Добавить статью
9:07, 8 июня 2011 0

Акын, коомдук ишмер Абдирашит Урбаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Үстүбүздөгү жылдын 3-июнь күнү белгилүү акын, котормочу, журналист, коомдук ишмер Абдирашит Урбаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.

Абдирашит Урбаев Урбаевич 1946-жылы Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Шерали айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин 1965-1966-жылдары Өзгөн райондук «Октябрь Туусу» гезитинде корректор болуп иштөөдөн эмгек жолун баштаган.

Ош шаардык «Ош шамы» гезитинде редактордун орун басары, башкы редактор кызматтарын аркалаган, «Эхо Оша» гезитинде эмгектенген. КРнын Улуттук жазуучулар союзунун Ош областтык бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген.

Ал акын, котормочу катары да кыргыз журтчулугуна таанымал инсан. Анын ондогон ыр жыйнактары жарык көрүп, окурмандардын көңүлүнүн тереңинен орун алган.

Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлыктын жана Ош областтык «Алтын калем» сыйлыктарынын лауреаты болгон.

Үй-бүлөсүндө үч кыз, бир уулду тарбиялаган кадырман ата эле. Анын жаркын элеси чындыкты сүйгөн, эмгекчил, таланттуу, адамгерчиликтүү инсан катары жакындарынын, досторунун, кесиптештеринин жүрөгүндө дайыма жашай бермекчи, деп белгилеп, ОшМУнун ректораты маркумдун жакындарына көңүл айтты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×