Добавить статью
7:53, 2 июня 2011 9061

Непотизм жана кадрдык саясат

Өз убагында кытай элинин улуу ойчулу Конфуций мамлекетти акылдуулар башкаруунун негизги ыкмасы бул - жанындагы жана алыстагыларды канаатандырган жолду таабуу деп эсептеген.

Кайсыл бир керектүү учурда жардам бергендик үчүн, колдоп койгон үчүн, кийин чоңоюп, кызмат ээлеп, абройлуу орунга ээ болгон адам сөзсүз түрдө өзүнүн жолунда колдогон адамдарга ыраазычылыгын билдиргенге умтулат. Тилекке каршы, бул ыраазычыл көпчүлүк учурда кызматка келгенден кийин тууган-туушкандарын жумушка орноштуруп, тегерегиндеги жакын адамдарды топтоп, ишке алуу, абдан эле өөрчүп кеткен. Бул көрүнүш Кыргызстанга гана таандык деп айтсак жанылышабыз. Деги эле тууганчылыкты өтө бекем сактап, бийлик кызматында отурганда жерге-жээги менен бийлик бөлүшүү тарыхта байыртадан эле бар болгон.

Тууганчылыкты бийликти колдонгон көрүнүш Европада «непотизм» деп аталып калган. Италия тилинен которгондо «nероtе» - жээн деген сөздү билдирет. Европа өлкөлөрүндө Кайра жаралуу доорунан баштап Рим Папалары өзүлөрүнүн бийлигин жана ал бийликти коштогон байлыкты кармап калуу максатында жогорку кызматтарды жакын туугандарына тарата баштаган. Тарыхты эстесек, Европада Павел III Рим Папасы өзүнүн бийлигин жээндери Алессандро жана Оттавио Фарнезеге өткөрүп бергени маалым. Ошол эле, Европа тарыхында белгилүү Медичи, Борджиа, Орсини династиялар жана алардын үй-бүлөлүк бийлиги кылымдарга узаган.

Азыркы учурда непотизм деп, кандаш туугандарды бийлик бутагына алып келүү, алардын кызыкчылыгын коргоо жана бийлик жүргүзүүдө туугандарга гана таянуу деп эсептөө болот.

Кыргызстанда советтик доорго чейин эле тууганчылык, уруучулук өөн көрүнүш болгон эмес. Ага бир топ көрүнүштөр себеп болгон. Советтик доор учурунда деле тууганчылык принциптер колдонулуп келген. Совет мезгилинде тууганчылыкты эске албаган деп, Сталинди гана эсептөөгө болот десем жаңылышпастырмын. Тууганчылыкты колдонбогону ал өзүнүн уулу Яковду туткунга түшкөндө немистин фельдмаршалына алмаштырбастыгын айтып, бул сөзүнө бек турган. Сталин бир гана өзүнүн үй-бүлөсүнө катуу болбостон, тегерегиндеги иштеген адамдардын дагы туугандарын бийлике жолоткон эмес. Сталиндин негизги принциптеринин бири: «Кадрлар баардыгын чечет» деген ураан болгон. Бирок, Сталиндин убагы кеткен сон, непотизм абдан эле советтик коомдо өнүккөнү маалым. Ошол эле, Хрущевдун күйөө баласы, журналист Аджубей Борбордук Комиттетин мүчөсү болгон. Ал эми, Брежневдин доорунда непотизм бактагы гүлдөй болуп гүлдөгөн. Күйөө баласы Чурбанов СССРдин ички иштер министиринин орун басары болсо, уулу Юрий тышкы экономиканы көздөгөн министирликте орун басар болуп иштеген. 1990-жылдан баштап Советтик система кыйроого учурады. Менин оюмча бул күчтүү, он беш мамлекетти бир чоң мейкиндикте бириктирип келген системанын курашынын бирден-бир себеби болуп непотизм болгон. Ар бир көз карандысыздыкты алган мамлекеттер өз жолуна түшкөндөн баштап, непотизм, тууганчылык, уруучулук, жердешчилик өтө эле өөрчүй башталганы шексиз. Бийлик башына келген «Аталар» (ажолор), Римдик Папалар сыяктуу өздөрүнүн уулдарына, кыздарына, балдыздарына, инилерине, келиндерине бийлик бутактарына келүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү түздү. Ошол эле жакын жана алыс жайгашкан мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстан дагы бул тажырыйбаны «ийгиликтүү» кабыл алды.

Үй-бүлөлүк башкаруу, тууганчылык принципти кармануу бул терс көрүнүштөрдү алып келүүсүн Кыргызстандын мисалында эки ирет айкын болду. Албетте, бийлике келген соң, жакын жана ишенген адамдарга муктаждык жаралат. Ошол учурда, байлык топтоо мүмкүнчүлүктөр дагы пайда болот. Тарыхка көз чаптырсак, биздин коомдо аристократтар болгон эмес. Ошондуктан кандайдыр бир титул, наам, же болбосо ыйгарылган таажы таштап кете албаганын билген журт башчылары туугандарына ошого тете байлык, жогорку статус калтыргысы келишет. «Карга дагы баласын аппагым дейт» деген принцип менен саясатта орун алгандар балдарына жана бир туугандарына саясий партияларда, парламентте, сот системасында, жана эл аралык финансы уюмдарда кызмат таап бергенге чоң аракет жасоодо. Ошондуктан, көпчүлүк учурда бийлик бутактарында чечим чыгаруучу кызматтарга тууганчылык же болбосо акчанын күчү менен келгендердин саны арбып баратат. Бүгүнкү күндө саясий бийлик аркылуу байлык топтоо мүмкүнчүлүк абдан тыгыз чырмалышып калган учур. Коомчулукта, жана карапайым элдин түшүнүгүндө саясий кызматка барган адам сөзсүз түрдө байлык топтоого жолу ачылат. Бул түшүнүк эл арасында абдан эле сиңирип калды. Ошондуктан бийлике ишенбестик абдан жогоруу болууда. Эл бийлике ишенбесе, бийлик элге ишенбейт, ишкерлер банкттарга ишенбесе, банктар кардарларга ишенбейт. Жадагалса ата-бала бири-бирине ишенбей калган учурга келип жеттик. Коррупциянын өсүүсү өтө жогору болгондуктан кызматтан кызмат алмашуулар, кызмат сатуу, жана сатып алуу өтө терс көрүнүшкө айланып бара жатат. А бирок, ошол эле учурда кызмат сатып алган адам, өзүнүн профессионалдык даярдыгына кепилдик бере алабы? Ал адам, коомго, өлкөгө зыян кылбастыгына ишеними барбы? Ошондой эле, мекемелерге туугандарын-жердештерин топтоп алган жетекчи, иштин көзүн билген адамдарды алып жатабы, же болбосо иштин кесепетинен жоопкерчилик жеке өзүнүн мойнуна түшүп калабы? Деги эле, жумушка алуу принциптерди жанылануу учуру келдиби? Көпчүлүк эл аралык абройлуу уюмдарда жумушка алуунун бир нече тепкичтери иштелип чыккан. Алардын негизги талабы бул - профессионалдык деңгээл, жана ошондой эле, өзүнүн ишине так жоопкерчиликтүү мамиле жасоо. Кызматкерди жумушка аларда: тестирлөө, кепилдик кат, жана атайын жолугушуу этапатары каралган.

Бир эмес эки ынкылап өткөн коомдо жаштарда өтө чоң үмүт болгон. Бүгүнкү күндө жаштардын мүмкүнчүлүгүн, билимин сындагандар өтө көп, а бирок, эртеңки күнгө жаштардын арасында бийлик бутактарын башкаруу учун даярдык көрүлүүдөбү? Эмне үчүн мисалы, ошол эле министирликтерде, агенттиктерде биринчи же болбосо экинчи орун басарлары жаштардын арасынан дайындалынбайт? Мүмкүн ушул принципти кабыл алсак, эртеңки күнү Кыргызстанда жаңы, профессионалдуу, популист эмес мамлекеттик кызматкерлер, чыныгы менеджерлер, жогоруу маданияттуу саясий элита өсүп чыкмак. Бирок тилекке каршы, кандайдыр бир саясий кызыкчылыктардын бөлүнүүснө жараша кызматтар дагы болунуп жатат. Чындыктын көзүнө тике караш керек, бүгүнкү журт төбөлдөрүнүн жашы бери жагы 50гө жакындаса, айрымдары алтымыштын кырын ашышты. Кудай алдында түбөлүк жашаган эч ким болгон эмес. Ошол эле учурда жаш адистерди чоң мамлекеттик кызматка койсо аларда курчттук бар, чечимди тез жана ыкчам кабыл алып, аны натыйжалуу аткарууга кызыктар болушат. Албетте, жаштар адашуу чечим кабыл алышып, анан зыяны дагы чоң болушу мүмкүн деген коркунучтар дагы туулушу мүмкүн. А бирок, эксперимент катары, коркпой эле, курч, билимдүү, жаш адистерди жогорку кызматтарга дайындоодон бийлик баш тартапаса сыйга тетерлик эрк болмок деп эсептейм. Албетте, жумушка кабыл алуу критерийлери дагы өзгөрүүгө муктаж. Эч бир паракорчулук система, же болбосо тууганчылык, уруучулук, жердешчиликти колдонуу бүгүнкү шартка туура келбейт, себеби бул жол менен 20 жылдан бери бара жатып эки ирет революцияга туш келдик. Албетте, азыркы учурда Кыргызстандын коомунда Сталиндин «Кадрлар баарын чечет» деген урааны өтө маанилуүү болуп жаткан учур. Эгерде мамлекеттик дэнгээлде эрктүү чечим кабыл алынып, жаштар жогорку кызматка келсе, жаны саясий элитаны тарбиялоо иш жүзүнө ашса, албетте билим берүүнүн дагы нугу өзгөрүлмөк. Көпчүлүк окуу жайлар конкуренциялык система менен адистерди жогоруу дэнгээлдэ даярдоого багыт алышмак. Эң негизгиси, мамлекеттик кадр саясатында объективдүүлүк болсо, непотизм принциби жокко чыкса, элде бийлике ишеним бир кадам алдыга болоору шексиз.

P.S. Бүгүнкү күнгө чейин Кытайда Конфуцийдин Ордосунда мамлекет үчүн кызмат кылган жана мамлекеттик кызматка талапкердигин коюп, Императордун сынагынан жогоруу баа менен өтүп кеткен инсандардын аты тарых таштарда жазылып калынган. Албетте биздин учурда, биздин өлкөдө андай Ордо жок. А бирок, ошондой жогорку дэңгээлдэги даярдыгы бар, мамлекет үчүн күйгөн жана бут дилин өлкө үчүн иштөөгө арнаган мамлекеттик кызматкер барбы?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

08-06-2011
Кыргызстан: Өнүгүүнүн бутактары
18753

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×