Добавить статью
5:43, 8 июня 2011 14501

Журналисттер ЖМК өкүлдөрүнүн укуктары бузулуп жатканына байланыштуу тынчсызданууда

Автор: Кайрылуу

Биз, журналисттер жана Кыргызстандын медиа уюмдарынын өкүлдөрү, өлкөдө журналисттердин жана ЖМК өкүлдөрүнүн укуктары бузулуп жатканына байланыштуу тынчсыздануу менен кайрылып жатабыз.

Расмий маалыматтарга таянсак 2011-жылдын башынан тартып өлкөдө беш журналист ур-токмокко кабылды. Алар - Назгүл Кушназарова (Бишкек), Элмира Токтогулова (Бишкек), Жылдыз Бекбаева (Ош), Самат Асипов (Бишкек), Кеңеш Жумабаев (Кочкор-Ата). Ал эми Улан Мукамбаев менен Жыргал Айтматовду (Баткен) жана Хулькар Исамованы (Ош) кесиптик ишмердигине байланыштуу коркутуп-үркүтүп кетишкен. Бишкектеги “24.kg” маалымат агенттигинин кеңсесине кол салынган.

Журналисттер менен ЖМК коомдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана өлкөдө болуп жаткан окуяларды ар бир атуулга абалына, статусуна карабастан маалымат жеткирип туруучу маанилүү кызматты аркалайт. Кыргызстанда 2010-жылы болгон апрель окуялары жалпыга маалымдоо каражаттарынын чыныгы көз карандысыздыгын ар тараптан колдоонун жана атуулдардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы гарантиялаган маалыматтык укугун коргоонун зарылдыгын дагы бир жолу айгинеледи.

Кыргызстандын расмий бийлик өкүлдөрүнүн өлкөдө сөз эркиндигин орнотууда жакшы жылыштар болууда деген билдирүүлөрүнө карабастан, журналисттер жамаатына жана жалпы коомчулукка журналисттердин өлүмү, ур-токмокко алынышы боюнча тергөө иштери тууралуу маалыматтар али жете элек. Ал эми козголгон кылмыш иштери болсо (эки тарап келишип ишти токтоткон кай бир учурларды эсепке албаганда) аягына чыккан жок. Биз журналисттер, укук коргоо жана күч органдары тарабынан журналисттерге мурдагыдай эле кысым жасап, маалымат алуу укугун чектеп жаткандыгын билдиребиз.

Биз журналисттерге каршы жасалган кылмыш иштерин тергөөнү аягына чыгарып, күнөөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылабыз. Себеби ЖМК өкүлдөрүнө каршы жасалган кылмыштардын жазасыз калышы журналисттерди чочулатып, өзүн өзү цензуралоого түртөт. Мындай жагдай коомго сунуш кылынган маалыматтын сапатына тескери таасир тийгизүүдө. Эгерде журналисттерге кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланышы жок, адаттагы тирилик чатагы деген маалымат укук коргоо органдарында бар болсо, муну конкреттүү фактылар, омоктуу далилдер менен бекемдеп беришин өтүнөбүз. Болбосо укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугу күмөн туудурат.

Биз өлкө жетекчилигин журналисттердин укугунун бузулуусуна өзгөчө көңүл бөлүп, бардык кылмыш иштердин дыкат жана акыйкат тергелишин камсыз кылууга чакырабыз. Бийликтин мындай кадамы Кыргызстанда пикирлердин плюрализмин чагылдырган көз карандысыз басма сөздүн өнүгүшүнө кызыкдар экендигине жана жогоркудай кылмыштуу иштердин демөөрчүсү эмес экендигине далил болот.

Кайрылууга төмөндөгү журналисттер жана медиа уюмдардын өкүлдөрү кол коюшту:

Абдраимова Эльзат

Абдыкеримова Нургуль

Айдаркулов Мелис

Айдаров Жениш

Айтиева Максуда

Акталов Аскар

Алишева Надежда

Бекешова Мэри

Воронина Елена

Ешеналиева Айнура

Жунусалиева Шайыр

Джапарова Элима

Джумабекова Жылдыз

Ибраимов Бакыт

Ибралиев Жылдызбек

Исманов Алмаз

Капарбекова Жибек

Карымова Гульзат

Катаргин Виталий

Керимбаева Кымбат

Кулинский Александр

Куренкеев Эрмек

Курманкалиев Алмаз

Лукашов Илья

Любезнова Наташа

Маслова Дина

Михайлов Григорий

Низамова Мадина

Мамбеталиева Татту

Полотова Сайрагуль

Садиев Данияр

Сулайманов Рахат

Токоев Марат

Токтогулова Эльмира

Токтоназарова Омургуль

Тологонова Эльзат

Торалиева Гульнура

Турсунбекова Нуркамал

Турдумаматов Алмас

Усеналиев Расул

Усенов Алмаз

Усенова Бегаим

Усова Надежда

Шестаков Игорь

Шестакова Наталья

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

11-06-2011
Акыйкатчынын чектелип жаткан укугун ким коргойт?
38455

07-04-2011
Биз эми бийликтин катачылыктарына жана өтүп кеткен кайгылуу окуялардын кайталанышына эч качан жол бербешибиз керек
21744

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×