Добавить статью
14:53, 9 марта 2021 397

Ой-пикир: Улут тагдыры жана урпактар тарбиясы

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланат. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Акматали Алимбеков, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин педагогика кафедрасынын башчысы педагогика илимдеринин доктору, профессор

Өлкөдөгү кризистер улуттук тарбиянын ѳксүктѳрү менен өзөктөш

Коомдун, мамлекеттин бакубаттыгы адамдардын пейилинен, кѳз карашынан, туткан позициясынан, жүрүм- турумунан кѳз каранды экени байыртадан келе жаткан акыйкат. Алсак, Индия мамлекетинин көз карандысыздык үчүн күрөшүнүн лидери Махатма Ганди (Махатма - Улуу Рух) калайык калкты мамлекеттин сазга батышына себепкер 7 күнөөлүү фактор менен күрөшүүгө чакырган. Алар төмөнкүлөр: 1) Пейил мүнѳздү калыптабаган билим берүү; 2) Адамдардын кызыкчылыгына кызмат кылбаган илим; 3)Мээнетсиз табылган байлык; 4) Жоопкерчиликсиз ырахаттануу; 5) Адеп-ахлакка негизделбеген соода жана ишкерлик; 6)Ибадат менен коштолбогон диний ишеним; 7).Принциби жок саясат. Тарыхта социалдык экономикалык жактан сазга баткан бардык мамлекеттер эң обол адамдын ѳзүн ѳнүктүрүү, бакубат баалуулуктардын алкагында жашоого багыттоодон башташкан. Америка бирѳѳнүн кѳзүн карабаган, ѳз мээнети менен ѳзүн камсыз кыла алган кѳз карандысыз бакубат инсан, бакубат үй бүлѳнү идеалдаштыруу аркылуу ѳнүккѳн. Бүгүнкү кыргыз коомундагы туташ кризистерди чечүүнү адамдардын жан дүйнөсү менен адеп ахлагын өнүктүрүүдөн баштоого багытталган стратегиялар келечекке карата зор ишенимдерди жаратып турат. Ырасында эле соӊку жылдары рухий дүйнөбүз тайыздагандан тайыздап барат. Азыр «Үйүбүз чоӊйгон менен үй-бүлөбүз кичирейди», «Оокат аш кѳбѳйгөн менен пейилдер тарыды», «Китептер көп чыккан менен китеп окугандар азайды», «Балдарды тарбиялоого караганда, өзүн тарбиялоо кыйын болуп калды». Орто кылым ойчулу Жалаледдин Руми Мевлананын «Кийим көрдүм ичинде адамы жок, адам көрдүм үстүндө кийими жок» – деген сөзүнө дал келген кубулуштарды азыркы кыргыз коомунан табуу кыйын эмес. Мезгилинде Сабыр Иптаров таамай белгилгендей «Жашай билгендердин» арааны жүрүп, жалпынын эртеңин ойлогондор четке сүрүлдү. Жулунган шылуундардын ооматы келип, жабыккан көпчүлүккө каралашуу капардан чыкты. Көйгөйдү жүйөлөшүп эмес, жөөлөшүп чечүү, маселенин маңызына эмес, майнабына кароо, жаңылыкты колдоо эмес, кордоо, байлыкты жаратуу эмес, таратуу, илимде изденүү эмес, илээшүү, саясатта сүйлөшүү эмес, тирешүү… эрежеге айланды.

Булардын баары коомдук масштабдагы жаш муундарды адептик жактан тарбиялоо багытындагы кризистерибиздин натыйжасы.

Тарбиянын табиятын туура таануу зарыл.

Бүгүнкү тарбиялоо чөйрөсүндөгү кризистердин көпчүлүгү тарбия иши тууралуу түшүнүктөрүбүздүн кем өксүктөрүнө да байланыштуу. Көпчүлүктүн түшүнүгүндө тарбиялоо балдарды кароо, көз болуу, акыл насаат айтуу катары кабылданат. Мындай калпыс түшүнүктөр карапайым адамдар тургай кадыресе окумуштуулар тарбынан айтылган учурлар да болгон. Алсак, атактуу англис философу Джон Локк «Баланын табияты таза тактай сыяктуу болот, эмне жазсаӊ ошондой болот» -деген идеяны жактаган. Тарбиялоо иши мындай оӊой нерсе эмес экендигин ага тике катышкан ар бир адамдын тажрыйбасы чындыкка чыгарат. Асылында бала дайым эле бардык нерсени ылгабай этпей каршылыксыз сиӊирип алчу сормо кагаз эмес, айрым учурда каршылык көрсөтүүчү, тескери реакция берүүчү бөтөнчө зат. Ошону менен бирдикте «тарбия берүү» -деген жаӊылыш түшүнүк да көп колдонулат. Тарбия бере турган буюум эмес, эки субьекттин руханий баарлашуу, өз ара таасир көрсөтүү иш аракеттеринин натыйжасы.

Дегинкиси тарбиялоо деген эмне? Айрым китептерде тарбияга “Мурдагы муундун тажрыйбасын кийинки муундарга ѳткѳрүү процесси”, “Инсанды коомго пайда келтире турган абалга алып келүү”, “Балдарды жана жаштарды коомдук турмуштун талаптарына үйрѳтүү” –деп сырткы таасирлердин тутуму катары бир тараптуу аныктамалар берилип жүрөт. Ошону менен катар демократиянын эпкини менен балдарды ѳз алдынча субьект катары ашкере актуалдыштырган тарбиячы менен баланы тарбиялоо процессиндеги партнерлор таризинде сыпаттаган кѳз караштар да бар. Түпкүлүгүндѳ тарбиялоо баланын каалоо, эркине ылайыкташуу да эмес. Анын үстүнѳн үстѳмдүк кылып бир тараптуу башкаруу да эмес. Тарбиялоо бул адамдын өзүнүн үй бүлөнүн, коомдун мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн инсанды коомдо кабыл алынган социалдык маданий жана руханий адептик баалуулуктардын алкагында өзүн өзү аныктоосу, социалдашышы үчүн шарт ыӊгайларды түзүүгө багытталган ишмердүүлүк. Демек тарбиялоо – атайылап түзүлгѳн жагымдуу шарт жагдай түзүү аркылуу инсандын ѳнүгүү процессин башкаруу.

Пракикага келсек, бүгүн көпчүлүк тарабынан тарбиялоо турмуш агымы аркылуу өзүнөн өзү ишке аша берүүчү кубулуш катары кабылданып калган. Салт катары тарбиялоо ишине үч субьект жооп берет: коом, ата эне, мугалим. Коом ар дайым кемчиликтүү болот. Ата энелердин кѳпчүлүгүнүн тарбиялоо иши боюнча компетенттүүлүгү тайыз. Мугалимдердин басымдуу кѳпчүлүгү тарбиялоо ишинен четтеп окутуу ишине гана жоопкермин деп эсептешет.

Анткени, «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамда билим берүү программалары, типтери тууралуу беренелерде тарбиялоо олуттуу милдет катары белгиленген эмес. Бул себептен бүгүн жалпы билим берүүчү мектептердин ишинин натыйжаларын өлчөп баалоо негизинен предметтик билимдерди өздөштүрүүнүн статистикалык көрсөткүчтөрү, олимпиадада алган орундар боюнча жүргүзүлөт. Түпкүлүгүндө мектеп адамдын адамдык турпатын табиялоочу, улуттун кайра жаралышын, өнүгүшүн сактточу, өнүктүрүүчү мекеме экендигин эсибизден чыгарып бараткандайбыз.

Коомдун өнүгүшү үчүн тарбиялоо окутуу, окууга караганда алда канча олуттуу, татаал кубулуш. Буга байланыштуу окутуу менен тарбиялоонун айрымачылыктарына токтоло кетүү зарылдыгы бар. Билим берүү тигил же бул окуу предмети боюнча билим билгичтик, көндүмдөр менен өлчөнсѳ адамдын тарбиялангандыгы элге, үй бүлө, ата эне, ата-мекенге, эмгек ж.б.ларга карата мамилеси иш аракети жорук жосун, жүрүм түрум формасында тастыкталат. Билим алуунун булактары көп аны интернеттен каалашыңча жаздырып алууга болот. Ал эми бала өзүндөгү кишилик касиеттерин андай жол менен толуктай албайт. Балага сабактан кийин 2 саат алып калып бир нерсени билдирсең болот, бирок 2 саат ичинде бир адамдык сапатка ээ кылуу мүмкүн эмес. Окутуу, сабак, чейрек, семестр, каникул деген убакыт ченемдери аркылуу уюштурулса, тарбия иши турмуштун бардык чѳйрѳсүндѳ жүзѳгѳ ашуучу үзгүлтүксүз процесс. Окутуунун натыйжасын тапшырмалардын аткарылышы, зачет, экзамендер менен аныкталса, тарбиялангандыктын натыйжасы узак убакыт өткөндө эл журттун назары аркылуу бааланат.

Адам кантип тарбияланат?

Тарбиялоо ишинде коюлган максатты жүзөгө ашыруу төмөнкүдөй бири бирине тутумташ төрт баскыч аркылуу ишке ашат. Алсак, балдарды руханий адептик жактан тарбиялоо обол анын билим жана түшүнүктөрүн калыптоодон башталат. Түпкүлүгүндѳ адептүүлүк бул адамдардын жүрүм туруму аркылуу чындыкка айланган аракеттеги билим. Адеп, ыйман - адамдын адамча жашоо мыйзамы, адам болуу билими катары тигил же бул коомдо түптөлгөн мыйзамда каралган да каралбаган да тартип эреже-талаптар менен нормалардын, баалуулуктардын чегин айкындоочу түшүнүктѳр системасы. Кыргыздарда адамдын адептик билимдери «ак» менен «караны», «жакшы» менен «жаманды», «адал» менен «арамды» айрымалап таанып, «кѳзү ачылуу», «кѳѳдѳнүү агаруу» сыпаты катары мүнѳздѳлгѳн. Адептүүлүккө умтулуу алардын маӊызын тереӊ аӊдап түшүнүүдөн башталат. Бирок, адептик түшүнүктѳр канчалык кенен жана терең болбосун анын адептик жүрүм турумунун нукура күзгүсү боло албайт. Маселе адамдын ал эреже нормаларды ѳзүнѳ кымбат зат катары ичтен ынанып, кабылдап, жүрүм турумунда чын ыкластан жетекчиликке алууга умтулуусунда жатат. Адам тигил же бул адамдык сапаттардын нукуралыгы тууралуу он толгонуп ойлонуп, эмоционалдык түйшѳлүүнү баштан кечирип ѳзүнүн акыйкатын, ѳзүнүн мамилесин айкындайт, ишенимин бекемдейт. Дал ушул ишеним ынанымдар гана жүрүм турумдун реалдуу жүйѳѳсү боло алат.

Тарбиялоонун үчүнчү баскычы рухий адептик сезмдерди калыптандырууга багытталат.

Руханий адептик сезимталдык ѳзүнүн жана башкалардын жорук жосунуна ичтен толгонот, бушайман болуп уялганынан же кубаттап сыймыктанганынан кѳрүнѳт. Андай адамдар жүрѳгүнѳ ыйман топтойт, напсисин теске салып тазалоого аракет кылат, кѳралбастыктан алыс болуп кең пейилдигин кѳрсѳтѳт, инсандык наркын, беделин намыскѳйлүк менен бекем сактайт, жосунсуз жоругу үчүн уялып ѳзүн ѳзү айыптайт.

Руханий –адептик жактан тарбиялоонун төртүнчү баскычы адептик жүрүм турумду калыптандыруу. Адамдын руханий адептик маданиятын адептик түшүнүктѳрдүн, ишенимдердин гана суммасы эмес. Турмушта «билип сезип» турса да напсисин, эркин башкара албай чекилик иш жасаган адамдар арбын. Ошону менен бирдикте жүрүм турум этикетин сактагандардын баарын эле руханий адептик жактан жетилген адам катары кароого да болбойт. Айрымдар берешендик, жоомарттыгын, меймандостугун “Кожо кѳрсүн, Эл уксун” –деген принциптин негизинде жасашат. Руханий адептик жетилгендик бул ниет менен жүрүм турумдун гармониясы. Руханият же адептүүлүк, ыймандуулук - күн түн бою адамдардын жүрүм турумун тескеп жаман жоруктан сактап туруучу матрица. Адамдын денесин ыссык сууктан кийим коргоп тургандай руханият адам насилин ыплас нерселерден таасиринен коргоп турат.

Адамдын руханий –адептик жактан тарбиялангандыгы –эл арасында да эч ким көрбөгөн жерде да өзүнүн жорук жосунун бирдей тутуусунан, туура ойлоо, ойлогонуңдай сүйлөө, сүйлөгөнүңдөй жашоосунан көрүнөт.

Улуттук тарбиянын идеалы жана анын ѳзѳктүү баалуулуктары.

Тарбиялоо иши кадимки турмуш агымында же мамлекеттик масштабда болобу багыты, максаты айкын болгондо гана натыйжалуу, өнүмдүү болот. Тарбиялоо процессининдеги – иш аракеттин мазмуну, формалары, методдору, акыркы натыйжасы анын максатынан көз каранды. Ошондуктан улуттук тарбиялоонун идеалын, максатын айкындоо концепциянын эң башкы компоненти катары каралат. Ѳнүгүүнүн улумалуулук мыйзам ченемдүүлүгү маселени ѳткѳн чак, учур чак, келечектин контекстинде кароону шарттайт.

Кыргыз коому ѳзүнүн узак тарыхында ар бир доордун саясий идеологиялык дѳѳлѳттѳрүнѳ шайкеш руханий –адептик асыл нарктарга негизделген тарбия моделин тутунуп келишкен.

Узак кылымдарды ичине алган кѳчмѳн жашоо шартында элдин парасаты, сыны, калктын кызыкчылыгы, руханий тажрыйбасы баарын таразалап, тазалап, иргеп жүрүп отурган. Анын негизинде элдүүлүк, кең пейилдик, меймандостук, баатырдык, антка, шертке бекемдик, мекенге берилгендик сыяктуу ж.б. руханий балуулуктар менен адептик нормалар жеке адам жана улут наркынын чен ѳлчѳмү катары калыптанган. Бул ѳңүттѳ “Манас” эпосу кыргыз элинин руханий дѳѳлѳттѳрүн иретке салып муундан муунга ташыган социалдаштыруунун тажрыйбада тастыкталган программасы катары кызмат кылган.

Мусулман дининин кириши менен диний баалуулуктар элдин каада-салт, үрп-адатына, жашоо-тиричилигине кеңири сиңип, күндөлүк жашоо турмуштун адептик жол-жоболорун байытып, алар аркылуу таалим-тарбия ишин жүзѳгѳ ашыруунун формаларын, методдорун ѳркүндѳткѳн.

Кыргыздардын салттык педагогикалык маданиятындагы инсан идеалдары Совет бийлигинин саясий идеологиялык кыртышында толук баалуу ѳнүгѳ алган жок. Советтик педагогика илиминде инсан социумдун рамкасында «коммунизмдин куруучусу», «социалисттик личность», «советтик адам» деген түшүнүктөрдүн чегинде гана чечмеленип, анын этномаданий параметрлери кѳмүскѳдѳ кала берген. Ошону менен бирдикте жазуу маданияты менен расмий билим берүү, маалымат сактоо, таркатуунун жаңы каналдарынын ишке кириши элди “жады маданияты”, “турмуш агымы” менен аймак аймак боюнча салттык формада жашап келген руханий-адептик кенч казыналардын, дене тарбиясына таандык каражаттардын таркалуу, үйрѳнүү масштабын олуттуу кеңейтип, жалпы улуттун энчисине айландырды. Совет доорундагы тѳгѳрѳгү тѳп, мекенине берилген, ал үчүн жанын курмандыкка чабуудан кайра тартпаган эр жүрѳк, патриот инсандар идеалы орто чыгып турмуш чындыгына айланганы тарыхый окуялар аркылуу тастыкталган.

Эгемендүүлүк доорунда коомдогу руханий–адептик тарбиянын практикасы олуттуу карама каршылыктарды баштан кечирүүдѳ. Бир тараптан таалим-тарбия ишинин мазмунун элдин тарыхый эс тутуму менен ѳткѳн доорлордун социалдык практикасында калыптанган асыл нарктарга негиздѳѳ аракети жанданса, экинчи тарапта таптакыр сырттан таӊууланган массалык маданияттын терс таасирине каршы күрѳшүү олуттуу сыноо катары ортого чыкты.

Ошентип бүгүн кыргыз коомунун улуттук тарбиялоо идеалын аныктоодо кыргыз адамынын кылымдап түптѳлгѳн менталдык руханий- адептик баалуулуктарын жаш муундардын байманасына айландырып доордон доорго уланышы үчүн кам кѳрүүбүз зарыл. «Эс тутумсуз тарых болбойт, тарыхсыз салт болбойт, салтсыз маданият болбойт, маданиятсыз тарбия болбойт, тарбиясыз инсан болбойт, инсансыз улут болбойт» (академик Г.Н. Волков). Экинчиден, бүгүнкү цивилизациянын чакырыктары кыргыз коомун аалмадашуу алкагындагы жаңы социалдык–маданиятка трансформацияланышын шарттап, ѳзүнүн менталдык баалуулуктарын белгилүү ѳлчѳмдѳ жаңы ченемдер менен карап ѳнүктүрүүгѳ ѳбѳлгѳ жаратат. Ошондуктан азыкы кыргыз коомунун улуттук тарбия идеалынын базалык баалуулуктары нукура улуттук нарктар менен азыркы доордун адамына коюлган талаптардын синтезинен турушу шарт.

Улуттук тарбиянын ѳзѳк баалуулуктары дегенде белгилүү географиялык жана тарыхый шарттардын, элдин керектөөлөрүнүүн негизинде пайда болуп элдин эл, улуттун улут, мамлекеттин мамлекет катарында сакталып башка элдер менен ымала катышта туруктуу өнүгүп, өркүндөшү үчүн коом мүчөлөрүн руханий –адептик жактан өнүктүрүү, тарбиялоонун пайдубалын, багытын аныктоого кызмат кылып келген баалуулуктардын идеялардын, ишенимдердин системасы түшүнөбүз.

Кыргыз коомуна таандык жана жана жалпы адамзаттык универсалдык асыл нарктарга таянуу менен улуттук тарбиянын ѳзѳктүү (базалык) баалуулуктарынын булагы катары тѳмѳнкүлѳрдү эсептѳѳгѳ болот: эл, Ата мекен, туулган жер, эне тил, ата-бабалар наркы, мекенчилдик, атуулдук милдет, социалдык тилектештик, адамзат, илим – билим, үй-бүлө, эмгек жана чыгармачылык, салттык диндер, искусство жана адабият, табият, мамлекеттик символдор ж.б.

Улуттук тарбиянын ѳзѳк (базалык) баалуулуктары үй бүлѳдѳ, билим берүү мекемелеринин тарбиялоо жана жаш муундардын ѳзүн ѳзү тарбиялоо практикасында жеткечиликке алынып быгыт берип турат.

Улуттук тарбиянын идеалында ошол баалуулуктар адамдын түшүнүктѳрү, кѳз карашы, дүйнѳ таанымы, ойлоо багыты, ишенген нарк нускалары, пейил ниети, кулк мүнѳзү, жүрүм турумунун өзгөчө мазмуну таризинде долбоорлонот. Демек, улуттук тарбиянын идеалы - идеалдуу ѳрнѳк адамдын образы. Ал образ кечээки күнгѳ, эртеңкиге да эмес, бүгүнкү турмуш чындыгына шайкеш болушу зарыл. Мындай обьективдүү өбөлгөлөр улуттук тарбиянын идеалын - кыргыз коомунун руханий эс тутумуна, улуттук нарктарына эгедер жалпы адамзаттык маданияттын баалуулуктарын аздектеген Кыргызстандын эгемен, укуктук, демократиялык мамлекет катары ѳнүгүшү үчүн ѳзүнүн атуулдук милдеттерин, жоопкерчиликтерин аңдаган жана татыктуу аткара алган, дени сак, жаӊы ааламдашуу доорунун шарттарына шайкеш компетенттүүлүктөргө, өнөргө, кесипке ээ, комуникативдүү, демилгелүү, жаратман активдүү адам тиби катары айкындоого мүмкүнчүлүк берет. Улуттук тарбиянын айкындалган идеалын үй бүлѳ, таалим-тарбия мекемелеринин кимди тарбиялайбыз? деген суроолоруна жооп катары кабылдоого болот. Мектеп жана башка мекемелердеги тарбиялоо ишинин программалык иш чараларынын максат, милдеттерин айкындоодо улуттук тарбиянын баалулуктары негиз катары алынышы керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

03-12-2020
Ой-пикир: Кыргыз коому жана балдар
1368

02-03-2016
Илим менен практикада орду чоӊ окумуштуу педагог
15990

11-12-2015
Экинин бири эсеке
24671

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×