Добавить статью
8:58, 4 февраля 2012 14762

Шайлоо комиссиялары «заказды» кантип аткарат?

Эгемендикке ээ болгондон бери ондогон жаңы кесиптин түрлөрү пайда болду. Бизнесмен, коммерсант, адвокат, серепчи, миссионер, волонтер деген сыяктуу жана башка заманбап адистиктердин арасында шайлоо комиссия мүчөлөрү деген өнөр да өсүп чыкты. Тилекке каршы, бул кесиптин басымдуу мүчөлөрү өлкөбүздө эми гана оожалып келе жаткан демократиянын канат-бутагын кыйып салууда. «Кантип?» дейсизби? Эмесе сөз нугун ошол жакка буралы.

Жыйырма жылдан бери өтүп жаткан шайлоолор бизди эмнеге гана үйрөтпөдү. Бийликтин тапшырмасын, же капчыктуулардын «заказын» ишке ашыруу үчүн шайлоо комиссия мүчөлөрү не бир укмуш технологияларды ойлоп табышпады дейсиң, алардын айрымдарын угуп жатып төбө чачың тик турат. Сырттан караган кишиге өз нугунда, жайбаракат өтүп жаткандай көрүнгөнү менен демократиялуу (!) Кыргызстандын ар бир шайлоосу мыкты үлгүдөгү фокустар менен коштолот экен. «Заманың бөөрү болсо бөөрү бол, ууру болсо ууру бол!» деген заманавий ураандын магиясы мына ушул тармакка кеңири таасир эткендей. Төмөндө, дегеле шайлоо комиссиялары тарабынан жасала турган мыйзамсыз иш аракеттердин айрымдарын санап берели. Эскерте кетсек, төмөнкү айыптоолор жалпы комиссия мүчөлөрүнө тиешелүү эмес. Мыйзамдуулукту туу туткан, бири-бирин тыкыр көзөмөлдөгөн кесипкөй комиссиялар деле бар.

Тизмелерди бурмалоо

Бул технология акыркы шайлоолордо «натыйжалуу түшүм бирген мыкты табылга» катары бааланууда. Мында заказ бирүүчү тарап өз электоратын (колдоочулар чөйрөсүн) алдын ала талдап, аныктап алат да, мына ошолорду добуш берүү процессине кеңири катыштырууга шарт түзөт. Ал эми каршы добуш берүүчү шайлоочулардын калың катмарын «тизмеде жок экенсиз» деген шылтоо менен процесске катыштырбай коюшат. Албетте, бул махинациянын чоо-жайын терең түшүнө бербеген комиссия мүчөлөрү деле бар. Ага карабай мындай ыплас технология миңдеген шайлоочулардын зээнин кейиткенин айтпай коюуга болбос.

Өз жана өзгө шайлоочу

Алдын ала тандалып алынган белги (пароль) боюнча «өз» шайлоочуларына добуш берүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт. Андай шайлоочулар башка бирөөнүн документи, же маркирленген бармактары менен деле экинчи, үчүнчү ирет добуш берүүгө укук алышат. Өтө ишенимге кирген «өз шайлоочу» бир эле учурда бир эмес, бир нече бүлүтенди «жайлап» чыгышы мүмкүн. Андай кесипкөй шайлоочулар  бетин боеп, көйнөгүн алмаштырып алып көптөгөн шайлоо участокторун кыдырып чыгышат. Комиссия мүчөлөрү мындай технологияны көрүп-билип турушса да «заказды» аткаруу үчүн тымпыйып билмексен болуп отура беришет.

Үгүт жүргүзүү

Комиссия мүчөлөрү шайлоонун шайтан оюндарынан бейкапар атуулдарды шайлоо күнү да кулагына шыбырап, ымдап, чечим кабыл алуусуна катуу таасир этишет. План-платформаларын бир ай бою жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу “жаадырган” талапкерлер эгер комиссия мүчөлөрүн колго алып койбогон болсо, жарнамага сарптаган акчасы текке кетти дей бер. Мына ушул күнкү комиссия мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлгөн “жашыл жарнама” шайлоонун жыйынтыгына оңбогондой чоң көлөмдө таасир этип коерун мезгил бир эмес, бир нече ирет тастыктап койду. 

Калың массаны уюштуруу

Комиссия мүчөлөрү жең ичинен иш бүтүрүү үчүн урунттуу учурларды күтөт. Элдин участокту каптап кирген мезгили эң урунттуу учурлардын бири. Мындай маалда байкоочулардын башы айланып, кимди, кайсы шайлоочуну байкаганга чамасы калбай калат.  Эл ызы-чуу салып жаткан мезгилде комиссия мүчөлөрү өз шайлоочулары аркылуу пачке-пачке бүлүтенди урнага таштатып алууга жетишет. Эгер кокус ал шайлоочу колго түшүп, кармалып калса, “биз эч нерсени көргөн жокпуз, протоколго кол койбойбуз” деп, көз-көрүнөө үстөмдүк кылышат. Ызы-чуу болуп кеткен учурда сыртта турган күйөрмандар кайрадан добуш берүү үчүн залга кирип, массаны ары-бери чайпап, психологиялык басымды күчөтүп салат. Комиссия башчысы “шайлоо процессине тоскоолдук кылбаңыз” деген критерий менен жанагы байкоочунун оозун жаап, процессти башкарган болуп нары басып кетет.

Спортсмендерди тартуу

Ар түрдүү махинацияларды ишке ашыруу жана шайлоо участогун башына кийип, ээлеп алуу үчүн жоон билектүү спортсмен жигиттердин ролу жакшы. Алардын айбаты менен комиссия мүчөлөрү каалаган “ишин” бүтүрүп алууга мүмкүнчүлүк алышат. Керек болсо алар укук коргоо кызматкерлерин да көзгө илбей өз шайлоочуларын добуш бердиртүүгө жол ачышат. Коомдук коопсуздукту камсыздоого кол кабыш кылабыз деген шылтоо менен шайлоо участкаларын айланчыктаган эңгезердей жигиттер тигил же бул тараптын камчысын чаап, жалпы процесске катуу таасир этет.

Бүлүтен таштоо

Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “заказды” аткаруу үчүн кээде өздөрү да бир топ бүлүтенди урнага таштап жиберишет. Шамдагай шайлоочуну күтүп отура бербей ишти өзү “жайлаган” мындай кишинин кызматы, бейрасмий маалыматтарга караганда, 100 доллардан 1000долларга чейин бааланат. Пачкелеп бүлүтен таштоо үчүн кээде “светти өчүрүү” тактикасы да пайдаланылат. Ошондуктан кыштын узун түнүндө өтүүчү шайлоолор бул махинация үчүн көп жагынан ыңгайлуу.

Добуш саноо

Добуш берүү процесси соңуна чыгып, бүлүтендер санала баштаганда дагы бир ыплас технология пайдаланылат. Шайлоо комиссия мүчөлөрү өзү «сүйгөн» тараптын добушун көбөйтүү үчүн жараксыз бүлүтендерди да кошо эсептеп, берки тараптын добушун азайтуу үчүн жарактуу бүлүтендерди да жараксыздардын катарына кошуп салат. Кээде атайын башбармакка, же сөөмөйгө ручканын запасынын учун тыгып алып, бүлүтенди санап жаткан учурда керектүү белгини байкатпай коюп кете берет. Мындай көз боемочулуктун жигин кийин эч ким таппай калат. Ал эми «заказ» аткаруу үчүн башбармагын же сөөмөйүн канаткан «азамат» кеминде 100долларлык «гонорарга» ээ болот.

Протокол алмаштыруу

Шайлоо комиссия мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо үчүн көшөгө артында сүйлөшүп алып, толук толтурула элек протоколдорго да кол коюп беришет. Бул протоколдор “заказ” берүүчүнүн нормасы толук аткарылбай калган учурда пайдаланылат. Ар бир мүчө кол коюп бергени үчүн кеминде 500доллардан “гонорар” алышат. Элдин көзүнчө аткарылган фокустун баары бир тең, ал эми протокол алмаштыруу тактикасы бир тең болуп, участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан аткарылуучу махинациялар ушуну менен бүтөт. Мындан аркысын аймактык, же борбордук шайлоо комиссиялары улантат. Алардын фокустарын өзүнчө сөз кылууга татыйт.

Ооба, комиссия мүчөлөрүнүн арасында кара кылды как жарган калыс, мыйзамды түшүнгөн мекенчилдери  да бар. Баары эле “бөкөчө” деп айтуудан алыспыз. Бирок, жогоруда саналган кылмыштарды билип, атайлап жасаган шылуундары да жок эмес. Айрым комиссия мүчөлөрү кайдыгерликтен улам да мыйзамсыздыкка жол берип коюшат. Алардын арасында ар бир добуш өлкө тагдырын өзгөрттөт деп ишенгендер аз. «Шайлоонун жыйынтыгы мурда эле чечиген, бүгүн жөн гана түр көрсөтүп, роль аткарып эртеден-кечке отуруп коюу керек» деген үмүтсүз психология аларда биротоло калыптанып калган. Ошон үчүн процесске жан дили менен аралашпайт. Албетте, алардын шайлоого жасаган мындай cуз мамилеси берки шылуун комиссияларга майдай жагат. Дагы бир кызык жагдай, добуш бурмалагандыгы үчүн колго түшкөн кишилердин бири да ушул күнгө чейин мыйзам жоопкерчилигине тартыла элек экен.

Канткен менен, мына ушул кишилердин саясий аң-сезими жана эрктүүлүгү өнүкмөйүн таза шайлоо тууралуу сөз кылуу эртелик кылат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×