Добавить статью
6:21, 18 января 2012 173131

Түштөрүнө доллар кирген мурдагы соттор

Республикалык «Ачык Саясат Плюс» газетасынын 2012 жылдын 13–январындагы №32 санындагы Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңештин Укук коргоо комитетине, президенттин алдындагы Сотторду тандоо кеңешине мурдагы судьялардын кайрылуу катына карата.

Мурда судья болуп, мурда — кийин өзүн жакшы алып жүргөн, кынтыксыз, билим деңгээли ошого ылайыктуу сот системасынын бир багытында иштеген: соттордун канцелярия башчылары, консультанттары, сот отурумунун катчылары жана юстиция башкармачылыгынын консультанттары, сот департаментинин кызматкерлери, сот аткаруучулар, кээ бир гана убактарда бирин – эки адвокаттар дайындалаар эле. Кийинчерээк бул тартип бузулуп, сотко кимдер гана дайындалбай калышкан.

Ошол күндөн баштап сот системасынын жаман аттысы башталды, ага көп мисал келтирүүгө болот.

Уяты жок адам уяты жок боюнча эле калат экен. Жараткандан, табактай бет бергенче ошол бетке кичине уялып, кызара турган жерин дагы кошо бер деп тилеш керекпи дейм. Бети кичине кызарбай туруп, жалганды чындай кылып айткандар ушунчалык көбөйдү. Мурдагы сот системасынан айдалып кеткен судьялар азыр дагы кайтып сот системасына келүүгө жан алакетке түшүп жатышкан Шакенов Сафарбек, Кулчунов Мойдун жана Алимбеков Максат сыяктуулар. Андан дагы «Ачык Саясат Плюс» газетасына ээрден түшсө да үзөнгүдөн түшпөйт болуп, булар дагы деле өздөрүн соттун төрагасынын орун басары, судьялары деп жазгандарына таң болосун же убагында сыймыктанып, аны менен учураштым деп үч күн колун жуубай жүргөн бирөөлөрдү жамандап, жок нерсени жазып эптеп судья болуп калабыз деген үмүттөрү барбы? Мисал кыла кетейин дегеним, Кулчунов Мойдун прокуратура системасынан пара алгандыгы боюнча айдалып кетип, соттошуп жүрүп, акыры эптеп бирөөлөрдүн тилин таап кылмыш ишин жок кылып, кийин кимди болсо дагы кабыл ала турган айкөл сотко айланган системага судья болуп дайындалган. Алимбеков Максат бажы кызматына батпай калганда, ал да сот кызматына жармашкан. Сафарбек Шакенов болсо деңгээлине жараша иштен четтетилгенден кийин жогорку бийликтегилерге чыгып, тааныштан тааныш салып чуркап жүрүп ал да сотко өткөн. Өткөндө дагы ири облустардын бири болгон Жалал-Абад облусунда соттун төрагасынын орун басарлыгына...

Жасаган жосунсуз жумуштарынын бирөөсүнө эле токтоло турган болсок, бир карын майды бир кумалак чиритет болуп, бүткүл сот системасын жаман атты кылып жаткандар ушулар сыяктуулар. Облустук соттун милдеттерин билсеңиздер керек. Алар облустун аймагындагы райондук, шаардык соттордун чыгарган сот актыларын апелляциялык жана кассациялык арыздардын негизинде текшерип, тийиштүү жыйынтык чыгарышат.

Сузак райондук сотунун 2007-жылдын 6-декабрындагы өкүмү менен Шаруев аттуу жаран Көк-Жаңгак шаарында бир кызды зордуктаганы үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза кодексинин 129 беренесинин 1-бөлүгү менен күнөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган. Ошондон кийин Шаруевдин арызы менен Жалал-Абад облустук сотунда апелляциялык тартипте 2008-жылдын 15-февралындагы С.Шакеновдун төрагалыгы алдында соттук коллегиянын мүчөлөрү М.Кулчунов жана М.Алимбековдун катышуусунда каралып, Шаруевдин күнөөсүн жеңилдеткенге эч кандай негиз жок экендигине карашпастан, өзгөчө жагдай бар деп, аны сот өзү жасалмалаган жабырлануучунун кечирдим деген катын жана (аларга берилген 3 миң долларды) эске алышып, 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу көрсөтүлгөн беренедеги жазаны бурмалашып, анын жазасын 2 жылга азайтышкан.

Натыйжада, эркиндикке 6 жыл эмес 2 жылдан кийин чыгып кеткен Х.Шаруев 2010- жылдын 20-январында 3–класстын окуучусу Замирбек кызы Эркинайды зордуктады. Эгерде С.Шакенов, М.Кулчунов жана Алимбековдор зөөкүрдүн жазасын 6 жылдан 2 жылга кыскартпаганда ал жок эле дегенде 10 ай мурда шарттуу бошотулган күндө дагы 2012- жылдын сентябрь айында араң бошомок. Бул маалымат бир кыйла жыл Көк-Жаңгак шаарында иштеген, ал убакта президент болуп турган К.Бакиевге жетип калып, ал судья катуу көзөмөлгө түшкөн. Жогорку сот тарабынан үчөөнүн үстүнөн жай аныктама чыгып, натыйжада үчөө тең кызматтарынан бошотулган. Ушундан кийин уялышпастан дагы сотко аракет кылышып, «Ачык Саясат плюс» газетасына, Шаруевдин эрте бошоп кетишине Акмат Бакиев менен судья К.Илиязов күнөөлү деп жатышканы түшүнүксүз. А.Бакиев аларга Шаруевди актоо туурасында тапшырма берсе агасы Курманбек Бакиев ал ишти көзөмөлгө алганда эле, үчөөнү кызматынан кетиртпей, агасына бир ооз, «мен сурандым эле» - деп аларды жөн эле сактап калса керек эле.

Бети жок деген ушу да, бети болсо, өздөрүнүн акмакчылыгын убагында караанына жалынып жүрүшкөн бирөөгө оодарбай, мойнуна алат, мен алардай болуп мыйзамды бузуптурмунбу?

Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза кодексинин 69 беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункутунда көрсөтүлгөндөй, оор кылмыш жасагандар, эгерде жабырлануучу менен өз ара элдешип алса жазасынын бештен эки бөлүгүн өтөгөндөн кийин шарттуу бошотулууга жатат. Ал эми бул иш боюнча өтө акылдуу Шакеновдор белгилеген 2 жыл жазанын 1 жыл 2 айын өтөгөндөн кийин, 10 айы калганда шарттуу бошотулган. Көрсөтүлгөн мыйзамга ылайык, керек болсо Х.Шаруев жазасынын бештен үч бөлүгүн же 2 жылдын 9 ай 6 күнүн өтөгөндөн кийин же 1 жыл 2 ай 24 күн мурда бошотулса деле мыйзам чегинде болмок. Эгерде, мен мыйзамды бузган болсом булардай болуп бирөөлөрдү жамандап, бул ишке эч качан тиешеси болбогон, убагында алар менен бильярд ойногонуна сыймыктанып жүргөн адамдарга асылбай эле акыркы демиме чейин судьялык кызматка жармашпай өзүмдүн арызым менен кетип калмакмын.

Айлалары кетип, амалдары куруганда эми азыркы бийликке жагалданып, Бакиевдерди жамандап кайра эле судьялык кызматка аракет жасап жатышпайбы. Мындай бети жок адамдардан арылган күнү кудайга шүгүр дешибиз керек.

Дагы эле ушул иш боюнча айтып кете турган нерсе: алардын бул ишитери ачыкка чыгып, мыйзамсыз иши туурасында иштен четтетиле турган болуп калышканда жан алакетке түшүп, Бишкектен келбей, аябай чуркап жүрүшкөн мезгилде Максат Алимбеков биз менен чогуу түштөнүп олтуруп, «Сапар Шакенов, Мойдун Кулчунов жана Рысбек Шукуралиевдер Шаруевдин иши боюнча анын жазасын 6 жылдан 2 жылга түшүрүшкөндө 3 миң доллар алышыптыр эле, мени «лох кылышып» мага 200 эле доллар беришкен, 6 ай иштебей жөн эле жерден 200 доллар үчүн күйүп кеттим» деген эле.

Ошондо, «ишке катышпаса Р.Шукуралиев эмнеге акча алды десек, анын облустук соттун төрагасы катарында баардык иштерде долясы бар» деп түшүндүргөн. Бул сөзүн Алимбеков тана албайт жана көп адамдар угуп жүрүшкөн, мен жок нерсени жазбайм.

С.Шакенов менен М.Алимбеков ушул акмакчылыктарынан кийин, судьялык кызматынан судьянын кынтыксыз жүрүш – турушуна сыйышпаган тартиптик жосун жасагандыгы үчүн кеткен, Юстиция министрлигинен адвокаттык ишмердикке лицензия ала албай буту күйгөн тооктой чуркап жүрүшсө, М.Кулчунов болсо эптеп-септеп судья болгонго чейинки адвокаттык ишмердикке алып алган лицензиясы менен эле сайрандап, дагы деле элдердин башын айландырып адвокат болуп иштеп жүрөт. Же адвокаттыкка эптеп эле юридикалык билими болсо болдубу, мурда кийинки иштерине баа берилбейби?

Билим денгээли, өздөрүнүн адамдык сапаттары боюнча адвокаттык, судьялык кызматка эмес, жөн эле адвокаттын имаратынын кароолчулук кызматына татыбаган адамдар деген баага татыктуу. Муну мен далилдеп, булардын мындан башка дагы көп сандаган мыйзамсыз иштери туурасында жазыла турган макаламда баяндайм.

Юстиция министрлиги, сиздер дагы Кулчуновдун мындан ары адвокат болуп иштешине кандай баа берер экенсиздер. Мен сиздерге өз алдынча арыз менен дагы, анын баардык кылык жоруктары туурасында материалдарды тиркеп кайрылам.

Эгер ал дагы деле адвокаттыгын улантса, Адвокатуранын дагы былыгын чыгарып, сот системасына окшотуп, элдердин ишенимин жок кылаарына күмөн жок.

Соттор туурасында акыркы убактарда эл арасында айтылган сөздөргө толук кошулам. Жогоруда аты аталган судьялар сыяктуулардан арылмайынча эч качан акыйкаттык болбойт. Бул Жалал- Абад облустук сотунда болуп жаткан мыйзамсыз иштердин миңинин бири эле. Жалал-Абад облустук сотунун кылып жаткан мыйзамсыз иштери туурасында бул күнгө чейин көп эле макалаларды жаздым, мыйзамдуулука чакырып бир топ кесиптештериме жаман көрүндүм.

Мурдагы төрага азыр, ар кимдин өтүнүчү боюнча айдалып кетпей эптеп илешип сотко орун басар болуп калган Рысбек Шукуралиевдин сотторду тандоо кенешинде мүчө болуп, эми судьяларды тандай турган болуп жатканына Жалал-Абаддыктар менен бирге мен да өтө таңмын. Деги эле биздин өлкөдө мыйзамдуулук болуп, татыктуу адамдар иштейби? Же ушинтип эле жөндөмүнө, алдым – жуттумуна карабай бүткүл элибизди курута беребизби? Жакында облустук соттун, Шукуралиев баш болуп кандай иштерди жасап жатышкандыгы туурасында дагы бир чоң макала жазып, тийиштүү өкүм чечимдери, запкы жегендердин түшүнүк каттары менен билдирем. Акыйкаттык үчүн «АkiPRSS», «24-КG» «KABAR» жана башка маалыматтык агентиктер аркылуу чыгып, калайык-калкка ушул күнгө чейин эле тындырбай айтып келе жаткан ачуу чындыкка көңүлдөрүн буруу максатым бар. Чындык жана акыйкаттык өлүмдөн да бийик.

Мен туурасында «Ачык Саясат» газитине жазылган макала ким тарабынан жазылып жатканын деле билем. Мен айткан бул үч берен макала жазыш эмес фамилиясын жаздырсаң анын бир эки тамгасын таштап жазса керек эле. Сени эле иштен кетире албасам деген облустук соттун төрагасы Р. Шукуралиевдин, «губернатор суранды», «Президенттик аппараттан суранды», «Жогорку Кенештен суранды» деген сөздөрүн укпай, ал тургай өкүмдө бийликтин легитимдүүлүгнө юридикалык баа берип, акты ак, караны кара дегеним анын айтканы боюнча жогорку бийликтегилерге жакпай жатыптырмын. Бул туурасында Р.Шукуралиев «…бек кысып жүр, мен айтканды жаса!» - дечү эле, же анын кошоматын колдобой койгонума дагы башкалар менин үстүмдөн таш уратып жатышабы? Кандай болгондо дагы чындык жеңет, ага эл – журт жана кудай күбө.

Ал эми жогоруда көрсөтүлгөн үч берендин макаласындагы фактылардын бири эле далилденсе мен сот системасында бир күн дагы турбайм. Деги эле мага соттук кызматты апам төрөп берген эмес, кызматыман кетем деп бийликтегилерден коркуп, бир адамдын тилине кирип, чындыкты бурмалаган эмесмин. Бир адамга жамандык каалабай түз иштеп келгем. Бул үчөө менин аркамдан канча сөз кылабы же арам акчаларына ишенип жамандык жасайбы ким билсин, бирок мен соттук кызматка келгендеги берген анттымдан тайбаймын жана кесиптештеримди да ошого чакырамын!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×