Добавить статью
4:07, 23 января 2012 72021

Өлкөгө энергетикалык коопсуздук керек

Кыргызстандын экономикасында энергетика тармагы базалык тармак деп эсептелет, себеби ички муктаждыктарды, башкача айтканда калкты, өнөр жай, эл чарбачылыгын электр энергиясы менен толугу менен жабдуу менен бирге бир катар коңшу мамлекеттерге экспорттойт. Борбор Азиядагы республикалардын энергетикалык тармактары биргелешишкен жана өз ара байланыштагы факторун эске алсак, коңшу Казакстан менен Өзбекстан өздөрүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн энергетикалык системаларын трансформациялоо (бөлүп алуу) аракеттери жакын арада көрүлсө, анда Кыргызстандын энергетика коопсуздугу абдан оор абалда калуусу мүмкүн.

Быйылкы жылдын ызгаардуу кышы көпчүлүк энергия колдонуучулар үчүн бир катар ыңгайсыздыктарды жаратты, атап айтканда 12 миңден ашуун өчүрүүлөр болду. Себеби Бишкек калаасында электр энергиясын керектөө муктаждыгы өстү. Учурдагы абалга карата электр энергиясын ашыкча чыгымдоо 4 миллион киловат-сааты түздү, анын ченеми болсо 9,5 млн калк 13,5 млн чыгымдалы. Энергетика жаатында иштегендер болсо мындай жагдайды учурдагы кыш катаалдыгына байланыштуу электр жарыгын пайдалануучулардын лимиттен тышкары ашыкча колдонуусунун, ошону менен бирге подстанциялардын, электр чубалгыларынын пайдалануу мөөнөтүнүн өтүшү менен эскиришин айтышып, шаймандарды сатып алууларды жүргүзүү керектигин айтышат. Албетте, бул үчүн да көптөгөн каражаттар талап кылынат.

Электр энергиясы менен калкты камсыз кылууну үзгүлтүккө учурашы менен мезгил-мезгили менен жарыкты өчүрүүлөр көпчүлүк калктын кыжырын келтирүүгө мажбурлады. Борбор калаа жашоочулары бир нече авто жолдорун тосуулар менен митингге чыгышты. Жада калса Улуттук госпиталда оорулууга татаал операция жасоо учурунда электр жарыгы өчүрүлүп калганына карабастан, дарыгерлер адам өмүрүн сактап калуу үчүн өз милдеттерин аткарышты. Борбор шаарда электр жарыгы менен камсыз кылуу ушундай деңгээлде болсо, азыркы ызгаардуу 40 градус суукка жеткен тоолуу элет жериндеги электр жарыгы менен камсыз болушу кандай болду экен деп ойлоносуң... Ошондуктан өкмөт келечекте республиканын энергетикалык коопсуздугун алдын алуу иш-чараларын кечиктирилгис чараларын кабыл алуусу зарыл деп эсептейм. Ал үчүн энергиянын альтернативалык булактарына негизделген электр энергетикасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарыл.

Акыркы жылдары өлкө жеке муктаждыктары үчүн өлкө 8,0-9,0 км 3 суу ресурстарын жылына пайдаланышат. Ал эми калган суу агымы, бул болсо 30,0 км 3 суу ресурстарыбыз коңшу мамлекеттер аймагына кетип жатат. Көптөгөн техника-экономикалык изилдөөлөр жыйынтыгы боюнча электр өндүрүү потенциалыбыз абдан эле жогору бааланат. Табият тартуулаган потенциалды өздөштүрүү жана илгерилетүү гана керек. Бул үчүн азыркы бюджеттик тартыштык абалында кубаттуу ГЭСтерди куруу жөнүндө сөз, албете эртелик кылат, “Датка 500кв” сыяктуу подстанцияларды куруу кечиктирилгис иштерден болуусу зарыл. Эгер бул жаатта мындай подстанцияларды куруулар ишке ашса, электр энергиясын экспорттоо менен мамлекет казынасына канчалаган кирешелер түшөт эле. Жогоруда келтирилген фактыдан улам Кыргызстандын энергетикалык секторундагы өнүктүрүү жолдорун издөө жана бул жааттагы көйгөйлүү маселелерди четтеттүү керек. Көйгөйлүү маселелер болуп бул жааттагы электр энергиясындагы техникалык жоготуулар көрсөткүчүн азайтуу, алсак электр энергиясындагы техникалык жоготуулар 22,2 пайызды түзөт, ал эми мындай көрсөткүч Тажикстан республикасында 7 пайызды гана түзөт, анткени бул аталган республикада коррупциялык схемалар жок эсе экендиги ырасталып турат.

Электр энергиясын экспорттоо маселесине келе турган болсок, энергетика компанияларындагы мыйзамсыз акча табуу максатын көздөгөн ортомчу фирмалардын Россияга ккВсааты - 0,5 центтен, Казакстанга 0,9 -02 центтен, Өзбекстанга -1,1 центтен сатышын мисал кылууга болот. Өзүбүздүн ички керектөөчүлөргө кымбат баада сатылышы жөнүндө эмнени айтууга болот. Бул жерден бул фирмалардын ишин тескеген, көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдар эмне менен алектенишет деген чоң суроо туулат.

Жаңы өкмөт курамы энергетика тармагын ачык-айкын, натыйжалуу башкарууга жетишүүсү зарыл. Аны чечүүгө Энергетика жана өнөр жай министрлигинде түзүлгөн Коомдук байкоочу кеңештин ролу зор. Эчендеген жылдар бою түптөлүп калган коррупциялык схемалардан дароо эле арыла койбойбуз, ал үчүн бул тармактагы өнүгүшүнө бөгөт кылган, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу үчүн тартипти күчөтүү зарыл, каттуу тартипти жана көзөмөлдүктү ишке ашырууну караган мыйзамдар жөн гана кагаз жүзүндө калбастан так жана ачык айкын аткаруу механимдерин киргизүү мезгил талабы.

Сөзүмдүн соңунда коңшу мамлекеттердин энергетикалык системасынан толугу менен көз карандысыз болуу абалы жаңы өкмөт курамынын иштиктүү кадамдарына байланыштуу дээр элем.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

27-02-2012
Бюджет аралык мамилелерди өркүндөтүү - бюджеттик саясаттын башкы багыты
136914

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×