Добавить статью
9:02, 18 марта 2011 151420

Бакиевди жоопкерчиликтен качыргандар ошол апрелчи команданын ичиндеги эле бөлөк оюнчулар болду

«Бейиштин төрү тозок көрүнгүдөй жашоо керек!» - бул журналист, аскер серепчиси, бир бүлөнүн атасы, акырында терең урматтоого татыктуу Сыргак Абдылдаевдин жашоодо карманган кредосу. Мындан туура 2 жыл мурун, 2009-жылдын 3-мартында «Репортер Бишкек» гезитинин саясий серепчиси Сыргак Абдылдаевге редакция кеңсесинен жанында белгисиз бирөөлөр кол салышып, анын натыйжасында өзгөчө мыкаачылык менен сабалган журналист денесинин 21 жерине бычак жеп, колу-бутунун 2 жери сынган эле. Ушундан кийин ал Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон…

Саясий башпаанек берген Швеция мамлекетинде жашап жаткандыгына карабастан, С. Абдылдаев мекенинде болуп жаткан ар кандай окуяларга кайдыгер болбой өз кабатырлануусун жашыра албай келет. 2010- жылдын август айында ал күтүүсуздөн билдирүү жасап, 16 жыл бою өзү мүчө болуп келген «Ата Мекен» социалисттик партиясынын катарынан чыккандыгын жарыялаган эле.

-Саламатсызбы, Сыргак Курманбекович, ден соолугуңуз кандай?

-Саламатсызбы? Рахмат. Ден соолук жалпысынан дурус. Албетте, мени майып кылышты, бирок эң негизгиси тирүү калдым. Демек, мен мындан ары да өз көз караш-ынанымдарым үчүн күрөшүп жашай алам. Швед медицинасы мени бутума тургузат деп ишенем. Болгон оору-сыркоодон арылып, толук кандуу күрөшчүл жашоо кечире алам деп үмүт кылам.

-Көпчүлүк окурмандарды 16 жыл бою партия курамында болуп келип, кокусунан, болгондо да ал партия өлкөнүн саясий аренасында ийгиликтин абсолюттук бийик чокусуна жеткен кезинде таштап кетүүңүздүн себеби кызыктырат… кандай болгон күндө да 16 жыл аз мөөнөт эмес го?…

-Көпчүлүк партиялаштарым сыяктуу мен дагы «Ата Мекен» социалисттик партиясына кирген биринчи күндөн баштап демократиялык социализмдин идеяларынын тарапкеримин жана ошол ишенимде кала бермекчимин. Ошону менен бирге, Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасында атуулдук укук үстөмдүк кылган, экономикасы социалдык багытты көздөгөн өлкөнү куруу реалдуу экенине ишенем. КР Коргоо министрилигин Чалгындоо башкармалыгынын офицери болуп туруп, оппозициялык партиянын катарына өтүү менен мен, албетте, тобокелчиликке бардым, бирок, менин ишим оңунан чыкты. Бактыма мени аналитик, чалгын офицери катары өз колу менен жууруп, жашоо полигонунда ой жүгүртүүмө туура багыт берген чыныгы кыргыз генерал-лейтенанты Жумабек Асанкулов менин тикелей жетекчим катары туш болду. 90-жылдардын дуулдаган алгачкы жылдарында көпчүлүк сыяктуу мен дагы саясаттагы аферисттердин ар кандай мааниси жок былжырак сөздөрүнө ишенгем. Кандайдыр бир өзгөрүүлөр болушун кааласам керек да. Бирок, өлкөдө болуп жаткан окуялардын өнүгүүсүнөн улам, узакка созулган өтө оор ой жүгүртүүлөрүмдөн кийин биздин өлкөдө «Ата Мекен» тилек кылган идеяларга элибиз али даяр эмес экенине ынандым.

Андан ары менин ынанымдарым акырындан күмөнсүнгөн ишенбөөчүлүк фазасына өтүп отуруп, партия лидери өмүрбек Текебаевдин жеке максатын көздөгөн көрсөтмөлөрүнө болгон карама-каршылыкка жетти. Ошентип, 2005-жылдын мартында Бакиевдин Ак үйдүн 7- кабатында эмне кылаарын билбей далдыраган маңыроо абалын көргөндөн кийин качандыр «Ата Мекендин» катарынан чыгып, өз алдымча жүрүшкө аттанаар күнүм алыс эмес экенине биротоло көзүм жетти. 2010-жылдагы парламенттик шайлоолор жана андан кийинки окуялар кабыл алган чечимдерим туура болгондугун дагы бир жолу айгинеледи. Ошон үчүн 2010-жылдын август айында эч ойлонбой туруп «Ата Мекен» партиясынын катарынан чыгып кеттим.

-Партия тутумунан чыгууңузду партиянын жаңы курамы менен макул эместик катары да карасак болобу? Мен муну, билдирүүңүздө: «Менин принциптерим жана ишенимдерим «Ата Мекен» социалисттик партиясынын жетекчилигинин азыркы жасап жаткан иштерин менен дал келбей калды. Бирок, партиянын акыркы съезди көрсөткөндөй, көпчүлүк мүчөлөр партия лидерлери көздөгөн негизги багытты колдошту. Ырас ушундай экен, акыл-эси жайында, абийирдүү инсан катары жүргүзгөн саясаты купулума толбогон партиянын катарынан тынч гана унчукпай чыгып кетүүгө милдеттүүмүн» дегениңизден улам сурагым келди…

-Эми, мен «Ата Мекендин» жаңы составына карата болгон пикиримди айткандан эмне өзгөрөт? Мен бир чындыкты эбак эле түшүнгөм: Кыргызстандагы саясий партиялардын азыркы абалы - биздин коомчулуктун абалынын күзгүдөн чагылган элеси. «Ата Мекен» бул катардан оолак эмес. Азыркы Швециядагы жашоом менин ойлорумдун туура экендигин дагы бир жолу ырастап отурат. Тилекке каршы, бүгүн Кыргызстан канга чыланган ырайымсыз сабактар менен тажрыйбалар жолунда камалып турат.

Ал эми Өмүрбек Чиркешовичтин тегерегинде жүргөн биринчи катардагы кишилерге келсек, баары айтпаса да түшүнүктүү. Бул жерде менин комментарийим ашыкчалык кылат. Бул анын жеке партиясы, демек, ал чабуулга ким менен аттанаарын өзү билет. Эң негизгиси, ушул кишилер аны 2014-2016-жылдары жаңы Кыргызстан үчүн саясий интеллект согушунун катуу кармашуусунда таламайга таштап, качып кетишпесе болгону.

-Же Кыргызстанда идея эмес, баары бир «культличносттор» үстөмдүк кылаары көңүлүнүзгө туура келбедиби? Принцибинде шайлоо жыйынтыгы сиздин пикирдин тууралынан көрсөттү деңизчи… Текебаев мырза өзү деле ЖК отурумдарынын биринде, эгер анын кандайдыр бир күнөөсү болсо, эл шайлоодо өз добушу менен жазасын бергендигин айткан жайы бар…

-Саясий идеялар КР эгемендүүлүгүнүн биринчи күндөрүнөн тартып эле өздөрүн саясий партия деп атаган кыргыз бригадирлеринин жеке PR-фирмасынын маңдайына илинген жасалма жарнагы болуп келген жана ошол деңгээлинде кала берүүдө. Саясий партиялар чатырына жашынган топтун кызыкчылыгынын астында абсолюттук боштук жана көчө популизми, демагогия турат. өз мекенинин келечеги үчүн болгон күрөштүн жөнөкөй чындыгы кыргыз улутунун алдыңкы адамдарынын, анын ичинде кээ бир саясатчылардын оюна өлкө үчүн түп тамырынан өзгөрүүлөрдүн зарылдыгы эми гана жетип отурат. Кээде кааласа-каалабаса тобо кылуу жышаанасы чыгып калып жатканы да ушундан. Тилекке каршы, биздин саясатчылардын баары жеке катачылыктарын түшүнүү жана жеке кылмыштарын моюндоо процессинде кечигип тобо келтирүү ооруусу менен оорушат. Деген менен, алардын кээ бирлеринин мээсиндеги программада өлкө үчүн жоопкерчилик жана уят деген функцияга дегеле орун каралган эмес. Мейли сөзү жок, жөн гана ичинен тобо кылуу эч качан кеч эмес, бирок күнөөлүүлөргө негизги өкүмдү тарых гана чыгарат. Тарых сотунан бул жашоодо да, тигил жашоодо да кутулууга болбойт.

Апрелчилер үчүн күтүүсүз болгон 2010-жылдагы шайлоонун жыйынтыктары мен үчүн парламенттик республика деген мезгилсиз, ошону менен бирге, өлүк идея ишке киргизилип башталганда эле түшүнүктүү болгон эле. Мыкты аналитик үчүн, шайлоо алдында колдо болгон маалыматтардын негизинде, парламенттик бронижилеттер үчүн болгон кармаштын жыйынтыгын алдын ала эсептеп коюу кыйын эмес. «Ата Мекенди» жеңилүү ызасы күтүп турганын баамдоо үчүн ал кезде менде жетишерлик маалымат бар эле. Анын үстүнө менин кээ бир жолдошторумдан келген жашыруун кабарлардан жана июнь трагедиясынан кийинки Кодиржон Ботировдун коомчулукка берген көрсөтмөлөрүнөн кийин Убактылуу өкмөттүн июндагы издери ачык көзөмөлдөнө баштаган эле. Ошондуктан, азыркы кош бийлик жана саясий бригадирлердин таасир берүүчү аймактарга бөлүп алуу менен өлкөнү кыйроого алып келиши мыйзам ченемдүү болчу. Ушул эле дейсизби, мен үчүн мунун логикалык жыйынтыгы да ачык көрүнүп турат: өлкөдө абал курчугандан курчуй берет жана бригадирлер арасындагы карама-каршылык күчөп отуруп, жеке жана белгилүү бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн ачык конфликтке чейин жетет.

- Сиз түштүктө болгон окуялар бийликте турган, кечээ эле сиз ишенген кишилерге жаңыча көз караш менен карооого түрттү деп жатасыз. Демек, сизди коомчулукта жаралган «Кыргызстандын саясий элитасы мурдунун учунан алысты көрө албайт, бийликке жетээри менен Ажыдаарга айланышат да калышат» деген пикир менен макул экен деп түшүнсөк болобу?

-Июнь окуялары мен үчүн кыргыз саясатындагы кишилердин чыныгы моралдык, нравалык баалулуктарынын ушунчалык төмөндүгүн көрсөткөндүгү менен чоң ачылыш болду дээр элем. Муну деле мыйзам ченемдуу көрүнүш деп койсок болот. Кыргызстанда саясий элита дегеле жок экенин эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында эле түшүнгөм. Бул менин элимдин тарыхый тагдыры менен шартталган. Азыр бизде Орто Азия тарыхында кыргыз феноменин жана улуттук элитаны түзүүнүн классикалык азиялык мектебин негиздөөнүн уникалдуу мүмкүнчүлүгү жаралып отурат. Бирок, бул процесс ондогон жылдар жана көптөгөн муундардын мамлекеттик ой жүгүртүүдөгү акыл-эмгегин талап кылат. Эң негизгиси, биз биринчи болуп мамлекетти жана коомчулукту реформалоонун радикалдуу жолуна туштук.

Ошондуктан, азыркы бийлик ээлерине карата «элита» терминин колдонуудан алыс болоор элем. Аристократтык интеллект белгилеринин жоктугунан улам өзгөчө «саясий» деген аныктаманы кошкондон да качаар элем. Азыркы корпоративдик диктатуранын бригадирлери базар бизнесин жүргүзүүчүлөр менен бирге болгону тарыхтын таштанды сазына сиңип жок болуучу кир көбүк гана экенин айткым келет. Кыргызстандын элин кулчулук сезимде кармоого алардын жадагалса мээси да, акчасы да жок.

Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга өзгөчө маани берип, байкап келем. Айтайын дегеним, тарыхый өзгөрүүлөр убактысы келип жетти, дегеле мындан башка жол жок. Азыр кыргыз эли жаңы, таза, акылдуу саясатчыларга, мамлекеттик башкаруучуларга чаңкап турган учуру экендиги сыр эмес. Улуттун жаңы идеяларга жана максаттарга болгон интеллектуалдык ачкачылыгынын артка кайткыс процесси башталды. Эмне үчүн дээрсиз? Бул башка суроо, эң негизгиси процесс башталды. Ошон үчүн мен кыргыз саясатынын клоундарына эчак эле крест коюп койгом. Алардын доору бүттү. Келдибеков менен Ташиев элдин башын айланткан караңгы мезгилдеги саясий карьера жасоочулар доорунун акыркы ноталары болуп калат.

-2005-жылдын март окуяларынан алда канча мурда жасаган кээ бир божомолдоруңуз ишке ашып отурат. Кыргызстан, дегеле бүтүндөй Орто Азия чөлкөмү чырдуу аймакка айланды. «Ата Мекен» парламенттик шайлоодо жеңилди. Ушул жаатта бир нерсе сурагым келип турат. Сиз КР Президенти катары Роза Исаковнага Бакиевдердин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө жол бербешин суранып кайрылуу жолдодуңуз эле… сиздин кайрылууңузга назар салышпады көрүнөт?..

-2009-жылдын август айында Алматы шаарында бир эсте каларлык жолугушуум болгон. Белгилүү бир стратегиялык анализ жана моделдештирүү лабороториясынын эксперттери байланышка чыгышкан эле. Алар менен узакка созулган сүйлөшүүлөр болду. Өзүмө да күтүүсүздөн, Бакиевди келерки жылы тактыдан кулатышат деп айткам. Ошону менен бирге, өз оюмду жаны төңкөрүш 2010-жылдын күзүндө болот деп бекемдегем. Менин жеке эсебим так ушул мезгилди көрсөткөн эле. Бирок, мен бир аз жаңылыптырмын, Бакиев апрелде күйүп кетти. Мындай ишеним кайдан алынды дээрсиз? Бакиевдин кулашы тууралуу эсептөөлөр бир катар ички жана тышкы факторлор менен шартталган болчу. Мисалы, таасир этүү аймактары жана Бакиевдин режиминин ресурстары сыяктуу негизги моменттерде. Ушул моменттердин башталышында эле Бакиев бийлигинин бекемдик белгилери четинен сөгүлө баштаган.

Анын мамлекетти башкаруу колунан келбеси башынан эле түшүнүктүү болчу. Ошон үчүн ал эч кандай ресурсунун жоктугуна карабастан, бийликке отурган биринчи күндөн баштап оппозицияны кысымга алып, жөпжөнөкөй кылмыш терроруна алуу жолуна түшүп кетти.

Ошон үчүн ал калың элдин козголоңу менен жеңилүүнун кучагында калды. Ошентип, арадан жарым жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин, 7-апрель күнү кечинде казакстандык эксперттер мага чалышып, менин божомолдорум туура чыккандыгын айтышты. Баарынан кызык кабарды алардан мен эртеси күнү уктум. Алардын оюнча, Астана Бакиевди кыргызча териштирүүдөн кутултууну көздөп жатыптыр. Мунун өзү белгилүү бир жыйынтык чыгаруунун негизи десек туура болор эле…

Бир топ логикалык ой жүгүртүүлөрдөн кийин, мен дагы Бакиевди жоопкерчиликтен качырышат деген ойго келдим. Ошондуктан, мен башында эле Бакиев эч качан жасаган кылмыштары үчүн жооп бербейт деп боолгологон элем. Бирок, казактар берген кабарлардан бөлөк менин божомолдорумдун бекемделишине башка дагы бир катар фактылар себеп болгон эле, муну мен азырынча ачыкка чыгарбай эле турайын. Ал эми менин КР Президенти Р.Отунбаевага жолдогон кайрылуум, сырткы күчтөрдүн катышуусу менен жүздөгөн кишилердин өлүмүнө катыштыгы бар башкы күнөөкөрдү өлкөдөн чыгарып жиберүүнүн кесепеттери туурасында жасаган ишааратым эле. Эми минтип өздөрү кыйын абалга кептелип отурушат. Ал кезде Роза Исаковна көп нерсени чече албасын түшүнөт элем. Аянтта төгүлгөн кан үчүн Бакиевди жоопкерчиликтен качыргандар ошол апрелчи команданын ичиндеги эле бөлөк оюнчулар болду. Анын кесепеттери бүгүн айдан ачык көрүнүп турат: Бакиев кланынын эркиндикте калган мүчөлөрү сырткы күчтөрдүн буйругу астында иштеп жатышат. Азыр кыргызча териштирүүгө кошуна мамлекеттер тартылып калуу коркунучу бар. Андыктан, эми Бакиевдер кайсы мамлекеттин аймагынан ким менен бирге сокку урат деген суроо мен үчүн ачык бойдон калууда.

-Кыргызстан бүгүн карызга белчесинен батып турган чак. Бюджет таңкыстыгынын 60%ы сырттан келген карыздын эсебинен жабылмай болду. Ошентип, өлкө карызы ИДПнын 55%ын түзүүдө. Ушул жерден сиздин сөзүңүздөн цитата келтиргим келип турат: «Ким кайтарымсыз акча берет? Эч ким. Берсе өз саясатын жүргүзүү үчүн, өз кызыкчылыгы үчүн! Биздин амандыгыбыз карыздарда эмес, кыргыздар!». Ушундан улам суроо: Сизге өлкөдө эч нерсе өзгөрбөй эле, Кыргызстан баягы эле Акаев, Бакиев схемасы менен келаткандай туюлбайбы?

-Эми бул геополитиканын мурдатан эле белгилүү болгон классикалык чындыгы. Каражат -үчүнчү өлкөдө саясий кызыктчылыкты өнүктүрүү, жаңы плацдарм жана таасир күчөтүүдө колдонулуп келген башкаруунун салттуу куралы. Кыргызстан дагы бул катардан оолак эмес. Азыркы учур чындыгынын эң бир басмырлантчу жери, биздеги саясий топтордун бригадирлери бөтөн өлкөнүн оюнунда үйрөтүлгөн маймылдардардын деңгээлине түшүп, тышкы оюнчулардын алдында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын дүңү менен да, чекене да сатууга даяр экендиги. Ошондуктан, бөтөн өлкө саясатынын Кыргызстандагы малайлары мени тыйынча кызыктырбайт. Азыр мен үчүн РФ менен АКШ кызыкчылыгынын тирешүүлөрү эмнеге алып келет, эки державанын атааандаштыгы кыргыз элине кандай мүшкүлгө турат деген суроолор маанилүү. Ошон үчүн азыр Москва менен Вашингтондун Кыргызстан жана анын тегерегиндеги ар бир кадамына саресеп салып отурам. Азыркы учурда мага Кремлде РФнын тышкы саясаты жана стратегиялык багыттары боюнча бирдиктүү көз караш, командалык оюн түзүлө электиги белгилүү. өз мезгилинде орусиялык саясий экрандын бульдозерлеринин бири Владимир Соловьев «Кремлдин көп мунарасы бар. Бири эмнени ойлонгонун экинчиси билбейт. Бирок баары эле президенттин атына жамынышат» деп таамай белгилеген жайы бар. Кыргызстандын мисалында бул өзгөчө байкалат.

Москванын тышкы саясаттагы оңунан чыкпаган иштери тууралуу жөпжөнөкөй фактылар конкреттүү мисалдарда оркоюп көрүнүп турат. Биринчи мисал көпкө жашап, анын натыйжасында кыйроого дуушар болгон АКАЕВДИН орусиялык режими. Экинчи ири кыйроо Бакиевге болгон оюндун туура эмес эсеп менен жүргүзүлүшү. Бүгүн болсо биз мурдагы туура эмес эсептөөлөрдүн кайталануусун көрүп жатабыз. Кыргыз саясатынын идеецтери негизги оюндар РФ жогорку саясий башкармалыгынын ички териштирүүлөрүнө байланган кремлдик командалар согушунун шестеркаларына айланып калышкан. А чыныгы турмушта экономикалык кызыкчылыктары Түндүк Европа менен АКШдан тартып Азиялык-Тынч океан аймагындагы өлкөлөргө чейин тараган кремлдик макулуктар Орусиянын тышкы саясатын талкалап жатышат. Постсоветтик өлкөлөр арасында орусиялык көз караштын жоголуп баратканы жана КМШ өлкөлөр ичиндеги өнөктөштөрүнө болгон кош стандарттуулук ушундан улам болууда.

АКШ жана ЕСтин постсоветтик өлкөлөргө карата болгон саясаты РФнын жосунсуз жоруктарына толугу менен карама-каршы келет. Вашингтон менен ЕС Орто Азияда жеткиликтүү деңгээлде координацияланган оюн алып барышууда жана Орусияны байкаларлык жоготууга дуушар кылып, анын 21-кылымдагы нефти-газ ресурстары менен бирге болгон кызыкчылыктарын аймактан акырындык менен сүрүп чыгууда. Бул жааттан алып караганда, 2011-2012-жылдардагы Кыргызстан үчүн болгон күрөштүн жыйынтыктары мага белгилүү. Орусия Орто Азия чөлкөмүндө кыргыз плацдармы үчүн болгон күрөштө утулат. Ал эми Кремлдин кыргыз бригадирлеринен турган өнөктөштөрү Орусия бронепоездинен биринчи эле батыш семафорунда түшө качышат.

-Сиздин оюңузча, саясатчылар азыр өлкөдө түзүлгөн кризистен чыгуунун кандай жолдорун сунуш кыла алышат?

-Азыркыларбы?! Бийлик үчүн курөш жана өлкө экономикасын кызыкчылыктарга ылайыктап бөлүштүрүүдөн бөлөк эч нерсе!

-Анда Сиздин өз өлкөңүзгө жана элиңизге айтар сунушуңуз барбы? Анткени, бүгүнкү күндө Кыргызстанды ар тараптан сынга алууга болот эмеспи…

-Идеялар бар. Алардын сааты келе элек, ошон үчүн унчукпай тура турайын. Болбосо, ал идеялар да парламенттик республиканын тагдырын кайталап калуусу мүмкүн. Анын үстүнө пикирлеш күчтүү командасыз жана элдин ишенимисиз мен эч ким эмес экенимди жакшы түшүнөм. Ошон үчүн өз идеяларымды азырынча Швецияда эле бышырып турганым оң го.

-Келечекке пландарыңыз барбы? Мындан ары эмне кылайын деген оюңуз бар?

-Бир гана планым бар - эмне болгон күндө да мындан ары жашаш керек. Олуттуу жооп берсем, китебимди жазып бүтүрүп, басып чыгарсам дейм. Алдыга өзгөчө максат деле койгонум жок. Ден соолугум ордуна келсе, иштесем дейм, үй булөм менен дүйнө кезип саякаттагым келет. Каледон аралдарына баргым келет. Ал жерде Кандагардан тапкан досум жашайт. Айтымында, аякта баары кооз жана тынч. Көгүлтур ирим (лагуна) менен алтын кумдун жер үстундөгү бейиши. Алтын кум үстүндө жер бейишинин жымжырттыгын уккум келет.

- А үйүңүзгө кайтайын деген оюңуз жокпу?

- Азырынча жок. Эмне үчүн дээрсиз? Бул сурооңузга апрель окуяларынан кийин болгон төмөндөгү фактылар менен жооп бергим келет:

1.Депутат Р. Шабатоевдин жана башка бир нече буюртма киши өлтүрүүлөрдүн аткаруучулары болгон Ж.Зикирбаевдин тобу жок кылынды.

2.М. Садыркулов, С. Слепченконун өлүмүнүн негизги күбөсү О. Осмонов бир илинчеги калбай тиги дүйнөгө кетти.

3.Г. Павлюктун өлүмүнө байланышкан кылмыш ишинин расмий версиясына ылайык КР ГКНБнын кызматкери Алдаяр Исманкулов катардагы кылмышкер, демек, казак атайын кызматынын калкалоосу астында РКнын аймагында бейкапар күн кечирет. Демек, ал өз ишин дагы уланта берет дегендик…

4.Мага болгон кол салууга байланышкан кылмыш иши качан эле жабылып, архивдин таштанды челегине ыргытылган.

5.Сиздердин окурмандар үчүн дагы бир бир сырды ачып коёюн: мага кол салууга катышкан 4 кишинин үчөө эбак коё берилген.

6.Акырында жыйынтыктоочу факт - жогоруда саналган бардык өлүмдөрдүн буюртмачылары эркиндикте ойноп жүрүшөт… өзүнөр жыйынтык чыгарып алсаңар болот. А мен азырынча унчукпай турууну тандадым.

-Демек, Сиз менен али алдыда сүйлөшчү көп сөз бар экен. Рахмат, ачык баарлашканыңызга.

Маектешкен Асылкан ШАЙНАЗАРОВА

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×