Добавить статью
10:23, 21 мая 2011 51715

Кызыл туу Манас бабабыздын туусу, же болбосо, кандын (башкы командачынын) туусу

Урматтуу Акматбек Келдибеков!

Акыркы убакта Кыргыз мамлекетинин борбору Бишкектин атын, КРнын Туусун, Гербин жана Гимнин өзгөртүү тууралуу маселени, кээ бир Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары көтөрүп жаткандыгына байланыштуу, мен дагы өзүмдүн оюмду кыргыз элиме жана сизге жеткирип коюуну туура көрдүм.

Акыркы 20 жыл ичинде биз, Кыргыз Эли, көптөгөн кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Тексиз президенттерибиздин айынан аягы келип 90го жакын кырчындай жаш балдарыбыздын каны төгүлүп жатып, мына бүгүнкүакыбалга келип, ар кандай башка мамлекеттердин көзүн карап, жалдырап олтурабыз. Кээ бир тексиз атка минерлерибиз али да болсо Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыктарын сатышып, өз көмөчтөрүнө күл тартышып, далбастап жаткан убактары. Эми муну бир айтасыңбы, же миң айтасыңбы айла жок. Бузукуларды бул жалгандан өтүп кеткен кырчындай жаш балдарыбыздын арбактары урсун дегенден башка сөз жокко деп ойлойм.

Эми мен Кыргыз мамлекетинин Туусу тууралуу оюмду силер менен бөлүшөйүн. 7-апрелге чейин мен да тарыхый булактарга таянып, туунун түсү көк болсо дурус болот беле дечү элем, себеби көк деген көк асмандын элеси, чексиз мейкиндик, Көкө Теңир ж.б.у.с. Бирок Манас эпосубузда, “Көк асаба, кызыл туу, айгайлаган ызы чуу” - деп Манас бабабыздын туусу кызыл деп айтылып жатпайбы. Көк асаба деген кыргыз элинин дүйнө таанымы, же болбосо мамлекеттик мааниде жетекчинин-башчынын (президенттин) штандарты, ал эми кызыл туу Манас бабабыздын туусу, же болбосо кандын (башкы командачынын) туусу. Болгондо кызыл туудагы бети тордолгон биштешкенин же күйүп турган жалындын элестеринин ордуна тарыхый биздин заманга чейинки 3000 ж. илгери бабаларыбыз колдонгон, өзүбүздүн дүйнө таанымыбыз Теңирчиликтин белгиси, боз үйдүн түндүгү, ортосунда күн, күндөн төрт жакка кеткен күндүн нуру болуш керек.

Азыркы кызыл туунун бетиндеги күндүн бети, түндүктөн көрүнүп турса, жалындары көрүнбөш керек, себеби жалындын бетин кийиз жаап турат да. Ушул жерден да көрүнүп турбайбы азыркы тууну тарткандардын калпыстыктары.

V кылымда Атилла (Адыл) хан бабабыз башында турган Гунн (Күн) элдери, батыш Рим империясын талкалап, бүтүндөй Европа элдерин багындырып алган. Бул тарыхый чындык, 452-жылы Атилла бабабыз баштаган аскерди, Рим элинин диний башчысы (жрец) Леон 1 тизесин бүгүп, колуна өйдөңкүсүрөттөгүТеңирчиликтин белгисин (боз үйдүн түндүгү, түндүктүн ортосунда күн, күндөн төрт жакка кеткен 4 күндүн нуру ) алып, биз Теңирчилике кирдик деп жан соолагандан кийин, Атилла бабабыз Римди талкалоону токтоткон. Хрестиан (крест) же теңирчиликтин белгиси дегенди билдирет.

Кызыл туунун элеси биз үчүн ыйык, себеби кыргыз элинин келечеги үчүн өтүп кеткен ата-бабаларыбыздын, жакында өтүп кеткен жаштарыбыздын каны. 7-апрелде жаштарыбыз колдоруна кызыл желек кармашып, өз өмүрлөрүн келечек үчүн кыйышты го. Баатырларды узатуу аземинде да, кызыл желекти үстүлөрүнө жаап узаттык го. Көк асабанын (штандарттын), кызыл туунун аса таяктары кийиле турган жагына кыргыздын 40 уруусун чагылдырган, 40 мүйүздүкөрсөтүп коюуну сунуштаймын. Бул сайманын негизи кыргыздын илгерки тарыхынан алынды (Кузьминанын эмгектери).

Ал эми гербибиз тууралуу айта турган болсом, бул жерде да мүчүлүштүктөр кетиптир. Негизинен гербибиздин маанисин калтырганыбыз туура эле болот, болгондо гербибиздеги жети санды сап кармаган тоону, куштун канатын, толкунду жетиден тартып койгонубуз чекилик болуптур. Себеби жети деген сан, жети катар жердин асты-караңгылык, өлүм деген Теңирчилик дүйнө таанымынын көз карашын түшүндүрөт экен. Биз бул сандарды Теңирчилик дүйнө таанымыбыздагы 9 деген ыйыктык менен алмаштыруубуз керек. Кыргыздын дүйнө таанымы Теңирчиликте 4,9,40 деген сандар жашоо менен байланышкан 3,7 деген сандар өлүм менен байланышкан ыйык сандарынан болушат. Мисал келтирип кетейин: Манас эпосубузда 3,4,7,9 жана 40 деген сандардын ыйыктыгы тууралуу көп жерлеринде айтылат. Бул Теңирчиликтин ыйык сандары. үч деген, биздин эң байыркы бабаларыбыз: Скифдер-Гунн (Күн) элдери ”дүйнө үч катмардан турат” деп ишенген. Эң жогоркусу – Көк(Асман) же Жарыкчылык, Ортоңкусу - Жер-суу же Тиричилик, Төмөнкүсү- Жер асты же Караңгылык. Бүт дүйнөнү(аалам, космос) жаратуучу Көкө Теңири так ошол “эң жогорку” дүйнөгө тиешелүүболгон да, ал “тогуз катар асмандын үстүндө” турган.(О.А) үч күн өлүктүузатуу аземи (үчүлүк берүү). Бул жарыкчылыктан, тиричиликтен караңгылыка кетүү.

Төрт деген кыргызда: «Атабыз - күндүн нуру, энебиз - жер, каныбыз -суу, жаныбыз - аба дейт, мына ушул төртөөнүн бирөөсүжок болсо жашоо болбойт да, төрт тарабың тең (телегейиң тегиз), төрт тарабың кыбыла, күндүн нуру төрт жакка да тең тиет: жан-жаныбарларга да, жаратылышка да. Теңирчиликтин белгиси, боз үйдүн түндүгү. Жети деген: жети катар жердин эгеси Жерлик жети кан. Жер-Эне өлүм. Жети атаны билүү, жети атадан кийин гана үйлөнүү. өлүккө жетилик берүүаземи бул жети малды курмандыкка чалып, жердин жети эгесине (кандыгына) арноо. Байыркы кыргыздар ”өлүк жаткан үйдүат менен жети айланган да, боз үйдүн оозуна келип аттан түшүп. (аялдары) беттерин тытып, жалпы баары өкүргөн. Муну алар жети жолу кайталаган.

Тогуз деген - тогуз ыйыктыкка сыйынуу: Көкө Теңирге, Умай энеге, Күнгө, Айга, Жылдыздарга, Жерге, Сууга, Тоого, Кан (Согуш).Тогуз кабат асман (күнгө чейин тогуз абанын катмары), Тогуз тогоол: Бир жылда 9 жылдыз,(тогуз планета) 9 жолу тогошкону (бир сызыкта болгону) тогуз тогоол экен, ошондо аба ырайы өзгөрүлөт экен. Бул Жылдыздар (планеталар): Чычкылуу (Меркурий), үркөр (жети жылдыз), Кызыл Чолпон (Марс), Каракүч эже Эшек кырган (Юпитер), Сары (Сатурн), Сары Чолпон (Венера), Ай, Күн жана Жер экен. Эне баланы курсагында 9 ай көтөрөт. Тогуз коргоол. Тогуз кумалак. Тогуз тартуу. Тогуз толгонуу. Тогуз жолдун тоому. Тогуз токоч. Тогуз табак, Тогуз кат. Тогуз карын. Тогуз жашта кудалашуу, Тогуз тентектикти кечирүү, Тогуз балбан күрөшү, Тогуз баштуу ажыдаар (О.А).

Азыркы кытай (ханцзуулар, манжулар)азыркы убакка чейин эле ажыдаарларга сыйынуу аземдерин колдонуп жүрүшөт, көрсө биздин “Теңирчиликтеги” тогуз ыйыктыкка сыйынган түпкүбабаларыбызга, тогуз ажыдаар дешип сыйынышат экен да.

Кырк (40) деген сандын кыргызда ыйык экендиги жөн эместиги тууралуу азын-оолак жазып кетейин: Кыргыз кырк уруудан экендиги, кырк кыз, кырк жигит куруу, кырк аяк, кырк аш, кырк жылкы, кырк кырдуу, кырк муун, кырк челпек, кырк чилтен, кырк шам жагуу. Биздин, кыргыз элинин, көпчүлүк салттары жанагы кырк уруулуу элдин атынан жүргөн. Чоң жакшылык болгондо кырк күндөп аш-той берүү, келин алганда кырк күндөп кыз оюн уюштуруу (той). Кан такка отурганда да кырк жылкы союп той берген, бул той да кырк күнгө созулган, кырк очок казылып кырк казан асылган.

Гербибиздеги кыялданган жети тоонун ордуна, жаратылышта бар Кан-Теңири жана Манас бабабыздын тоосунун элестерин, кыргыздын кырк уруусун чагылдырган - күндүн кырк шооласын көрсөтүп койдум.

Ал эми Гимнибиз тууралуу айта турган болсом, бизге европалыктарды туураган оркестр коштоосундагы Гимндин кереги жок. Биздин өзүбүздүн комузубуздун коштоосундагы Гимнди киргизүүбүз зарыл. Менин сунушум, Карамолдо атабыздын “Көкөй кести” күүсүменен баштап,аягында элдик “Жеңиш” күүсүменен шаңдуу аяктаган Гимнди ойноо керек. Ошол “Көкөй кести”күүсүойнолуп жатканда, диктор күңгүрөнгөн үнүменен жараткан Көкө Теңирге, жаратылыштын касиеттерине, арбактарга кайрылууларды айтып, ар бирибиздин көкүрөктө уюп турган ыйык антыбызды кошо айта кетсе куп жарашып калмак. Комуз күүсүне деген керемет!

Ал эми Кыргыз мамлекетибиздин борборун Манас деп атоого мен кошулам. Себеби биз Манастын урпактарыбыз, Манас биздин сыймыгыбыз, Кыргыз десе Манасты билет, Манас десе кыргызды билет.

Манас бабабыздын ысымы көп дүйнөдөгүжерлерге берилгендиги негизделди, алар: 1)Манаслу (Манас улуу) - Гималайда өтө зор бийик тоо. Жер бетиндеги эң бийик тоолордун катарына кирет. Бийиктиги - 8128 м. Непалдыктар ыйык деп сыйынышат. 2) Манас - Индиянын түндүк-чыгышы менен Бутанды басып өткөн дарыя, узундугу 400 чакырым. 3) Манас - Тибеттин түштүк батышында Гималай тоо кыркаларынын түндүк этегиндеги көл. Көл деңиз деңгээлинен 4557 м., бийиктикте жатат. Аянты 500 чарчы км чамасында. Тибеттиктер ыйык деп сыйынышат. 4) Манас – Индиядагы улуттук парк жана ага чектеш Бутан өлкөсүндөгүкорук, парктын аянты 8000 га., коруктун аянты 42 га. 5) Манас -Кытайдын батышындагы дарыя. Узундугу 402 чакырым, Манас көлүнө куят. 6) Манас - Дагестанды аралап өткөн дарыя - Каспий деңизине куят. Манас, Манаскент, Манасмахи, Манасавлан, Манасматаб деген шаарлар, жерлер Манас - өзөнүнүн боюнда жайгашкан. 7) Манас - өзүбекстандын Самаркан жана Сурхан дарыя облустарында жайгашкан канал. Б.з.ч. биринчи миң жылдыкта курулган. 300 чакырымга созулат, секундасына 45 м3 суу агат. 8) Алтайда Кыргыз, Манас көлдөрү ыйык деп алигиче сыйынышат. Айткылачы,кайсы элдин түпкүбабасынын ысымы ушунча улуу жерлердин аталышында сакталып турат дагы??

Мына ушундай тарыхый маалыматтардын негизинде мен Кыргыз мамлекетинин Көк асабасын (штандартын), Кызыл туусун жана гербин сунуштайм.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×