Добавить статью
5:09, 7 мая 2011 60000

Кыргыз экономикасынын Конституциясы же ѳнүгүүгѳ шарт

2008-2009-жылдардагы глобалдуу кризистен кийин дүйнѳлүк экономикада калыбына келүү процесси акырындан башталганына карабастан, Кыргызстанда ѳлкѳ экономикасынын бир топ тармактарына таасир берүүчү коркунучтар күндѳн-күнгѳ ѳсүүнүн үстүндѳ. Мындай татаал шартта ѳлкѳ экономикасынын негизги приоритеттери катары чет элдик түз инвестиция тартуу, ата мекендик ѳндүруштү ѳнүктүрүү, агрардык секторго колдоо кѳрсѳтүү экендиги талашсыз. Ал эми экономиканы кризистен чыгаруу үчүн инвестиция процесстерин түп тамырынан ѳзгѳртүү жана анын кѳлѳмүн кѳбѳйтүү, инвестициялык мыйзам актыларын жакшыртуу, эң негизгиси жаны экономикалык концепция жана аны ѳнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу керек.

Кыргызстан ѳзүнүн 20 жылдык эгемендүүлүк тарыхында мыйзамдык мүчүлүштүктѳр менен бирге кесипкѳй адистердин жана башкаруучулардын танкыстыгынын азабынан ѳнугуу жолуна тушѳалбай келет. Ошону менен бирге, кризистен чыгуу үчүн чечкиндүү кадам жасоого саясый эрк менен таасирдүү стратегиянын жоктугу да буга себеп.

Тилекке каршы, жаңы түзүлгѳн. Ѳкмѳт да кесипкѳй адистери жана конкреттүү антикризистик программасынын жоктугу менен ѳзүнѳ чейинкилерден айырмалана алган жок. Анан жыйынтыгы айланып келип эле ѳлкѳдѳ инфляциянын денгээлинин ѳсүшүнѳ такалууда. Кыргызстан 2011-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен инфляциянын ѳлчѳмү 6,4 % түзүп, КМШ ѳлкѳлѳр ичинде 1-орунга чыкты. Ага кошумча 21 млрд. ѳлчѳмүндѳгү бюджет таңкыстыгы ИДПнын дээрлик 9 %ын түзѳѳрүн, бул таңкыстыктын 73%ы тышкы донорлордун эсебинен жабылаарын эске алсак, экономикалык ѳсүш туурасында кеп кылуунун ѳзү бекер экенине ынанууга болот. Акыркы маалыматтарга ылайык, ѳлкѳ бюджетинин 1-кварталынын аткарылышы киреше бѳлүгү 92,4%, чыгаша бѳлүгү 82,8%ды түзгѳн.

Кыргызстанда бүгүнкү күнгѳ чейинки Президенттин буйруктарын, ЖКнын токтомдорун кошкондо 2 миңден ашуун мыйзам, 33 миңден ашуун нормативдик-укуктук актылар кабыл алынганына карабай, иш жүзүндѳ мунун баары эффективдүүлүгүн жоготкон эскирген документ болуп чыгууда. Албетте, мындай абал токтоосуз ѳзгѳрүүлѳргѳ муктаж экени талашсыз. Ушуга байланыштуу, Жогорку Кеңештин басма сѳз кызматы билдиргендей, ЖКнын Бюджет жана каржы комитетинин председатели Акылбек Жапаров тарабынан «МОБИЛ» (Экономиканы Модернизациялоо; Оптимизациялаштыруу; Бюджеттин эффективдүүлүгү; Инвестициялар жана инновациялар; экономиканы Либералдаштыруу) деп аталган экономикалык реформалар Программасы жана мыйзамдарды ѳркүндѳтүү Концепциясы иштелип чыкты.

Бул документтин авторунун пикиринде, «МОБИЛ» экономикалык реформалар Программасы жана мыйзамдарды ѳркүндѳтүү Концепциясы экономиканы ѳнүктүрүү үчүн мыйзамдык негиздерди жана укуктук базаны бекемдѳѳ жана эффективдүүлүгүн кѳтѳрүү максатында даярдалган. «МОБИЛ» экономикалык реформалар Программасы Кыргызстандын учурдагы байлыктарын жана ресурстарын туура пайдалануунун жолдоруна, анын абалына анализ жасайт жана ѳлкѳ экономикасын кризистен чыгаруунун программаларын, долбоорлорун сунуш кылат. Иштелип чыккан бул документке кыскача түшүндүрмѳ берчү болсок, Концепциянын нормаларынын аткарылышы менен Кыргызстан тѳмѳндѳгүдѳй ийгиликтерге жетише алат:

Модернизация: 2-3 жылдын ичинде ата мекендик ѳндурүшчүлѳрдүн товарларынын экспортунун реалдуу ѳсүшү 70%га жетет, демек, 2 млрд. АКШ долларынан ашат; Айыл-чарбасынын жана энергетика тармагында техникалык кайра жабдуу менен ѳндүруш эффективдүүлүгүн 4 жыл ичинде 2,5-3 эсеге ѳстүрүү; Мамлекеттин менчиктерди туура башкаруудан бюджетке түшүүчү кирешени 1 жылда 5 эсеге, 5 жылда 30 эсеге кѳбѳйтүү, б.а. 150 млн. АКШ долларына жетет; «Кыргызстанда эгер жѳнѳкѳй керектѳѳчү электр энергиясын айына 220 кВтка чейин сарптаса 1 кВт электроэнергиянын баасы 50 тыйындан ашпашы керек. Эгер андан ашса, 70 тыйындан тѳлѳшү керек. Ѳндүрүш ишканалары жана кен казуучу компаниялар учүн электр энергиянын баасы базар баасында болушу керек» деп түшүндүрѳт муну Акылбек Жапаров.

Оптимизация: Мамлекеттик бийлик менен бюджетти децентрализациялоо-->Каржылык ѳз алдынчалык жана аймактарды ѳнүктүрүү-->Саясый туруктуулук-->Мамлекеттик ишканалардагы коррупциянын денгээлин 3 жыл ичинде 2,5 эсеге тѳмѳндѳтүү, б.а. Transperency Internationalдын рейтингиндеги абалды жогорулатуу же 162-орундан 50-орунга чыгуу; Мамлекеттик башкаруу системасынын сапатын жакшыртуу, мамлекеттик кызматкерлердин санын 30%га кыскартуу жана алардын кесипкѳйлүгүн 3 жыл ичинде 1,5 эсеге жогорулатуу.

Бюджет: Бюджеттин чыгаша бѳлүгүн интенсивдүү түрдѳ кыскартуу; Бюджет процессинин айкындуулугун Budget Transparaency эл аралык баа берүүсундѳгү деңгээлин жогорулатуу; Бюджеттин киреше бѳлүгүн 4 жыл ичинде 2 эсеге кѳтѳрүү б.а. 3 млрд. АКШ долларынан ашыруу; Киреше табуунун жаны мүмкүнчүлүктѳрүн издеп табуу.

Инвестиции и инновации: Тышкы түз инвестициянын кѳлѳмүн 3 жыл ичинде 40%га кѳтѳрүү; 2 жыл ичинде ѳлкѳдѳгү кѳмүскѳ экономиканын ѳлчѳмүн 2 эсеге тѳмѳндѳтүү; Каржы рыногун активдештирүү, карыздын жаны куралдарын колдонуу.

Либерилазация: 2,5 жыл ичинде орто жана чакан бизнес ишканаларынын айлануудагы кѳлѳмүн 150%га ѳстүрүү .б.а. 3 жыл ичинде 4,5 млрд. АКШ долларына жеткируу; Туристтик сектордогу кирешенин деңгээлин 200%га жогорулатуу; 3 жыл ичинде эл аралык соода кѳлѳмүн 1,5 эсеге кѳтѳрүү б.а. 7 млрд. АКШ долларына жеткирүү; 1 жыл ичинде орточо эмгек акынын кѳлѳмүн 50 %га жогорулатуу.

Бул документ парламенттеги 5 фракцияга, премьер-министр Алмазбек Атамбаевге жѳнѳтүлгѳн.

Концепциянын авторунун пикиринде, «МОБИЛ» Программасын ишке ашыруу менен Реформалар департаменти деп аталган атайын орган иш алып баруусу керек. Ал мамлекеттик ишканаларды башкаруу үчүн жаңы менеджерлерди жалдоо керек деген пикирде. «Мамлекеттик ишканалар директорго эмес, бюджетке киреше алып келүүсү керек. Мисалы «Кыргызтелекомду» алалы. 2010-жылдын жыйынтыгы менен алар 40 млн. сом салык тѳлѳгѳн. Бул 1 млн. долларга да жетпейт. Ошол эле мезгилде MegaCom 30 млн. доллар салык тѳлѳп, 50 млн. доллар киреше табышкан. «Кыргызтелекомдун» жылдык кирешеси 2,8 млрд. сомду, чыгашасы 2,7 млрд .сомду түзѳт. Бул деген ишкананын рентабелдүү эместигинен кабар берет. Башкача айтканда, акча бюджетке эмес, ошол жерде отургандардын же болбосо сыртка качып кеткендердин чѳнтѳгүнѳ түшүп жатат дегендик. Эгерде «Кыргызтелекомго» жаңы менеджерлерди киргизсек, ишкананын баасы 1 млрд. долларга чыгарына ишенем» дейт Акылбек Жапаров.

Кыргызстанда билимдүү, эрктүү жана күчтүү мүнѳзгѳ ээ жаңы реформаторлор элитасы жетиштүү. Ал эми азыркы бийлик курамындагы аткаминерлерлер армиясы заманбап менеджмент тууралуу билими жетишсиз. Эң башкысы алардын кѳпчүлүгүндѳ жаңы замандын лидерине зарыл болгон ар намыс, темирдей бекем эрк жок. Бул болсо ѳз кезегинде Кыргызстандын экономикасын ѳнүктүрүүдѳ ийгиликтерге жетүү үчүн эң негизги тоскоолдук экендиги түшүнүктүү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

01-03-2011
Кыргызстан: Финансисттердин зирек баасыбы же эртеңки көбүртүлгөн бюджетпи?
129935

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×