Добавить статью
12:42, 25 марта 2011 83191

Шумердин «ме, мээ, неме» сөзү кыргыздардын төл сөзү

Байыркы шумерлер «мэ» - терминин адамдар тигил же бул буюмду алганда же бергенде, кимдир бирөөгө кайрылганда, кээде атын таппай калганда, ошондой эле өз ара мамилелеринде, алардын кыймыл аракетин айтууда, кайрылганда «неме- не – ме, ме» деп айтышаарын тарыхчылар жазышат. Ошол эле кезде дүйнө элдеринин тарыхчылары так талдай албай, ушул күнгө чейин түшүнүксүз маселе катары эсептешет. «Мэ» - деп жазат тарыхчы В.К.Афанасьев - байыркы шумерлердин көз карашында социалдык, этикалык, маданий укуктук, адат-салттардын баары кудай «теңир» тарабынан материалдык субстанция катары чыгармачылык ойлонуу менен жаралган, ошондой эле мындай жаратмандыкты, чыгармачыл аракетти «теңир» адамга тартуулайт же адамдык иш аракети теңирге жакпай калса, анда «мээни теңир» алып коет же өнүктүрөт. Ошол эле учурда бекитип кимдир бирөөгө тартуулайт же башка шаарга алып барат же кимдир бирөөгө жүгүн артып, же (Инаннанын – асман эненин, Иштөр-үйтөр теңири - бул теңирдин формасы боз үйдүн түндүгүн элестеткен, демек, шумерлер биздин бир бутагыбыз болгон, себеби боз үйдүн түндүгү кут белги, төгөрөктүн төрт бурчун элестетет. С.А.Н.) анын аракетиндей болорун» эмгектеринде баса белгилеген. Ал эми «мэ» терминин так мани-маңызынын азыркы күндөда белгисиз тарыхчы С.Н.Крамер «Тарых шумерлерден башталат» деген китебинде жазган. Анткени «мэ» сөзү коом менен адамдын, Адам менен адамдын өз ара мамилелеринде, бири-бирине буюм берүүдө, табияттагы бардык кыймыл аракетти алдын ала пландаштырып, мыйзам-ченемдүү түрдөкөзөмөлгөалып турат. Ал эми байыркы кыргыздарда «мэ» термини, сөзү биздин көз карашта ар бир табияттагы нерселер теңир тарабынан өз-өз орду менен жаралган жана ар бир жердин, таштын, жаныбардын, канаттуунун да, ошондой эле үөдүн да теңир тарабынан жөнөтүлгөн кожоюну («мээси») «ээси» болорун байыркы кыргыз ата-бабаларыбыз айтып келген. Ошондуктан ар бир жердин «мээси-ээси» болорун биз кыргыздар эсибизден чыгарбай жер энеге, ыйык жерлерге сый мамиледе болуп келгенбиз. Маселен: ыйык жерлер болгон Аксы –Атанын (Шаканай тоосу-Манас эпосундагы Чыйырдынын өз аты-Н.С.А.) балдары болуп эсептелген (Аксы району) Баба-Ата, Пача-Ата, Тоскоол-Ата, Шүдүгөр-Ата, Бозбу-Ата, Иман-Ата, Аксуу-Ата сыяктуу жерлердин өзүнүн мээси-ээси бар деген түшүнүк азыр да бар, ошондуктан ушул күндөрдөда элдер бул аймактарга барып сыйынып келишет жана ал жерлерди ыйык жерлер деп эсептешет.

Биздин бабаларыбыз ар дайым адамга теңир акыл-эсти чен өлчөм менен берет, же адамды ар каан теңир карап турат деген түшүнүк бар. Ошондуктан кыргыз элибиз айтат теңир адамды жаратканда өнөрдү, акылды кошо жаратат, кимдир-бирөөгөөнөр, кимдир бирөөгө байлык, башкача айтканда теңир бардык адамдарды тең жараткан деген түшүнүк бардыгын айтышат. Биздин эл байыртан билишкен ар нерсенин тең салмактуулугун «ме, мээ» көзөмөлгөалат дешет. Биз кыргыздар ушул күндөда жана күндөлүк турмушубузда да алыш-бериште да ар дайым «немее, ме, мээ» деген сөздү өтөкөп колдонгон калк болуп эсептелебиз.

Демек, кыргыз элибизде «мэ, неме, ме» - ойлоонун башаты, органы жана башкаруучусу: ошондуктан биздин эл айтат: «аш ээси менен, баш мээси менен» деп байыртан айтып келет. Ал эми табияттагы кубулуштарды байыркы кыргыз аталарыбыз «мээ кайнаган ысык» деп түшүндүргөн, анткени көктөн келген күн теңиринин нурларын ушундайча атап түшүндүргөн. «Мэ» сөзү биз үчүн бардык кыймылдын, жашоонун башаты, булагы катары эсептелинет, бул сөздү кыргызыма шумер кандаштырынан калган төл сөзүбүз болуп саналат. Адамдарга карап неменин, (эгер атын таппай калсак ушундайча айтабыз) мээси жакшы иштейт, буюм берсе да ушул сөздү колдонобуз. Биздин этикалык, маданий чөйрөбүздөкенен колдонулган сөз болуп саналат.

Бул «Ме, мэ, мээ, неме» сөзүн уүул күндөда колдонуп келебиз. Кыргыз элимиде «мэ» термини улам кеңейип, коомдук жана космогониялык, башкача айткандафилософиялык түшүнүктөрүндө, күндөлүк жашоо тиричилигинде «ме, неме» деген терминди кошо колодонуп келишет. Бирөөгөбуюм бергенде да «ме» деп айтабыз. «Мэ» түшүнүгү төмөндөгүдөй маанилерди берет: Мээр-сүйүү, Ак мээр-эненин сүтү, мэ-ал (этиш), ме-неме (за тат.), мээле-майдалоо, мээле-байка, көзөмөлдө, мээлей- кол кап, мээнет-аракет, неменин-адам атын татоодо, мээр чөп- чөптүн аты, мээрим-боор толгоо, мээнет-иш аракет ж. у. сыяктуу сөздөр бар. Мээнеттен- турмуштун оордугун көтөр бил, аракеттен, аракетке-берекет деп айтышат кыргызд элим. Кыргыз элим көп сүйлөсө, эбеп себеби сүйлөгөндөрдү мээси жок экен деп айтышкан. Биздин кыргыздарда «мээ, ээ, эге, неме, неменин» деген сөздөр теңирдин адамы, теңирдин элчиси деген маанилерге эгедер. Бидин эл ар бир жердин, мазардын ээси бар, ал гана немес үйдүн да, кооз жердин да, малдын да ээси бар дешет.

Эң негизгиси «ме, мээ, ээ, неме» бардык кыймылдын жашоонун борбору болу менен акыл-эстин да фундаменти, чындык акыйкат, билим, ал эмикээдетескери формасын да чыр, түшүнбөстүк жана мээни тура пайдаланбагандык, теңирдин акылын мээсин акылсыз жактарга пайдалануу түбү жакшылыктарга алып барбайт деп айтып келишкен.

Биздин элдин философиясында «мэ, ме, неме» шартка жараша, кырдаалга карата жана ааламдын бардык бурчунда кездешет, анткени «мэ, мээ, неме» биздин эл үчүн жердеги теңирдин элчиси катары кызмат өтөйт. Буга мисал катары кыргыз элибиздин акыны Асан кайгынын ырларын жана эгин эккенде ырдалган ырларды эле мисалга алсак болот. Ал эми өз учурунда С.М.Абрамзон айткан кыргыздар күндөлүк тиричилигинде бардык табияттагы кооздуктарга, жерлерди ыйык көрүшүп, ээси, эгеси, мээси бар деп сыйынып келишет деп жазган эмгектеринде.

Натыйжада айтарыбыз шумер-кеңерес кандаштарыбыздын «мэ» сөзүн, азыркы учурда да биз кыргыздар бардык күндөлүк турмушубузда жана сыйынууда теңирдин эң ыйык өкүлү катарында ме, мээ, неме сөзүн жашоо тиричилигибизде колдонулуп келебиз. Ошондуктан биз ушул «ме, мээ, неме» деген сөзүбүздү колдонуубуз менен салтыбыз жогору жана байыркы эл экендигибизди билебиз жана тарыхый эл экендигибизди «ме, неме, мээ» термини аркылуу эле билүү менен биз, ошондой эле, шумерлер Алтай тилинин тилдик үй-бүлөсүнө кошулат. Демек, шумердин «ме, мээ, неме» сөзү биздин төл сөзүбүз жана теңирий түшүнүгүбүз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-06-2011
Атилланын 1600 жылдыгын белгилейли
49034

14-03-2011
Гергесдер (хеттер) - байыркы кыргыздар (фото)
102688

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×