Добавить статью
6:55, 10 октября 2011 53879

КРдеги президенттик шайлоого даярдык боюнча отчету

ЕККУ Демократиялык Институттар жана Адам Укуктар Бюросу

Шайлоолорду байкоо мисcиясы

Президенттик шайлоо

Кыргыз Республикасы 2011-ж.

No 1 АРАЛЫК ОТЧЕТУ

2011-жылдын 16-сентябры – 3-октябры

2011-жылдын 6-октябры

I.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ

• Келе жаткан президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленди. 2010-жылдын Конституциясына ылайык, президент бир эле жолу алты жылдык мөөнөткө

шайлана алат. Шайлоо жаңы мыйзамдын негизинде өткөрүлөт.

• Шайлоо жараянын үч деңгээлден турган администрация башкарат: Борбордук

шайлоо комиссиясы (БШК), 58 Аймактык жана 2,318 Участкалык шайлоо

комиссиялары. Адатта чечимдерди талкуулабай кабыл алган кыска коомдук

отурумдарга кошумча, БШК журналисттер, шайлоо байкоочулары жана

талапкерлердин өкүлдөрү катышпаган жабык жыйындарды өткөрүүдө. Бул

БШКанын бардык отурумдарын ачык түрдө өтүшүн талап кылган мыйзамдарга

карама-каршы келерин көрсөтөт.

• 3-октябрга карата БШК 86 талапкердин ичинен 19ун каттоодон өткөрдү.

Жалпысынан 14 талапкер өз ыктыяры менен шайлоодон баш тартты, ал эми 53үнүн

арызы БШК тарабынан четке кагылды. Тогуз талапкердин арыздарын райондук сот

канааттандырып, Жогорку сот ал чечимди бекиткендиктен, каттоодон өткөн

талапкерлердин саны көбөйүшү мүмкүн.

• Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, БШК бардык шайлоочулардын тизмелерин

аныктоого тийиш. БШК үймө-үй текшерүү аркылуу тизмелерди даярдоодо, алар 27-

октябрга чейин аныкталышы зарыл. Шайлоо күнү участкада шайлоочулардын аты-

жөнүн шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө жол берилбейт. Шайлоочулар

каттоодон кеминде 10 күн мурда өтүүгө тийиш.

• Кээ бир талапкерлердин билборддору, плакаттары жана теле жарнактары

көрсөтүлүп, шайлоо өнөктүгү 25-сентябрда башталды. Чакан митингдер да

өтүүдө. Эки талапкер мөөнөтүнөн эрте шайлоо өнөктүгүн баштаган деген

БШКнын эскертүүлөрүнө каршы арыздарын сотко жолдогон. Райондук сот БШК

эскертүүлөрүн чыгарууда туура процедураларды колдонбогондугун аныктап,

аталган талапкерлердин арыздарын канааттандырды.

• БШК шайлоо өнөктүгүн чагылдыруу үчүн жалпысынан 40 теле жана радиостанцияны жана 103 басма сөз маалымдоо каражаттарын аккредитациядан өткөрдү.

Интернеттеги маалымдоо каражаттары да чагылдырууга укугу бар. Чет элдик

массалык маалымдоо каражаттары аркылуу үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу

салынгандыктын, бир нече эл аралык жаңылык берүүчү каналдар кабелдик

берүүдөн алынып салынды, ал эми калгандары кечиктирүү менен берилүүдө.

ЕККУ/ДИАУБдун Шайлоолорду байкоо миссиясы (ШБМ) массалык маалымдоо

каражаттарына мониторинг жүргүзүүнү 22-сентябрда баштады.

• БШК эл аралык байкоочуларды аккредитациалоо шайлоого 30 күн калганда гана

башталат деген 11-июлдагы чечимине таянып, ЕККУ/ДИАУБ ШБМдин

ЕККУ/ДИАУБ Шайлоолорду Байкоо Миссиясы

Президенттик шайлоо 2011-ж., Кыргыз Республикасы

No1 Аралык отчету (2011-жылдын 16 сентябры – 3 октябры)

Бет: 2

байкоочуларын

1-октябрда

гана

аккредитациядан

өткөрдү.

ЕККУнун

милдеттенмелери жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамына ылайык,

байкоочулар шайлоо жараянынын башынан аягына чейин көз салууга укуктуу

болушу зарыл.

II.

ЕККУ/ДИАУБ ШБМ 2011-жылдын 16-сентябрында расмий түрдө ачылды. ШБМди

Кориен Йонкер айым жетектейт, жана бул миссия Бишкекте жайгашкан 14 мүчөдөн

турган негизги топтон жана өлкөнүн бардык аймактарына жиберилген 28 узак

мөөнөттүү байкоочулардан турат. ЕККУ/ДИАУБ мүчө өлкөлөрдөн шайлоо күнүнө

карата 350 кыска мөөнөттүү байкоочуларды жиберүүнү сунуштады.

КИРИШҮҮ

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин (ТИМ) чакыруусунан улам

жана Муктаждыкты баалоо боюнча миссиянын1 тапкан маалыматынын жана

корутундалырынын негизинде 2011-жылдын 16-сентябрында ЕККУнун Демократиялык

институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ЕККУ/ДИАУБ) Шайлоолорду байкоо

миссиясын (ШБМ) 30-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого байкоо жүргүзүүгө

жиберген. Кориен Йонкер жетектеген ЕККУ/ДИАУБ ШБМ Бишкекте жайгашкан 14

мүчөдөн турган негизги топтон жана бардык областтарга жайгаштырылган 28 узак

мөөнөттүү байкоочулардан (УМБ) турат; ШБМдин мүчөлөрү ЕККУнун 22 мүчө

мамлекеттеринен келди. ЕККУ/ДИАУБ мүчө мамлекеттерден шайлоо күнү добуш берүү,

добуш саноо жана жыйынтыкты чыгаруу жараянына байкоо жүргүзүү үчүн 350 кыска

мөөнөттүү байкоочуларды (КМБ) жиберүүсүн сунуштады.

ЕККУ/ДИАУБ 2000-жылдан тарта 7 шайлоого жана 1 референдумга байкоо жүргүздү.2

2010-жылдын 10-октябрында өткөн парламенттик шайлоого “демократиялык

процесстеринин мындан нары бекемдеди” жана “бийлик ЕККУнун милдеттенмелерине

шайкеш келген демократиялык шайлоо өткөрүү үчүн саясий эркин көрсөттү” деген баа

берилген. Ошентсе да, анда “тез убакыттын ичинде терең шайлоо реформаларын жүргүзүү

керектиги” дагы белгиленген.

III.

КЫСКАЧА ТАРЫХ

2010-жылдын 10-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында 5 саясий

партия Жогорку Кеңештен (парламент) орун алды. 3 партиядан турган (Ата-Журт,

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы жана Республика) коалиция куралды, ал эми

Ар Намыс жана Ата-Мекен оппозицияда калышкан.

Президент Бакиевдин бийликтен кетүүсүнө алып келген 2010-жылдагы окуялардан кийин

келе жаткан президенттик шайлоо өткөөл мөөнөттүн бүтүүсүн белгилеген маанилүү кадам

болот. Убактылуу өкмөтүнүн декретинде аныкталган3 Роза Отунбаеванын өткөөл

мезгилдеги президенти катары мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрында бүтөт. Аталган

декретке ылайык, Роза Отунбаева 2011-жылда өтүүчү шайлоодо катышууга укугу жок. 30-

июнда парламент президенттик шайлоо күнүн 30-октябрга белгиледи.

1

2

3

ЕККУ/ДИАУБдун

Муктаждыкты

баалоо

боюнча

миссиясынын

отчетун

көрүңүз:

http://www.osce.org/odihr/elections/Kyrgyzstan/81796.

ЕККУ/ДИАУБдун Кыргыз Республикадагы өткөн шайлоолору боюнча отчетторун көрүңүз:

http://www.osce.org/odihr/elections/kyrgyzstan.

Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 19-майындагы No 39 декрети Конституцияны күчүнө киргизүү

жөнүндө мыйзамды бекитип, Роза Отунбаеваны 2011-жылдын 31-декабрына чейин өткөөл

мезгилдин президенти катары аныктаган.

ЕККУ/ДИАУБ Шайлоолорду Байкоо Миссиясы

Президенттик шайлоо 2011-ж., Кыргыз Республикасы

No1 Аралык отчету (2011-жылдын 16 сентябры – 3 октябры)

Бет: 3

Талапкерлердин көптүгүнөн жана алардын арасында алдыңкы талапкердин жоктугунан

президенттик шайлоо өтө катуу атаандаштыкта жана экинчи айлампанын болуу

ыктымалдыгы менен күтүлүүдө. Бир нече белгилүү саясатчылар шайлоого катышпоо

чечимин кабыл алышты же башка талапкерлерди колдоо сыяктуу ар түрдүү себептер

менен талапкердигин кайра чакыртып алышкан.

Өлкөдө коопсуздук кырдаал жалпысынан тынч бойдон калууда, бирок көбүнчөсү

шайлоого байланышпаган чакан демонстрациялар жана коомдук нааразычылык акциялары

орун алууда.

IV.

УКУКТУК НЕГИЗ ЖАНА ШАЙЛОО ТУТУМУ

2010-жылдын конституциясы мамлекетке жарым-парламенттик системаны киргизген,

анын негизинде парламентке өкмөттүн түзүлүшүн жана курамын, ошондой эле аскерий

маселелерин чечүүчү укуктар берилди, ал эми мыйзамга вето коюу, мамлекеттик коргоо

жана коопсуздук агенттиктеринин жетекчилерин дайындоо сыяктуу айрым маанилүү

укуктар президенттин колунда калган.

Шайлоо мыйзамдарын терең реформалоонун жыйынтыгында келип чыккан жаңы укуктук

негиз 2010-жылдын Конституциясын, жаңы кабыл алынган Президенттик жана

парламенттик шайлоолор боюнча конституциялык мыйзымды (мындан нары шайлоо

мыйзамы)4, Шайлоону жана референдумду өткөргөн комиссиялар боюнча мыйзамды

(мындан нары шайлоо комиссиялары боюнча мыйзамы), Борбордук шайлоо комиссиянын

(БШК) инструкцияларын жана чечимдерин, ошондой эле маалымдоо каражаттардын,

бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын шайлоого байланышкан иш-аракеттерин

жөнгө салган мыйзамдарды камтыйт. БШК талапкерлердин кол тамгаларын текшерүүнү,

үгүт иштерин каржылоо боюнча отчетторун даярдоону жана шайлоочуларды каттоо

сыяктуу маанилүү жоболорду аныктады. Бул шайлоо жаңы мыйзамдын негизинде

өткөрүлчү биринчи шайлоо болуп эсептелинет.

Президент түздөн-түз жана жашыруун добуш берүү аркылуу 6 жылдык мөөнөткө бир гана

жолу шайланат. Шайлоого катышуу үчүн потенциалдуу талапкер төмөнкү талаптарга жооп

бериши тийиш: ал башка өлкөнүн жараны эмес, Кыргыз Республикасынын жараны,

Кыргыз Республикасында жалпысынан кеминде 15 жыл жашаган; жашы 35тен кем эмес

жана 70тен өйдө эмес; Кыргыз тилин мыкты билген жана мурда соттолбогон же жалпы

юрисдикциялык сот тарабынан компетентсиз болуп табылбаган болушу тийиш.5

Шайлоодо жеңиш үчүн талапкер берилген добуштардын жарымынан көбүнө ээ болуш

керек. Эгер бир да талапкер шайлоодо жеңбесе, эки эң көп добуш алган талапкер

шайлоонун экинчи айлампасына катышат. Экинчи айлампа шайлоонун расмий

жыйынтыгы жарыялангандан эки жума өткөндөн кийин өткөрүлөт.6 Арыздар

тапшырылган учурда, шайлоонун расмий жыйынтыктары бардык арыздар чечилип

бүткөндөн кийин гана жарыяланат.

2010-жылдын 7-апрелинде кабыл алынган президенттин декретинин негизинде Кыргыз

Республикасынын Конституциялык соту жоюулган. 2011-жылдын 13-июнда кабыл

алынган мыйзамда аныкталган Жогорку соттун Конституциялык палатасы түзүлүп бүтө

элек.

7 Конституциялык палатанын сотторун дайындоо Жогорку Соттун судьяларын

тандалышына жана дайындалышына көз каранды, ошондуктан азыркы учурда бүт процесс

токтоп турууда. Жогорку Сот төмөнкү деңгээлдеги соттордун чечимдерине каршы

арыздарды карап жатканы менен, кызыкдар тараптардын, Конституциялык палатанын

жоктугунан улам, шайлоо мыйзамы же БШК чечимдери конституцияга каршы келет деген

арыздарын жолдоого мүмкүнчүлүгү жок. 2011-жылда өтчү президенттик шайлоого

байланышкан мыйзамдар конституцияга каршы келет деген үч арыз Бишкектеги райондук

сотко берилди. Ал үч арыз тең конституцияга тийиштүү маселелерди кароого укугу жок

деген негизде кабыл алынган жок.

V.

ШАЙЛООНУ БАШКАРУУ

Шайлоо коммисиялары жөнүндө мыйзам аныктагандай, 2011-жылда өтчү президенттик

шайлоону үч деңгээлден турган администрация башкарат: БШК, 58 Аймактык шайлоо

комиссиялары (АШК)8 жана 2,318 Участкалык шайлоо комиссиялары (УШК).9 Азыркы

учурда БШК мүчөлөрүнүн 30 пайызы, АШК мүчөлөрүнүн 37 пайызы жана УШК

мүчөлөрүнүн 54 пайызы – аялдар.10 БШК мүчөлөрүнүн арасында улуттук азчылыктардын

өкүлдөрү жок. Бирок АШКлардын этностук курамы негизинен тийиштүү аймактардагы

этностук курамды чагылдырат.11

Мыйзам боюнча БШКнын отурумдары массалык маалымдоо каражаттарына,

талапкерлердин өкүлдөрүнө жана байкоочуларга ачык болушу тийиш, жана анын

чечимдери маалымдоо каражаттары жана Интернет баракчасы аркылуу жарыяланышы

тийиш. Бирок БШК чечимдерди талкуусуз кабыл алган кыска ачык отурумдарга кошумча,

талапкерлердин өкүлдөрүнө, байкоочуларга же журналисттерге жабык отурумдарды да

өткөрүүдө. Бул “Борбордук шайлоо комиссиясынын иши айкындуу жана ачык, анын

ыйгарым укуктарына кирген маселелерди эркин талкуулоонун жана чечүүнүн негизинде

жүзөгө ашырат” деп талап койгон шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамдын 16-

беренесине карама-каршы келет.

Талапкерлерди каттоо

Талапкер болуп катталыш үчүн президенттик талапкерлер шайлоо фондун түзүп, ага 100

000 сом күрөө (болжол менен 1,600 евро) коюусу тийиш жана кыргыз тил сынагынан өтүп,

30 000 кол тамгаларын тапшырышы зарыл. БШК тапшырылган кол тамгалардын 20

пайызы жумуш тобу тарабынан текшерилет деп чечим кабыл алып, кол тамгаларын

текшерүү боюнча процедураларды аныктаган жана 37 түрдөгү болжолдуу кемчилдиктерди

аныктады.12 ЕККУ/ДИАУБдун байкоочулары кол тамгаларын текшерип жаткан жумушчу

топтордун айрым жыйындарында байкоо жүргүзө алышты. БШК тарабынан түзүлгөн тил

комиссиясы тил сынагын өткөрдү, алар жалпыга түз эфир аркылуу коомдук телеканалда

7

8

9

10

11

12

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы жөнүндө мыйзам, 2011-жылдын 13-июну.

57 TШК жана 1 ТИМде өлкөнүн сыртында добуш берүү үчүн, БШКнын Интернет баракчасынан

көрүңүз www.shailoo.gov.kg.

БШКнын Интернет баракчасында берилген маалымат боюнча, 2,289 УШК өлкөнүн ичинен жана 29

УШК өлкөнүн сыртынан добуш берүү үчүн.

Булак: БШКнын Интернет баракчасы www.shailoo.gov.kg. Шайлоо коммисиялар жөнүндө

мыйзамдын 5(2)–беренесине ылайык, бир гендердик топтун өкүлдөрү БШКга дайындалган

мүчөлөрдүн 70 пайызынан ашпашы керек. Бирок мыйзамда АШК жана УШК курамдары жөнүндө

айтылбайт.

УШК жөнүндө маалымат азырынча жок.

БШКнын 2011-жылдын 5-июлдагы No 5 Көрсөтмөсү жана БШКнын 2011-жылдын 5–сентябрдагы No

223 Чечими.

ЕККУ/ДИАУБ Шайлоолорду Байкоо Миссиясы

Президенттик шайлоо 2011-ж., Кыргыз Республикасы

No1 Аралык отчету (2011-жылдын 16 сентябры – 3 октябры)

Бет: 5

берилип жатты. Шайлоо мыйзамынын 51-беренесине ылайык, талапкерлерге кыргыз

тилинде жазуу, окуу жана ой-пикирлерин айтуу жөндөмдүлүгүн көрсөтүү талабы коюлган.

16-август, кабыл алуунун акыркы күнүнө карата жалпысынан 86 талапкер БШКга

арыздары менен кайрылган, алардын 18 саясий партиялардан жана 68 өзүн-өзү көрсөткөн

талапкерлерден (ичине 6 аял кирет) келди.13 25-сентябрда, расмий каттоонун акыркы

күнүндө, БШК 20 талапкерди (арасында аялдар жок) каттоодон өткөрдү; алардын 12си

өзүн-өзү көрсөткөндөр жана 8 саясий партиялардан. 53 талапкерлер ар кандай себептер

менен каттоодон өткөн жок: 11 талапкер шайлоо фондуна күрөөнү белгиленген мөөнөттүн

ичинде салган эмес; 12 талапкер кол тамгаларын тапшыра алган эмес; 25 талапкер

тийиштүү санда кол тамгаларын тапшыра алган эмес; ал эми 5 кандидат тил сынагынан

өтө алган жок. 3-октябрга карата 19 талапкер каттодон өттү, анткени бир талапкер

каттоодон баш тартты. Жалпысынан 14 талапкер каттоодон баш тартты, алардын ичине 4

потенциалдуу аял талапкерлер да кирет. Тил комиссиясы 32 талапкерди кыргыз тилин

билет деп аныктады.

86 талапкердин ичинен эки гана талапкер кыргыз улутунда эмес болчу, жана алты

талапкер аялдар эле. Кыргыз улутундагы эмес эки талапкер жана төрт аял талапкерлер

каттоонун алгачкы тепкичтеринде эле баш тарткан. Каттоодон өткөн талапкерлердин

шайлоо күнүнө үч күн калганга чейин талапкерликтен баш тартууга мүмкүнчүлүгү бар.

Шайлоочуларды каттоо

Шайлоочулардын тизмесине шайлоо күнү добуш берүүгө укугу бар бардык Кыргыз

Республикасынын жарандары кирүүгө укуктуу. Буга чейин шайлоочуларды каттоо

жарандык каттоо кызматынын маалыматына негизделген. Аталган каттоо кызматынын

жергиликтүү тутумдук администраторлору шайлоонун автоматташтырылган тутуму (ГАС

шайлоо) аркылуу шайлоочулардын тизмесин жаңырткан. Жаңы шайлоо мыйзамына

ылайык, шайлоочулардын тизмелери БШК тарабынан түзүлөт. Эл аралык техникалык

колдоо менен БШК жаңы компьютердик программаны түзүп, шайлоочуларды каттоо

боюнча улуттук деңгээлде бириккен тутумуна өттү. Ал кошумча шайлоочулар жөнүндө

маалыматты киргизүүнү жеңилдетти, анын ичине шайлоочунун дарегинин негизинде

добуш берүү да кирет. БШК шайлоочулар жөнүндө так жана толук маалыматты алуу үчүн

бир нече ар кандай маалымат булактарын кошууга аракет кылды. Бирок учурда бул

чогулган маалымат базасы колдонулбайт, анткени ал шайлоочулар жөнүндө маалыматта

айрым карама-каршы кайталоолорду камтыйт, алар шайлоочулардын санын жасалма түрдө

жогорулатып салат. БШК анын ордуна жарым-жартылай жаңыланган мурунку

шайлоочулар тизмелеринин негизинде шайлоочулардын маалымат базасын түзүүдө.

Кийинки бардык кошумчалар жана оңдоолор бириккен тутумга киргизилет.

Бул шайлоонун өткөн шайлоолордон айырмасы – шайлоочулар шайлоо күнү участкада

аты-жөнүн кошумча тизмеге кошууга укугу жок. Шайлоочулар добуш берүү үчүн шайлоо

күнүнөн 10 күн эрте тизмеде катталышы керек. Ага кошумча, шайлоо мыйзамы

шайлоочунун дареги концепциясын киргизген. Аталган жобо шайлоочуларга туруктуу

каттоодон өткөн жерде эмес, ошол убакта жашап жаткан жеринде шайлоо участкасында

добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берет; ал үчүн шайлоочулар каттоо эрежелерин сакташ керек.

Шайлоочулардын дарегинин негизинде добуш берүү мүмкүндүгү жалгыз бир шайлоодо

гана берилет. БШК шайлоочулардын дарегинин негизинде добуш бергендер бир гана

шайлоочулар тизмесине киришин камсыз кылган эрежелерди аныктаган. Ошол эле убакта,

шайлоочу жашап жаткан дареги боюнча башка участкада добуш бериши эске алынып,

анын туруктуу катталган дарегиндеги шайлоочулар тизмеси жаңыланып турушу тийиш.

13

Бул маалыматты БШК 2011-жылдын 26-сентябрында чыгарган.

ЕККУ/ДИАУБ Шайлоолорду Байкоо Миссиясы

Президенттик шайлоо 2011-ж., Кыргыз Республикасы

No1 Аралык отчету (2011-жылдын 16 сентябры – 3 октябры)

Бет: 6

20-сентябрдан тарта шайлоочулардын тизмелери АШКлар тарабынан, жарыялоо жана

шайлоочулардын таанышуусу үчүн, бардык УШКларга таркатылышы керек болчу.

ЕККУ/ДИАУБ УМБдын берген маалыматы боюнча, УШКлар шайлоочурардын

тизмелерин алышкан жана алар көп учурда жарыялоо аркылуу шайлоочуларга убагында

жеткирген. Шайлоочуларга шайлоочулар тизмесине туура маалыматты киргизүү үчүн же

шайлоочулар дареги боюнча шайлоого уруксат алуу үчүн кайрылууга 20 октябрга чейин 30

күн берилген. УШКлар шайлоо күнүнө он күн калганда жалпы шайлоочулар тизмелерин

АШКларга жибериши керек. Кийин АШКлар жети күндүн ичинде бардык маалыматты

текшерип жана жаңылап, шайлоочулар тизмелеринин акыркы вариантын түзүп, УШКларга

27-октябрга чейин кайра жөнөтүшү керек. Ага кошумча, БШК, мыйзам боюнча, 20-

сентябрга чейин шайлоочулардын тизмесин өзүнүн Интернет баракчасында жарыялашы

керек болчу, бирок ал аны 26-сентябрда гана жарыялады. Азыркы учурда шайлоочулар

тизме менен таанышса болот.

Шайлоочулардын тизмесинин тактыгын камсыз кылуу үчүн БШК 1-20-октябрларда толук

текшерүү өнөктүгүн өткөрүүнү пландоодо. Ар бир УШКнын 3 адамдан турган топтору

шайлоого укугу бар бардык шайлоочуларга жолугуп, алар жөнүндө маалыматты, ошондой

эле шайлоочунун дареги боюнча добуш берүү мүмкүндүгүн текшеришет 14.

VI.

ҮГҮТ ЖҮРГҮЗҮҮ

Айрым талапкерлердин билборддору, плакаттары жана теле жарнактары көрүнүп, шайлоо

өнөктүгү 25-сентябрда башталды. Чакан митингдер да өткөрүлүүдө. Экономикалык

кырдаал, менчиктештирүү, саясатчылардын кылмыш иштерине аралашкандыгы жөнүндө

айыптоолор, коррупция, мыйзам үстөмдүгү жана элдин биримдиги сыяктуу маселелер

көтөрүлүүдө. 26-сентябрда 8 президенттик талапкер саясий партиялардын, талапкерлердин

жана алардын колдоочуларынын атынан Жигиттик шертке кол коюшту.15

Эки талапкер өздөрүнүн үгүт иштерин расмий шайлоо өнөктүгүнөн эрте баштаган деген

БШКнын эскертүүсүнө каршы арыз жолдошту. Райондук сот БШК эскертүү берүүдө

процедураларды карманган эмес деп табып, эки талапердин пайдасына чечим чыгарды.

Жогорку Сот БШКнын көзөмөл арызын карап чыгып, райондук соттун чечимин колдоду.

Шайлоо мыйзамынын 42-беренеси талап кылгандай, 16-июлда БШК президенттик

талапкерлердин борбордук бюджетинен жана башка салымдардан келген бардык шайлоо

каражаттарын жана алардын сарпталышын көзөмөлдөө үчүн аудит тобун түзгөн. Ал топ 6

мүчөдөн турат, анын ичине салык кызматынын адиси да кирет. Аталган топту БШКнын

мүчөсү жетектейт. 2011-жылдын 15-июлунда чыгарылган БШКнын көрсөтмөсү

талапкерлерден үгүт иштерине салымдар жана каражаттын сарпталышы боюнча үч

отчетту талап кылат: биринчи отчет талапкерлердин каттоо документтери менен чогу

тапшырылат, экинчиси шайлоо күнүнөн 10 күн эрте жана акыркысы шайлоодон кийин 10

күндүн ичинде тапшырылат. Ага кошумча, шайлоо мыйзамы талапкерлердин шайлоо

фондун ачкан финансалык институттардан жума сайын аудит тобуна отчет тапшыруусун

талап кылат. БШК бардык финансалык институттар жана талапкерлер отчетторун

берилген мөөнөттүн ичинде тапшырууда деп билдирди. Бирок БШК бул отчетторду

14

15

УШК, жергиликтүү бийлик жана жарандык коом тарабынан бирден келген мүчөлөрдөн турат.

Жигиттик шерт ЕККУнун Бишкектеги Борборунун жана башка эл аралык уюмдардын колдоосу

менен талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан даярдалган. Аталган документке 8 талапкер кол

коюшкан: Темирбек Асанбеков, Сооронбай Дыйканов, Марат Иманкулов, Кубанычбек Исабеков,

Акылбек Жапаров, Алмамбет Матубраимов, Роман Оморов жана Марат Султанов.

ЕККУ/ДИАУБ Шайлоолорду Байкоо Миссиясы

Президенттик шайлоо 2011-ж., Кыргыз Республикасы

No1 Аралык отчету (2011-жылдын 16 сентябры – 3 октябры)

Бет: 7

азыркы учурга чейин ачык жарыялаган эмес. Мыйзам боюнча талапкер үгүт иштерине 50

миллион сомдун чегинде (болжол менен 800,000 евро) каражат сарптай алат.

VII. АРЫЗДАР ЖАНА АППЕЛЯЦИЯЛАР

Азыркы учурга чейин талапкерлерди каттоо боюнча 24 арыз райондук сотко жолдонгон,

анын 13ү боюнча көзөмөл арыз Жогорку Сотко жиберилген. Тогуз талапкер кол тамгалары

жетишсиз деп каттоодон четтеткен БШКнын чечимин арыз аркылуу ийгиликтүү жокко

чыгарды. Сот БШК кол тамгаларын текшерүү процедураларын карманган эмес деп тапты:

берилген мөөнөттүн ичинде иш алып барылган эмес, талапкерлерге кабар берилген эмес,

текшерүү документтеринде мөөр жана кол тамгалар болгон эмес жана кол жазууларын

текшерип анализдөө боюнча процедуралар аныкталган эмес. БШК 6 арыз боюнча көзөмөл

арызын жолдоду, бирок Жогорку Сот бул арыздар боюнча райондук соттун чечимин

колдоду. Тил комиссиясынын чечимине каршы же БШКнын тил сынагынын негизинде

каттоодон четтетүү чечимине каршы 4 арыз жыйынтыксыз бойдон калды.

30-сентябрда парламент БШК соттордун чечимдерин аткаруусун талап кылган токтом

кабыл алды. Жогорку Соттун чечиминен жана парламенттик токтомунан улам БШК

мындан нары кандай аракеттерди жасоого тийиш экени туралуу райондук соттон

түшүндүрмө сурады; аталган сот анын чечими БШКнын кийинки кадамдары боюнча

көрсөтмө бере албастыгын түшүндүрдү. БШК тил сынагынан өтө элек талапкерлер үчүн

сынакты өткөрүү иш-чараларын баштады, ошондой эле 3-октябрда тийиштүү

талапкерлердин кол тамгаларын жаңыдан текшерүүнү баштады.

VIII. МАССАЛЫК МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫ

Телеберүүлөр жарандар үчүн маалыматтын, ошондой эле шайлоо жараяны жөнүндө

маалыматтын эң маанилүү булагы бойдон калууда. Өкмөт каржылаган телеканалдар гана

бүткүл өлкөнүн аймагын камтыйт, анын ичинде КТРК эң таасирдүү маалымдоо каражаты

болуп эсептелинет.16 Басма сөз маалымдоо каражаттарынын салыштырмалуу көптүгүнө

карабастан, алардын көбүнүнүн нускасы аз жана таратылышы чектелгендиктен алар шаар

аймактарынын сыртында жокко эсе. Бир нече маалымдоо каражаттары саясий

кийлигишүүлөрдүн алдында алсыз экени айтылууда.

ЕККУнун Медиа эркиндиги боюнча өкүлү массалык маалымдоо жаатында прогрессти,

анын ичинде Борбор Азиялык өлкөлөрдүн арасынан биринчи болуп жалаа жабууну

кылмыш жазасынан алып салуу чечимин кубаттады. Бирок ал өкмөттөн журналисттердин

коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрүүнү жана шайлоо убагында чет

өлкөлөрдүн телеберүүлөрүн түз эфирде берүүнү чектөө сыяктуу чараларды эске алуу

менен ал медиа эркиндиги жаатында жетишкендиктерди сактап калууну суранды.17

Шайлоо мыйзамынын 22(16)-беренеси чет өлкөлүк маалымдоо каражаттары аркылуу үгүт

иштерин алып барууга киргизген чектөө карама-каршы пикирлерди жаратты. Жергиликтүү

телеканалдар бардык чет өлкөнүн берүүлөрүн жаздырып жана кечиктирүү менен

чыгарууну талап кылган мыйзамга ылайык иш алып баруу техникалык жактан

кыйынчылыктарды туудурат деп арызданышты. БШК парламентке бул чечимди чечмелеп

берүү суранычы менен кайрылды. Парламент келе жаткан шайлоодо аталган мыйзамдын

күчүн токтотуп туруу максатында мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүндүгүн карап

чыкты. Бирок 29-сентябрда парламент сунушталган өзгөртүүлөргө каршы добуш берип,

16

17

22-сентябрда парламент жарымы жеке менчик болгон 5-Каналды парламенттик каналга айландыруу

чечимин чыгарды.

Көрүңүз: http://www.osce.org/fom/press-releases.

ЕККУ/ДИАУБ Шайлоолорду Байкоо Миссиясы

Президенттик шайлоо 2011-ж., Кыргыз Республикасы

No1 Аралык отчету (2011-жылдын 16 сентябры – 3 октябры)

Бет: 8

укуктук негизди ошол бойдон калтырды. Ошентип, жергиликтүү кабелдик телеберүү

операторлору BBC, CNN жана Euronews жана башка жаңылык каналдарын берүүлөрүнөн

алып салды, ал эми Орусиянын Биринчи Каналы кечигүү менен эфирге чыгууда.

ЕККУ/ДИАУБ жана Венециялык комиссия өздөрүнүн бириккен билдирүүсүндө мындай

чектөөгө легитимдүү негиз жок жана бул ЕККУнун милдеттенмелерине шайкеш келбейт

деп билдиришти.

Шайлоо өнөктүгүн чагылдыруу үчүн БШК жалпысынан 40 теле жана радио станцияларын

жана 103 басма сөз маалымдоо каражаттарын аккредитациядан өткөрдү. Ошол эле

мезгилде ал Интернеттеги маалымдоо каражаттары мыйзамдагы маалымдоо

каражаттарынын аныктамасына кирбейт деп, жаңылык агенттиктерин каттодон өткөргөн

жок. БШК бул чечимин жаңылык агенттиктерине шайлоо өнөктүгүн чагылдырууга тыюу

салынат деп чечмеледи. Бул маселе жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде көтөрүлгөндө,

БШК парламенттен чечмелеп берүүнү суранды. 16-августта парламент мыйзам тыюу

салбаган башка жолдор менен үгүт иштерин жүргүзүүгө жол берген шайлоо мыйзамынын

22(13)(4)-беренесине таянып, БШКнын чечимин жокко чыгарды жана Интернеттеги

маалымдоо каражаттары шайлоо өнөктүгүн чагылдырууга укуктуу деп аныктады.

19-июлда БШК маалымдоо каражаттары боюнча жумушчу тобун түздү. Ал кеңешчи

панелинин максаты – БШКнын маалымдоо каражаттарынын шайлоо мыйзамдарына

ылайык иш алып баруусун көзөмөлдөө боюнча милдеттенмелерин жүзөгө ашырууда

жардам берүү. Аталган жумушчу топ БШКнын мүчөлөрүнөн турат, алардын ичине эки

БШКнын мүчөсү жана өкмөт каржылаган маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү кирет жана

бул топ чыккан маселелерге жараша жыйындарын өткөрөт. Кеңешчи панели маалымдоо

каражаттарына жана талапкерлерге үгүт эрежелери жөнүндө кат түрүндө он жана оозэки

түрүндө алты эскертүү берди, бирок шайлоо мыйзамында панелдин мындай укуктары

жөнүндө айтылган эмес.

22-сентябрда ЕККУ/ДИАУБдун байкоо миссиясы сандык жана сапаттык анализдин

негизинде маалымдоо каражаттардын үстүнөн мониторинг жүргүзүүнү баштады, алардын

ичине алты телеканал, эки радио станциясы, эки маалымат агенттиги жана он гезит

кирет.18

IX. ШАЙЛООГО БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮ

Шайлоо мыйзамы (17- жана 23-беренелер) байкоочуларга шайлоо жараянына толугу

менен көз салууга мүмкүнчүлүк берет. Жергиликтүү байкоочу уюмдар жана жеке

байкоочулар үчүн БШКда аккредитациядан өтүү зарылчылыгы жок; алар жөн гана

тийиштүү уюмдун өкүлү катары дайындалгандыгы жөнүндө кат алууга тийиш. Ал эми эл

аралык байкоочулар үчүн 11-июлда БШК No14 чечимин жарыялады; анын негизинде эл

аралык байкоочулар шайлоо күнүнө 30 күн калганда аккредитациядан өтө баштайт.

ЕККУнун милдеттенмелерине жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамына

ылайык, байкоочулар шайлоо жараянынын башынан аягына чейин байкоого жүргүзүүгө

укуктуу болушу керек.19 БШКнын аталган чечиминин негизинде ЕККУ/ДИАУБнун

18

19

КТРК (коомдук канал), ЭлТР (өкмөт каржылаган канал), 5-Канал, НБТ, НТС жана ОшТВ (Ош

шаарындагы канал), Кыргыз Радиосу жана Азаттык радиосу; Кабар жана АкиПресс жаңылык

агенттиктери; Кыргыз Туусу (өкмөт каржылаган), Алиби, Де Факто, Жаңы Агым, Супер-Инфо, Учур

(кыргызча), Слово Кыргызстана (өкмөт каржылаган), ДелоNo, Московский Комсомолец жана

Вечерний Бишкек (орусча) гезиттери.

ЕККУ/ДИАУБнун Муктаждыктарды баалоо миссиясы 2011-жылдын август айында БШКдан бул

маселе боюнча түшүндүрүүсүн суранып, БШКдан, эгерде каттоо арыздары эрте келсе, БШК

отурумдарында байкоочуларды катоодон эртерээк өткөрүү кепилдигин алган.

ЕККУ/ДИАУБ Шайлоолорду Байкоо Миссиясы

Президенттик шайлоо 2011-ж., Кыргыз Республикасы

No1 Аралык отчету (2011-жылдын 16 сентябры – 3 октябры)

байкоо миссиясы 1-октябрда гана каттодон

эрте БШК отурумдарына (ШБМ кабардар

аймактарындагы АШКлар, УШКлар жана

шайлоо жараянында катышуучу тараптар

тоскоолдук болгон жок.

X.

Бет: 9

өттү. Бирок иш жүзүндө, берилген мөөнөттөн

болгондоруна гана) катышууга жана өлкөнүн

жергиликтүү бийилик өкүлдөрү жана башка

менен жолугушууга байкоо миссиясы үчүн

ЕККУ/ДИАУБ ШБМ ИШМЕРДИГИ

ЕККУ/ДИАУБ ШБМ кеңсесин Бишкекте 2011-жылдын 16-сентябрында ачты жана ошол

эле күнү ачылышы тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Миссиянын жетекчиси Кориен

Йонкер Тышкы иштер министрлиги, БШКнын төрагасы, ЕККУнун Бишкектеги Борбору,

ЕККУ мүчө өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, Кыргыз Республикасында

жайгашкан эл аралык уюмдары жана талаперлер менен жолугушууларды өткөрдү. Байкоо

миссиянын мүчөлөрү БШКнын отурумдарына жана сот угууларына дайыма катышууда

жана көп талапкерлердин кеңселери менен байланыштарды түздү.

Бул миссия 22-сентябрда 28 узак мөөнөттүү байкоочуларды 2 топтон кылып бардык

областтарга жөнөттү. Алар аймактарда шайлоо жараянына тийешелүү тараптар менен

жолугушууда жана шайлоочуларды каттоо аракеттерине, ошондой эле үгүт иш-чараларына

байкоо жүргүзүүдө.

ЕККУ Парламенттик Ассамблеясы (ПА), Европалык Парламент жана Европа Кеңешинин

Парламенттик Ассамблеясы (ЕКПА) шайлоо күнүнө карата байкоочуларды жөнөтүүнү

пландоодо. ЕККУнун азыркы төрагасы Вальбурга Хабсбург Дугласты бул шайлоодо

ЕККУнун кыска мөөнөттүү байкоочулар миссиясынын жетекчиси катары дайындады.


Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×