Добавить статью
11:34, 23 марта 2011 103903

Кыргызстан аферисттер пешкасыбы же кулкуну кенен бажычылар

Кыргызстанды кимдер гана алдабаган же Кыргызстан кимдерге гана алданбаган? Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тарта жаңыдан өз алдынчалыкка кадам таштаган жаш мамлекеттин ордунан козголбогон жаратылыш байлыктарына көз арткан дүйнөлүк аферисттердин аягы күнү бүгүнгө чейин тыйылбай келе жатканы жашыруун эмес. А түгүл мамлекеттик органдарды кантип «өзүмдүк» кылып, жеке «лавочкасындай» пайдаланганды да үйрөтүштү. А.Акаев мезгилинде Бирнштейн алтыныбызды сатып алдап кетти деп «жер муштап» кала берген кыргыз өкмөтү. Алыска барбай, кечээги К.Бакиев режимин эле алалы. Бүтүндөй өкмөттү болгон активдери менен кошо оптом менчиктештирген Гуревич сыяктуу, банк ситемасын жалгыз башкаргысы келген Надель дегени, Ханзаадага жан-жоокор, демек, кантип Кыргызстанды дүйнөлүк каржы донорлоруна күрөөгө коюуну үйрөткөн Елисеев атуу аферисттер чыкты. Териштире келгенде баары башка өлкөлөрдүн, аз дегенде 2-3 мамлекеттин атуулдугуна ээ болгон, а түгүл, ошол өлкөлөрдө да жөн жүрбөй олчойгон ишканаларды сызга отургуза качкан шылуундар болуп чыккандыгы жалганбы? Баарынан кызыгы ушул аферисттердин баскан жолдору тууралуу маалыматтар кыргыз коомчулугунда чоң резонанс жаратканыдыгына карабай, кылы кыйшайбаган бойдон жылуу ордунда кызматын аркалап келишкендиги болду.

Чыр башы...

Үстүбүздөгү жылдын 25-февралында парламентте ушуга уйкаш бир чыр чыкты. Парламент депутаты Тынчтык Шайназаров мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов «Мамлекеттик кызматкер тууралуу» мыйзамды бузгандыгын жар салды. Бул персонанын аты кыргызстандыктар үчүн апрель окуяларынан кийинки А.Атамбаев менен А.Бекназаровдун телефондук сүйлөшүүлөрү делинип, белгисиз бирөөлөр тарабынан интернет желесине жарыяланган күндөн тарта көбүрөөк тааныш. Баарыбызга белгилүү ал кезде бул кызматка үч күндүн ичинде үч киши алмашылып коюлганы али да коомчулуктун эсинде.

Үчөөнүн ичинен ушул К.Кулматов мырза «счастливчик» таажысын кийип, таза, коррупцияга малынбаган киши катары Мамлекеттик бажы кызматын аркалап калган. Эскерте кетчү маселе, «Бажы органы кызматына өтүү тууралуу» мыйзамга ылайык, бажы органдарында кызмат орундарын ээлеген киши башка өлкөнүн атуулдугуна ээ эмес, Кыргыз Республикасынын гана атуулдары болууга тийиш. Бажы кызматы мамлекеттик кызматтын түрүнө кирет жана «Мамлекеттик кызматкерлер тууралуу» мыйзам менен жөнгө салынат. Ушул мыйзамдын 11- беренесинде айтылгандай, кош жарандуулукка ээ болгон атуулдар, мамлекеттик бийлик органдарында башкаруучу кызматтарды ээлегенге укугу жок. Ошондой эле, мамлекеттик жана саясий кызматтар реестринде көрсөтүлгөндөй, Мамлекеттик бажы кызматынын төрага кызматы мамлекеттик саясий кызмат болуп эсептелет жана КР премьер-министри аркылуу дайындалып, кызматтан бошотулат. КР Конституциясынын 52-беренсинин 5-пунктуна ылайык, башка өлкөнүн атуулдугуна ээ болгондор мамлекеттик жана саясий кызматтарды, соттун милдетин аткарууга укугу жок экендигин айта кетсек ашыкча болбос.

Ырас, башка өлкөнүн атуулу болгондон кийин Мамлекеттик бажы кызматын башчысы кызматында калууга К.Кулматовдун укугу жок экендиги тууралуу «Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев, «Ата Журт» фракциясынан депутат Токон Мамытов, «Республика» фракциясынын депутаты, вице-спикер Бакыт Төрөбаевдер да парламенттин бийик трибунасынан айтканын билебиз.

Ошону менен бирге, Ө.Текебаев: «К.Кулматов өзүнүн туура эмес жоругун түшүнүп, өз эрки менен кызматтан кетиши керек. Эгер ал мындай кадамга барбаса, өткөөл мезгилдин президенти Роза Исаковна менен өкмөт башчы Атамбаев саясий бааларын бериши керек» деп белгилеген.

Вячеслав Ханды туурап…

К.Кулматовго байланышкан маселеден улам 2006-жылы кыргыз бийлигинде орун алган ушуга окшош бир окуя эске түшөт. Анда Мамлекеттик Коопсуздук кызматынын катчысы Мирослав Ниязов эле. Анын Вячеслав Хан аттуу орун басары үч өлкөнүн (Орусия, Казакстан, Кыргызстан) атуулу экендигин парламент трибунасынан Темир Сариев жар салган. Уу-дуу түшкөн депутаттар бул маселе боюнча кызматтык орунга төп келбестиги жөнүндө суроо коюшуп, анын натыйжасында В.Хан, анын шефи Мирослав Ниязов ошол кездеги УКМК башчысы Т.Айтбаев отставкасы үчүн добуш беришкен. Хан мырзанын уяты ойгонгонбу же дагы башка себеби барбы, айтор, кийинчерээк «өз эрки менен кызматтан кеттим» деп арыз жазгандыгы маалым болгон. Хан мырза 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо илгерки шефи Мирослав Ниязов теңтөрагалык кылган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 11-катар номуру менен депутаттыкка ат салышканы белгилүү.

Кубанычбек мырзанын креслосу кыйшаймак тургай, желп эткен жел да тийбегени кызык. Угушубузга караганда, бул маселеге байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлүп, «текшерилип» жатыптыр. Ал эми жыл бою өзүнө ыйгарган 260 миң сом өлчөмүндөгү сыйлык, 2010-жыл ичи сыйлык, эмгек акысы менен биригип 623 миң 86 сом өлчөмундөгү каражат тууралуу кеп эмкиде болсун. Айтмакчы, мындан аз-маз азыраак сыйлык менен Кубанычбек мырза өзүнүн орун басарлары Данияр Калматов, Замирбек Малабеков жана Асылбек Кожобековдорду да кур койгон эмес. Кыскасы, сыйлыктар менен айлыктар, жогоруда айтылган өкмөттүк комиссиянын ишмердүүлүгү туурасындагы далилдүү материалдар менен бекемделген маалымат төмөндө.

Карга карганын көзүн чукубайбы?

Жогоруда айтылгандай, депутат Тынчтык Шайназаров тарабынан Мамлекеттик Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов башка өлкөнүн атуулу болуп гана тим болбостон, өзүнө-өзү астрономиялык өлчөмдө сыйлык ыйгарып жаткандыгын ашкереленгенден кийин, биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүптүр. Тактап айтсак, өкмөттүк комиссия түзүлүп, анын иши жыйынтыкталгандыгы маалым болду. Комиссия иликтөө жыйынтыктарын жакын арада Жогорку Кенешке берээр. Бирок, комиссия мүчөлөрү же болбосо текшерүүчүлөр ким болду дебейсизби? Өкмөттүн каржы бөлүмүнүн кызматкери, Мамлекеттик Бажы кызматы (МБК) коллегиясынын мүчөсү Т. Есеналиев. Кызыгы МБК коллегиясынын төрагасы К.Кулматов өзү экен. Комиссиянын дагы бир мүчөсү Каржы министрилигинин башкармалыгынын башчысы Н.Кожобеков. Н Кожобеков азыркы МБК башчысы К.Кулматовдун биринчи орун басары. З.Малабеков Каржы министрлигинде иштеп турган кезинде анын колунда иштегендиги тууралуу маалыматтар бар. Комиссиянын иликтөөсүнүн обьективдүүлүгүнө шек жаралып жаткандыгынын себеби да ушундан. Карга карганын көзүн чукумак беле дегендей эле кеп.

Ким кимге сыйлык ыйгарат?

Өкмөт тарабынан бекитилген Бажы кызматына сыйлык ыйгаруу тууралуу жобого ылайык, МБК төрагасы өз орун басарларына, ал эми төрагага сыйлык биринчи-вице-премьер тарабынан бекитилиши керек. Көрсө, Кулматов мырза ансыз да жумушу башынан ашкан Ө.Бабановду алаксытып, ишинен койбоюн деген көрүнөт. Бул функцияны өзүнүн биринчи орун басары З.Малабековго тапшырат. Ал да акылдуу жан эмеспи, өз кезегинде шефинин шагын сындырбай, колунан келген эң жогорку өлчөмдөгү сыйлыкты ыйгарат. Ө.Бабанов мырза өзү аткарыш керек болгон кээ бир функцияны кол алдындагылар айттырбай аткарып жаткандыгын билбесе да керек, болбосо өзү кураторлук кылган тармакка өзү текшерүү жүргүзүүнү буюрмак беле?

Өзүм дегенде өгүздөй кулкун…

Колдо болгон МБКнын башкы эсепчиси С.Т.Токталиеванын колу коюлган документтерге таянсак, 2010-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин МБКынын башчысы К.Кулматовго айлык акы, сыйлык, 13-эмгек акы баары биригип 623 миң 86 сом каражат төлөнгөн. Баарынан кызыгы апрелге чейин Кулматов мырзанын эмгек акысы 19 миң 400 сомду гана түзгөн. Аппетити апрелден кийин араандай ачылганына «тобо-о» деш керек.

Эң алгачкы 44 миң 400 сом өлчөмүндөгү сыйлыкты МБК башчысы өзүнө-өзү апрель айында ыйгарат. Буга кошумча 3584 сом тамак-ашына кошо алат. Андан кийин июнь айында 75 миң 100 сом өлчөмүндө сыйлык жана тамак-ашына 4608 сом бөлдүрөт. Ал эми август айында 44 миң 400 сом сыйлык, 5200 сом тамагына бөлүнөт. Ошентип, ноябрда 22 миң 200 сом сыйлык, 4352 сом тамагына, декабрда 44 миң 400 сом сыйлык, 13-эмгек акы катары 26 миң 306 сом, тамагына 5 мин 888 сом жана бонус катары 44 миң 400 сом алат. Мунун бары ай сайын алып турган кадимки айлык акыдан тышкары экенин эскерте кеткибиз келет.

Эми орун басары Данияр Калматовдун 2010-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки шефин ат чабым артта калтырган «эмгек акысына» көңүл бурсак. Жыл бою жалпы кирешеси: 635 миң 614 сом. Биринчи жарым жылдыкта 9900 сом, экинчи жарым жылдыкта 14000 айлык акысы менен, Данияр мырза, март айында 26 миң 750 сом сыйлык катары, 3328 сом тамак-ашына акча алат. Апрелде тамагына 5632 сом, сыйлык катары 74 миң сом алып шефинен ашып түшөт. Июнда 65 миң 500 сом сыйлык, 4608 сом сом тамагына, августта 38 миң сыйлык, 2560 сом тамагына, ноябрда 19 миң сыйлык, 4 мин 864 сом тамагына, кошумча 19 миң сом бонус алат. Акырында декабрь айында сыйлыгы 38 миң сом, 13-эмгек акы катары 22 миң 369 сом, тамагына 5888 сом, бонус катары дагы 38 миң сом алат.

Дагы бир орун басары Замирбек Малабековдун жыл бою мамлекеттен алган кирешеси 519 миң 710 сомду түзгөн. 2010-жыл ичинде апрель, июнь, август, ноябрь, декабрь айлары үчүн жалпысынан 206 миң 900 сом өлчөмүндө сыйлык, 13-эмгек акы катары 16 миң 761 сом, тамак-ашына 39 миң 680 сом жана бонус катары дагы 83 миң 200 сом алат.

Үчүнчү орун басары Асылбек Кожобековдун 2010-жыл ичинде тапкан кирешеси 533 миң 325 сомду түзгөн. Аныны ичинен сыйлык катары 195 мин 600 сом, 13-эмгек акы катары 20 миң 77 сом, тамагына 38 миң 912 сом жана бонус катары 59 миң 100 сом алат. Кыязы, Кыргызстандын бүткүл бажы тармагында ушул төртөө эле иштеп жатса керек.

Бул маселе ЖКда көтөрүлөөр замат, К.Кулматов мырза мындай маалымат туура эмес экенин жар салган жайы бар. Жогоруда айтылган өкмөттүк комиссиянын жыйынтыктарын спикер А.Келдибеков тарабынан түзүлгөн депутаттык комиссия карап, өз жыйынтыгын чыгараар. Башкасын айтпаганда да, мамлекет чек ара кайтарган аскер чек арачыларына күнүмдүк тамагына суткасына 34 сом, ал эми чек арадан алда канча ичкери турган, болгондо да жогоруда саналгандай асман-айды чапчыган айлыгы, сыйлыгы бар бажы кызматындагыларга күнүмдүк тамагын үчүн суткасына 256 сом бөлгөнү эмнеси?

P.S. Айтып оозду жыйгыча, жогоруда айтылгандай айлык-сыйлык алуу боюнча МБКнын башчысы Кубанычбек Кулматовду, демек, шефин ат чабым артта калтырган орун басар бажычы Данияр Калматов 16-мартта кызматынан четтетилгени маалым болду. Муну кандай түшүнсөк болот? Шеф каардандыбы же башка өлкөнүн атуулу деген чуусу билинип калган К. Кулматовду ордунан козгой албай, садагага сары улак кылыштыбы? Күтө туралы… Кыргызстан кичинекей эле өлкө эмеспи. Бир кабарын билип калгыбыз бардыр…

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×