Добавить статью
5:56, 2 июня 2011 33932

АКШнын Кыргызстандагы элчисине Мерсико уюму менен болгон талаш маселени чечүү тууралуу кайрылуу

Мурунку кайрылууларыбызга, эмне себептен экени белгисиз, биз эч жооп ала элекпиз. Элчиликке кайрылганда Юля аттуу кызматкер «биз эч кандай кайрылуу алган эмеспиз», дейт. Менде коопсуздук кызматкери менен Артур аттуу элчиликтин кызматкеринин алдык, деген кол коюусу турат. Бул элчиликтин ичиндеги тартиптин жогубу, же биздин каттагы америкалык Мерсико уюму туралуу терс маалыматты, фактылары менен жашырып-жабууга болгон аракетпи? Барак Обама «мен американын дүйнөдөгү аброюун көтөрүп, АКШдагы мамлекеттик уюмдарга реформа жүргүзүп, Американын төмөн түшүп бараткан ролун, имиджин жогорулатып, структуралык реформаларды жүргүзөм», деп Америка элинин ишенимин алып президент болгон.

Бирок, Мерсико уюму менен АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин азыркы иш-аракеттери Барак Обама убада кылган өзгөрүүлөр болуп жатканы туралуу эч кандай иш аракетти билдирген жок. Бул катуу катты Мерсико уюму бизде жасап жаткан терс иштери жана биз элчиликке кайрылганыбызда, элчиликтен эч жооп болбой. Тескерисинче, бул ишти жаап жашырууга аракет кылганы болду. Биз жон жерден Мерсиконун жетекчилигин күнөөлөгөн жокпуз. Бизде бир нече фактылар бар. Аны силерге жибергенбиз. Элчилик бизге жооп берүүгө милдеттүү эмес, бирок Мерсиконун иштерин текшерип карап, мындан жыйынтык чыгарышы керек эле. Мерсиконун жетекчиси Катрин Браун менен эки жолу суйлөшүү болду. Кат аркылуу бир нече кайрылуу болуп, жооптор алынды. Мерсико Компаньондун менеджерлери менен бир топ сүйлөшүүлөр болду. Эч бир жыйынтык болгон жок. «Бар билгениңди кылып ал, биз эч кимге баш ийбейбиз», деген жооптор болду. Мерсиконун жетекчилигинин мындай мамилеси - Кыргызстанга келген донор уюмдары терс иштери үчүн эч кимге жооп бербей, анын баарын пиар технологиянын жардамы менен жаап кетсе, бизге ушундай гранттардын кереги барбы? деген суроо туулат.

Эгерде долбоор болгон жерлерде эч өзгөрүү болбосо, тескерисинче, ошол жерлерде мындай ишке ишеним кетсе. Биздин мисалда ишеним кетмек турсун, биз эки жаат болуп соттоштук. Кызыгы, Мерсиконун талашкан эки тараптын бирине колдоо көргөзгөну, бул донор уюмда моралдык климаттын кандай экендигине биз түшүнбөй калдык. Кыргызстанда акыркы учурда бизге келген гранттар биздеги оор маселелердин чечилишине жардам берип, кыргызстандыктардын жашоосунун көтөрүлүшүнө жардам берүүдөбү? деген талаш маселе пайда болууда.

Мен бул маселени карап, чечүүгө жардам беришин суранып, өлкөбүздөгү көптөгөн ОЭУдарга кайрылдым. Кызыгы, донор уюмдарынын терс иштерине сын айтып, бул маселени караганга бир уюм гана макул болду.

Биз баарыбыз билебиз бийлик бутактарында көп терс иштер болуп жатканын. Бул терс иштерди жоюш үчүн жана мунун кесепетинен пайда болгон оор маселелерди чечүүгө бизге көптөгөн гранттар келип жатат. Мерсиконун мисалында, бул жардамдардын кандай пайдаланып жатканын билсек болот. Дагы бир жолу айтабыз бизде фактылар бар. Мерсиконун директорунун орун басары Робин Кюри өткөргөн «Бакчалар жана пластик» долбоору максатына жетмек турсун, биздин эки жаат болуп соттошуубузга алып келди. Бирок, мунун баары көмүскөдө калып, прессада, радио, телевидениеде (Комсомольская правда, Азаттык, КТР) жалаң позитивдүү материалдар чыгарылды.

Урматтуу элчи, биздин сизге мурунку жазган каттарыбызга жооп болбогону, бизди ачык ММКлар аркылуу кайрылууга мажбур кылды. Мурунку элчи Татьяна Гфеллер бул маселе боюнча кабардар болучу. Америкалык уюмдар Кыргызстанда демократия орноп, адам укугу, сөз эркиндиги болушуна жардам берүүдө. Бирок, америкалык уюм туура эмес иш жасаса бул маселе эмнеге каралбашы керек. Донор уюмдары ачыктыктын, айкындыктын принцибинде иштейбиз дешет. Мерсиконун директору Кетрин Браундун мага жазган катында да бул жазылган. Бирок «Бакчалар жана пластик» долбоору туралуу маалыматты биз эч жерден ала алган жокпуз. Биз бюджетин, отчетторун сураганыбызда, берген жок.

Сөздүн кыскасы, акыркы эки жылдан бери биз Мерсиконун жетекчилиги менен катуу абалда болуудабыз. Бул маселени Кыргызстандын коомчулугу талкуулап бул маселеге реакция жасашы керек. Себеби бизге келген жардамдар туура колдонуп жатабы? Же, тескерисинче биздеги оор маселелер чечилмек турсун, кайра оорлошуп жатабы деген суроого жооп тапса болот.

Бул ишти башталышынан бүтүшүнө чейин караса, бул долбоордун оң, терс жактарын таап, кийнки долбоорлордун таасирдүү иштешине шарт болуп бермекчи.

Биз бул жерден күнөөлүлөрдү издеген жокпуз. Биздин максат - бизге келген жардамдар туура пайдаланса. Долбоор болгон жерде өзгөрүү болуп, кайсы бир социалдык топто жашоо шарт жогоруласа дейбиз. Бирок иш жүзүндө андай болбой отчет жүзүндө гана баары жакшы болууда.

Бул маселени жаап коюу азыркы шартта мүмкүн эмес. Мерсиконун жетекчилиги менен Американын элчилиги жооп бербесек эле, бул иш токтоп калат деген туура эмес. Азыркы шартта мындай маселени которуп, коомчулук аркылуу жогорку бийликтегилерди бул маселени карап, чечүүгө мажбурлоого болот. Демократиянын бир артыкчылыгы - коомчулук өз пикири менен эсептешпегендерди, бийликтен суруп салаары практика жүзүндө көрүп жатаыз. Барак Обама убада кылган реформалар Америкада кандай жүрүп жатканы тууралы билбейбиз. Бирок Кыргызстандагы Америкалык элчиликте жана уюмдарда азыр реформа жүрүп, Американын имиджи, кадыр-баркы жогорулап жатканы азыр такыр билинбейт.

Бул маселени чечүүгө жардам берүүнү биздин Жогорку Кенештин депутаттары убада кылышкан. Эгерде убадасында турушса, жакында жыйынтыгын билебиз.

Бул маселени чечүү үчүн биздин депутаттар Американын конгрессмен, сенаторлоруна кайрылышы керек.

Себеби, бул жерде системалык кризис туралуу сөз болуп жатат. Америка бизге берип жаткан жардамы, кандай таасирде иштетилип жатканын билиши керек. Америкалык сенатор Роберт Кейси 2009-жылы декабрда америкалык сенатта болгон Американын Борбордук Азиядагы саясатын талкууда, «Америка өзгөчө Кыргызстан менен Тажикстанга жардамды күчөтүшүбүз керек. Себеби, бул өлкөлөр кыйын абалда турушат» деп чыккан. Сенатор Роберт Кейсиге биз айтмакчыбыз, жардамды көбөйтөөрдөн мурун, мурда жана азыр берилген жардамдар кандай пайдаланганын изилдеп, канчалык эффективдуу пайдаланганын билип, андан кийин жардам берүүнү ойлонуу керек демекчибиз. Акыркы 5-10 жылда америкалык уюмдар тараптан эмне жыйынтык чыкканын карап көрүү керек. Эгерде алар долбоор өткөргөн жерлерде өзгөрүү болбосо, гранттык жардамды көбөйткөндөн көрө, биринчи жаңыча стандарттарды, нормаларды иштеп чыгып, менеджерлердин жоопкерчилигин жогорулатыш керек. Отчеттор пиар технологиянын жардамы менен жазылбашына көзөмөл жүргүзүү керек. Долбоорду баалоо, долбоор өткөн жердеги өзгөрүүгө байланыштуу болуш керек. А.С.Пушкиндин жомогундай долбоор бүткөндөн кийин баардыгы кайра мурунку өз ордуна келип. Долбоор болгон жердегилер сынык тепши, чылапчынга отуруп калбагандай болушу керек. Бизге келген жардамдар бирдей стандартта, нормада аткарылат да, жалаң пиар технологиянын жардамы менен жакшы аткарылган долбоор катарында бүтөт.

Эгерде долбоор аткарылган жерде эч өзгөрүү болбосо, бул долбоор чийки жээ ошол жердин тургундарынын эчтекеге жөндөмү жок деген да бүтүм чыгарууга болот.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×