Добавить статью
8:23, 17 августа 2011 59493

Эркин журналист Асанова Зирек, Жалал-Абад шаары

Малярия деген сөздүн төркүнүн билүү үчүн википедияга - эркин энциклопедияга үңүлсөм (итал. mala aria — «плохой воздух» же биздин тил менен айтканда «булганыч аба» дегенди билдирет экен. Ошондой эле Anopheles («малярийных комаров») малярия илдетин алып жүргөн чиркейлердин чагуусунан безгек оорусу пайда болору, ж.б. жазылыптыр. Эми бул оорунун алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча иш алып барган медицина кызматкерлери менен сүйлөшүүдөн мурда, биздин аймактын тазалыгын камсыз кылуу жаатында кандай иштер жүргүзүлөрү тууралуу Жалал-Абад аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экосистемаларын өнүктүрүү башкармалыгынын Курчап турган чөйрөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы, мамлекеттик кызматтын кенже инспектору Дуванакулов Маметалы Абдушарипович менен азын-оолак маек курдум.

- Айлана чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылуу үчүн сиздердин бөлүм кандай иштерди алып барат?

- Биздин бөлүм областтын аймагы боюнча айлана чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылуу максатында курчап турган чөйрөгө мониторинг жүргүзүү менен бирге, экологиялык абалды жөнгө салып, алдын алуу процессине катышат. Анын ичинде жалпы эле жер кыртышынын, тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуучу айыл чарбасындагы сугат жерлердин сарамжалдуу пайдалануусун көзөмөлгө алып, тиешелүү жактарга сунуштарды беребиз. Ошону менен бирге башкармалык тарабынан жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери айыл округдар, фермердик чарбалар жана дыйкандар менен тыгыз байланышта жүргүзүлүп турат. Мындан сырткары, башкармалык тарабынан суу ресусртарын коргоо, атмосфералык абаны коргоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо, балык запастарын коргоо, ошондой эле таштандылардын чөйрөгө жайгаштырылуусун көзөмөлгө алуу боюнча жумуштар аткарылат. Бүгүнкү күндө башкармалыкка областтын аймагындагы уникалдуу жангак, мисте, карагай токойлорун коргоо, сактоо жана өнүктүрүү милдети дагы жүктөлгөн.

- Малярия же кыргыз тилинде айтканда безгек оорусун козгоочу чиркейлердин көбөйүшүн шарттаган факторлорго токтолсонуз?

- Безгек оорусунун көбөйүшүнө шарт түзүүчү себептердин бири болуп бул күрүч эгилген (шалы) талаалардын көбөйүшү саналат. Бирок мындан сырткары, табигый шарттар дагы бар, маселен алар жер алдындагы суулардын көтөрүлүшү, саздактар, камыш басып жаткан жерлер жана башка ушулар сыяктуу. Ошол эле учурда, антропогендик факторлор да табигый факторлордон кем эмес, маселен кээбир айыл округдардын аймагында күрүч талааларынан жыйналган эгин менен жашоо-турмушун өткөрүп жаткандар бар. Мисалга алсак, Сузак районунун төмөнкү, башкача айтканда, Кара-Дарыя жана Көк-Арт дарыяларынын жээгиндеги айылчарба жерлери күрүч эгүүгө ынгайлуу болуп, башка айылчарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө болбойт. өзүңүздөргө белгилүү болгондой, айылчарба жерлери жер реформасынын негизинде үлүшкө бөлүнүп берилип кеткен, ошондуктан ар бир дыйкан киреше алуу максатында өзү каалаган өсүмдүктөрүн өстүрүп, киреше алып келе турган эгиндерди эгүүнү эп көрөт, бул дагы кандайдыр бир денгээлде күрүч талааларынын көбөйүшүнө алып келүүдө. Ушундай эле көрүнүш Базар-Коргон районунун айрым айылдарында да байкалат.

Мында дагы бир баса белгилеп кете турган нерсе, дээрлик баардык райондук борборлорунда саркынды сууларды тазалоочу ишканалар жокко эсе экендигинде, илгери иштеп келген болсо, союз урагандан бери таланып-тонолуп кеткен, анын натыйжасында райондук ооруканалардан, көп кабаттуу үйлөрдөн, деги эле, калктуу пункттарда пайда болгон саркынды суулар сырткы чөйрөгө чыгарылып булганууларга, ошондой эле чымын-чиркейлердин көбөйүшүнө, ошол эле безгек оруусун жана башка дагы жугуштуу ооруларды таркатууга шарт түзүлүп калууда. Ушундай эле көрүнүш турмуш-тиричилик таштандылары боюнча иштердин жакшы жүргүзүлбөй жаткандыгынан дагы кездешүүдө.

Биздин бөлүм 12 көрсөткүч боюнча сууларга химиялык анализ жүргүзүп, мониторинг ишин аткарабыз. Мисалы Сузак районунда көп жылдан бери райондук оорукана иштейт, мына ошол жерден саркынды суулары чыгып, жер үстүндө жылжып агат, жүргүзүлгөн анализдердин натыйжасында тиешелүү органдарга эскертүүлөрдү берип, саркынды сууларды зыянсыздандыруу иштерин аткаруулары милдеттендирилген. Ошондой эле Сузак районундагы Атабеков айыл округуна караштуу Бек-Абад айылында 2 мончонун иши саркынды сууларын чөйрөгө уруксаты жок чыгарылгандыгы үчүн токтотулган.

Жаз мезгилинен баштап ири дарыялар болгон Көк-Арт, Кара-Үнкүр, Майлуу-Сай жана башка дарыялар эгин талааларына сугат иштери үчүн бурулуп, пайдаланылып, ал дарыялардын табигый нугунун бузулушу, ар кайсы жерлерде жер алдындагы суулардын көтөрүлүшү, суу сактагычтар, пайда болгон көлмөлөр дагы чиркейлердин өнүгүшү үчүн жагымдуу болуп кала берет.

- Чымын-чиркейлерди атайын дарыларды аба аркылуу чачуу менен жок кылууга болобу, деги эле ушундай иш-чара сиздердин ишкана тарабынан аткарылды беле, мисалы союз мезгилиндеби деп коелу?

- Айылчарба зыянкечтерине каршы бир топ каражаттар бар жана бүгүнкү күндө да колдонулуп келет. Бирок атайын безгек оорусун пайда кылуучу чиркейлерди жок кылуу үчүн мамлекеттик денгээлде дары колдонуп жок кылуу менин билишимче болгон эмес. Учурда чиркейлерге каршы көптөгөн каражаттар чыгып калбадыбы, ошолорду үй шартында колдонуу зарыл. Бирок дээрлик калктын 70% айыл жергесинде жайгашып, ал каражаттарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жетишпеген сыяктуу же таптакыр эле билишпейт, дагы да болсо илгеркидегидей от жагып, түтөтүү жолу менен чиркейлерден коргонушат, ошол эле мезгилде алар түтүн аркылуу канчалык зыяндуу заттар менен дем алып жаткандарын билишпейт. Ошон үчүн саламаттыкты сактоо министрлигинин жергиликтүү бөлүмдөрү тарабынан чиркейлерге каршы үй шартында колдонуучу каражаттар жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл деп ойлойм.

- Ошол эле учурда, кандай болгон күндө да, адамдар ооруп калбоо аракетин өздөрү дагы көрүүсү зарыл го. Эскертүүлөрдү аткарбагандарга кандай чара колдонулат?

- Биздин башкармалыкка экологиялык көзөмөлдү жүргүзүү милдети жүктөлгөн соң, мыйзам бузуучуларга карата административдик санкциялар белгиленип, кылмыш жаза кодексине ылайык укук коргоо органдарына тийешелүү чараларды көрүүлөрү максатында доо арыздар өткөрүлүп берилет. Башкармалык тарабынан өткөн жылдын жарым жылында аткарган жумуштарына караганда, бир топ алгылыктуу көрсөткүчтөргө ээ болдук. Мисалга алсак, башкармалык тарабынан 2011-жылдын 1-жарым жылдыгында жалпысынан 468 эскертүү берилип, анын ичинен 333 аткарылган, калгандары көзөмөлдө турат. Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуучуларга карата 585 жаранга 238004 сом суммасында административдик айып салынып, 498 жарандан 195144 сом өндүрүлгөн. Ал эми жаратылышка келтирилген 219 зыян аныкталып, 1233162 сомго баланган, анын ичинен 168 зыян боюнча 850500 сом өндүрүлгөн. Жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген 22 обөекттин иш-аракети токтотулган. Ошондой эле укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта иштеп, жалпысынан аларга 60 материал өткөрүлүп берилип, 40 материал боюнча он корутундулар чыгарылган, калган материалдар тергелүүдө.

- Алардан алынган акчалар кайсы жакка жумшалат?

- Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2004 жылдагы 10-ноябрындагы №823-токтомунун негизинде мекеме, уюмдар тарабынан жаратылышка зыян келтиргендиги үчүн атайын төлөмдөрдү төлөшөт жана бул каражаттар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 17-майындагы №263- Жарлыгына ылайык Жергиликтүү жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү башкармалыгынын эсебине чегерилет. Жалпы түшкөн сумманын 25% республикалык жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондуна берилет, калган бөлүгү жергиликтүү фонддун эсебинен кайра эле областтын аймагындагы экологиялык коопсуздукту камсыздоого жумшалат. Алты ай ичинде башкармалыктын жергиликтүү жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондунун эсебинен 1462200 сом акча каражаты областтын аймагындагы жаратылышты коргоо иш чараларына жумшалган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×