Добавить статью
6:22, 5 января 2012 77741

Нарындагы эки кендин айланасындагы айгайлар

«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»

Нарындагы эки кендин айланасындагы айгайлар

Нарын районунун аймагындагы Кичи Кара-Кужур же экинчиден Солтон-Сары атыккан өрөөндөгү алтын чыккан негизки эки өңүр талашка түшкөндүктүн туу кырына жетип, алып тынбаган заттын шааниси быйылкы жылы бир курдай мушташ менен чокондолду. Элеттик бир катар улуу муундар жана айрым баамчыл жарандар алтын чайкоонун арты кайгылуу бүтпөсө экен дешип кооптонушса, Солтон-Сарыга көз арткандар ортосунда тутанган от толук өчпөй дале быкшып жатат. Ошол эле маалда мындай акыбал ушул эле Нарын районундагы Кум-Бел кен чыккан аймакта да басылбай, тараптар ортосунда тутанган от алоолоп күйүп барып, акыры өчкөнсүдү.

Кеп оролунан бир шиңгил

2011-жылдын Рамазан айы маалда оо дүйнө салып, дал улуу Орозо Айт күнү сөөгү жерге берилген ыраматылык атабыз дээрлик жарым кылым маал, андагы жамааттык чарбанын (колхоз), кийинчерээк элдин жеке менчик ак дагы, аралаш дагы кой-эчкилерин баккандыктан улам биздин бардык мезгилдер ар дайым тоо арасында өттү. Ошондой ажайып жайлоолордо күн кечирген күндөрдө асырэсе үчтөн, айрым убактарда төрт же беш адам үйгө келишээр эле. Албетте алардын арасынан бирөө, ашып кетсе экөө эле кыргыз улутундагылар болбосо калгандарын өңчөй башка улуттагы мырзалар жана айымдар түзчү. Меймандар жай отуруп кымыздан ичишип, апам жапкан кол нанга каймактарды сүйкөп жешип, ыраазычылыкта кайтышаар эле.

«Бийик жерде кымыз өрөпкүтөт.Андан көрө балдарга айрандан куюп бер»,-деп атабыз коноктордун атайын идиштерине айран куйдурчу. Анда сырттан келген адамдардын үстүнө киргизбөө шарапатынан улам биз мадыра баштар келгендер тоо таянып жөнөгөндөн соң гана маалымат алчубуз.

«Геологдор экен. +ңгөдөн да жанакы орус кыздарга эмне жок деймин, кара жанын кыйнап жөө тоодон тоо ашып»,-деп апабыз наалып алганда , анда атабыз:-Эй сенин ишиң ак койлорду семиз жана жоготпой багуу болсо, булардын милдети ушинтип тоо араламай, кайсы жерде эмне бар деп изилдемей. Ошон үчүн геолог дейт буларды»,-деп сөз удулун кыска айтаар эле. Ошондо балалык баёо сезимде ошолордой болуп геолог болсом деп ойлоп кетээр элек. Албетте биз геолог болбогонубуз менен ошондой тоодон тоо, кырдан кыр ашкан адистер касиеттүү Ала Тообузда 200дөн ашуун жерде алтын бар экендигин аныкташкан экен.

Ал тынбы же ала берби?

Белгилүү болгондой Кыргызстан алтын ылгап алуу жараянына Эгемендүүлүк алгандан тарта борозду катуу салды. Ага дейре бир билгенибиз Тогуз-Тородогу Макмал алтын кен ишканасы болоор эле. Ошентип Кум-Төрдөн башталган алтынга кызыгуу мүлдө кыргыз жерин аралап, атайын фабрикалар салына баштады. Алардын эсебин Нарын районундагы Кум-Бел жана Солтон-Сары өрөөнү да толуктады. 1994-жылы Нарын облусунун андагы губернатору Бейшенбек Болотбеков алгачкылардан боло сырттан байланыш түзүп, Кум-Белден алтын чайкоону баштады. Эч кандай жаратылыш жабыркабайт, кирешенин 62 пайызы өзүбүздүн капчыкка түшөт деген Б.Болотбековдун шарт-шааниси көп узабай көмүскөгө айланды. Иштетилген жайлар көмүлбөстөн калтырылып, биргелешкен ишкана билинбей жок болду. «Кыргызалтын» коомун Дастан Сарыгулов жетектеп турган чакта Солтон-Сарыга фабрика курулуп, алтын ылгоо адымдады. Бара-бара мындагы ишкана дагы өндүрүмдүү боло алган жок. Аңгыча жергиликтүү тургундар ат арытып ал жерге барышып, Солтон-Сарыдан таштарды талкалоого өтүштү. Билинбестен алтындын кынуусу мүлдө Нарын районундагы Эмгекчил айылын камтып, колу жеткендин баарысы каражат табуу менен шугулданды. Акыры 2009-жылы мамлекеттик жогорку бийлик тарабынан бата берүү жараян (лизенция ) кытайлык Zhong ji mining company аттуу ЖЧКга ыроолонуп, алар Бучук деген жерге чалгындоону баштап, жергиликтүү тургундарга кандайдыр ыдык көрсөтүүгө өтүштү. Ошол эле учурларда Кум-Белде «Кум-Бел Ресурс», Кум-Бел ЛТД» жана кыргыз-орусиялык биргелешен «Рокизол» аттуу ЖЧКлар пайда болуп, иш жүргүзө башташты. Бирок 2010-жылдын апрель ынкылабы кытайлыктарды кууп чыгуу менен аяктап, Солтон-Сарыны жергиликтүү тургундар көзөмөлдөөгө толук мүмкүнчүлүктө эгедерленишти. Ал эми Кум-Белде болсо кытайлык «Кум-Бел Ресурс» убактылуу иш аракетин токтоткондугу менен берки эки компания жумуштарын кылдыратканга аракеттерин уланта беришти. Мында жергиликтүү Жерге-Тал айылында бир нече ирээт элдик жыйындар өткөрүлүп, алтын чайкоочу фирмалар менен өз ара алака катнаш жасалды. Акыры жаңы бийлик келип, жаңыча нукта жумуш жүргүзө баштаганга ынанган кытайлык береги компания Солтон-Сарыдан иш-аракеттерин улантуу үчүн жергиликтүү бийликке келди.Жыйынтыгында Нарын районундагы Миң-Булак айылында дагы бир нече жолу элдик чогултар өткөрүлүп, кытайлык компания жыл этегине чейин аталган айыл округка 7 миллион сом чегерип, анын 5 миллион сомун түшүрдү. Ал эми Нарын районундагы Эмгекчил айыл элине айылда радиациянын өлчөмү көбөйгөндүгү тууралуу маселе айтылып, ушундай улам таштарды алып келип айылда майдалоо жана алтынды кислота аркылуу бөлүп алуунун зыяндуулугу түшүндүрүлдү жана кенди иштетүү үчүн атайын лизенция алуу керектиги белгиленди. Акыры маселе маңызы чечилгендей, бийлик менен элдин, жергиликтүү калк менен кенди иштеткен ЖЧКлардын ортосунда ынанымдашууга чекит коюлгандай болгон. Бирок алтынды алып тынбоо шарапаты көп убакыт өтпөй кайрадан калкып чыкты.Ошентип алтын алып тын эмес, ала бер жөрөлгөсү алдыңкы орунга суурулуп, жыйынтыгы муштум көрсөтүү менен чокондолду.

Орозо башталгандагы оромпой жана Кадыр түндөгү кармаш

1-август күнү Жерге-Тал айылынын жоон топ тургундары Кум-Бел кен чыккан аймакка чыгып барышып, кенди иштеткен ЖЧКлардын 6 КАМАЗ, 1 жүктөгүч унааларын тартып алышып, айылга алып келишти деген маалымат желдей тарады. Көрсө бир катар элеттиктердин баамында 30-31-июль күндөрү айылга май аралашкан суу агып келген экен. Жергиликтүү тургундар алар тарабынан белгиленген келишимдер аткарылган жок, лицензиялар жабык, дамбалар жарылгандыктан ишти токтотобуз деген талапты коё башташты. Ал эми мүлдө кыргыз жергесинде 26-августан 27-августка караган түнү мусулмандар касиеттүү «Кадыр Түн» тосуп Алла-Тааладан жакшылыктарды, тынчтыкты, молчулукту, берекечиликти, өнүп-өсүүнү тилек кылып түн кечирип жатканда Нарын районунун аймагындагы Солтон-Сары өрөөнүндө эки тараптын ортосунда былчылдашып кармашуу жүрүп, натыйжада бир нече адам денелерине ар кандай жаракат алышып, ооруканаларга жеткирилишти. Нарын районундагы Эмгекчил айылынын үч жүздүн айланасындагы ар кандай түрптөгү жарандарынын ат арытып, ашуу-ашуу бел ашып Солтон-Сарыга барышып, ал жерден кытайлык жана Нарын облустук ички иштер кызматкерлерди таш бараңга ала күч колдонгондуктарына, баякы эле аягы жок, башы жок алтын талашуу тургандыгы дагы бир жолу ачыкка чыккандай болду. Жагдайды облус губернатору учурунда мындайча сыпаттаган.

«Мен 26-август түнү менен Солтон-Сарыга тиешелүү кызмат адамдар менен барып, ал жердеги балдарды ичкери түшүрдүк. Жаракат алган кытайлыктардын абалы анча катуу эмес. Алар Бишкек шаарына жеткирилген. Чынында биз кытайлык компаниядан кечирим сурадык. Ал жерге баргандар «Бучук» тоосунда иштеп жаткан кытайлык компанияга эмес, аркы жактагы Солтон-Сарыдагы «Кыргызалтын» менен сүйлөшүшмөк. Бирок арасындагы кызуу кандуулукка алдыргандар, спирт ичимдигин ичкендер берки жердеги кытайлыктарга келишип, алардын буткасын өрттөп, анан жогору чыга башташканда милиция кызматкерлер асманга ок атышып белги беришкен. Бирок алар жакындаганда милиционерлер автоматтардагы октун баарын асманга атышып, окту жок кылышкан. Ал эми баргандар болсо үч милиционерди сабашкан. Эми мындай алганда ал жакка жөн эле барган балдар бар экен. Кандай максатка баргандыгын да билишпейт. Албетте бул жерде эч кандай саясат жок. Эмгекчилдик балдарды да туура түшүнсөк болот. Алар ошол Солтон-Сарыдан таштарды алып келишип, алтын чайкап тиричилик кылышканга көнө түшүшкөн.Экинчиден ич күйдүлүк пайда болгон. Себеби Миң-Булак айылы кытайлык компаниядан быйыл эле бир жылда 7 миллион сомдук жардам алып жатса, тигилер эмне үчүн биз дагы биздин жерде иштеген «Кыргызалтындан» акча албайбыз дегенге ынанышкан. Анан албетте алдыда шайлоо келе жатат, кандайдыр күчтөр бар.үчүнчүдөн мурда иштеп, оңой олжо алгандар да уюштурганга барышты».-деген эле губернатор Канатбек Муратбеков окуянын келип чыгыш тууралуу.

Абалдын жөн-жайына бийлик киришти

Мына ушундай окуядан соң тиешелүү тармактар менен бирдикте элдик жыйын өткөрүү вазыйпасы келип чыгып, натыйжада КРнын Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов, «Кыргызалтын» ААКнын президенти Осмонбек Артыкбаев окуя чиеленишкен айылдарда, атап айтканда Нарын районундагы Эмгекчил жана Жерге-Талда болушуп, калк катмары менен жолугушушту. +з сөзүндө О.Артыкбаев мырза мамлекеттик маанидеги «Кыргызалтын» ААКда жалпысы 2500 иштерин, анын ичинде Солтон-Сарыда 150 адам кызмат кылса, алардын сексени жергиликтүү тургундар экендигин, 2010-жылга чейин ишкана мамлекетке 100 миллион сом салык чегерип, социалдык корго дагы 11 миллион сом түшүргөндүгүн белгилеп, алтын чайкоого кудуреттери жете тургандыгын шарданалады.

«Бизге кудай таала кен байлыктарды жакшы эле бериптир. Биз эми аларды мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланалы деп жатабыз. Менин иштегениме 7 ай гана болду. Биз дүйнөлүк сапатка, стандартка ылайык алтын өндүргөнгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет, эгерде бизге ага тете мүмкүнчүлүк берилсе. Буга чейин кеп бизде болуп келген, чет өлкөлүк компанияларда эмес. Себеби азыр болгон шартты аларга коюп жатабыз. Мисалы Кум-Төрдөн 33 миллион доллар дивидент түшүүдө»,-деген эле О.Артыкбаев мырза. Ал эми КРнын Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов биз эмне үчүн кедейбиз деген собол менен сөзүн баштады.

«Биздин жер алдыбызда 500 миллиард долларлык кен байлыктарыбыз бар. Алардын ичинен 200 жерде алтын чыгат.Демек ушунча байлыгыбыз туруп эмне үчүн кедейбиз? Эмне үчүн азыр кырдаал ушундай? Себеби 20 жылда бир Кум-Төрдөн башка ишкана курулган жок. Кен байлыктар айылдарда, шаарда эмес. Бирок тоолуу жерлерге ишканалар курулган эмес. Лицензиялар жең ичинен, жабык сатылган. Алар инвестициянын сырттан алып келишкен. А мамлекет, эл сыртта калган. Бир тонна алтын үчүн 20 миллион доллар инвестиция келиш керек. Бирок андай болбогон. Ошондуктан биз жаңы бийлик мурда берилген 998 лицензиянын эки жүз элүүсүн алдык.Алардын 45и алтын боюнча. А мен жаңы бир дагы лицензия бере элекмин. Келечекте болсо алтын боюнча 56 фабрика курулуат деп иштеп жатабыз. Алардын баары жергиликтүү айылдарда болушу керек. Айыл +кмөт менен район уруксаат бермейин бир дагы кенге лицензия берилбейт. Бирок ар кайсы жерден таш чукуганды койсок. Пейилибизди оңдосок. Мына Бишкекте Манас атанын эстелиги ачылып жатканда кандайдыр куштар учуп келишип, тегеренип учушту дагы, кайра учуп кетишти. Бул эмнени билдирет. Адамдар бири-бирине жакшы кеп кылышса, нур берет экен Алла-Таала. Мен ушуну сиздерге тилеймин «,-деп пикиринин айткан министр З.Эсенаманов.

Жыйында Эмгекчил айылынан Бекболот Байтереков, Жунус Бектуров, Бердибек Ыдырысов жана башкалар кеп сүйлөшүп, бир даары азыркы айтылган сөздөргө да ишенбестигин, мөңгүлөр азайып, сентябрь айына чейин Нарын суусу күпүлдөп кирип агып жаткандыгын,Солтон-Сары соодага айлангандыгын, Солтон-Сарыдан кара баткак суу аккандыгын белгилешти. Ал эми Жерге-Тал айылынан Асанбек Эркинбаев, Жасынбек Мамбетов, башка тургундар жарыш сөзгө чыгышып, Кум-Белде жайыт тарыгандыгын, ар ким казып жайыттарды талкалагандыгын, изилдөө, чалгындоо дешип эле кенди казып жаткандыктарын, акыры айылга быйыл жайында эле үч курдай майланышкан кара суу агып келгендигин, ошол маалда картошка, эгиндерин сугаргандардын картошка, эгиндери өспөй калгандыктарын мисалдашып, адам денесине кызыл кычыткылар пайда болгондугун кеп кылышты. Жерге-Тал айылдык кеңештин депутаты Шекр Жумабекова айым мындай сандарды келтирди.

«Биз 2005-жылдан берки абалды тактап чыктык. Мисалы ошол жылдан бери айылдан 46 адам кургак учук менен оорушуптур. 233 адам тери оорусуна чалдыккан экен. 74ү ич өткөк, 26сы сарык болушкан. Тубаса кемчилдик менен 23 бала төрөлсө, залалдуу шишик менен 36 адам жабыр тарткан. Маалына жетпей 18 келин төрөгөн.Быйыл 8 адам рак менен каза болду»,-деп кеп айтты депутат Ш.Жумабекова. Ал эми Жерге-Тал айылдык кеңештин төрагасы кенди иштетүүнү токтотуу талабын билдирди.

«Кум-Бел Ресурс» келген жок. «-Кум-Бел ЛТД» болсо жерин түздөсүн, оңдосун анан берели дегенбиз. Бирок ал өзү эле уруксаатсыз келип алды. «Рокизолго» эл макул болгонбуз.Бирок ал келишимди аткарган жок. 1-июнга чейин айыл округка бир комбайн, бир жатка бермек. Андан сырткары суу чыгарып иштегендерге айлыктарын төлөмөк. Аткарган да жок, айылга басып да келген жок. Ошондуктан бирөөн дагы иштетпейбиз, лицензиялары алынсын»,-деди кеңеш төрагасы Тенти Сыдыгалиев.

Соңку чекит

Эмгекчил айылында жыйын маалда өзүн Кубан Токсобаев, Кыргызстан жаңы күчтөр коомдук бирикмесинин өкүлүмүн деген жаран сөз алды.

«Күнөө бизде, кыргыз элде. Биз биригели. Мен башка жактар менен сүйлөшсөм, алар эмгекчилдиктер үчүн турабыз деп жатышат. Эгерде өлкөнүн башка жактарында да ушундай туура эмес иштер болсо силер да алар үчүн тургула. Америка бизди мактап коюп, бирок жайлап жатат. Мисалы Кум-Төр ырасмий маалыматтар боюнча 5 миллиард доллар чыгарып кетти. Ал эми билгизбей кеткендери канча. Биз 20 жыл алдандык, эми алданбайлы»,-деп чакырык салган. Айтор ушундай кептер эки айылда тең эле сөз болду. Акырында эмгекчилдиктер «Кыргызалтынга» 4 миллион сомго клубду куруп берүүнү талап кыла, маселе чечилмейин кайрадан Солтон-Сарыга жөнөшүп, алтын чайкай берерин билдиришсе, жергеталдыктар 10 күн аралыгында лицензиялар кайтарылып алынбаса, колдо турган унааларды менчик катары пайдалана баштайбыз деген талаптарын айтыштан.

Жыйынтыгында облустук акимчиликтин кийлигишүүсү менен КРнын Жаратылыш ресурстар министрлигинин жер байлыктарын иштетүүгө лицензия берүү боюнча курамынын (комиссимя) 2011-жылдын 29-сентябрындагы №140-Н-11 протоколунун негизинде «Кум-Бел ресурс», «Рокизол» жана Кум-Бел ЛТД» ЖЧКлардын лицензиялары жокко чыгарылгандыгын облустук акимчилик ырасмий маалымдады.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

05-01-2012
Темир кендин буусу, чуусу жана дымы
111292

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×