратканга кайрылган ысымы деп айтып келишет)

Бул сөздүн этимологиясы кыргыздын КУТ жана АЙ деген сөздөрүнөн куралган. КУТ – “Күн” жиберген чексиз бакыт, киреше, молчулук, барчылык, кубат дегенди түшүндүрсө, АЙ – “Айдын” төккөн мээрими, сулуулугу, ажарлыгы, керемети, сезими дегенди түшүндүрөт. Жараткан жерге “күч кубатын” КҮНдүн нуру менен чачып берсе, “сезимталдыкты” АЙ нуру менен жерге куюлтуп, эки кубулуштун бир өзөгүн КУТ-АЙ (КУДАЙ) деп атап калышкан. Кут же Күн деген кыздардын аттарын кезиктире албайсыз. “Ай” кошулган кыздардын аттары четинен чыгат: Ай-нура, Ай-сулуу, Алтын-Ай ж.б.

БОГ (орустун Жаратканга кайрылган ысымы деп айтып келишет)

Бул сөздүн да этимологиясы кыргыздын БАК деген сөзүнөн чыккан. Жогоруда Афанасий Никитиндин, же XY-кылымдын орустары “Алланы” “Олло” дегендей “Бакты” “Бог” деп айтып калышкан. Пенделик жашоодон качып ыйык “Монастырьга” кеткен пенделер “Манастын Төрүнө” барып кызмат кылышат.

GOT (батыштын элдери Жаратканга кайрылган ысымы деп айтып келишет)

Бул сөздүн да этимологиясы кыргыздын КУТ деген сөзүнөн чыккан. Буга көп токтолбой эле коелу.

АЛЛА (арабдардын Жаратканга кайрылган ысымы деп айтылат)

Бул сөздүн этимологиясы кыргыздын түпкү тилине таандык экендигине кененирээк токтололу. Арабист изилдөөчү Темиралы Кунашевдин “Мудрый Коран. Пространство и Время” деген китебинде Жараткандын энчилүү саны “1”, энчилүү тамгасы “А”, башкача айтканда ошол эле “1” деген сандын чечмелөөсү “Жараткан Жалгыз Өзү” деп жазылса, анын добуштуу формасы “А” деп айтылат. Бул тамганын арабча жазылышы “алеф” болсо, кыргызча “Ал-эп” же “алгачкы ыкма” деп чечмеленет. Т.Кунашевдин айтымында ар бир кийинки (2, 3, 4..28) сандарынын өзүнө кана тийиштүү тамгалары жана аларды чечмеленген маанилери болгонун аныктап, бирок YIII-кылымдын реформасынан кийин тамгалардын табигый ирети өзгөрүлгөндөн улам ислам дининин жүргүзүлгөн саясаты да баштапкы нугунан оой баштаган деген тыянака келет. Жараткандын добуштуу белгиси “А-а-а” деп жаңырган болсо, Жараткандын түстүү белгисин “Ак” түсүндө деп айтканыбыз туура болот. Араб тилин кыргыз тилине салыштыруу эмес, Т.Кунашев келтирген далилдерден улам “Алла” деген сөздүн этимологиясы алгач кыргыздардын тилинен тапса болоорун айткым келет.

Ал”-“лА” – бул Жараткан менен адамдын АЛАКАСЫ деп койсок да болот. Адам баласы Кудайдын кудурети менен жер жүзүнө “Аа-л” деп тартууланып, жер жүзүндөгү тапшырылган вазыйпасын аткарып бүткөндөн кийин “л-аА” деп кайра Жараткандын кучагына кайтып кеткен формуласы.

Араб алфавитиндеги экинчи тамга “Ба”. Мунун мааниси “адам” = “2” дегенди түшүндүрөт (Т.Кунашевдин теориясы боюнча). Кыясы Адам ата менен Обо эне экөө “2”, жуп экенин билдирет.

Ал” – “ба” – деген сөздү карасак, Жараткан адамды жерге жаратып коюп, бирок кайра өзүнүн жайына албай, жерге калтырып коюп атат. Кыясы “тозоко” кабылып калганыбы же “реинкарнация” теориясы менен жерге кайра-кайра төрөлүп кармалып (“кар” + “ма”) атканыбы?

Ак”, биз жогоруда айткандай, Жараткандын түсү. “Ак” түсүн чече баштасак кызыл, сары, жашыл, көк, күрөң жана башка ушул сыяктуу түстөргө бөлүнгөнүн байкайбыз. Ал эми Жараткандын нуру жетпей калган жерде кереметүү “түстөрү” жоголуп, бир кана “кара”, “жокчулук” боегу калып калат. “Каргыш” деген сөздүн түпкүрү да Кудай адамдан оолактап кеткени деп түшунсө болот.

А” деген тамгадан башталган сөздөрдү уланта берсек эң ыйык, сыйлуу, улуу деген маанилерди кыргыздын тилинен таба беребиз. Мисалы: “Ата”, “Апа”, “Ана” (эне), “Ага”, “Аба”, “Аке”, “Апче” (эже), “Адал”, “Аза” (жайына узатуу), “Аса” (касиеттүү аса таяк), “Азык”, “Аш”, “Ач” (жаңы нерсени ачуу), “Ат” (ысым жана жылкы), “Ажар”, “Актык”, “Аруу”, “Амал”, “Акыл”, “Адил”, “Абиир”, “Акы”, “Аян”, “Аял”, “Айым”, “Акак”, “Ант”, “Алп”, “Акын”, “Адегенде”, “Адеп” жана ушул сыяктуу. Мындайча айтканда, Жараткандын үндүү “А” дабышы жер бетиндеги пенделердин “үнсүз” түркүн кубулуштары менен жуурулушуп ушундай касиеттүү маанилерге ээ болот.

Темираалы Кунашевдин айтымында, катылган архивдерден Мукамбет алейкисаламдын Чоң казатка узап, Борбор Азияны ислам динине бурам деп бараткан Азирет Аалыга берген батасын казып чыгыптыр. Анда мындай деген эскертмеси бар экен: “Тоолуктарга кылыч салба! Алар бизден мурда эле “мусулман” болуп келишкен! Ал эми биздин динди шашпай өздөрү эле кабыл алышат”. Бул жерде Мукамбет пайгамбар өзү “ислам” дини менен “мусулманчылыкты” ажыратып жатат. Мусулман – Аллага туура багыт алган инсан. Исламчы – өзүн мусулманмын деп эсептеп, Мукамбет пайгамдардын мураскерлери Халифат идеясынын негизинде түзүп кеткен башкаруу системасынын жактоочусу. Мусулманчылык – Алланын, Кудайдын, Теңирдин Куран (Манас илими) менен адам баласына тартууланган, жер жүзүнө “Алтын Доор” курала турган ыңгайлуу жашоо эрежеси, “логистикасы”. Мусулманчылык ислам дининен мурда пайда болгон. Далилибизди уланта берели.

Куран (Манас илими) – уңгусү кыргыздын “Кур” деген сөзүнөн пайда болгон. Кур (ремень), курал (оружие), курча (окружай), ат токур (оседлание), кургал (остаться без ничего), курган (надгробие), курчан (опоясаться), курам (храм), куран (вооружись знанием).

Мукамбет – араб элинде мындай ат жок. Муканбет кыргызча “мукамдуу билим” деп түшүндүрүлөт. Мукам – асмандан түшкөн өтө жагымдуу; Бет – жүз, келбет, билимди камтыган барак.

Шарият – кыргызча “шарт” деген эле сөз. Эгерде Мукамбет алейкисалам жашагандай, айтып кеткендей жашасаңар, ушул “шартты” аткарып өтсөңөр, анда беиштен өзүңөрдүн жайыңарды табасыңар деген түшүнүк.

Ыйман – кыргыздын “иймен” деген эле сөзү. Ийменүү – өзүңө, ата-энеңе, жубайыңа, балдарыңа, тууган-туушкандарыңа, жакындарыңа, досторуңа, жан-жаныбарларга, эмерек-буюмдарыңа, ичип аткан сууңа, жеп аткан ашыңа, дем алып аткан обого, жаап аткан жаанга, тийип аткан күндүн нуруна, көзүң көруп аткан талаа, кыр, тоо, асман, булут, таш, топурак, чөптөргө, жада калса душманыңа, өтө аяр, ийменип жасаган мамилени билдирет. Эгерде жер жүзүндөгү диндердин аки-чүкүсүн, ыпыр-сыпырын, татаалдааштырылган эрежелерин электеп салса, үч эле нерсе калат: 1. Кудайга ишен, Жараткандын мыйзамы жер үстүндө иштеп атканына ынан. 2. Жараткандын мыйзамына баш ийбесең, “акыр замандын” болоорун күт. 3. “Акыр замандын” каарына кабылгың келбесе, бул жашоодо ыймандуу бол. “Ыймандуу бол” деген түшүнуктү жогоруда берип кеттик. Башкача айтканда “ыймандуу болуу”, артыгы-кемиги жок, бул “мусулманчылык”. Бирок, тилеке каршы, ислам динин кармангандардын баары эле мусулман эмес.

Жалпысынан тарыхый маалыматтарды, илимий гипотезаларды, элдик санжыраларды, ДНК-генеологиянын изилдөөлөрүн эске алып “адамзаттын таржымалын” (албетте менин жеке көз карашым менен) мындайча деп баштамакмын.

АДАМЗАТТЫН ТАРЖЫМАЛЫ

XIX-кылымдын экинчи жарымында материалисттик көз карашты жактаган британдык натуралист Чарльз Дарвиндин “Происхождение человека и половой отбор” эмгеги жарыяланып, адам баласы миллиарддаган жылдар бою ааламдын кубулуштарынын комбинацияларынан улам кокусунан жандык клетка пайда болуп, ошол клетканын жашап кетүү ыкмалары иштеп башка клеткалар менен биригип алгач суу жаныбары пайда болгон экен. Ошентип отуруп суудагы балыктар кургака чыгып, андан нары өнүгүп отуруп “маймыл” жаныбары жаратылышты өздөштүрө алган “адам” баласына айланган экен. Бул теориянын уландысы болуп немец психологу Вильгельм Вундтун изилдөөлөрү адам баласы “топурактан” жаралгандыктан акыл эси, жан дүйнөсү “химия” жана “физика” илиминдей эле формулаларга баш ийерин, Жараткандын жоктугун далилдеп чыгат. Бул теория атам-замандан келе жаткан, чексиздиктин ээси Алла-Талла 18 миң ааламды жеке өзүнүн каалоосу менен курап, анын ичинде жерди, адамды, жандыкты бир бүркүм тилеги менен жаратып койгон деген тушүнүктүн пайдубалын кыйратып, ХХ-кылымда пенделердин канын дарыядай агызып, адамдын “дене досу” Пир даражасына көтөрүлүп (Зона комфорта), “пендечиликтин” бийлиги өкүм сүрө баштаган. Ошондой эки жааттыктын тирешүүсү бүгүнкү күнгө чеин тынчыбай адамзатты кыйроо абалына алып келди. Тескерисинче, мындай эки жааттыкты колдобогон Манас илими, кыргыздын эзелтеден келе жаткан “ЭЧ НЕРСЕНИ ЖЭЭРИБЕ” философиясын камтып, эмне болбосун журөгүң менен кабыл алып, өзүңө сиңирип, синтездеп, карама каршылыктын “сызыгын” сыгып, “каймагын” калпып дүйнөнүн бүтүндүгүн сактап кал дегени. Бекеринен манасчыларыбыз элибиздин пири болуп келген Манасыбыздын кемчилигин жаап-жашырбай “канкор”, “эрдиги бар эси жок” сыяктуу эпитеттер менен сүрөттөп, кыргыздын түбүнө жеткен кечирилгиз душманы Коңурбайды “эр калча”, “Коң төрө” деп артыкчылыктарын баса белгилеп турбаса керек. Ошондон улам болсо го, дүйнө жүзүнүн үрөйүн учурган “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деген макалы менен кыргыздын “кекчилдигинин” жоктугун айкын ачып берип турат. Же болбосо кылмышкерге айып салганда “кунун төлөп” кутулуп кет, колунаң келбесе көчүрүлүп (качып) элиңен, жериңен ажырап тентип кал дешкен. Азыркы Европа элдеринин өлүм жазасына мараторий киргизүүсү кыргыздарда эзелтен эле бар болчу. “Убийство убийцы не уменьшает количество убийц” – деп Уинстон Черчиль айткандай, кыргыздын сакталып келатышынын бирден бир себеби, анын “Айкөлдүктү” (гуманизмди) пир тутканы болсо керек. Жараткандын бүтүндүгүнө, тегиздигине, гармониясына таазим этип, анын кубулжуган түркүн диндеринин түстөрүнө маани бербей, ким болбосун төрүнөн орун берип, “билген намазыңды окуй бер”, бирок “Жараткандын алдында пеилиң ак, ниетиң түз болсун” деген “конституциясын” карманып келип, кыргыздын тарыхында диний согуш болбогону таң калтырбай койбойт. Жашоо тиричилигинин айлампасында “жашыңа” карап, “жолуңа” жараша ордуңду бил деген тушүнүк, аял эркегине карабай, төрөлгөндөн көзүң өткүчөктү, элиңе кылган тийиштүү кызматыңды да кыласың, элиңден алчу кадыр-баркка да ээ болосуң дегендик. Теңирдин тең салмагын карманган кыргыз “материалисттик” көз карашты да жээрибей, “идеалисттик” көз карашты да танбай миңдеген кылымдарды карытып келип Самат Кадыровдун “Теория Единого Поля” (ТЕП) эмгегин жаратканы бекер болбосо керек. Бул теориянын концепциясын түшүнуү үчүн, Альберт Эйнштейндин “Теория Относительности” (ТО) тууралуу учкай сөз. Ошол эле материалисттик багытындагы изилдөөлөрдөн улам ХХ кылымдын башында Эйнштейн мындай тыянака келген. Албетте, окумуштуу Жараткандын барлыгынан кабары бар болсо да, “Салыштырмалуу Теориясында” Кудай эсепке алынган эмес. Кыскача, анын теориясын физикалык быкы-чыкыларын атабай туруп жатык сөз менен сүрөттөсөк, Аалам төрт өлчөмдүктөн турат: X – өлчөмү “оң-сол”, Y – өлчөмү “алды-арты”, Z – өлчөмү “өйдө-ылдый” жана T – өлчөмү “убакыт”. Пенде тийиштүү ыкмаларды таба алса чексиз ааламга сапар тартып, түркүн галактиларды кезип өтүп, төрт өлчөмдүн булуң-бурчуна чеин кыдырып кете алат, эгерде тийиштүү ылдамдыка жете алса. Жада калса өткөн чака да, келер чака да саякат кылышы мүмкүн, эгерде тийиштүү ыкмаларды таба алса. Караманча башка концепцияны карманган Самат Кадыровдун далилдеринде Ньютондун физикалык мыйзамдары Жер планетасынын кучагында кана калбастан, көп катмарлуу Ааламга да тийиштүү болуп, “үч өлчөмдүү” материянын физикалык кыймылдары “убакыттык” эсеп өлчөмүн жаратып, бирок табитинде “убакыттын” жоктугунан кабар берет. Башкача айтканда, “убакыт” учур чак менен кана кубулуп, “өткөн чак” менен “келер чак” “Уңгу Талаада” (Алла-Талланын кучагында) бир бүтундүктө камтылып турат. Бул тыянакты физикалык формулалар менен таспиктеп, Улуу Күчтүн барлыгын илимий жол менен далилдеген. Самат Кадыровдун Ааламды сүрөттөгөнү Темиралы Кунашевдин “Мудрый Коран: Пространство и Время” деген эмгеги менен үндөшүп турат. Куранды чечмелеп атканында “Арштын” (беиш, чексиз акыл эстин уюткусу) чок ортосунда 18 миң катмарлуу табият жаралып, ошол табияттын айлампасында учур чактын кыймылы пайда болуп, а бирок “өткөн чак” менен “келер чак” “Арштын” назарынынын бир чекитинде турганы айтылат.

 “Чырагым, мезгил-убак – тирүүлүктө! Чеги жок, өлчөм болбойт түбөлүктө!

 Кеткен чак, келер кезиң, учур чагың Керемет каткан сырсыз – баары дайын”.

(“Жайсаң”, 7 китеп, 31 бет.)

Бул ыр саптарды Жайсаң Үмөт уулу кайып дүйнөдөн Бүбү Мариям Муса кызына ааламдын жаралышынан жана түзүлүшүнөн ушундай кабар берет:

Дүйнөдө жандуу-жансыз бардык нерсе,

Дал ошол жоктон бүткөн өз кезинде.

Кысылуу чекке жетип – бүрккөнүндө,

Кыпкызыл от жалындан бүткөн дүйнө.

(“Жайсаң”, 8 китеп, 153 бет.)

Бул ыр саптар “Теория большого взрыва” деген физиканын төбөлдөрү изилдеп чыккан тыянакка кошулат.

Оюбузду мындан нары уланта берели. Теңирдин чөлкөмү да чексиз, анын убакыттык өлчөмү да кыйырсыз. Чектелүү чөлкөм менен убакыт өлчөмү материянын жаралышы менен пайда болуп, “жаралуу-өнүгүү-кыйроо” айлампасында чуркап калган. Күндүн бир жүгүрүгүн күн өттү деп, ай нуру чачылып бүтсө ай өттү деп, жердин бир чамгарагын жыл өттү деп эсептейбиз. Жараткандын бүркүмү менен материя хаосу жаралып, аны гармониялаштыруу максатында Кудайдын буйругу менен жандык-клетка пайда болот. Клетка өнүгүү жолуна түшүп өзүнөн өзү экиге бөлүнүп, экөө төрткө көбөйүп, бул көбүрүктүн арты жер бетинде жаныбарлардын жайылышына алып келет. Бул илиймий көз караш. Кыясы жер бетинде адам сымал киши мүчөлүү шимпанзенин “дене досун” Жараткандын тапшырмасы менен “акыл эстүү” бир “жан дос” ээлеп алып, алгачкы Адам атабыз адамзаттын түпкү атасы болуп калса керек. Ал кезде жуп түшунүгү жок болгондуктан Адам атабыз клетканын көбөйүшүнүн принциби менен өзү төрөп тукум улаган. Анын кийинки урпактарынын бир “дене досун” Обо эненин “жан досу” ээлеп “аялдар” пайда болсо керек. Ушундай кескин түрдөгү өзгөрүүлөргө Алла-Талланын жиберилген периштелери чоң өзгөртүү киргизген сайын ДНК-генеологиянын хромосомун мутацияга алып келип турса керек. Куранда айтылган пайгамарлардын келиши, ДНК-генеологиясында аталган жер жүзүндө 20 гаплогруппаларынын (R, J, O, C сыяктуу) пайда болушуна туздөн түз таасирин тийгизсе керек. Дагы бир илимий факт – 64 миң жыл мурун Тынч океандын чок ортосуна кырка тоолордун көлөмүндөгү метеорит түшүп, көтөрүлгөн толкундары жер бетин бир нече жолу айланып жандыктын баарын кырып жоюп салганы айтылат. ДНК-генеологиянын изилдөөлөрүнө кайрылсак (Анатолий Клесов), алгачкы клетка жаралгандан бери 4 млрд. жыл өтптүр. Бүгүнкү адам баласы менен шимпанзенин түпку атасы 2 млн. жыл мурун жашаган экен. Ушул илим менен жер жүзүндөгү “акыл эстүү адамдын”, башкача айтканда Адам атанын жаралышы 300 миң жыл мурда пайда болгон деп божомолдошот. Башкача айтканда, примитивдүү “неандерталецтин” дене досуна “Күндөн” жиберилген Манас илими киргизилип “дене достун” пендечилиги “жан достун” касиеттүүлүгү менен жуурулушкан. Ошол мезгилден баштап Адам атаны “нур тукуму” деп, анын урпактарына “күн эли” деген ат бекип калса керек. Ошол маалдан баштап адамдын ички дүйнөсүндө “пендечилик” менен “касиеттүүлүк” күрөшүп келген. Атлант цивилизациясынын учурунда “пендечиликтин” күчү үстөмдүк кылып отуруп Кудайдын каарына калган адамзат жер бетинен жоголуп кетээрде, Алла-Талланын айкөлдүгү менен кабар берилип, адамдын учугун улап кеткен тупкү атабыз Нук пайгамбар (Түмөн ата) жаралып, 64 миң жыл мурун адамзаттын нугун сактап калган. А бирок эмне себептен “күн эли”, “нур тукум” деген тушүнүктөр пайда болгон? Кыясы материя өзү катмарлуу болгондой эле, Жараткандын Улуу Күчү да бир нече даражадан турса керек. Ошол чексиз Жараткандын бир катмарындагы Теңирдин күчү “Күн” планетасына да таандык болсо керек. Демек “Күндүн дене досу” от менен жалындуу материяны түзсө, “кайып дүйнөсүндөгү” кубулуштарында өтө зор “Жаратуучулук” касиет болсо керек. А бирок “Күндүн” бетин кара так ээлегендей эле, “кайып дүйнөсүндө” да “кара тактардын” чордону жок эместир. Демек “Күн” кайып дүйнөсүнүн таасири менен периштелердин “десанты” жер бетине тушүрүлүп алардын тукумдары “күн эли” же “нур тукумдуу” деген атка консо керек. Бул гипотезаны далилдеген “Айкөл Манас” китебине кайрылалы. Жайсаң Үмөт уулунун дастанындагы Түмөн атабыздын (Нук пайгамбар) ичер суусу түгөнгөндө Теңирден эмне батаа алганына назар бөлөлү:

Там берип, Түмөн баатыр, аруу дилден Тубөлүк ант шерттешип, бата берем:

Туктүү жер калыбында турган кезде Тукумуң уч уласын жер бетинде.

Ант-шерти: Түмөн баатыр, өзүң менен Урпагың Улуу Тоону кылсын мекен.

Артында тукумуңа кандан өтүп, Айкөлдүк тамырласын өнүп-өсүп.

Сөз кунун бийик баалап түшүрбөгөн, Сөз менен жоосун жеңип, сөздөн өлгөн.

Жалганда коноктугун сезе билген, Жатын да өздөй көрүп, төрүн берген!

Түмөнгө жетпесе да – сан миң деген Түтүндөп кемибесин учуң, Түмөн!

Улуулук, аруулукка, жоомарттыкка Урпагың чыккынчылык билип кылса,

Жаңылса айкөлдүктөн, чечендиктен, Жоосуна тик караган берендиктен,

Жазасы Улуу Күчтүн – урпактарың Жабыгат түйүндөтүп тагдарларын.

Тагдырын түйүндөтүп алса, демек, Таланып душманынан сан миң ирет,

Жеңилип кайран тукум азайышаар, Жакшысы кем төрөлүп – кыска жашаар.

Бул болсо анттын шерти – анан дагын Бардыгы анттын шарты унутпагын.

Ал эми шарт боюнча – тукумуңа Ар доордо үлгү болоор калат нуска.

Өзүңдү арнап толук ушул шартка, Өтөйсүң милдетиңди ант-уйкуда.

Жан-досуң күмүш жипке байланып бек, Жалганда-түбөлүктө сапар кезет.

Артыңда урпагындан – Кең Ааламдан Ар дайым үзгүлтүксүз кабарлайт жан.

Урпагың жаңылышып, алааматка Учурап, тукум курут болор чакта

Түйшөлүп ант-уйкудан – күмүш жипте Жан-досуң жакын келип таш дениңе,

Жаралган зарылдыктан наристенин Жан-досун пайдаланат аруу денин.

Төрөлүп перзентке зар үй-бүлөдө, Торолуп өмүр кечкин пенделикте.

Милдетиң – журтту сактоо болгондуктан, Мээнеттүү түйшүк тарткын жаш чагыңдан.

Журтуңду нукка салып – өтөп милдет, Жан-досуң денди таштап узап кетет... “

(“Жайсаң”, 8 китеп, 156-158 бет.)

Муну менен биз эмнени жыйынтыктагыбыз келип атат? Эгерде жогоруда келтирилген саптарга ынанган болсок, эгерде Фоменко-Носовскийдин тарыхын туура багыт деп кабыл алсак, эгерде ДНК-генеологияны далилдүү илим деп так кесе тыянак чыгарсак, эгерде кыргыздын ары (аруулугу), намысы (наам изи), касиети (касам ичкени) туюмунда бар экенин танбаса, эгерде Манас тукуму экени чын болсо, анда кыргыз жапа тырмак акыл эси менен бир силкинип, көөдөнүндөгү көзүн ныл баскан чел кабыкты сыйрып салып өткөн кеткенине башкача көз караш менен кайрылуусу зарыл. Анда демек, жер бетинде кылым санай кадыресе “пенделер” жана “нур тукумдуулар” жашайт. “Нур тукумдуулар” бийлике келгенде анын карамагындагы эли өнүп-өсүп бакубат жашоону кечиришет. Алардын артынан бийликти эңсеп келген “пенделер” Күндүн “кара тагынан” чырмалышкан азгырыка берилип, дүйнөнүн элин кул кылып, кордоп, басмырлап, өздөрү манчыркап, түзүлгөн биримдикти бүлүндүрүп, акыр заманды чакырган “шордууларга” айланат. Тарыхтын кайсыл барагын ачпагын, улуу империялар башатында илим-билими гүлдөп, өнөрчүлүгү көбүрүп-жабырып, бир аз өтпөй тактын мураскерлери бири биринин башын жеп, бийлик тынбай алмашып, акыры бириндеп, чачырап, жок болушат. Ошого карабастан Түмөн атабыздын улуу Руху улам жер бетине жаралып, Манас илиминин акыл эстүүлүгун орнотуп адамзатты башына келээр акыр замандан сактап келатат. Демек андан бери жер бетине улам келип кеткен пайгамбарлардын түп нускасын Түмөн бабабыз түзүп турган экен да. Жөнөкөйрөөк айтканда, ар бир жер бетине келген пайгамбардын артында Манас илиминин таасири менен Түмөн атабыздын “жан досу” турган экен да:

Ошентип, Улуу Тоону мекен кылган Оболку улутубуз Күн аталган.

Улуу Күн Улуу элден кийин гана Төгүлтчү нурун текши адамдарга

Алгачкы Күн нурунан кубат алган Адамдар өз улутун “Күн” атаган.

Баладай баео мүнөз, пейили кең, Бар-жокту бирдей көрүп караган тең.

Далилдеп тарашканын бир тамырдан Дилдери Айкөлдүктү сактап калган.

Кең пейил, баеолукту туу тутушкан Кыргыздар – шол алгачкы Нур тукумдан.

Демек улам жер бетине жаралып Манастын илимин тартуулап келген пайгамбарлардын мураскери биз экенбиз да. Буга далил катары Анатолий Клесовдун версиясындагы ДНК-генеологиянын корутундуларын келтирип кетеин. Алгачкы аян менен жазылган, Теңирди даңазалаган адабияттын башатын “Аруу эли” түзүп дүйнө жүзүнө билимдин өзөгүн таркатып кеткен эл 6 миң жыл мурун Борбор Азияда жашаган экен. Бул элдин теги 24 миң жыл мурун Энесай, Байкөл, Алтай, Ала-Тоодо түптөлүп “R1a” (Арийлер) гаплогруппасын тузүп, кыясы ушул элдин өкүлдөрүнөн пайгамбарлар чыккан деген гипотезаны жактамакпыз. Еврейлердин ашкиназ-левит уруусунун 65% “R1a” гаплогруппасына таандык экенин эске алсак, адамзаттын эң атактуу илим, адабият жана искусствонун өкүлдүгүн ушул уруу түзүп кеткенинен кабар берет. Тарыхка кайрылсак байыркы еврейлердин левит уруусу сыйына турган храмдарында (курамдарында) Жаратканга кызмат кылып, бирок жер, мүлк ээлигине жолотулчу эмес (кыясы бөтөн элден болсо керек). Так Сулайман алейкисаламдын тушунда левиттер жерге, турлүү байлыка ээ боло баштаган. Анын көзү өткөндөн кийин левит уруусу жеринен айрылып, мүлкүнөн ажырап Израилден айдалып кеткен. Андан нары Европага качып, орус элинен талкаланган түрк тилдүү иудей хазарлардын курамына кошулуп ашкиназ-левит деп аталып калышкан. Ал эми арабдарга тиешелүү Мукамбет пайгамбарды ала турган болсок, мындай ат арабдарга таандык эмес экенин эскертип кеткенбиз. Мукамбет алейкисаламдын ата-теги официалдуу түрдө саналып бергени менен төрөлгөндө жетим болгонун эч ким танбайт. Анын касиетине таазим эткен чымчым топту албаганда, жалпы араб эли пайгамбарды өлүм жазасына буйруп, артынан түшүп өлтүрө албай, барган жеринде жактоочулары көбөйүп, акыры араб элин ыйман жолуна салып бүткүл мусулмандардын символу болуп калган. Бүгүнкү күндө араб элинен дүйнөгө атагы чыккан илим чөйрөсүндө да, өнөр айдыңында да ысымдарды таба албайбыз. Байыркы Египет цивилизациясына араб элинин тиешеси жок экенин ДНК-генеология далилдеп берди. Араб эли “J1” гаплогруппасына кирсе, Тутанхамон (Тутанган каган) фараону “R1b” (Арбиндер деген ат коюлуп калган) гаплогруппасына кирет. Ал эми биз билген, дүйнө жүзү тааныган тарыхты качан, ким жана кантип бурмалаганын жогоруда кеп кылдык элек. Фоменко-Носовскийдин далилдеринде бурмалоо XYI-XYII кылымдарда батыш менен орустардын (ошо кезде кыргыздардын) тирешинен улам чыккан. ДНК-генеологияны жардамга чакырсак, бул тирешүү миңдеген жылдарга созулган Аруу (R1a) менен Арбиндердин(R1b) ич ара өчөшкөнү. Кыскача баяндап кетсек Аруулар менен Арбиндер (24-22 миң жыл мурда) Ала-Тоо, Алтай, Енисейди мекендеп башында Аруулар, андан 2 миң жылдан кийин Арбиндердин түпкү аталары батышты көздөй көчүп жыла башташкан. Бир нече миң жылдан кийин Европадан кезигишип Арбиндер Арууларды чыгышка сүрүп, ошондон ушул биздин күнгө чеин батыш менен чыгыштын салгылашы тугөнбөй келет. Батыш менен тирешип турган чакта түштүктөн Кытайдын (“О”- гаплогруппасы) ажыдаары отун бүркүп “Күн” элин кыса баштаган. Биздин заман жана биздин заманга чеин деген түшүнук Иса пайгамбардын жаралганынан баштап эсептелгени (от рождества Христова и до его рождества) жаңылыштык, себеби анын төрөлүшү XII-кылымга дал келээрин Фоменко-Носовскийлер илимий ыкмалар менен далилдеп чыгышты. Алардын эсебинде Иса пайгамбар да орус (кыргыз) болгонун далилдешет. Ал эми эски эсептин жыл сүүрүсү менен Жылдыз Курамындагы Дүйнөнүн Жаралышынан (от Сотворения Мира в Звездном Храме) 7500-чү жылда жашап аткан учурубуз. Жогорудагы сырдуу документтин үзүндүсүн дагы кайталап кетели: “... им (киргизам) предоставлена возможность осуществлять надежное хранение золота и иного имущества победителя указанного как имущество репарации и контрибуции причитающихся и принадлежащих великой рассе потомками которой признаются киргизы”.

Ошентип “нур тукумдуу” элдин эки тараптан душманы пайда болот: батыштан жана түштүктөн. Түштүктү карай жортуулдардын бирин атасак, элибиздин эс тутумунда калган Манас атабыздын 1400 жыл мурун жасаган “Чоң казаты”. Батышка жасаган жортуулдарды эскерсек Атилланын, Батыйдын жүрүштөрү. Эми ушул Чынгызхандын дооруна токтоло кетели. Бүгүнкү жыл сүрүүнүн YI-кылымында араб элине Түмөн атабыздын “жан досу” Муканбет пайгамбар аты менен келип нукту тузөп, Иса пайгамбардын (ошол эле Түмөн атабыздын “жан досу”) келишине шарт түзүп берген болсо, YII-кылымында Манас атабыздын Руху кыргыз элине Куту Улук Эл Төрөсү деген ысым менен Алтайда төрөлүп, кийин Ала-Тоого келгенде “Айкөл” деген ысым менен кытайдын кыргынынан “нур тукумдуу” элин сактап (тарыхта Манас аты калбаса да, манасчылар өз атын атап “Манас” айтып калышкан), келечекте Енисейдеги “Улуу Кыргыз Каганатынын” түптөлүшүнө, Борбор Азияда “Караханиддердин” өнүп-өсүшунө, “Чынгызхандын” дүйнөлүк империясынын салтанатына жол ачкан. Ошентип отуруп XIY-XY – кылымдарда Евразия чөлкөмүндө эки баштуу “Улуу Кыргыз Империясы” түзүлөт. Көп жыл мурун интернеттен немисче жазылган “Гроссе Киргиз Райх” деген картаны бирөө жарыялады эле. Азыр ошол картаны таппай калдым. Ошондо азыркы Чыгыш Европадан баштап Камчаткага чеин кулачын жайган улуу империянын чек арасын көрсөтүп турду эле. Демек азыркы “Монголо-татарское иго” учурунда “Улуу Кыргыз Каганаты” деп аталыптыр да. Эсекайдын уулу Темиржин даражалуу Жеңгиз хан (Чынгызхан) деген ыйык наамды өзүнө ыйгарып, Манастын илими менен Улуу Мамлекетти түптөп урпактарына калыптанган Теңирдин тең салмагын алып жүргөн кош канаттуу, эки баштуу административдик-аскер системасын түзүп кеткен. Бир канаты “Алтын Ордо” деп аталып тартипти сактаган “казак” аскер элин түзүп турса, экинчи канаты “Ак Ордо” деп аталып ар кыл өндүрүшчүлүктү башкарып казынаны толтурган соода борборго айланган. Батыштын жерлерине өзүнүн кароолдорун (Ордонун кароочулары) дайындап, салыктарды борборго ташып турушат. Ошондон улам батыштын корольдору канын таза кармап карапайым элдин өкүлдөрүнө (Арбиндерге) үйлөнбөй бир бири менен кыз алышып-беришип ушул күнгө чеин байыркы “нур тукумун” сактап келишет. Ошол салт Индияга да келип карапайым элди башкарган Баракмандар (брахмины) карапайым элге(неприкасаемые) үйлөнбөй кандарын таза сактап калышкан. Чыныгхандын көзү өткөндөн кийин анын мураскерлиги так талашып биринин башын бири жеп “Улуу Каганат” ыдырай баштайт. “Куликовская битва” салгылашында “Ак Ордо” менен “Алтын Ордонун” ортосунда кыргын жүрүп “Ак Ордо” жеңишке ээ болгону менен империя экиге бөлүнүп алыскы батыштын корольдоруна эркиндиктин илебин жугузат. Иван Грозныйдын тебетеинде араб ариби менен “Каган всея Руси” деген жазууну кийин өчүрүп салышкан. Анын өлүмү менен Рюриктердин (Улуу Уруктун) династиясы үзүлүп, так талашуунун жыйынтыгында батыштын өкүлдөрүнө өтүп кетет. Корольдорунун саясатынын негизинде такка Романовдор (Ырамандын тукуму) келип Кагандыктан баш тартып грекче Цесарь (Царь) деген наамга ээ болушат. Ошол доордон баштап Кырк Ууздун (кыргыздын) аты өчүп Уруусу Ууз (Урус = Русь = Россия = русский) деген ат даңазалана баштайт. Ушул учурда Борбор Азияда өзүн эмир деп атаган “нур тукумдуу” Тамерлан “Алтын Ордо” менен “Ак Ордонун” ортосундагы бийлик талашуу жаңжалын өзүнүн пайдасына буруп келип, Борбор Азиянын архитектурасын, илимин, маданиятын болуп көрбөгөндөй бийиктике көтөрмөлөп кайрадан Улуу Каганаттын элин бириктирген. Тамерландын көзү өткөндөн кийин Джучинин урпактары Шейбанилер, Астархандар (азыркы өзбектердин ата-тектери) “Ак Ордонун” падышаларынан кысым көрүп, алсырап калган “Алтын Ордодон” сүрүлүп, гүлдөп калган Борбор Азияга кол салып, Тамерландын небереси Улугбекти өлтүртүп, чөбөрөсү Бабурду сүрүп чыгышкан. Качып бараткан Бабур жаңы төрөлгөн“алтын бещике” бөлөнгөн наристесин, атка урунуп өлгөнчө Теңирим аман алып калгысы бардыр деп талаага таштап кетет. “Алтын бещиктин” урпактары кийин кыргыздын өзөгүн түзүп калат. Бабурдун үзөңгүлөшү Махмуд кыргыз (Тагай бий) калган колду курап Ала-Тоонун кучагында сакталып калат. Биз бул эмгекте санжыраны тактап, же тарыхты оңдоп, кыргыздын таржымалынын жаңы версиясын жаратып аткан жокпуз. Биздин максат, миңдеген жылдар бою агып келе жаткан кыргыздын касиетинин нугун божомолдоп, билгич тарыхчыларыбыз, туйгуч санжырачыларыбыз, аруу манасчыларыбыз ошол, бүдөмүк болсо да, элес-булас нуктун багытына өздөрүнүн топтоп келген “мурасын” бир тилек менен агызып көрсө, балким Улуу Кыргыздын Улуу “өткөн чагы” так таспиктелип, Улуу “келер чагы” ажайып ачылып Улуу Кыргыздын татыктуу орду орнотулабы деген үмүт жаратуу. Ушундан улам суроо пайда болот. Эмнеге Махмуд кыргыздын (Тагай бий) доорунда С. Ахсикендинин “Маджму-ат-Таварих” эмгегине көңүл бурбайбыз? Тарыхый булактардан табылбай жүргөн Жакыптын уулу Манастын аты аталып, өмүр баяны сүрөттөлүп, тарыхый доордун, даңазаланган инсандардын катарына кошулуп атпайбы?... А-а-а-а! Мына! Ушундай жерлерден кыргыздын кур намысы ойноп, байкамаксанга салган кемчилигинин кесепети кашкайып көрүнүп калат. “Манас атабыз кантип эле XY-кылымда жашасын? Биз билген эпостогу окуяларга караманча окшобойт ко? Бул Манас бизге эч кандай тиешеси жок!” – деген жээригендик Манас илимине башкача көз караштын ыкмасын колдонгонго бөгөт салынып калган. Биздин оюбузча, Манас атабыздын Руху жер бетинде акыл эстүү адам баласы жаралгандан бери Манас илими болуп байырлап келген. Кыргыздын касиети жер жүзүнөн жоголуп кетпесин деп, “нур тукумунун” башына мүшкүл түшкөндө, же ар кыл ат менен бирөөнүн “дене досуна” жаралып, же бирөөнүн акыл эсинде “үлбүрчөк” болуп уялап, же бирөөнүн кыймыл аракетине “аяндуу” багыт көрсөтүп “Күн элин” сактап келген. Манас Руху, Түмөндүн Рухундай эле, өз аты менен учурунда Түштүк Азияга келип Кытай, Тибет, Индиянын тарыхын түптөп кеткен. Дагы бир ирет Манас Америкада жаралып улуу Мая, Инк, Ацтек цивилизацияларына из калтырган. Үчүнчү ирет Манас Кыргыздарга келип Кытайдан сактап дүйнөдөгү эң ири эпосту жаратып кеткен. “Маджму-ат-Таварих” эмгегине жана Сагынбай Орозбаковдун “Манасына” таянып дагы мындай жыйынтык чыгармакпыз. Орто кылымдын доорунда да Манастын Руху дагы бир ирет келип, дагы бир ирет боло турган кыргын-сүргүндөн алдын ала кыргызды Ала-Тоонун койнуна жашырып сактап калган. Сагынбай Орозбаковдун “Көкөтөйдүн ашында”: “Орус да бар, немис бар, Ойроттун баары тегиз бар”- деп айткан. Сагынбай атабыз бул саптарды оюнан чыгарып айткан жок да. Төбөсүнөн аян болуп төгүлүп атса, айтат да. Демек орто кылымдагы кыргыздын бир чоң тоюна орусу да, немиси да, ойроту да келсе керек. Бирок эки ирет келген Манастын окуялары чырмашып Сагынбай манасчынын сөз түрмөгүнө аралашып кеткен. Ал эми Манастын оруска жасаган жортуулунда Айламорду (Илья Муромецти) жеңип келгени, “Маджму-ат-Таварихте” айтылып калганы бекер эместир. Тарыхчы Табылды Акеровдун жазганы боюнча: Отметим, что сведения, сообщаемые нам автором «Манаса», были в свое время достаточно подробно изложены в книге Утемиш-Хаджи — «Чингиз-наме». В анализируемом же повествовании его автор только усиливает утверждения своих предшественников о том, что Токтамыш-хан, моголистанский князь — Анга Торе, Салучи-Булгачи и кыпчаки области Джете, а также бахрины были верными союзниками кыргызов, тогда как золотоордынские ханы и князья Пулад-хан (Пулат), мангыт Джамгырчи (Йамгурчи), Сарай Мамай были — главными противниками «Манаса». ...Решающее сражение между соперниками произошло в «Жайыке», т.е. на Урале [4, с.52-54]. Согласно сказанию, Манас вышел на поединок с Пуладом и ранил его. Во втором поединке Манас ранил Жолоя, потом его союзника — «Темиркожо» (Ай-кожо). Сразил копьем Манас и Пулада, которому победитель отрубил потом ему голову. Одержав победу, союзники, возвратились в свою резиденцию- в город Манассию [4, с.52-54]. (Табылды Акеров. “Версия эпоса “Манас” в “Маджму-ат-Таварих”). Манас атабыз кандай ысым менен келбесин, кимдин баласы болуп төрөлбөсүн, бирок орто кылымдын Чоң Башаламандыгынан (Великая смута) кыргыздарды сактап өтүп, Долон бий, Акуул, Кубуул, Тагай, Адигине, Наалы эже тегибиздин жолун ачып, ар кайсыл жерде чачыраган кыргызды бир муштумга түйүп, басып келген Жунгарларга турушутук бере турган “күч-кубат” топтоп берген. Акыры “Алтын бещиктин” урпагы такка отуруп Кокон хандыгы түзүлүп калган. А бирок чыгыштан Цин империясы, түндүктөн Ак падышачылык, батыштан Бухара хандыгы, түштүктөн Англичандар (Арбиндер) кыса баштаганда, кыргыздын аттуу-баштуулары, болбой эле түбү Аруу элине, оруска, баш калкалоону чечишкен. 1916 жылы кыргыздарды Никалай II жеринен кубалап түп тамыры менен жок кылаарда, Манастын үлбүрчөгү менен жаралган Ленин, үч катар революциядан кийин Ырамандардын урпактарын тактыдан кулатып, кыргыздар кайрадан жерине кайтып, мамлекеттүүлүгүн түптөп калып атышат. Дүйнө аренасына кайрадан Аруу элинин биримдиги менен куралган СССР эли калыстыктын идеясын көтөрүп бүткүл жер жүзүнө үлгү боло турган мамлекетти кура башташат. Жусуп Абдрахмановдун талыкпаган аракети менен кыргыздын чек арасы такталып, келечекте эгемендүүлүктүн бүчүрү болуп берген Автономдуу Кыргыз Республикасы жаралып атат. Советтер Союзунун саясий жана экономикалык формацияларын эсепке албай туруп, анын негизиндеги адам арасындагы теңчиликти, сыйчылыкты, ынтымакты, биримдикти, айкөлдүктү даңазалаган идеясын, адамзаттын башатындагы Аруу элинин ич ара мамилесин айта жүрүү зарыл. Арбиндердин чоң каражаты жумшалып, миң түркүн ыкмалары колдонулуп, акыры 1991 жылы Советтер Союзу кыйроого учурады. Бириндеп кеткен республикалардын төбөлдөрүнө жылдап жыйылган байлыкты, мүлктү бөлүштүрүү ыкмасында алдым-жуттум идеясы сиңирилип, “ким биринчи алып калса байыды, үлгүрбөй калса өзүнөн көрсүн” деген ураан даңазаланып, болгон ресурстар таланып, тонолуп чымчым олигархтардын менчигине өтүп кетти. “Балээ болуп өз алдынча өнүгүп кетпесин” деген кооптонуу менен там-там басып келаткан экономикаларды кредиттик чынжырга байлап салды. Калган эл сызга отуруп, сыйпаласа да эч нерсеге жете албай аргасыз “челночный бизнес”, “миграция”, “контробанда”, “рэкет”, “проституция”, “наркотик” деген ыкмалар менен аман калышты. Тыштан киргизилген мындай саясатка каршы болгон республиканын лидерлери, же диктаторлук жолго түшүп бийлигин сактады, же революциялардын курмандыгы болуп башка жерден баш калкалады. Ошентип бүгүнкү күндө адамзаттын келечеке умтула турган бир дагы багыты жок. Дүйнө жүзүнүн бир дагы мамлекетинде “элдин пендечилигин жоюу”, “ыйманын агартуу”, “касиетин кучөтүү” деген программалары жок, а бирок “байларды кустуруу”, “коррупция менен күрөшүү”, “түрмөгө камоо” программалары ар бир өлкөнүн бийилигинин эң негизги мыйзам ченеми. Абсурд! Эли ыймандуу мамлекетте коррупциянын пайда болушу мүмкүн эмес, ал эми коррупцияны женген мамлекетте ыймандуулук өсөт деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеби коррупцияны күч менен жокко чыгаруу мүмкүн, а бирок коркуу сезими ыймандуулукту жарата албайт, ыймандуулук пенденин мыйзамына баш ийбейт, Жараткандын Манас илиминде, Манас мыйзамында ыймандуулук өнүп-өсүп жашайт. Кудайдан коркуу менен Кудайдын мыйзамына баш ийүүнүн айрымасы асман менен жердей. Дегеле адам Кудайдан коркконунан намазга жыгылып, уурдабай, күнөө кылбай жашашы мүмкун, а бирок коркоктук сезим, өзү эле, Кудайдын алдында кетирилген күнөө. Себеби күнүгө адал иш менен алпурушкан адамдын жүрөгү тоо болушу зарыл, жүрөгү тоо адам элине кызмат кылууда билип-билбей күнөө кетириши мумкүн, чалынышы мүмкүн, мүдүрүлүшү мүмкүн. Алла-Талланын алдында кечирилгиз күнөөгө батуу, Ага чыккынчылык кылуу бул – өз кара башың менен кана алек болуп, өзүңө кана беиштен орун камдап өмүр сүрүп өтүп кетүү.

КЫРГЫЗСТАН

Биз өзүбүздү эгемендүү, эркин, демократиялык республикада жашайбыз деп эсептейбиз. Өзүбүздүн чек арабыз, гербибиз, желегибиз, конституциябыз, Жогорку Кеңешибиз, Президентибиз бар, ООН-дун мучөсүбуз. Дүйнөнүн башка мамлекеттеринен эч айрымабыз жок. Бийликтин көз карашы менен караганда, “биз өнүгүп атабыз, өз алдынча саясатыбызды жүргузүп атабыз, элибизди багып атабыз” – деген түшунүктө калууда. Оппозициянын көз карашы менен караганда, “бийлик элдин канын ичүүдө”, “биз бийлике келгенде баарыңарды кустурабыз”, “Кыргызтанды гүлдөтөбүз” деген программаларды жазууда. Карапайым элдин көз карашы менен караганда, “өгүзүм өлбөсүн, арабам сынбасын, калганыңар бириң өлүп, бириң кал” – деген позицияда өз кара жанын өзү багууда. 90% калкыбыздын ишеними боюнча, мейли бийлик өкүлү болобу, мейли бийлике умтулган патриот болобу, мейли эч нерсе менен иши жок фермер болобу, баары Кыргызстандын өнүгүшүн, элдин бейпилдигин, адамдын даражалуулугун акчанын көлөмү менен эсептеп калган. Эми суроо: пенденин тоюнушу үчүн канчалык көлөмдө акчалуу болушу зарыл? Адам баласы канчалык бай болгондо өзүнө: “ии, мына, мага жетет, ушуга шүгүр” – деп айта алат? Жообу бир эле: пеилинен кургалган адам эч качан тоюнбайт, дүйнөнүн бүт байлыгына ээ болгон кундө да, ачка абалынан арылбайт. Бул, пендеге жиберилген Кудайдын каары, көзү өткөндөн кийин жан дүйнөсү куйкалана турган тозоктун оту. Кең пеилдүү адамдын көөдөнүнө бүт аалам батып, Кудайдын Куту төбөсүнөн төгүлүп, чексиз касиеттин ээси болуп, Теңирдин тең салмактуулугу жан дүйнөсүнө кыттай уюп, жасала турган ишине керектүү каражат, алтын, күмүш, бермет, зер кадыресе керектелүүчү материал болуп капчыгына агып турат. Бул Манастын илими, Алланын мыйзамы, Теңирдин белеги, жер бетиндеги жасап кетчү вазыйпасы, түбөлүктөн энчиленген жайынын даяр болушу. Ушул мыйзамдын жер бетинде орнолушу үчүн адам баласы эмне кылуусу зарыл? Биз Кыргызстанда жашап аткандан кийин, биз эмне иш чара көрушүбүз керек? Мен билген жообумду айтып көрөүн.

  1. Бул маселеге Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, коомчулук, кыргыз эли болгону “назарын” бөлүп берүүсү зарыл.

  2. Казынадан бир тыйын кетирбей болгону Президенттен демилге, Жогорку Кеңештен мыйзам, Өкмөттөн токтом, коомчулуктан талкуу, кыргыз элинен колдоо көрсөтүлүшү зарыл.

  3. Кеңешип, макулдашып, кыргыздын ыңгайлуу жеринен бир чөлкөмдү тандап алып “Этно-Маданий Коругун” жарыялоо – Улуттук эң алгачкы күн тартиби деп таануу.

Мындай “Этно-Маданий Коруктун” пайда болушуна мамлекетибиздин бир тыйынына муктаж эмес. Болгону жогоруда санап кеткен тараптардын “назарына” жана “саясий эркине” муктаж. Эгерде ушул иш чаралар жасалса, арты кандай өзгөрүүлөргө алып келет?

  1. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында жашап келген эл, бийлик, коомчулук жапа тырмак кыргыздын тарыхына, маданиятына, каада-салтына, үрп-адатына, кол өнөрчүлүгүнө, ырым-жырымына, оюн-зоогуна, касиетине, тилине, дилине, динине таазим этти деген белги Теңирдин телегеине, Алланын ааламына, Кудайдын Кутуна, Күндүн кубулушуна, Манастын илимине жыштык толкуну менен кабар кетет.

  2. Мындай кабарга жооп иретинде “Этно-Маданий Корук” деп чегерилген Ордосуна асмандан Жараткандын жаратмандык Илеби, Нуру, Куту төгүлүп кыргыздын пеили тазара баштайт.

  3. Тазалыка, аруулука, касиетке суусаган пенделер дүйнөнүн булуң-бурчунан ушул “Этно-Маданий Коруктун” Ордосуна агыла баштайт. Аларга шарт түзүү максатында ар тараптан адал акчалардын агымы куюлат.

  4. Этно-Маданий Корук” деген кичинекей чөлкөмдө, кыргыздын байыркы Түмөн атанын тушундагы “саясий инфраструктурасы” жарала баштайт.

  5. Этно-Маданий Коруктун” саясий башкаруу системасы кеңеип башка региондорго эксперимент катары көчүрүлө баштайт.

  6. Этно-Маданий Коруктун” ийгиликтери “ыймандуу башкаруу” системасы катары Кыргызстандын баш бийлигине жугуп, кыргыздын байыркы адилеттүү көчмөн демократиясы бүткүл дүйнөнүн материалдашкан бир беткей цивилизациясына туруштук бере баштайт.

  7. Бүткүл эл аралык коомчулук Кыргызстандын өнүп-өсүшунө суктанып, жер жүзүнө Жараткандын касиети жуурулушкан саясий-экономикалык жаңы формациясы өкүм сүрүп калат.

Мындай мыйзамдын долбоорунда азырынча “Этно-Маданий Коругун” Тоң жергесине жайгаштырууну сунуштайбыз:

ДОЛБООР

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Тоң Этно-Маданий Коругу жөнүндө

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы жаратылшты коргоо аймактары жөнүндө» Мыйзамына ылайык иштелип чыгып, Тоң Этно-Маданий Коругу жана анын аймактык чек араларынын иш-аракеттеринин укуктук негиздерин аныктайт.

1-берене.

Тоң Этно-Маданий Коругунун (мындан ары Тоң Коругу) аймагы болуп Ысык-Көл областынын Тоң району аныкталат.

2-берене.

Тоң Коругунун негизги милдеттери болуп эсептелинет:

- кыргыз элинин руханий жан-дүйнөсүн, каада-салтын жана тарыхый маданиятын коргоо жана өнүктүрүү максатында инвестицияларды тартуу;

- Тоң Коругунун негизги экономикалык өзөгү болуп бере турган заманбап этнотуризмди түзүү жана өнүктүрүү.

- Тоң Коругунун аймактык мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүү, ошондой эле Тоң Коругунун иши үчүн керектүү азыркы кездеги инженердик-транспорттук, телекоммуникациялык, өндүрүштүк жана архитектуралык эстетиканы жана салттуу маданиятты карманган социалдык инфраструктураны түзүү;

- искусство жана маданият чөйрөсүндөгү каражат агымдарын жана экономикалык багыттарын ыкчамдатуу, Тоң Коругунун баардык экспорттук потенциалын жандандыруу,

- кошумча жумуш орундарын түзүү;

- заманбап сервистик технологияларды түзүү.

3-берене.

Тоң Коругунун субъекттери өз иштерин “Жаратылышты коргоо аймактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырышат. Тоң Коругунун экономикалык ишмердүүлүгү Кыргыз Мамлекетинин жаңы багытынын сынак майданы деп бааланат.

4-берене.

1. Тоң Коругунун ишмердүүлүгүнө төмөнкүлөр кирет:

- этно-маданий ишмердүүлүктүн баардык түрлөрү;

- Тоң Коругунун кызматкерлери үчүн турак жай имараттарын, кино-декорацияларды жана кино-павильондорду куруу;

- этно-маданий жасалгаларды өндүрүү;

- адабият, искусство жана салттык оюндарынын көргөзмөлөрүн жана фестиваладарын уюштуруу;

2. Тоң Коругу аймагында талаптуу көзөмөлгө алынат:

- кыргыз элинин Руханий Маданиятын сактоо чаралары;

- жерлерди, сууларды, атмосфераны, токойлорду, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды сарамжал пайдалануу иш аракеттери.

5-берене.

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Тоң Этно-Маданий Коругу Жобосун белгиленген тартипте бекитсин;

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

эрнест абдыжапаров
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

01-10-2020
Ой-пикир: Эрнест Али Абдыжапаров. Кинорежиссердун саясатка көз карашы
19900

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×