Добавить статью
11:38, 16 августа 2011 5606

Губернатор А.Бурканов жөнүндө маалымат

Мындан бир апта мурда область губернатору Арзыбек Бурканов «улуттук коопсуздук кызматына сурак бериптир» деген имиш-имиш сөздөр эркин маалымат каражаттарында тарады эле. Айрымдар аны үй камагында экен деп да чыгарышты. Жаман сөз жерде жатпайт эмеспи. Эмнеси болсо да эл арасын удургуткан сөздүн чын жалганын билели деп сураштырсак ал маалымат ушак сөз болуп чыкты. Областтык бийликтеги ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарга таянсак, область губернатору кыска убакытка эмгек өргүүсүнө чыгып, өзү окуп билим алган, студенттик жаштыктын доорун сүргөн Санкт-Петербург шаарына жүрүптүр. Ал жердеги эл башчылар, депутаттар жана бизнесмен достору менен жолугушууга барып, Баткен областына Россиядан чоң инвестиция алып келүүнүн аргасын издеп, эс алуу менен ишти айкалыштырып жүрөт дешти. Эмнеси болсо да Баткен областынын губернатору келгенде өз оозунан угуп элге дагы кабар кылаарбыз.
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×