Добавить статью
11:43, 14 апреля 2011 48360

Арабызда жакшылар бар үчүн өткөн каргашалуу окуянын жаралары айыгып, эл ынтымакка келет

Жалал-Абад облусунда 60ка жакын улуттун өкүлдөрү жашап, өз турмушун өткөрүп, коомдун бардык социалдык-экономикалык тармактарында эмгектенип келе жатышат. Акыркы статистикалык маалыматтарга караганда, облуста 1 млн 99 миң калк жашайт. Ошонун ичинен өзбек улутунан 230 миңдей, славяндар 8 миңдин тегерегинде, ал эми түрктөр, уйгурлар, тажиктер - 6 миңден облус аймагында жашап келишет. Облуста 472 билим берүүчү мектеп бар болсо, анын ичинен 348 мектепте окутуу кыргыз тилинде, 11 мектепте орус тилинде, 39 мектепте өзбек тилинде жана 75 мектепте аралаш (кыргыз, орус жана өзбек) тилдерде балдарга билим берилет.

Өткөн жылдагы июнь окуясындагы эки элдин ортосундагы мамилени калыбына келтирүү максатында мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан бир топ иштер аткарылып жатат. Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн төрагасынын орун басары Кубанычбек Кудайбердиев өзүнүн бизге берген кыскача маегинде, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жаатында аткарылып жаткан иштер боюнча токтолуп өттү. Анын айтымына караганда, ассамблеянын облустук бөлүмүндө 8 улуттук диаспора өздөрүнүн иштерин жүргүзүп келишет. Аларды атап кетсек: өзбек маданий коому, славян, тажик, уйгур, немец, татар, түрк, казак диаспоралары.

«Июнь коогалаңынан кийин биз ушул улуттар аралык ынтымакты күчөтүү максатында бир топ иштерди жасадык. Ассамблеяга кирген ар бир диаспора өздөрүнүн этникалык топторунда иштешти. Азыр дале алар өз иштерин улантып жатышат. Диаспоралардын жетекчилери жана мүчөлөрү ар кандай семинар-тренингдерге, конференцияларга катышып, өздөрүнүн билимдерин өркүндөтүштү. Алар жаштарды толлеранттулукка кандай кылып тарбиялоо маселелерин карап жатышат. Жакында эле диаспоранын жетекчилери конференцияга катышып, улуттук стратегиялык принциптер кандай болот, кандай маселелерди чечиш керек? деген суроолордун тегерегинде өздөрүнүн сунуштарын беришти. Азыркы учурда өзбек калкынын арасынан нагыз, чыныгы лидерлерди табууга аракет кылып жатабыз», - дейт К.Кудайбердиев.

Президенттин басма сөз кызматынын ЖМКга берген маалыматтарына караганда, Кыргызстанда этностор аралык ынтымакты бекемдөө максатында президенттин аппаратында этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара байланыштар бөлүмү ачылган. Ал бөлүм тарабынан Кыргызстандын коомун консолидациялоо жана этникалык өнүгүү концепциясы иштелип чыгып, аны талкулоолор жер-жерлерде болуп өттү. Мына ушул концепциянын азыркы учурда өлкөбүз үчүн өтө маанилүү экендигин Роза Отунбаева 30-март күнү Бишкектеги ЕККУ борборунун башчысы Элчи Эндрю Тесорьер менен жолугушууда билдирген болчу. «Биз өлкөбүздө улуттар аралык ынтымак, тынчтык жана тартип өкүм сүрүшү үчүн дагы көп иштерди аткарышыбыз керек. Мамлекетибиздин туруктуу өнүгүшүнүн өбөлгөсү ушунда», - деген өлкө башчысы.

Ошол жолугушууда өлкөдөгү этностор аралык ынтымакты бекемдөө боюнча чараларды жана Кыргызстандын түштүгүндөгү абалды жана конфликттен кийинки калыбына келтирүү маселелерин талкуулашкан. Ал эми өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан иш-чараларга Элчи Кнут Воллебек жогору баа берген. «Концепция өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөнүн иштиктүү механизми болуп калышы керек. Бул документти талкуулоого жарандык коомдун өкүлдөрү да катышкандыгы маанилүү», - деп баса белгилеген К.Воллебек.

Азыр талкууда болуп жаткан «Этникалык өнүгүү концепциясы» боюнча Жалал-Абаддагы «Славян диаспорасы» ассоциациясынын жетекчиси Валерий Улеев өз ой-пикирин жана оң баасын берди. Валерий Сергеевичтен мындан 3-4 жыл мурун интервью алган мезгилде эле, ал улуттар аралык араздашуулар болуп кетпеши үчүн, анын алдын алуу максатында мамлекеттик бир комитет, же институт түзүү керектигин сунуштаган болчу. «Улуттар аралык ынтымакты бекемдөө - бул мамлекеттин иши. Ошол себептен «Этникалык өнүгүү концепциясынын» иштелип жатканы кубанычтуу жагдай деп атоого болот. Бул концепция ар бир Кыргызстанда жашаган этностук топтор бул өлкөдө коркуп-үркпөстөн бейкапар өздөрүнүн жашоосун улантып кетүүгө өбөлгө түзөт. Мен бул сунушту мындан үч-беш жыл мурун эле айтып келген болчум. Ошондуктан, бул демилге төмөнтөн чыкты. Биз качан гана бактысыздык болушун, каргашалуу окуянын келип чыгышын күтүп отурбастан, алдын ала аракет жасашыбыз керек», - деди В.Улеев.

«Славян диаспорасы» Ассоциациясынын жетекчисинин айтымында, алар улуттар аралык ынтымакты бекемдөө процесстерине активдүү катышууга өздөрү кызыктар болуп келишет. Буга бир гана улуттук лидерлердин саясий эрки керектигин белгилейт В.Улеев. «Ушул концепция турмушка ашып кетишин каалайбыз. Концепция кабыл алынып калса, анда бир катар мыйзамдык актыларга, Кодекстерге өзгөртүүлөр кириши керек. Улуттар аралык араздашуулар токтоп, бир улутту экинчи улуттун өкүлү басмырлоо деген болбойт», - деди ал.

Акыркы мезгилдерде Ассоциацияга кайрылгандардын саны арбып бара жатат. Аталган уюм сланвян улутундагы өкүлдөргө укуктук жактан кеңеш беришет. Өткөн жылы 515 адам жардам сурап кайрылса, быйылкы жылы үч айда эле 112 адам жардам сурап, каттоо журналынан өткөн. Март айында кайрылган 42 адамдын 19у Россиянын жарандары болгон. Жардам сурап кайрылгандардын 20сы орус, төртөө татар, бешөө кыргыз, 11 өзбек, бир курд, бир химшел болгон. «Былтыркы жылы июнь коогалаңында эки славян улутундагы адамдын үйү күйүп кеткен болчу. Анын бирөөнө 40 миң сомдук жардам көрсөттүк. Экинчисине жардамдашууга каражатыбыз жеткен жок», - дейт В.Улеев.

«Мындан ары улуттар аралык мамилени күчөтүү үчүн биринчи ишти үй-бүлөдөн, бала бакча, мектептен баштоо жагын айтып жататбыз», - деген оюн Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн төрагасынын орун басары К.Кудайбердиев билдирди. Анын пикирине караганда, балдарды жаш кезинен эле интернационалдык духта толеранттуулакка тарбиялоо керек. Кыргыз менен өзбектер чогуу жашаган жерлерде өзүнчө мектеп ачпастан, баары бир мектепте окушу керек. Ошондо алар бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, жаш кезинен эле майда барат жаңжалдар жоголот. «КР билим берүү жана илим министрлиги кыргыз, өзбек мектептерин өз-өзүнчө кылып бөлбөстөн, аларды бириктириш керек. Себеби, алар бир айылда коңшу-колоң болуп бирге жашап жатышат. Аларды кыргыз-өзбек деп бөлүп, эки башка мектептерде окутуунун кажети жок. Бул эң стратегиялык маселе болуп саналат», - деди К.Кудайбердиев.

Ал эми Жалал-Абад шаардык «Янги аср» өзбек коомунун төрагасынын милдетин аткаруучу Махамадсалы Мадаминовдун пикирине караганда, эки элдин араздашуусуна кээ бир алысты көрө билбеген саясатчылар гана күнөөлүү. Алар өздөрүнүн туура эмес саясий иш аракеттери менен, карапайым эки элди жабырланууга алып келишти. Эми ушул дини, базары, мазары бир эки элдин мурдагы мамилесин калыбына келтирүү үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. «Карапайым эки элге мындай уруштардын кереги жок. Азыр эл арасында ар кандай ушактарга, беймаани сөздөргө, айрым саясатчылардын провокациялык билдирүүлөрүнө кулак салбагыла деп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Эки элдин арасында жакшылар бар үчүн, бул жара айыгат», - деди М.Мадаминов.

Ошондой эле, «Янги аср» өзбек коомунун төрагасы М.Маддаминовдун: «Кыргызстанда армияга өзбек улутундагы балдарды атайлап эле албай жатышат», - деген дооматын текшерүү үчүн Жалал-Абад шаардык аскер комиссариатына кайрылсак, ал жерде шаардык аскер комиссарынын орун басары, подполковник Юлдашбай Мамасаидов бул туура эмес маалымат экендигин билдирип, өзүнүн улуту өзбек экенин айтты. Кыргыз армиясына кабыл алууда улутка карап тандабайт. Армияга жашы жеткен балдардын ден соолугу чың болуп, жалпы орто билимге ээ болсо, аны сөзсүз түрдө армияга улутуна карабай алышат. «Көбүнчө өзбек жаштары мектепти бүтөөрү менен Россияга иштегени кетип калышып, алардын ата-энелери аргасыздан балдарын келишимдик негизде алтернативалуу кызматка өткөрүп коюп жатышат. Бул боюнча биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жататбыз. Бирок, майнап чыкпай жатат», - деди подполковник Ю.Мамасаидов.

Улуттар аралык коогалаңдын болгонуна 10 айдан ашык убакыт өттү. Мына ушул аралык ичинде мамлекеттик жана Эл аралык уюмдар тарабынан көптөгөн иштер жасалды. Мындан ары ушундай каргашалуу окуялар кайталанбашы үчүн Кыргызстанда жашаган бардык элдер ынтымактуу болуп, бири-бирибизди сыйлай билсек, жакшылардын сөздөрүн угуп, бири-бирибизге чыдамдуу болсок, ырыскыбыз ашып, байлыгыбыз ташып, элибиз бай турмушта жашап, мамлекетибиз гүлдөмөк.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

14-05-2013
Жалал-Абадда КР өкмөтүнүн №134 токтому ишке ашпай жатканына нааразы болушууда
253260

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×