Добавить статью
6:13, 24 сентября 2011 174312

Кыргыз тили мамлекеттик дэңгээлдеги кызматын аткара албай келе жатат

Иш жүзүндө кыргыз тили ушул күнгө чейин мамлекет ичиндеги өзүнүн «мамлекеттик» дэңгээлдеги кызматын аткара албай келе жатат. Ошондуктан, мамлекеттик тилди колдонууга жана өнүктүрүүгө сөзсүз жетекчиликтин колдоосу керек.

Мамлекеттик тил – ал мамлекеттин көз карандысыздыгын билдирип, улуттун түбөлүк белгиси (символикасы). Тил жоголсо – улут жоголот. Баш Мыйзамга «кыргыз тили – мамлекеттик тил» деп жазганыбыз менен биз кыргыз тилинде бири – бирибиз менен сүйлөшпөсөк, жазбасак, биз «эркин эл» боло алабызбы? Жок.

СССРдин маалында окуп, орусташтыруу оорусуна чалдыгып, ушул убакка чейин 22 жыл аралыгында айыга албай медициналык иш кагаздарын орусча жазып келебиз.

Кыргызда «Эшигин көрүп, төрүнө өт» деген макал бар Мисалга медициналык мекемелерди эле алалы. Мында көрнөк – жарнактарды улуттук өзгөчөлүктө иретке келтирүүдөн баштоо зарыл болуп турат. Медициналык мекемелерде МАМТИЛ боюнча мамлекеттик тил боюнча координациялык кеңештин курамы иштебей келет. Ырас,ушул күндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия терминдер боюнча иш жүргүзүп келүүдө. Бирок кыргыз тилиндеги илимий терминологиянын тегерегинде айрым сөздөр туурасында талаш маселелер бар. Терминдер чалды – куйду которулуп, чар жайытыкка алып келген учурлар кездешет. Кыргыз лексикасына орус тили аркылуу кыргызчага өткөн сөздөр өгөйлөнүп, алардын ордуна арапча, фарсча сөздөр арбын колдонула баштады.

Орусчадан тилибизге кирген сөздөрдү, асыресе европалык теги бар терминдерди четке кагуу аракеттери улуттук интелегенциянын, айрыкча жалаңкыргызча жазып жүргөн журналистердин, жазуучулардын, илимпоздордун ж.б. арасында мурдагы жапырт орусташтыруу саясатына каршы маанайдын күчөп кеткенинен улам пайда болду.

Бир гана кыргыз тилинен пайдаланган билимдүүлөрүбүз өз жазма речин жандандырууга аракеттенген кезде эне тилинин жаңы сөздөр жасоо жагынан мүмкүнчүлүктөрү барын туюнбай, элдик тилдин духуна шайкеш неологизмдерди пайдалануудан качып, тектеш түрк тилдеринен даяр турган арап, иран сөздөрүн сокур көчүрүп алууда.

Европа төркүндүү эл аралык терминдерди биздин тилибизге орус тили аркылуу киргенин жеригенибиз, экинчиден арап, иран сөздөрүн өзбектер көп колдонгону үчүн гана артык көргөнүбүз туура эмес. Эл аралык терминдер арапча, фарсча терминдер менен алмашса эле жазма тилибиз кыргыздашып калбайт, жөн гана бир бөтөн сөздүн ордун экинчи бөтөн сөз алмаштырат. Мунун өзү тилбиздин накта улуттук негизде төл сөздөр жасоо жагынан бай потенциалынын ачылышына тоскоол болот. Орус тилинен оошкон эл аралык терминдерди арапча, иранча сөздөр менен алмаштыруу багыты да терс бааланууга тийиш. Бирок биздин жазма тилибиз калыптануу процессинде жаңы сөздөрдү табуу далалаттарына каршы туруу да туура эмес. Ал орусчадан оошкон олдокоон сөздөрдөн жана калькалардан, эне тилибиздин духуна жат арапча жана фарсча сөздөрдөн кутулууга, нукура улуттук кыртыштан өнүп чыккан неологизмдер менен баюуга өтө муктаж. Терминдерди орус тилинен кыргызчалатууга терминком тарабынан жөнгө салышып, тартипке келтирүү, багыттоо зарыл. Жаңы сөздөрдү жасоо, терминдерди пайдалануу көзөмөлгө алынбаса, анда улуттук жазма тилибизде баш аламандык боло берет.

Алгачкы комиссия 1926 – жылы 8 – майда Кыргыз Ревкомунун алдындагы илимий комиссиянын токтому менен түзүлүп, терминдерди иштеп чыгуунун принциптери белгиленген. Учурда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам негизги орунга чыкты. Тилге байланыштуу жаңы программаларды пайда кылды.

2000 – 2010 – жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүнүн программасы КРнын № 268 – указы менен бекитилип, бешинчи багыты – терминологияны өнүктүрүү. Терминологиялык сөздүктүрдү (тармактык) басып чыгаруу болгон.

Ушул прогшраммага ылайык КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссияны редакциялык бюросунун токтому менен бекитилген такталган терминдер медицина тармагында иштелип чыкты. Илимий терминдердин бардыгын кыргызча которууну зарылчылыгы жок, анткени кыргыз тилинин байышынын жана өнүгүшүнүн булагы илимдеги терминдер менен кабыл алынган сөздөр болуп эсептелет.

Азыр илим – билимдин, техниканын заманы болгондуктан электрондук «Орусча – кыргызча сөздүк» даярдалган. «Кыргызча – орусча сөздүк» өзүнчө диск болуп чыккан. Тил комиссиясынын Вебсайтын ачып, бул сайтка сөздүк киргизилген.

«Кыргызча – орусча, орусча – кыргызча» сөздүктөр жарык көрсө да, тилекке каршы айрым жазуучу, журналистер, окумуштуулар, кыргыз тилинде эмгек жазууда автор катары атайын иштелип чыккан терминологиялык сөздүктү пайдаланбай, ар кимиси өз алдынча терминдер чыгарып жүрөт. Натыйжада орусча бир эле терминдин кыргызча үч – төрт эквиваленти болуп калууда. Мына ушундай кемчилдиктерден арылтуу, мамлекеттик тилдин маданиятын көтөрүү, медициналык терминдерди тартипке салуу, мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүүгө ж.б. көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын атайын редакциялык бюросу тарабынан «Такталган терминдер» иштелип чыгууда. Бул сөздүк Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан бекитилди.

Мамлекеттик тил - медицинадаМамлекеттик тилди ишке киргизүүдөгү эңтатаал тармак – медицина тармагы. Медициналык тармагында да медициналык иш кагаздарын Мамлекеттик тилге өткөрүүгө аракет жасап, «Кыбыраган кыр ашат» дегендей алдыга жылуу учурдун талабы болуп отурат. өкүнүчтүүсү, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо тутумун мындан ары өнүктүрүү боюнча «Манас таалими» программасы кабыл алынып, иштеп жатат. «Манас таалиминин» иш кагаздары толук бойдон орус тилинде жүргүзүлүп, чечилбеген проблема болуп келүүдө.

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын өкмөттүнүн «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук, материалдык – техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» № 958 – токтому Саламаттыкты сактоо Министрлигинде да талаптагыдай аткарылбай, медициналык мекемелерге келген буйруктар, көрсөтмөлөр, чечимдер орус тилинде келет. Мисалы, өкмөттүн № 958 токтому 2005 – жылдын 1 – февралынан баштап мамлекеттик тил боюнча штаттык адис жана котормочу алынсын деп айтылат.Анда тил адиси мекемеге келген каттарга кыргызча жооп берип, буйрук, токтомдор, маалыматтарды кыргызча (андан соңорусча которулат) даярдалыш керек.

Тилекке каршы, Єкмөттүн токтому чыкканына 6 жылдан ашып жатканына карабастан, мамлекеттик тил боюнча атайын кызматкерлерди алуу иштерин медициналык мекемелердин көпчүлүгү ар кандай шылтоолор менен создуктуруп келе жатышат.

Кээ бир медициналык мекемелерде компьютерлерге кыргыз тамгалары орнотулган эмес. Ошондуктан ө, ү, ү катышкан сөздөрдү алдоксон бурмалап жазып келишүүдө. Ошондуктан ТАМГА – КИТ программасын компьютерге киргизүү зарыл.

Кыргыз тилин өнүктүрүү маселеси бир да медициналык жыйындарда каралган эмес.

Сүйлөшмөлөр, сөздүктөр жок, болсо да аз.

Медициналык иш кагаздарды, туш келди которуп кыргызчалатуу да туура эмес. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечими менен такталган терминдерди колдонуу зарыл. Терминдердин иштелип чыгуусу, бир тартипке салуу жагы атайын комиссия тарабынан каралып, мамлекеттик маанилүү маселе катары ишке ашат.Демек, медицина тармагында иштеген адистер Мамлекеттик тилде медициналык иш кагаздары: Бейтап баянын, ден соолук баянын толтурууда, сөздүктөрдү андагы терминдерди милдеттүү түрдө колдонгону максатка ылайыктуу. Тилекке каршы,бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарынын медициналык мекемелеринде да терминдерге калпыс мамиле жасалган учурлар бар. Тилди өнүктүрөбүз деген максат менен мурунтан өз аталышы жана илимий түшүндүрмөсү менен кабыл алынып, эл арасына сиңип кеткен терминдерди кыргызчалатуу, мааниси толук дал келбесе да которуу аракеттери жүргүзүлүүдө. Алсак, Неврология – Сезимтал оорулар бөлүмү деп которуп алышкан. Мындай которуу туура эмес, өз жашоосун уланта албайт, баш аламандыкка алып келет. Ошондуктан элге кеңири таралып, мурунтан колдонулуп келген неврология бөлүмү деп жазуу эле туура. Терминдердин маанисине адистин гана кийлигишүүсү талап калынат.

Акыйкат үчүн айтып коюу керек, ошого карабастан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу боюнча бир топ иштер жүргүзүлүп жатат. Алсак, республика боюнча МЕДМАМТИЛ штабы уюштурулуп, анын курамы түзүлгөн. Төмөнкү китептер мамлекеттик жана расмий тилде жазылып, республика боюнча медицина мекемелерине таркатылган:

1.Бейтап баяны – История болезни

2.Ден соолук баяны – Амбулаторная карта

3.Кыргызча – орусча медициналык терминдердин чакан сөздүгү.

4.Дарттапма – Диагностика

5.«Орусча – кыргызча – англисче» медициналык сөздүк.

Медициналык тармак боюнча терминкомдун курамы Мейманжан Жээналиевдин «Дарттанма - Диагностика» китеби 2009 – жылы жарык көрүп, медициналык кызматкерлерге сунушталган.

Тилибизде адамдардын бардыгына бирдей тиешелүү болбогон сөздөр кезигет. Бул сөздөрдү жалпы элдин билүүсү зарыл эмес. Ал сөздөр көп учурда бирдей кесиптин ээлери үчүн мүнөздүү. Саламаттык сактоо тармагында иштеген ар кыл адистер кыргыз тилди кесиптик профессионалдык деңгээлде билүүсү – азыркы учурдун талабы. Ар бир кесип тармагында ошол кесиптегилер үчүн кадимки сөз катарында колдонулуп, бирок башка кесиптеги адамдар үчүн анчалык түшүнүгү жок сөздөр кезигет.

Кесипке байланыштуу терминдердин эки топко бөлүп кароого болот: Көбүнчө ошол кесиптеги адамдар гана билүүчү тар чөйрөдө колдонулучу сөздөр. Кесиптик терминдер ошол кесипте иштеген адамдардын тилинде гана айтылат. Кесип сөздөрү территориялык мүнөзгө ээ эмес, кесиптин түрүнө байланыштуу айтылат.

Медициналык терминдерди эки топко бөлүп кароого болот:

1.Орус тилинен жана ал аркылуу башка тилдерден алынып, кыргызча которулбаган терминдер.

2.Башка тилдерден которуу жолу менен пайда болгон, же накта эне тилдин корунан жасалган терминдер. Булар өз ара эки топко бөлүнөт:

а) которуу аркылуу алынган терминдер.

б) эне тилдин коруудан алынган терминде.

Медициналык терминдер.

Мамлекеттик тилге жетекчилик тарабынан көңүл бөлүнсө кыргыз тилинде сүйлөшмөлөрдү, сөздүктөрдү, мамлекеттик тилде иш жүргүзүү үчүн китептер менен камсыз кылуу аракеттери жүргүзүшү керек. Эгер жетекчилик тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө маани берилбей, ага кош көүүл жана салкын мамиле жасалса, абал анчалык оңолбостугун көрүп турабыз. Биздин ооруканаларда кыргыз элинин рухий баалуулуктардын даңазалаган ден соолук жөнүндөгү макал – лакаптарды, учкул сөздөрдү, улуттук арнаметтерибиз менен жайгаштыруу колдоого алынса.

Эңнегизги көйгөй – бизде улуттук, аң– сезимдин, патриотизмдин бөксөрүп кеткендигинде болуп жүрбөсүн.

Биз Эгемендүү жашаган башка улуттагылар тилге болгон мамилебизге карап, алар да бизге ошого жараша мамиле жасайт. Єзүбүз “битта, экитта”, деп отурсак мен дагы, сен дагы деп сүйлөй билсек, өзүбүз туура сүйлөбөсөк, башкаларга анын баркы канча. Ошондуктан мен төмөнкүлөрдү сунуш кыламын.

1.Медициналык мекемелерде жетекчилик тарабынан мамлекеттик тил боюнча координациялык кеңеш түзүү, отурумдарды өткөрүү, (МАМТИЛ боюнча чыккан буйруктар, токтомдор менен тааныштыруу).

2.Медициналык мекемелерде мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн тилге жооптуу кызматкер, котормочу штаттарга тилчи адистерди (совместитель) катар кызматка алуу.

3.Шаардык, областтык тил комиссиясы менен тыгыз иш алып баруу.

4.Медициналык мекемелерде көрнөк-жарнактарды жазуу үчүн координациялык кеңештин макулдугу менен бекитүү.

5.Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча иш - чараларды жүргүзүү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×