Добавить статью
5:55, 24 июня 2011 12803

Түркияда окуган студенттер бийликке ишенбей, өз күчүңөргө ишенгиле

Урматтуу достор!

Канча күндөн бери силердин авиабилеттер боюнча жазып жаткан жазууңарды окуп жатып өзүмдүн пикиримди айтып кетейин дедим.

Мен Анкара укук бүтүрүүчүсүмүн. Убагында биз дагы бул маселени көтөргөнбүз, бирок ошол бойдон маселе чечилген эмес.1993-1994 жылдары бир нече жолу 50-100 долларга алып барышкан. Ошол бойдон кайрадан өз баасы менен учуп жүрдүк.

Силер бийликке ишенбей эле өз күчүңөргө ишенгиле. Бийликтегилер мамлекетти ойлогон деле жок, натыйжада, студенттерди деле. Силерге маалымат берейин, калганын өзүнөр түшүнөсүңөр.

14.10.2009-жылы Авиакомпания «Кыргызстан» менен «Пегасус» авиакомпаниялары арасында келишим түзүлүп, орток фирма ачылган «КПА» (Кыргыз пегасус азия/айрлайнз). Бул келишимге ылайык, Авиакомпания «Кыргызстан» 51% ээси, Пегасус 49% ээси болгон. Түшкөн кирешеден 50%ы Авиакомпания «Кыргызстандыкы» жана 50% Пегасустуку болмок.

Гендиректорду Пегасус дайындайт эле, замдиректорду Кыргызстан дайындайт эле, бирок укуктары чектелүү эле. Түрктөрдүн айтышы боюнча, учактар кымбат болгон үчүн аларды Пегасус өзүнүн атына лизинг менен заводдон алып орток болгон «КПА» фирмага берет эле, ошондуктан алар чоң риск алдына киргендиги үчүн жоопкер кишилерди коюу укугун өзүлөрүнө алды (ушул маселени кыргыз тарап Кыргызстандын кызыкчылыгына терс деп кийин иштетпегенге себеп кылды, бирок ачык айтпай жатышат).

Пегасус башталышта 4 учак алып келмек: «Боинг 747-700» бирди (жаны), «747-500» экини (эскилиги 1 жана 2 жыл болчу), ички рейстерге «Сааб» же ошого окшогон кичине бир учак алынат болчу.

Кыргыз мамлекети тарабынан учканга частота (yonleri) бериш керек болчу. Пегасустун суранычы негизги частота Стамбул-Бишкек болчу. Анткени Пегасусун техникалык базасы Стамбулда жана бүтүн Европага жүргүнчүлөрдү өзүнүн учактары менен ташыйт эле. Кыскасы 15-20 частота берилет эле.

Башында стюардессаларды андан кийин учкучтарды Пегасустун Стамбулдагы базасында даярдайт эле. Бүтүн бу маселелер боюнча алдын ала сөздө келишимдер бар эле.

Негизи бул фирманы 2009-жылы июнь айында Ө.Бабанов алып келип лоббисин кылган. Бирок ал кезде өзүңөр билгендей, мамлекет Максим менен Жаныштын таасири алдынды болчу. Учканга лицензия алынбай калган жана түрктөр 3 ай күткөндөн кийин кетишкен. Түрктөр 2010-жылы күзүндө кайрадан келип биздин чоңдор менен көрүшкөн, анан 2011-жылы кышында Бабанов менен сүйлөшкөн, бирок белгисиз себептен иш ордунан жылбай туруп калды.

Суроо жараткан жагдай - КПАдан кйин курулган 100 % жеке менчик болгон авиакомпаниялар учуш лицензияларын бат эле алып учуп баштады (учактары 20-25 жылдык) А 51 % мамлекетики болгон КПА (ачык акционердик компания авиакомпания «Кыргызстандын» 100% акциялары мамлекеттики) лицензия алалбай жатат! Лицензияны жарандык авиация агенттиги берет, ал да мамлекеттики...

КПА учуп баштаганда Бишкек - Стамбул башталышында 250-300 долардан баштамак, кийин эн кымбаты 400-450 долар болмок.

Андан тышкары, КПАнын тапкан кирешесинин 50 % мамлекет казынасына түшөт эле.

Кыскачасы, маалымат ушундай ...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×