Добавить статью
8:13, 25 июня 2011 110272

Канча жериң бар деп сурабай, канча сууң бар деп сурагын

Батырканов К.М., ИсабековА.А.,

Зулпуев М.З., Сатымкулов С.С., Исаев А.С., Сатаркулов С.С.,Жамгырчиев А.Ж., Баймлер В.М., Зайцева Г.С.

Биз - суу чарбасынын ардагерлери,кыргызстандын эмгек сиңирген ирригаторлору, куруучулары, айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкерлери, мурунку суу чарба министрлери, суу чарбасынын ардагерлери КРнын Айыл чарба министри Т. Бековдун Жогорку Кеңештин отурумунда «суу чарба тармагын Айыл чарба министрлигине кошуш керек» деп айтканына байланыштуу ушул макаланы жазууга аргасыз болдук.

Тарыхка кайрылсак: Союздун учурунда дагы суу чарбасын айыл чарбасына кошкон. Ошондо да суу чарбасы карайлап чаржайыттуулуктун чалмасына чалынып, иш жүрбөй илең-салаң абалда калганда, акыры аткаминер тыңчыкмалар туюшту окшойт, 1-2 жылдан кийин кайра бөлүп коюуга аргасыз болушкан. Эгемендикке ээ болгондон кийин физик Акаевдин, механик Бакиевдин тушунда, өзүңөр күбөсүңөр, ушундай кадамга барганбыз. Дегеле айткылачы, Айыл чарба министрлиги суу чарбасын өнүктүрүү үчүн эмне иш кылды? Эч бир пайдасы тийген жок. Орустар айткандай «жарык да чачпады, жылуулук да бербеди»!

Учурда Кыргызстандын жетекчилигине, парламентке тунук ойлуу, прогрессивдүү көз караштагы билимдүү адамдар келип, суу чарбасы өзүнчө Мамлекеттик комитет болуп түзүлдү. Бул, эл аралык суу маселелерин чечүүгө, суу чарбасына инвестицияларды тартууга, дегеле, өлкөдө бул тармакты өнүктүрүүгө чоң өбөлгө, зор камкордук. Премьер-министр А. Атамбаев Убактылуу Өкмөттө жүргөндө да, азыркы учурда да суу чарбасынын маанилүү тармак экенин түшүнүп адилет мамиле жасап жатат. Тоолору көп, айдоосу аз өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап, суу чарба тармагына акча каражат, инвестицияларды издөөдө. Биз муну чын жүрөктөн кубаттайбыз, элге деген эбегейсиз эмгегин баалайбыз, рахмат айтабыз.

Т.Беков Жогорку Кеңештин азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү отурумунда «Кыргызстандыктар учурда эттин кымбаттыгына байланыштуу базардан эт алышпайт, эттүү тамакты чанда жешет, көбүнчө чай, нан менен отурушат», - деди. «Менин айлыгым да аз, араң 14 миң сом алам, бул менин керектөөмүн 69 пайызына гана жетет», - деп бечара болуп кейип-кепчиди. Министр минтип жатса бюджеттегилер менен пенсионерлерге кайратыңардан кайтпагыла, биздин көчөгө да жашыл жарык жанаар демекпиз.

Т. Бековго окшогон инсандардын ойлонбой айткан сөздөрү, опурталдуу иштери биздин коомчулукта чоң резонанс жаратып жатат. «Комсомольская Правда» гезити ага «Оскар» деген виртуалдык сыйлыкты жана «Мыкты актер» деген наамды ыйгарганы мына ушундан болсо керек (КП гезити 24.02.2011-ж.). Бирок эскертип коёлу - суу чарба тармагынын өзгөчөлүгүн билбей туруп бул багытта антип оюн ойноого дегеле болбойт! Учурда Кыргызстандын суучарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети 1 млн. гектардан ашык айдоо аянтын сугат суу менен камсыз кылат. Бул сугат жерлерде өлкөдө өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын 92% алынат. Мындан тышкары 7 миңге жакын гидрокурулмаларды, 3 миңге жакын гидропостторду, 145 насостук станцияларды, 33 суу сактагычтарды, 6 миң км.га жакын чарбалар аралык каналдарды, 1,2 миң км. коллектор-дренаждарды, 55 тик жана 1,1 миң даана көзөмөлдөөчү скважиналарды тейлейт, шор басып сазга айланып бара жаткан сугат жерлерде иш жүргүзөт.

Булардын ичинде Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан өлкөлөрү менен байланышы бар суу чарба объектилери бизде аз эмес. Алар: Орто-Токой, Киров, Папан, Найман, Төрт-Көл суу сактагычтары, Чөмүч, Кара-Үңкүр, Көк-Арт, Сох, Куршаб плотиналары жана көптөгөн башкы суу алуучу курулмалар, Чыгыш Чоң-Чүй, Батыш Чоң-Чүй, Ат-Башы, Чоң-Талас, каналдары; көптөгөн сууну 700-800 метрге көтөргөн көп тепкичкүү насостук станциялары ж.б.

Республикалар ортосунда суу бөлүштүрүү өзгөчө татаал иш. Бул кесипкөйлүктү, жогорку дипломатияны, так тактиканы, кылдаттыкты талап кылат. Өзүбүздүн өлкөбүздүн ичинде райондор аралык, чарбалар аралык суу бөлүүлөр да бир топ жаңжалды, ызы-чууну туудурат. Суу тартыш убакта дыйкан, фермерлер суу талашып кетмен-күрөк ала жүгүрүп урушкан фактылар көп эле кездешет.

Азыркы мезгилде суу чарбасынын реформасы да ийгиликтүү жүрүүдө. Республикада 736 миң. га (өлкөдөгү сугат жерлердин 72%) сугат аянттын тейлеген 476 Суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА) түзүлдү. Иш улантылып жатат.

Дүйнөлүк банк каржылаган «Ички-Сугат-2» долбоорунун негизинде ички сугат тармактары реабилитацияланууда. Учурда 8 СПАда 95,5 млн сомдук калыбына келтирүү иштери аяктады, 18 СПАда 350 млн сомдук ремонт иштери жүрүп жатат.

«Суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу» долбоору боюнча да ирригациялык инфратүзүмдөрдү кайрадан калыбына келтирүү үчүн оңдоп-түзөө иштери ийгиликтүү жүрүүдө. Могол ирригациялык системанын, Ак-Татыр магистралдык каналынын жана башкы суу алуучу гидрокурулманын, Чоң каналынын, Найман суу сактагычындагы көзөмөлдөп өлчөөчү аппараттардын, туннелдеги курулмалардын, Сузак районундагы Сол Көк-Арт каналынын курулуш иштери аяктады, Буга 3,7 млн. АКШ доллары сарпталды. Азыр 8 объектте реабилитациялоо болуп жатат. Бардыгы болуп 358 млн сомго иш аткарылды, реабилитацияга 561 млн сом бөлүнгөн.

Республикада курулуш иштери башталып, каражаттын жоктугуна байланыштуу бүтпөй токтоп калган 87 объект бар. Бул маанилүү курулуштарга акыркы 2-3 жылдан бери мамлекет акча бөлүп жатат.

2011-2015-жылдары 3455 млн сом пландаштырылды . Бул каражатка 20 объект курулуп 8668 гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, 13 миң гектар жердин суу менен камсыз болушу жакшырат. 2008-2010-жылдары 619 млн. сом бөлүнүп, Ысык-Көл, Чүй облустарында БДР, БСРлер ишке киргизилди. Азыркы мезгилде Нарын, Баткен, Талас, Жалал-Абад облустарында жайгашкан 5 объектте курулуш кызуу жүрүүдө.

Айыл чарба министрлигине караган айыл-кыштактарды суу менен камсыз кылуу департаментинин милдети республиканын бардык аймактарындагы элет элин ичкенге таза суу менен камсыз кылуу болучу. Бул мекемеге «Таза Суу» долбоору ачылып, миллиондогон Америка доллары бөлүнгөн. Тилекке каршы, Айыл чарба министрлигинин начардыгынан, элдин көйгөйүнө, көз жашына көңүл бөлүп карабаганынан миңдеген долларлар жетекчи адамдардын кулкунуна куюлуп жок болгон. Чала-була сапатсыз курулган суу түтүктөрү иштебей жатып эчак эле иштен чыккан. Кызыгы, эч ким жоопко тартылган эмес. Айыл-кыштактардын жашоочулары ушул күнгө чейин ичкенге суусу жок алыскы капчыгайдан, булактардан, же кир сууларды жөө-жалаң, автоунаага, эшектерге жүктөп келип, же кар эритип ичип жатышат. Жаш өспүрүмдөр окууларын таштап, суу ташуу менен алек. Айыл чарба министрлиги эптей албай, айласы кеткенде бул мекеме Суу чарба комитетине өткөрүлдү.

Урматтуу Төрөгул мырза! Суучулар суу жээгинде, суу сактагычтарда сууга түшүп жыргап жүрөт деп ойлосоңуз керек, катуу талап коюп, суу чарбасын кошуп бергиле дегениңизге караганда. Жайдын ысык аптабында пахтага, төө бурчакка, жашылчага жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнө суу тартыш болуп жетпей күйүп жатканында дыйкан, фермерлер менен жолугушсаңыз суучулардын түмөн түйшүгүнө түшүнөт элеңиз . Же болбосо жүздөгөн кубометр суу күр-шар түшүп бирде дайранын аркы жээгине, бирде берки жээгине аласалып күкүктөнүп ташкындап өзөндүн жээктерин, айдоо жерлерди, плотиналарды, гидрокурулмаларды, каналдарды талкалап жатканына туш болсоңуз жаратканга жалынып жакаңызды кармамаксыз. Ушундай жүктү эзелтеден күжүрмөн отряд деп эсептелген суучулар көтөрүп келишет.

Урматтуу Төрөгул мырза! Сиз ага-буга чарпыла бербей, айыл-чарбасына тикеден тик тийиштүү милдеттерди аткарууга бекем бел байлап катуу киришкениңиз оң.

Биз билгенден айыл-чарба тармагында кайра иштетүүчү өнөр жайы жокко эсе, ветеринария айыл кыштактарда ыйламсырап турат, өсүмдүктөрдү азыктандыруу өтө алсыз, айыл чарба жеткиликтүү денгээлде механикалаштырылбаган, малды асылдандыруу, анын башын көбөйтүү, үрөнчүлүк, жайыт жана башкалар Сизди жай жаткыруучу маселелер эмес. Анын үстүнө жазгы талаачылык жумуштары да башталды.

Урматтуу Төрөгул мырза! Суу чарбасына эле тийишип жатат десек өзүңөрдүн министрликти да чаң-тополоңго түшүрүп жатыпсыз, кээ бир департаменттерди жоюп, кээ бирин кошуп дегендей. Илгери жакшы ойлонбой туруп колхоз-совхоздорду жоюп жибербедик беле, натыйжада эл көп кыйынчылыктарга дуушар болгон.

Өлкөдө 300 миң гектардан ашык сугат жерлерди шор басып сазга айланып бара жатат, өсүмдүктөрдү которуштуруп себүү деген жок, жердин кыртышы начарлады. Сиз ушуларга жетиштүү көңүл бурсаңыз болмок. Жалпы талап боюнча бюджеттик кызматкерлердин саны 10%га кыскартылсын десе сиз министрликтин штатын 25%га чейин кыскартканы жатыпсыз, алардын ичинде бүт өмүрүн айыл чарбасына арнаган адамдар, ортоңку жана жаш муундар бар экен. Кырдаал кыйын болуп турганда алардын убалынан корксоңуз боло, алар эл душманы эмес да.

Урматтуу Төрөгул мырза! Эбактан айтылып элге сиңип калган суу жөнүндөгү макал-лакаптарды эске сала кетүүнү ылайык таптык:

«Канча жериң бар деп сурабай, канча сууң бар деп сурагын». «Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор», «Суусуз жашоо жок»,

«Суу - өмүр булагы», «Эл башы болгуча суу башы бол», «Суу барган жерге - сулуулук да барат», «Эл сыймыгы - туу, жер сыймыгы - суу», «Суусу жок айылга токчулук салам бербейт, барчылык басып келбейт». Белгилей кетсек, белгилүү ырчы, төкмө акын Жеңижок суу жөнүндө бир жума ырдаптыр. 17-кылымдагы француз саясатчысы Жан Франсуа Рец мындай дептир: «Министр үчүн ишти туура эмес аткаргандан да, туура эмес сүйлөп алуу опурталдуу». Абдан калыс айтылган сөз экен. Улуу Гёте: «Биринчи топчусун туура эмес бүчүлөгөн адам, кийинкилерин да туура эмес бүчүлөйт» дептир. Жаш министр айыл чарбага жаңы аттанганда топчуларын туура топчуласа экен.

Чыныгы чарбакерликке али көзү каныга элек жаңы өсүп келе жаткан жаш кадрга иштин чоо-жайын аныктап түшүндүрүп, акыйкат сөз айтып коё турган адилет адам, түзүм бардыр деп ишенебиз.

Суу чарбасы боюнча техникалык илимдеринин кандидаты, доцент Матраим Жусупов

Ушул биздин ардагерлердин айтканына кошулам. Байыртадан бери ата-бабаларыбыз ушул тоо этектерин тандап алып, биринчи урпактарына тилеген тилеги таза суу ичишсин, суудан кыйналбасын дегени болсо керек. Ошондон улам, «Эл башы болгончо суу башы бол» деген акылман сөз эл арасында калып отурат да. Кээде мен окумуштуу катары ойлоп калам, кыргыздар ушул сууга ээ болуп, сууну туура жолго коюп, аны кайра-кайра эле саясатка аралаштырбаса, балким биз ушул көптөн берки экономикалык жана адеп-ахлактык кризистен эбак эле чыгып кетет белек деп? Туура эмес бюджеттик пландаштыруудан келип чыккан тартыштыктан чыгуу учун кечээ эле түзүлгөн Суу чарба жана мелиорация мамкомитетин өкмөт кайрадан айыл чарба министрлигине кошуп, Кыргыздын суусун бир гана мелиорация деген ат менен кала турган кылып, кийинки жумада чечип берүү үчүн ЖКга сунуш берди .

Урматтуу депутаттар, ушул маселеге кылдат мамиле жасооңорду суранам.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×