Добавить статью
7:41, 18 октября 2011 28347

Байталга байгенин кереги неби?

Азыр колуна бийлик тийсе Кыргызстанды башкарып кетүү колунан келген айымдарыбыз бар туруп, жалаң эркектерден турган талапкерлердин президенттик тактыга жарышы башталды. Анан калса, кошуна баш элдерге салыштырганда аялдар падыша катары өзүн көрсөтө алган өлкөдө жашап да көрдүк, жашап да жатабыз дегендей (Курманжан датка, Р.Отунбаева). Анда эмесе аялзатындагы мындай саясий кадамга барууга эркинин жоктугу эмнеден? Биз аялдардын президенттик шайлоого карата бул мамилесин эмне менен актай алабыз?

Биринчиден жүрөксүнүү – бизде шайлоого баруу согушка барууга тете болуп калды. Атаандаштар арасында бири- бирин сыйлоо жок, бири -бирин ачык да, жабык да жамандамай, айрым жолугушууларда талапкерлер өздөрүнүн программасы тууралуу элге түшүндүрүп бергенге караганда, убакытты өзүнөн мурдагы башкаруучуларды -убагында өздөрү кошо иштеп жүргөн атаандаштарын жамандоого гана арнашат. Биздин электорат да мындайларды муюп укканга көнүп алган. Эгер атаандаштар арасында , кудай сактасын, аялдар болуп калса, анда кое бересиң, анын канча күйөөсү бар, көңүлдөшү бар, же ажырашканбы, кепти ушундан баштап чукуп, кошуп, көбүртүп-жабыртып айткандан уялышпайт, (муну тилекке каршы, өткөнкү парламентке болгон шайлоо өнөктүгүндө көрбөдүкпү). Дегинкиси, атаандашын каралоого келгенде эч нерседен кайра тартышпайт, шайлоо эрежелеринин нормасын, дегеле адамдык касиеттин адебин уруп да коюшпайт. Акча кайдан келгени белгисиз, самандай сапырылат. Эркек-талапкерлер элдин көзүн өтө күйгүзгөн чо-оң кара машиналарда, ондон кем эмес жан жөкөрлөрдүн коштоосунда, (ким билет койнуна канча курал-жарактарды катып алышканын) чоң дөөлөт, сүр көрсөтүп эл аралашат. Алар үчүн ОБОН баш болгон башка кыз-келиндер ийиле кызмат кылышат.

Экинчиден, биздеги кыз-келиндер арасындагы тилектештиктин, бири бирин колдоонун жоктугу. Аял-талапкерлер аял-электоратка толук таяна алышпайт. Электораттын 50%дан ашуусу кыз-келиндер, бирок алар аялдарды шайлабайт. Алар татыксыз деп эсептейт, муну дагы эле өзүбүздүн менталитетке шылтайбыз. Кыргызстанда алзаттын акылы, жөндөмү, саясий эрки эркектикинен кем эместиги эбак далилденсе да «Байталга байгенин кереги не» деген баягы эле көз караш эркектин да, ургаачынын да көөдөнүндө жашап келет.

Бийликке аял президент келсе канчалаган социалдык маселелер чечилээри дүйнөлүк тарых практикасында эбак далилденген. Ырас, уңундай болгон соң эмне үчүн биздин кыз-келиндер электораты бул тууралуу ойлоно албайбыз? Америкалык айымдар аялдарды биринчи жолу парламентке алып келээрде « аялдардын шайлоо фондуна өлкөдө жашаган ар бир аялзаты бир доллардан чогултабыз» деген чакырык менен кайрылышат, миллиондогон долларлар топтолот, бир канча кыз-келин парламентке депутат болуп шайланат. Алар парламентте аялдар, балдар маселелерин чечүүдө активдүү иштеп, өздөрүн көрсөтө алышат. Бул болсо, кийинки шайлоолордо аялдардын жеңүүсүнө өбөлгө түзгөн.

Бизде болсо жалгыз талапкер Токтайым үмөталиева (анын аракетине миң ырахмат!) өзүн колдогондордун колун топтоо учурунда да, соттон сотко укугун коргоймун деп чуркап жүргөндө да аялдар кыймылынын активдеринен колдоо көрө алган жок. Акыры тизмеден чыгып калды.

Үчүнчүдөн, чыгаан, кыйын айымдарыбыз - бийликтин көзүнө сая адилет сындаганды билген, эл үчүн жанталашып иштеп өзүн көрсөтө алган жарандык сектордогу биздин айымдар да президентикке ат салышууну каалабады. Мыйзам жол берип жаткан укуктан пайдалангысы келген жок. Бул эмне «мага баари бир» деп далысын салган кайдыгерликпи? Же келген бийликти сындап коюп тынч иштей берген алар үчүн ыңгайлуубу?

Төртүнчүдөн, айымдардагы өзүн - өзү баалоонун төмөндүгү, же жашоого карата сарамжалдуулук. Айымдар падыша болуудагы жоопкерчиликти ашкере сезишет, чоң чечимди кабыл алууда жети өлчөп, анан бир кесишет. Көзү жетпеген ишке акча чачкысы келбейт.

Бешинчиден, дегинкиси шайлоо жолу менен бийликке келуу аялзаты үчүн өтө чандагы көрүнүш, кол жетпеген нерсе. Чыгыш элдеринин дээрлик баарында аялдар кырдаалга карата, кыйчалыш учурда гана кээде чочугансып бийликке келип калган, же бийликке мураскер болгон уулунун өтө жаштыганан ага регент болушкан, же падыша атасынын уулу жогунан бийликти мураска алган, же күйөөсү өлгөндөн кийин ага бийлик калган, же Кыргызстандагыдай болуп кыйын кырдаалга мамлекет тушукканда, бийлик кризиске малынганда, эркектердин бийлик талашуу чатагын болтурбоо үчүн, коомдо стабилдүүлүктү кармап туруу үчүн аялзатына убактылуу бийликти беришкен.

Кыскасы, падыша мындай турсун, керек болсо «кудай да эркек» деген түшүнүк пенделер мээсинде эбак сиңип бүткөн. +ткөндө менин бир айылдашым шаарга, өтө бай жашаган досунукуна келип сыйын көрүп, ага: «Сен биздин кудайыбызсың» дебедиби. Десе, ал досу да «койсоңчу» дегендин ордуна бул пикирди кадимкидей кабыл алып, чын эле өзүн кудайдай сезип, компое түшпөдүбү. Бүгүн кудай эркек менен гана окшоштурулбастан, байлык менен да окшошуп барат. Айылдашыма ушунчалык эле «адам-кудай» керек болсо эмне үчүн тогуз ай көтөрүп, толгоонун азабын тартып төрөп, анан алпештеп чоңойткон энесин «менин кудайымсың» дебейт?

Ушундай шартта, анан кантип айымдар падыша болом деп умтулсун.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×