Добавить статью
3:35, 12 сентября 2011 15657

Муниципалдык менчик - бул негизги ресурс

ЕККУнун каржылоосу менен ишке ашып жаткан «Ресурстарды натыйжалуу пайдалануу аркылуу жаңжалдардын алдын алуу максатында Баткен, Жалал-Абад, Ош областтарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин күчөтүү долбоорунун алкагында өнүктүрүү саясат институту 11-августта Жалал-Абад шаарында, Жалал-Абад областынын 10 айыл округунун ментор-адистери катышкан форум өткөрдү. Форумду алып барган долбоордун техникалык менеджери, муниципалдык менчик менен иш алып баруу боюнча адис Гүлайым Шамшидинова форумдун максаты, айыл округдарындагы иштердин абалы, муниципалдык менчик менен иш алып барууга карата мамилелер туурасындагы айрым суроолорго өз пикирин айтып кетти.

- Форумду максаты эмнеде?

- Аталган форум айыл округдарынын иш аракеттерин талкуулоо жана талдоо аркылуу төмөнкү учурларга көнүл буруу максатын көздөгөн: муниципалдык менчик менен иш алып баруудагы дурус тажрыйбаларды алмашуу, жалпы көйгөйлөрдү аныктоо менен бирдиктүү жана оперативдүү чечимдерди кабыл алуу жолдорун издеп табуу, айыл округдарында (АО) муниципалдык менчик менен иш алып баруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана андан аркы иш пландарды аныктоо. Аталган 3 область боюнча 30 АОну пилоттук программа менен иштөөгө тандап алганбыз, булардын ментор-адисттерин 3-5-майда Ош шаарында атайын семинар-тренингде окутканбыз жана бул форумга чейин жеринде тиешелүү иштерди аткарып келүүлөрү үчүн атайын үй тапшырмалар дагы берилген. Бул жерде ар бир АО адистери ошол тапшырмалар кандай аткарылганын айтып берүүлөрү каралган.

- Алар кандай тапшырмалар эле жана булардын даярдыктары туурасында айтсаңыз?

- Буларга өтө манилүү 4 тапшырма берилген: ККнын өкмөтүнүн 1996-жылдын 16-ноябрындагы №531-токтомунун негизинде мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген объекттердин тизмеси менен иш жүзүндө кабыл алынган объекттердин тизмесинин ортосундагы айырмачылыкты, себептерин аныктап, андан аркы кадамдарды жасоо, мунципалдык менчик укуктарынын мамлекеттик каттоо абалын, тактап айтканда, каттоодон толук өткөнбү же жокпу, каттоо карточкаларынын, кадастрдык пландын көчүрмөлөрүнүн бар же жок экендигин аныктоо, мунципалдык менчик объекттери боюнча инвентаризация жүргүзүү, реестр түзүү, жергиликтүү калктын реестр жөнүндө маалымат алуусун камсыз кылуу жана кандай формада камсыз болгонун көрсөтүү, муниципалдык мүлк объекттеринин классификациясын даярдоо жана айыл кеңешинин сессиясында бекитүү, муниципалдык мүлк объекттерине укук берүү принциптерин, эрежелерин аныктаган документти (жобо) иштеп чыгуу.

Эми даярдыктарына токтолсом, бул форумга эч кандай даярдыгы жок эле келишиптир, бирок түшүнүктөрү ар бир суроону тактаганда бир аз кеңейип жатканы байкалды, бири-бирине чаташтырбай түшүнө башташыптыр. Биз окуткан учурда түшүнүктөрү өтө начар эле, анан ошондон улам дагы бизде булар канчалык денгээлде түшүнө алышты деген кооптонуу болгон, түшөнбөсө аткарылышы кыйын да, ошондуктан бул форум пландан тышкаркы тартипте, алдынала текшерүү иретинде өткөрүлдү десе болот.

- Тапшырмалардын толук денгээлде аткарылбган себептерин эмнеден көрөсүз?

Булар менен сүйлөшсөм талаа иштери кызуу жүрүп жаткан учур, суу көгөйү курч бойдон алып жатканын айтышты. Сузак, Базар-Корон, Ноокен райондорунда суу маселесинин тегерегинде атайын штабдар түзүлүп, АО башчылары, акимдер, губернтор, ички иштер бөлүмү чогуу иш алып барышыптыр. Бул эми түшүнүктүү. АОнун башчыларынын бул ишке кызыкчылыгы аз, андай эле маани беришпей, колдоо таппай жаткандарын айтышты. Андан кийинки шылтоо бул убакыттын жоктугу экен.

- Сиз бул жүйөлөр менен макулсузбу?

- Жогорудагы эки шылтоону аргасыз түшүнүүгө болот, бирок убакыт жок дегенге макул эмесмин, үч жарым ай ичинде эки аптада бирден тапшырманы аткарышса дагы бир топ жылыштар болмок. Ишти аткарбайм дегенге шылтоо дайым табылат.

- Эми ушул иш-аракеттердин жаңжалдарды болтурбоодогу орду кандай?

Муниципалдык менчик бул – негизги ресурс, ар бир АОнун карамагында мунципалдык менчик деген социлдык объекттерден тышкары, үйлөр, жерлер бар, аларды ижарага берип же сатып акча тапса болот, Бүгүнү күндө эң талаштуу маселе бул – жер. Деги эле, адам баласы жаралгандан бери чыр-чатактар жер талаш менен коштолуп келет, кошуналар, айылдар, АОлор, шаар, райондор, мамлекеттер, улуттар арасында, ж.б. Бул өтө татаал маселе. Жер басып алуу, чыр-чатактар мына ошол жер маселесине кайдыгер кароочулуктан, иштеги тартиптин, жоопкерчиликтин жоктуган келип чыгууда. Айрым муниципалитеттер бул ишти дагы деле жашкы түшүнбөй жатышканын, аларда түшүнүүгө ынтызарлыктын жок экенин да танууга болбойт. Ошол эле учурда, бул менчиктин башын толук ажыратып, мыйзамдаштырып, ашыкча деген жерлерди ижарага берип, андан кошумча киреше тапкандар да жок эмес.

- АО башчылары бул иштерге эмнеге маани беришпейт деп ойлойсуз?

Жалпылап айтканда, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларынын иш аракети мыйзам боюнча көз карандысыз болсо дагы, алар акимдердин, губернаторлордун буйругун күтүп, угуп иштегенге көнүп калышкан. Бул биздин менталитет. өзүнчө жол издөө, демилге, сунуштар менен чыгуу аракеттери артта калууда. Бир эле мисал, биз буларга 2 миң евро суммасында грант алуу мүмкүнчүлүгүн дагы айтканбыз. Бул грантка бири-бири мнен чектешип турган айыл округдарынын ортосундагы талаштуу маселелерди чечип алуу үчүн биргелешип заявка берүү керек эле. Бирок, буга бирөө да кызыккан жок. Атайын ушундай иш-чаралар жүргүзүлүп жатканда алар муну натыйжалуу пайдаланып калуу аракеттерин көрүп, кыйладан бери кароосуз калган иштерин алдыга жылдырууга кызыккан болушса, өздөрүнө тиешелүү аймактагы көз карандысыздык, коопсуздук, тынчтык маселелерин камсыз кылууга боло турганын да сезе алышмак.

- Жогоруда айтылган тапшырмалар боюнча иштердин жыйынтыгы качан белгилүү болот?

Буйруса, 2011-жылдын октябрь айынын аягында бул долбоордун чегинде аткарыла турган үй тапшырмаларынын толук жыйынтыгы боюнча форум өткөрөбүз. Форумга ошол эле үч областтан пилоттук программа боюнча иштеп жаткан 30 ментордук жана шефке алынган 90 АО катышат. Мында 30 АОнун ментор адистери аткарган иштеринин жыйынтыктарын жана шефке алынган, аларга чектеш турган 90 АОго бул иштерди канчалык денгээлде үйрөтө алышкандыктарын көрсөтүүлөрү тийиш, тактап айтканда, 90 АОнун адистери дагы үй тапшырмаларынын аткарылышын көрсөтүп, айтып беришет.

Ошондой эле, боло турган форум – долбоорду иш жүзүнө ашыруу жыйынтыгын чыгаруу: муниципалдык менчик менен иш алып барууда айылдык муниципалитеттер кандай жетишкендиктерге ээ боло алышты. АО тарабынан долбоорду жүзөгө ашырууда кандай көйгөйлөр орун алды жана аларды жоюу сунуштарын талкуулоо, муниципалдык менчик менен иш алып барууда бардык пилоттук АОлордо андан аркы пландарды түзүү максатын көздөйт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

23-07-2011
Ишенимди жараткан жылуу сөздөр
72406

07-07-2011
Бюджет тартыштыгынан туберкулин жетишпейт
23367

21-06-2011
Зыян тарткан дыйкандар жер салыгынан жана ижара акысынан бошотулабы?
21684

06-06-2011
Ишкерлердин колу-бутун мыйзам менен чырмап, тоноп жатышат
80263

26-05-2011
Жергиликтүү өнүгүүгө көңүл бурулат
26373

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×