Добавить статью
7:08, 3 августа 2011 5100

1916-жылды эскерүү күнүнө  карата

Жалгыз тайлак боздойт дайым түшүмдө

О, кыргыздар, бир боорлорум!

Үрөй учкан Үркүндөгү жылдарда,

Көлдөп жашы ажыраган,

Көктөп турган өмүрдөн.

Ашууларда бороондордо буюгуп,

Кар астына көмүлгөн!

О чоң ата, кагылайын чоң эне!

Тар кыяда атка бешик өңөргөн,

Чай буюрбай уул-кыздын төрүнөн,

Туулган туурдан,

Тууган жерден ажырап,

Бөтөн жерде боздоп жашы төгүлгөн.

О жигиттер,

Ата журт деп,

Ар-намыс деп,

Ичтен күйүп өрттөнгөн.

Кырылышта курал жетпей,

Аргасыздан Турпан жакка чегинип,

айла жоктон бөксөргөн.

О тырмактай наристелер,

Айланайын периштелер,

жаштайында жайраган,

Солдаттардын огу тийип,

Ээн коктуда,

кала берген бейиттери төмпөйгөн.

О Ажарлар кандаштарым,

Ач талаада бөрүлөргө таланган,

Оор күндөрдө,

Оолугушкан олжолоого көрүнгөн.

О каралуу апажан!

Жонго бала көтөргөн,

Какшаал тоонун белдеринде мөгдөгөн,

Ачкалыктан шайы кетип,

Ашуудагы тоңгон төөгө жөлөнгөн...

Мына бүгүн менин ичим түтөгөн,

БЕДЕЛ жакты карап алып,

Силерди эстеп ыйлап турам,

Жаш куюлуп көзүмдөн...

Бир кыргыздын туягымын,

Алааматта аман калган өлүмдөн.

Киши эмесмин кандаштарым,

Мен силердин кайгыңардан бөлүнгөн,

Арманым бар өзөгүмдү өрттөгөн...

О боорлор,

Шейит кеткен о армандуу маркумдар,

Билем, билем ал жерлерде,

Миңдеп кыргыз жатканын.

Билем, билем падышанын,

Эч аёосуз атканын .

Силер дагы эстегиле,

Өзүнөрдү түбөлүккө жоготуп,

Менин шорум катканын...

Булут токтоп ашуулардын үстүнө,

Жамгыр төксө.түшүнгүлө,

Ал жаан эмес, жашым төгүп,

Менин ыйлап жатканым...

Бир боорлорум,

Силерди ойлоп,

Миң толгонуп, тынч ала албайм түнүндө.

Өзүңөрдү жоктоп бийик бир белде,

Жалгыз тайлак боздойт дайым түшүмдө.

Терезеге туруп алып үйүмдө,

БЕДЕЛ жакка бара жаткан булутту,

Улутунуп карап турам күнүгө…

О булуттар, айланайын булуттар!

Жай алдырбай көктө шамал айдаган,

Чүй тараптан Какшаал жакка бараткан,

Кечиргиле мен силерди жадатсам.

Өтүнөмүн,

Шамал менен шашыбыраак көчсөңөр,

Алыстагы ашууларга жетсеңер,

Суранамын силер менин атыман,

Арбактарга учурашып өтсөңөр.

Ал жердеги бейиттерди акырын,

Колум болуп, аста сылап кетсеңер.

Көмүлбөгөн сөөктөрдү көрсөңөр,

Тамчың менен аяп аны өпсөңөр.

Өзүм сындуу өлгөндөргө буркурап,

Өксөп белде жашыңарды төксөңөр...

Кандаштарым!

Өз жериңди чоочун күчтүн басканын,

Алатооңду тескеп-тепсеп жатканын,

Көтөрө албай көтөрүлдүң күрөшкө,

Ташташ үчүн силкип жондон,

Үстүмдүгүн башканын –

Учу менен найзанын,

Мизи менен балтанын,

Кесиш үчүн ажыдаардын баштарын.

О боорлор, 16-жылдагы,

Өзүңөрдү курмандыкка чалдыңар,

Апкелем деп Атажуртка,

Боштондуктун ак таңын.

Кордукка сен кол куушуруп жатпадың,

Карлуу бороон, ак кар, көк муз

алааматтан качпадың.

Айыгышкан кырчылдашта,

Көөдөндөгү көксөгөнгө,

Жетпей боорум,

Көкүрөгүң өрттөп күйүт,

Көк жондордо,

Көк бөрүдөй улуп көзүң жаштадың.

Баш ийбеген духуң менен,

Баш бербеген бунтуң менен,

Суудай аккан каның менен,

Чындык деп,

Чыркыраган жаның менен,

Багынбаган арың менен,

Көктүк мүнөз жөнүң менен,

Көк тиреген ашууларда,

Көмүлбөгөн сөөгүң менен –

Сен улуттун ар-намысын сактадың!

Өзүңдү сен кулчулукка сатпадың.

Сезип бүгүн,

бир жагынан

чыйралам мен,

Ошондогу өрттөй күйгөн,

Кайратыңдын аптабын.

16-жылы, кыргыз

чынын айтсам,

КЫРГЫЗ деген улуу атыңды,

Да бир жолу актадың!...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×