Добавить статью
8:20, 5 сентября 2011 0

Жер соорусу Жети-Өгүз

«Кыргыз жери соп-сонун…». Мен өмүрүмдө Таластын токоюн араладым, Арсланбап жаӊгак токоюн, Кара-Шоро жайлоосун, Нарындын Салкын-Төрүн, анан Бишкекке танапташ Ала-Арчаны, Кайнар-Булакты (Теплые Ключи) айтпаганда деле баш калаага жакын жайгашкан Кегетини жана Ысык-Атаны көрдүм. Бир көрүп койсом болот эле деген жерлерден дагы Ат-Башы жана Сары-Челек калды окшойт…

Ал эми жыл сайын жок дегенде эки күнгө барууну, жок дегенде сууга бир чөмүлүп алууну эӊсеткен кыргыз жери, албетте, касиеттүү Ысык-Көл.

Анын ушундай жер келерин эки кылым мурда эле орустар да  билип алышкан. Ошондо Пржевальский, Семенов-Тянь-Шанский сыяктуулар мында канчалык деӊгээлде «тыӊчылык» максатында келишкени жөнүндө айтып олтурбайлы, азыркы Семенов капчыгайы сыяктуу ажайып кооз жерлердин кооздугуна биринчи болуп суктангандар так ошолор, кадимки кыргыз арка-кулжалары кайдагы бир Марко Поло дегендин аты менен аталып калганы да ошондон. Алардын Ысык-Көлдү өздөрүнүн кичи мекенине айлантышканына болсо Покровка, Долинка… сыяктуу орус айылдары тарыхый күбө.

Ысык-Көл тоо арасындагы табигый «казанда» мелтилдеп, мухиттен алыс жайгашканы менен анын суусу туздуулугу боюнча деӊиздикине жакын келет. «Кыргыз бальзамын» ойлоп тапкан чоӊ окумуштуу Алтымышев анын ден соолукту чыӊдоодогу өзгөчө касиети жөнүндө айтып келип,  Көлдүн так ортосунан бир чоӊ кашык сууну дарылык үчүн ичип коюу кеӊешин берген. Ал эми кокусунан колуӊду кесип же бутуӊду ташка тилдирип алып Көлгө түшсөӊ, кан аккан жериӊ дароо бүтө баштарын көрүп жүрөбүз…

Ысык-Көлдүн суусунун тунуктугун чет элде болгондор, чет элдиктер да айтышууда. Алыс барбай эле, СССРдин курорт шаарлары Сочини, Ялтаны алсак, анын бойлото кеткен Кара Деӊиздин суулары бүгүн өтө булганган. Өзгөчө  Ысык-Көлдүн абасы бөтөнчө - шаардан өзүӊдү оор сезип жүрүп барсаӊ, дароо  жеӊил сезип каласыӊ. Көлдүн карагаты, өрүгү, айтылуу Артык (превосходный) сортундагы алмасы, чычырканагынын ашы…

Башыма чач чыкканы Жети-Өгүз курортунда быйыл биринчи болуп, буга чейин неге келбей жүрдүм экен деп өкүндүм. Мында 17 жыл бою үзбөй келген бир чүйлүк адам мынтип туурасын айткандай болду: «Жети-Өгүзгө бир келген киши аны кызга ашык болгондой эле өмүр бою жактырып калат да, аны кадимкидей сагынып, жыл сайын келүүнү самайт..» Жети-Өгүз курортун угуп-билбегендер жок, аны телевизордон деле көрсөтүп жүрүшпөйбү. Мен да анын Кыргызстандагы № 1 кооз жер экендигине, суусунун, абасынын бөтөнчөлүгүнө ынандым. Совет доорунда ушул курорт Бүткүл союздук эӊ белгилүү курорт болгонун да белгилей кетүү ашыкча болбос.

Баса, анын курортко ылайыктуулугун орустар Улуу Октябрь революциясына чейин эле, 1910-жылы аныкташкан экен. Алар мындагы жер алдынан бууланып чыккан ысык сууга колу-буттарын малып олтурушкан жергиликтүү калктын өкүлдөрүн көрүшүп, дароо бул булактар жөн суу эмес экендигин түшүнүшкөн. Бир кадам жерде карагай токою созулуп жаткандыктан, көп өтпөй эле алар мындагы ысык сууларды тегерете жыгачтан ванналар жасашып, аларга Орус падышасынын «саякатчы»-аскер чоӊдору, анан жергиликтүү байлар  түшүшкөн. Ал эми чыныгы курортко бул жер 1937-жылы айланган. Өткөн кылымдын 60-жылдары мында санаторийге ылайыктуу далай имараттар салынып, Советтер Союзу кыйраганга чейин ушул курорттун үзүрүн дагы эле Россиядан келген партиялык төбөлдөр, анан Кыргызстандын чоӊдору  көрүшкөн. Жети-Өгүз курортунун сууларынын  негизги дарылык касиети  - ал радондуу келет. Мындай суулар дүйнөдө көп, бирок алардын бири да дарылоого ылайыктуулугу жагынан Жети-Өгүздүкүнө жетпейт, анткени радондун ар кыл кошулмада келиши, ар кыл туздарга, химиялык элементтерге бай экендиги жана суунун ар кыл температурада болушу боюнча эӊ сейрек кезиккен жана эӊ баалуу булактар болуп саналат. Бир сөз менен айтканда, Жети-Өгүздүн ушул суулары невралгия, неврастание, артрит, ошондой эле борбордук нерв системасы менен байланышкан башка далай ооруларга шыпаа экендигин айтпаганда да, бүгүнкү оор жашоодо адамдын чарчаӊкы нерв системасын  эс алдырууда миӊдин бири келерине өзүм тереӊ ынандым…

Дагы бир маанилүү жагдай. Жети-Өгүз курортуна өзүн оор сезип барган адам мында келери менен дароо дурус сезип калат. Биринчиден, анын кооздугу  дароо көӊүлдү ачат, туш тарапты карап эле жашоонун кереметтигин сезип, маанайы көтөрүлөт. Эӊ башкысы, Жети-Өгүздүн абасы башкача экенин сезет, өзүӊдөн өзүн эле кере-кере дем ала баштайсыӊ. Ушул жердик бир өспүрүмдүн минтип айтканы эсимде калды: «Бул жерге башка жактан кой алып келсеӊ, оттойм деп башын жерге салган бойдон кайра көтөрбөйт.»

Жети-Өгүздүн кооздугун сөз менен сүрөттөй албайсыӊ, андыктан өз көзүӊ менен көрүүгө жетпейт. Курорт жайгашкан ойдуӊдү Кудай атайын санаторий үчүн жасап койгондой. Анткени Жети-Өгүз капчыгайы курортко чейин анчейин деле кооз көрүнбөйт, ал тургай жолдо ката боз адырлар да кезигет. Анан эле капыстан карагайлуу кууш капчыгай туш болуп, айтылуу «Жараланган жүрөккө»  капталасыӊ… Ал кызыл түстөгү ЖЕТИ ӨГҮЗДӨН турган кумдан катыган тоолордун уландысы. Курорттун батыш тарабында жайгашкан ушул ЖЕТИ ӨГҮЗ күндүзбү же түнкүсүнбү, эртеӊ мененби же кечкисинби, бардык мезгилде көзгө керемет, касиеттүү көрүнөт. Эртеӊ менен күн нурунан укмуш ажайып көрүнсө, кечкисин, күн батарда, бараандуу «сөлөкөттөрү»  (силуэттери) башкача сезим тартуулайт…

Курорт башка эки тарабынан жыш токойлор менен курчалган. Токойду мында буту ооруп келгендер да аралагысы келгенин өз көзүм менен көрдүм. Себеби мында келген адам өзүн күн өткөн сайын чыйрак сезип,  баскысы эле келип калат…

Дегинкиси, жөө басып саякаттаганды жакшы көргөндөр бул жерде күн сайын улам жаӊы «жүрүшкө» чыкса болот. Анткени бүгүн тоолорго чыкса, эртеси токой аралап, үчүнчү күнү ЖЕТИ ӨГҮЗДҮН аскаларына чыга алат. Төртүнчү күнү аталган капчыгайдан жогору кеткен Көкжайык жайлоосуна барып келсе болот…

Жети-Өгүз курортунун башка санаторийлерден дагы бир өзгөчөлүгү анын деӊиз деӊгээлинен 2200 м бийиктикте жайгашкандыгында. Андыктан бийик тоолуу шартта дарылоо артыкчылыгына ээ. Курорт ушундай тоо арасында жайгашканы менен, мында климат жанга жагымдуу, анткени кышта кар калыӊ түшсө да, суук анчейин катуу болбойт. Эӊ башкысы, мындагы абанын бөтөнчөлүгү. Деги эле Ысык-Көл ойдуӊундагы абанын өзгөчөлүгү тууралу жогоруда айттык. Бирок Жети-Өгүздүн абасы таптакыр башка. Анткени курорттун айлана-тегерегиндеги ийне-жалбырактуу карагайлуу токойлордон бөтөнчө, ден соолукка өтө пайдалуу аба келет. Буга кошумча радон суулары бууланып, алар да саламаттыгыӊа шыпаа берери курорттун ичин аралап аккан Жети-Өгүз суусунун боюнда суу шаркырагын уга кере-кере дем алып олтурганда даана билинет.

Жети-Өгүз курортунун дагы бир артыкчылыгы, бул жерге эс алууга кышында келсеӊ да болот. Анткени ысык радон суусу толтурулган ванна, бассейн такай бар. Албетте, мында жайында келүүгө жетпейт. Анткени кымыз да болот. Бээлерди санаторийдин эле жанында  байлашат, андыктан анын сүтүн көз алдыӊда саадырып, жылуу ичүүгө болот… Ал денени бүтүндөй тазаларын ар бир кыргыз билет.

Макала «Ысыккөлдүк журналисттер» коомунун туризмди өнүктүрүү боюнча жазылган мыкты макалаларга сынагына катышуу үчүн жазылды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

21-11-2011
Той жөнүндө ой
8388

17-11-2011
Радио көп, бирок жарытылуу музыкасы жок
12003

14-05-2011
Партиялар парады
22683

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×