Добавить статью
6:37, 24 мая 2011 200820

Максат Орусияда деле кыргызстандыктарга кызмат кылган

- Сиз жолдошуңуз Максатбек Беккелдиевич менен кантип таанышып, баш кошуп калдыңыздар эле?

-Максат 1989-жылы май айында Советтик Армиянын катарында өтөп, билимин жогорулатуу үчүн Ленинград шаарындагы химико-технологиялык институтуна тапшырат. Ошол жылы мен да Киров атындагы жеңил-өнөр жай институтуна тапшыргам. Экөөбүз ошондо таанышып, биринчи курсту аяктап, 1990-жылы август айында баш кошконбуз. Экөөбүз таанышкан күндөн баштап эле Максат мени тез-тез кино, театр, концерттерге чакырып, анан колумду сураган. Үч жыл армияда болуп, андан кийин окуйм деп алыскы Ленинград шаарына кетип, үй-бүлөсүнөн көпкө алыстап, үй-бүлөлүк жылуулукту кааладыбы, негедир сага үйлөнөм деген сөзүнөн кайтпады. 1990-жылы 1-курсту бүтүп, июнь айында Кыргызстанга каникулга келгенбиз. Ата-энеси менен менин ата-энемдин астына куда түшүп барышып, ата-энемдин макулдугу менен алдынан алып кетишти. Ачыгы, студенттик турмушта кыйынчылыктар болду. Максат турмуштун түйшүгү башына эрте түшүп жатканын сезип окуп да, иштеп да жатты. Институттан колледжге которулуп, окуудан сырткары сүт комбинатында иштечү. 1994-жылы окууну ийгиликтүү аяктап, Жалал-Абадга кайра келип, 1997-жылга чейин шаарга караштуу «Токулбаган кездемелер» фабрикасына караган үйлөрдө комендант болуп иштеген. Андан кийин 1997-жылдан 1999-жылга чейин токой чарбасында иштеди. Кийин Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетин сырттан бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон. 2000-жылдын апрель айында башка кыргыз атуулдары сыяктуу эле мигрант катары Санк-Петербург шаарына кеттик. Он жыл мурун Ленинград шаарына студент болуп билим алганы барсак, бул жолу жумуш издеп, мигрант катары бардык. Союз таркагандан кийин көптөгөн завод-фабрикалар жоюлуп, бизге окшогон миңдеген улан-кыздардын окуган билими, алган кесиби текке кетти деп ойлойм. Кесибим боюнча иштебесем да, Санк-Петербург шаарында билим алып, жашап келгениме өкүнбөйм, себеби учурдагы заман биз кичинекей кезибизди элестеткен заман эмес, башка заман болуп атат. Азыркы күндө Кыргызстандын тагдыры ар бир кыргыз атуулунун алаканында, ар бир бактылуу үй-бүлө өсүп жаткан өлкөнү түзөт. Андыктан ар бир кыргызстандык атуулдарга айткым келет - ынтымак, биримдик, жакшы нерселерди ар бирибиз өзүбүздөн издешибиз керек. Өзүбүзгө «Мен Кыргызстан үчүн эмне кылдым?» деген суроо берип, жооп беришибиз керек. Алдыда бүткүл Кыргызстан күтүп турган президенттик шайлоо жогорку деңгээлде өткөрүлсө, элди дүрбөтүп, концерттерди уюштуруп, акча таркатып, талапкерлер ар кандай колунан келбеген убадаларды берип, элдин башын айлантпаса, эл мындай шайлоолордон тажап, түшүнүп деле калышты деп ойлойм.

- Жубайыңыз Максатбек Беккелдиевичти Орусиянын да жараны болгон деп айыптап жатышат. Дегеле Орусияга кандай максат менен баргансыздар? Ал жакта жашап, ал жактан кандай таасир алдыңыздар? М.Женбековдун Россиядагы турмушун Кыргызстанда жакшы биле беришбейт, айтып берсеңиз?

- Деги биз кызык элбиз, Максат экөөбүз Орусиянын жараны бололу, ошол мамлекетке кызмат кылалы деп барган жокпуз да. Максат экөөбүз ал жакта кара курсагыбызды тойгузуп, кара жаныбызды эле багып жүргөн жокпуз. Бул жактан кыйналып жакшы жашоо үчүн үмүт менен барган жердештерибизди, мекендештерибизди колдоп жүрдүк. Кыргыздын патриоту болуш үчүн сөзсүз эле Кыргызстандын жараны болуп, ар кимди сындай бериш керек эмес. Жакшы турмуш, жашоо иш издеп тентип барган миллиондогон кыргызстандыктардын тагдыры үчүн күйгөн адам үчүн анын жарандыгы эмес, кылган иши маанилүү болуш керек го! Ырас, Санкт-Петербург - биздин үй-бүлөнүн экинчи мекени жана сүйгөн шаары. Он жыл ошол жакта чоңоюп, билим алып жаткан балдарыбыз үчүн Жалал-Абадга келип, жашап калуу оңой болбоду. «Апа, мен бул жерде жашап атсам да, ар дайым ички дүйнөм Питерде жашайт, себеби көбүнчө ошол жактагы мектебимди, мугалимдеримди, досторумду эстей беремин», - дейт чоң уулум. «Апа, жаңы автобуска түшсөм Питерде жүргөндөй болом, ошон үчүн мени машина менен алып кетпегиле», - дейт кичинекей кызым. Балдардын ар түрдүү сөздөрүнө жүрөк тызылдайт, көнгөн жеринен которуу балдар үчүн оңой эмес, бирок Максаттын «элим» деген патриоттуулугу жана Кыргызстандагы абал көбүрөөк ойлонтуп, аз болсо да мамлекетимдин келечеги үчүн салымыбызды кошсок дейт. Кыргызстандын башына иш түшүп турган үчүн элиме кызмат кылам деп келгени үчүн күнөөлөшүн мен түшүнгөн жокмун. Же башкаларга окшоп кыйраткан бизнеси болбосо. Адамдын адамдыгы башка түшкөн кыйынчылыкта билинет. Ал эми Максат ошол кыйынчылыкта калган мекендештери үчүн кызмат кылган. Кыргызстандын жараны болуп эл башкаргандар канча адамдардын убалына калып, башка өлкөлөрдө качып жүрбөйбү!.

-М.Беккелдиевич Орусиядагы кыргыздардын укугун коргоду деп жатасыз? Кантип?

-Биз Питерге барган 2000-жылдары кыргыз жердештерибиз Орусия өлкөсүнө жумуш издеп суудай агып бара баштаган убак эле. Баргандарды эч бир документсиз жумуштарга алып, айлап, жылдап иштетип, эптеп курсагын тойгузуп, айлык акыларын бербей жолго салгандардын саны көбөйгөн. Максаттын да айлап курулушта иштеп «айлыгыңарды курулуш бүткөндө аласыңар» деген убадаларына ишенип, курулуш ээлерине бекер иштеп берген күндөрү да болгон. Үч баланын атасы үй-бүлө багыш керекпи же укугу жок бекер иштеп жүрүшү керекпи? Мага окшогон кыргыздар толтура экен деп, ичи ачышып жүрдү. Орус тилин билбей өз укугун коргой албагандар, жумуш жол эрежесин билбегендиктен бийик курулуштардан түшүп кеткен жана поезддин жана автомобилдердин алдында калып кеткендер көбөйгөн. Максат ошол мигранттардын укугун коргоо боюнча көп иш-аракеттерди жасады. Анын Санкт-Петербургда жана Ленинград областында мигранттардын эмгек укуктарын коргоодо салымы чоң. Көп жылдан бери даректери жок болгон бир топ жети-өгүздүк туугандардын ата-энелери депутаттарга кайрылып, Максатка да чыгып жардам берүүсүн суранышкан. Ал ар тараптагы курулуш ишканалардан сураштырып, изине түшсө, аларды бирөө эч жакка чыгарбай иштетип жүргөнүн билип, укук коргоо органдарына кайрылып, омондор менен барып чыгарып келишкен. Туткундан чыккандай сүйүнгөн туугандар туура эле Кыргызстанга кетишти. Алардын ата-энелери сүйүнүшүп, Максатка телефон чалышып, ыраазычылык билдирип жүрүштү. Ошону менен бирге Жети-Өгүз районунун акимчилиги ыраазычылык катын да жиберишкен.

Көптөгөн кылмыш иштеринин бети ачылып, кыргыз атуулдарын өлтүрүп кеткен адамдардын өз жазаларын алуусунда да Максаттын түздөн-түз байланышы жана жардамы бар десе болот. Пушкин шаарчасында жашап, эмгектенип жүргөн ата-бала күндөгүдөй жумуштан кайтып, атасы үйүнө, а баласы 500 рублге тамак-аш алып келе коём деп үйүнө кайтпайт. Караңгы кирип калгандыктан атасы эмне кылаарын билбей, кыргыздарга Максат деген жардам берчү деп, телефон чалып «жардам бер» деп суранат. Бөтөн эл, бөтөн жерде көптөрү орус тилин билбесе, азыр бар эле турган баласы заматта жоголуп кетсе, кимге бараарын билбей, барса да түшүндүрө албагандар, ушундай абалда калгандар көп болуп атты. Таң эрте атасы баласынын баскан жолуна түшүп издеп атып жолдун четинде баласынын зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн денесин табат, негедир мыкаачы жөнөкөй өлтүрбөстөн ичегисин чубап салган. Максат жергиликтүү органдарга кайрылып, Кыргызстандан, Орусиядан журналисттерди бул иштин бетин ачууга чакырат. Болбогон 500 рубль үчүн карапайым 18 жаштагы баланы өлтүргөн төрт адам 14 жылга эркинен ажыратылган. Жүз миңдеген айлык-акыларын ала албагандарга орган аркылуу жардам берген. Кыргызстандын атуулдарынын сөөгүн алып кетүү да оңой эмес эле. Бир жүк (груз 200) 100 миң сомго же 70 миң, 80 миң рубль акчага сарпталат. Иштеген ишканасы расмий болсо жардам берет, бербесе сөөгүн алып кетүүгө туугандары жардам берет. Эгер эч кимиси болбосо калып деле кетет. Мына ушундайлар болбосун деп Максат бүт Санкт-Петербургдагы кыргыздарды чогултуп, жакшы күндөрү да, башка кыйынчылык түшкөн күндөрү да бирге ынтымакта бололу деп диаспора түзүп баштаган. Санкт-Петербургдун ритуалдык кызматы менен кыргызстандыктардын сөөктү коюу кызматы (жүк 200) 20 пайызга азайтылсын деген келишим түзүлгөн.

- Ал диаспораны кимдер каржылап турчу?

-Диаспорага Кыргызстандан же Орусия тарабынан эч кандай каражат бөлүнбөйт. Мигранттар өз ыктыяры менен ар кандай иш-чараларды колдоп турушчу. Элдин башына түйшүк түшкөндө гана чогулбай, ар түрдүү терс нерселерден арылуу үчүн, элдин маанайын көтөрүү үчүн майрам күндөрү шаардын эң чоң спорт сарайларына оюндарды, маданият үйлөрүнө кыргыздын ырчы жылдыздарын чакырып концерт беришип, жаштар үчүн шаардын эң атактуу клубдарында оюндарды уюштурчу. 2005-жылы Санкт-Петербургда диаспоранын лидерин коюу боюнча шайлоо өткөн. Шайлоодо Максатты 80 пайыз колдошкон. Мурдагы «Ак кеме» уюмунун документтери Дилара Курбанованын колунда болгондуктан, ал өз кызыкчылыгын ойлоп бербей койгон. Максат ал документсиз эле элге кызмат кылып жүргөн. Максаттын эмгегин баалап 2006-жылы Орусия боюнча Кыргызстандын эмгегин жана укугун коргоо өкүлү Тажимамат Шаболотов Максатка «Санкт-Петербургдагы мигранттардын эмгегин жана укугун коргоо өкүлү» деген күбөлүгүн официалдуу түрдө ыйгарган. Максат үчүн бул күбөлүк көп эшиктерди ачып, элге кызмат кылуусун күчөткөн. Санкт-Петербургдагы студенттер менен тыгыз байланышта иштеп жүрдү. Студенттер жана жумушчу жаштардын арасында «Келечек» аттуу жаштар уюмун түздү. Спортко кызыккан жаштар үчүн спорт клубун ачып, айына 15 миң рубль клубдун аренда акысын төлөп турчу. Залда кыргыз жигиттерибиз спорттун түрдүү оюндарына машыгышчу. 2009-жылы эрежесиз эр күрөш уюштурулуп, анда орус туугандарыбыз менен биздин жигиттерибиз ат салышып, 7-1 упай менен кыргыз жигиттерибиз утуп алышкан. Ошол учурда диаспоранын журналы түзүлүп, биринчи саны 2009-жылы декабрь айында чыгарылган. Бул журналда Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз элинин жалпы маданияты, Кыргызстандан алынган жаңылыктар басылып чыгат деген максат бар болчу. Максаттын Бишкекке бир нече кайрылуусу менен Ош–Санкт-Петербург аба каттамы ачылып, ушул күнгө чейин элге кызмат өтөөдө. Санкт-Петербург шаарындагы Улуттар үйүндө майрам күндөрү улуттар арасында концерт, улуттар арасында ойноо, улуттук кийимдерин демонстрациялоо, спорттук жарыш жана башка сынактар өтүп турчу. Биздин диаспораны эч ким каржылабаганына карабастан аз убакыттын ичинде өнүп, өскөн. Башка улуттар арасына кошулуп, спорт чеберлерибиз ар дайым биринчиликти алып жүрүштү. Улуттук кийимдерибизди өзүм тигип, студент жана жумушчу кыздарыбыз майрам күндөрү кийип, улуттук кийимдерибиздин кооздугуна баары суктанчу. Улуттук бий ансамблибиз көптөгөн маарекенин көркүн аччу. Башка улуттар арасында эч нерседен кем болбосок деп, күн-түн чарчабай иштеп, ар кандай бут тосууларга карабай эң жакшы жетишкендиктер болуп жатты.

Диаспора чыгарган журналдын биринчи санында Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган эскерүү кечеси өткөрүлүп, журналдын бетинде кеченин катышуучуларынын жана Чыңгыз Айтматовдун биз менен болгон акыркы жолугушуусундагы өзүбүздүн тарткан сүрөттөр менен гана чектелбесин деп, азыраак Чыңгыз Айтматовго арнап ыр жазгам. Аны көрө албай, өзүбүздүн эле кыргыздар, улуу муундар жаштарга жакшы жөрөлгө болуунун ордуна өктөм Мамаева деген эжебиз ушул күнгө чейин Максат экөөбүздүн артыбыздан ар кандай ушак айыңдарды таркатып жүрөт. Менин оюм бирөөнү жаман атка чыгаруу эмес. Эмне үчүн биз ушундай элбиз, иш кылсаң көрө албай бут тосушат. Эч нерсе кылбай койсоң, өзү да кылбайт, сага да асылбайт. Азыркы күндө диаспораны Максаттай жетектеген эч ким жок. 2009-жылы «Замандаш» партиясы тарабынан уюштурулган чет мамлекеттеги «Эң мыкты диаспора» сынагында Санкт-Петербург шаарында Максат жетектеген диаспора «Эң мыкты» деп табылып, ардак грамота жана баалуу белек менен сыйланган. 2008-жылы Кыргыз маданиятына кошкон зор салымы үчүн мурунку маданият министри Султан Раев ардак грамота менен сыйлаган. 2006-жылы Орусиядагы Кыргызстандын элчиси Апаз Жумагулов Санкт-Петербург шаарындагы диаспораны кайра куруу жана аны өркүндөтүүгө кошкон чоң салымы үчүн ардак грамота менен сыйлаган. Санкт-Петербургдагы, Ленинград областындагы эмгек мигранттарынын укугун коргоодо кошкон зор салымы үчүн Эмгек коргоо министри Айгүл Рыскулова да ардак грамота менен сыйлаган. Бул министр элчилер биздин туугандарыбыз же тааныштарыбыз эмес, алар Максаттын ак эмгегин баалаган мамлекеттик жетекчилер.

- Айрым орус тилдүү гезиттер М.Женбековду улутчул катары көрсөтүүдө. Ал Орусияда жүргөн учурда улутчул беле?

-Жок улутчул эмес, бирок мекенчил болчу. Максаттын Санкт-Петербург шаарында бир гана өз элине гана көңүл бурбастан, башка улуттар арасында да ынтымакты чыңдап, ар дайым майрам күндөрү элди башка улуттар менен жолуктуруп, ар кандай иш-чараларга катышчу. Ал жергиликтүү бийлик менен да ар дайым тыгыз байланышта иш жүргүзчү. Ар дайым кыргыз диаспорасы үчүн спорт сарайынын, маданият үйүнүн эшиги ар дайым ачык деп турчу. Диаспора үчүн алдыга койгон максаттары аябай көп эле. Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына карата согуштун ардагерлерине диаспоранын атынан концерт бердирип, жеңиш паркында боло турган маркумдарды эскерип, Жуковскийдин эстелигине гүл коюу аземине катышмак. Максат өзү болбосо да, аны колдогон студенттер, консул Абдиев Таалайбек диаспоранын атынан барып катышып, «Победа» аттуу паркында бүт ардагерлерге Максаттын атынан деп бекер аш жасап таркатышты.

2010-жылы 20-майда Максаттын көптөн бери эңсеп жүргөн ою ишке ашмак, мен бул ой Максаттын гана эмес, бүтүндөй кыргыз элинин оюнда болуш керек деп ойлоймун, себеби Санк-Петербург шаарында Пискаревский көрүстөнүндө Улуу Ата Мекендик согуш убагында кыргыз жоокерлери Ленинград шаарында баатырларча курман болуп, сөөгү ошол жакта калып кеткен. Ал жоокерлерге 65 жыл бою эстелик тургузулган эмес. 2009-жылы феврал айында Пискаревский көрүстөнүндө Максат экөөбүз аралып көрсөк, мурдагы Советтер Союзундагы республикалар бүт өздөрүнүн атына, өздөрүнүн улутундагы баатырларга эстелик тургузган. Бир гана кыргыздардыкы жок. Эмне үчүн? – деп капа болду. Биз эстелигибиз жок болсо да өзүбүздөн курман болгондорго деп куран окуп чыгып баратып көрүстөндүн директоруна кирип, кыргызстандык ушул жерде көмүлгөн баатырлардын тизмесин алсак, алардын саны жүзгө жакын экен. Эстелик тургузуунун эч кандай көйгөйү деле жок экен, болгону губернатордун уруксаты жана асыл таштан доска жасоого 80000 рубль кетет экен. Губернаторго элчилик аркылуу арыз менен кайрылдык, уруксат берилди, асыл таштан доска тургузулду. Бирок, өзүңүздөр жакшы билесиздер Жалал-Абад шаарына мэрдин милдетин аткарып калып 2010-жылдын июнь айында Максат белгилүү себептер менен бара албады. Мен ойлойм, ушундай эстеликти тургузганга салымы чоң болгондуктан Максат бийлик тарабынан сыйланса деле болмок. Тилекке каршы, аны өгөйлөп Орусиянын жараны деп жаманатты кылуу аракети жүрүп жатат. Максат аз убакыттын ичинде кыргыз эли тууралуу Санкт-Петербург шаарында көптөгөн жакшы ой-пикирлерди жаратты десе болот. Бөтөн жерде элинин укугун коргогон, тарыхы бааланган элинин тынчтыгын ойлогон адам, өз элинде да элинин тынчтыгын, элдин кызыкчылыгын коргой алат дейм. Башка өлкөдө жашап өзүнүн жердештеринин укугун коргоп, жашап келген адамды «бул Орусияда 20 жыл жашаган, Орусияга саткын» деп азыркы күндө кээ бирки өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп, бут тоскондор көбөйдү. Эң бир кооз Питер шаарында жашап балдарыбыз мектептерден жакшы билим алып, 9 өкүл уул-кыздуу болдук. Жалал-Абадга келип жашап калууну эч кимибиз ойлогон эмеспиз. Максат да бул жерге мэр болом деп келген эмес, кантсе да элим деген патриоттук күчтүү сезим, өткөн жылдагы өлкөбүздөгү коогалаң себеп болду. Алыскы Санкт-Петербург шаарындагы үй-бүлөсү менен кыргыз эли мындайча айтканда өркүндөп аткан Кыргыз диаспорасы Максатты күтүп атканына карабай, өлкөдө тынчтык болмоюн, сырт жакта да тынч болбойт деп бул жакта ошол 7-апрель күндөн тартып, областтык администрацияда, кийинчерээк шаардын мэринин милдетин аткаруучу болуп ушул күнгө чейин эли үчүн эмгектенүүдө.

Маектешкен Орозалы Карасартов

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×