Добавить статью
8:07, 9 февраля 2012 50103

Аялдар коомдо тең укуктуулукка ээби?

Гендердик мамиледеги факторлор маанилүү, биологиялык айырмаланган айырмачылыктар эске алынбайт, ар бир аталган факторлор аялдар менен эркектер үчүн ар кандай тарыхый мааниси бар. Бул, мисалы “бийлик”,”байлык” жөнүндө сөз болгондо, адатта эркектер бийликке аялга салыштырмалуу көбүрөөк ээ болушат. Аял социалдык топ катары эркектерге караганда төмөн киреше алат, ал аялдын үйдө отуруп бала тарбиялоо менен киреше ала албайт, жана жогорку акы көп төлөнүүчү жумуштарга азыраак тартылып, аз акы алышат жана жогорку бийлик бутактарында(аткаруу бийлигинде) кызматтарда аз санды гана түзүшөт. Анан дагы бир кызыктуу көрүнүштү байкап көрсөк”эркек”,”аял” деген сөздөрдүн орун тартибине байланыштыруу эң бир кызык, эгер бул сөздөр бирдей мааниге ээ болсо, анда алар дайым бир тартипте колдонулмак эмес. Мындай мажбурлаган тартип сөздүн эле текстинде эмес экенин баамдого болот. Айталы даңазалуу түгөйлөрдү эстейличи: ”Адам жана Ева”, ”Ромео менен Джульетта”,”Тристан менен Изольда” , кыргыз элиндеги “Олжобай менен Кишимжан”ж.б. “жана” деген байламта менен байланышкан бул эки сөздүн биринчиси үстөмдүк кылып турганы оңой эле байкалат.

Кудай талаам аял менен эркекти өмүр бою ырыс-ынтымакта,эриш-аркак турмуштун ачуу-татуусун бирге бөлүшүп жашоосун шарттаган. Бирок азыркы турмушубузда дайым эле андай болбогондугу ачык айкын, бул өңүттөн алып караганда аял-эркектин теңчилик мүмкүнчүлүктөрү маселелери тегерегинде кеп козгогондо коомдун экономикалык өнүгүү, бийликтин жана коомдун демократиялуулугуна зарыл шарттар болгон коомдун саясий жана социалдык-экономикалык милдеттерди чечүүдө аялдардын тең жана толук укуктуу катышуусу болуп саналат.

Кыргыз Республикасы гендердик теңчиликти өнүктүрүү боюнча эң маанилүү эл аралык документтерден болгон Пекин платформасы боюнча аракеттер боюнча өзүнүн милдеттерин ийгиликтүү аткарган он өлкөлөрдүн катарына кирет. Бирок, Кыргызстанда гендердик теңчиликти камсыздоо боюнча мыйзамдык база болгонуна карабастан иш жүзүндө гендердик теңсиздиктин ар кандай түрлөрү өкүм сүрүүдө.

Азыркы учурда республиканын саясий турмушунда, фракция лидерлери, министрлер, жогорку бийликтерге айымдар дайындалууда, бирок аз санда экендигин моюнга алуубуз керек. СебебиБир катар эксперттер мунун натыйжасы салттуулукта деп эсептешет.Ал мустактан бери эле коом эркектердин жетекчилигинин алдында жашап келген. Жетекчи айымдарыбыз тарыхта саналуу гана. Ага мисал болуп Орто Азия өлкөлөрү ичинен алгачкы жолу аял кечээ жакында болуп өткөн саясий окуялардан кийин, өлкөбүз кыйынчылыкка туш болгон өткөөл учурдагы өлкө Президенти Роза Исаковна Отунбаеваны атоого болот.

Көптөгөн эл аралык уюмдар аялдарды эркектен төмөн койгон стереотиптер орун алып келгендигин белгилеп, сурамжылоор жүргүзүп, жыйынтыктарын коомчулукка маалымдап келишет. Алардын жыйынтыктары деле эч кандай таасирге ээ болгон жок.Эркек менен аялдын теңдиги биздин мамлекетибизде дээрлик бардык колдонуудагы мыйзамдарда бекемделгени менен азыркы кырдаал таптакыр башкача эркек менен аялдын байлык менен ресурстарга жеткиликтүүлүк дагы эле бирдей эмес. Сөзүбүз курулай болбош үчүн жакында «Ар Намыс» фракциясынын депутат айымыбыз Айнуру Алтыбаева райондук аким кызматтарына талапкерлерди көрсөтүүдө гендердик теңчиликти көңүлгө албагандыгы үчүн премьер-министр Өмүрбек Бабановду сындады. Мында өлкөнүн 40 районунун акимдик кызматка 120 талапкерлерден аялдар санынын жокко эсе экендигин айтты . Иш жүзүндө жергиликтүү бийлик органдарына шайлоодо аялдардын дээрлик жоктугу мамлекетибиздин Конституциясын жана “ Эркектер менен аялдар үчүн тең укуктуулук жана тең мүмкүнчүлүктөр жөнүндө” мыйзамдын бузулушуна жол берилгендигин жана үч талапкердин ичинен бир талапкер аял болууга тийиштигин белгиледи депутат айым. Кыргызстанда 90-жылдардан ортосунана 2000-жылга чейин иштеген республиканынын өкмөтүнүн алдындагы үй бүлө, аялдар жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик комиссия бийликке келүүдө жана мамлекеттик бийлик органдарындагы гендердик жактан балансталган кадрлар системасын түзүүдө аялдар мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн белгилүү иш аракеттер жасалган.Ошону менен катар шайлоолор жөнүндөгү кодекске аялдар үчүн орундарды бөлүү боюнча механизмдерди түзүү жана киргизүүлөр болгон.. Аялдарга шайлоолорго катышуучу катары өздөрүнүн алдыга илерилеши үчүн саясий партияларды колдонуу жана башка ушул сыяктуу сунуштар болгон эле. Бирок, бул аталган идеялар деле ишке ашып кеткен жок, аны жакында эле болуп өткөн жергиликтүү бийлик органдарына шайлоо өнөктүгүндөгү натыйжалар боюнча жаңы шайлнган район акимдерине талапкер бир дагы аял көрсөтүлгөн эместиги тастыктап турат. Андыктан шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгү добушту көнүмүш адат менен, албетте эркектерге берүүнү артык көрүшөт. Кыргызстандагы аялдардын электораты 52 пайызды түзгөнүнө карабастан бийлик бутактарына эркек-саясатчыларды алып келүүлөрүнүн бирден бир маанилүү жүйөөсү материалдык базасы күчтүү материалдык потенциалга ээ болгон эркек жолдоштор гана укуктуу болуп жатышат. Аны биздин Парламенттеги депутаттардан көрсөк болот. Ал эми аткаруу бийлиги органдарында аялдардын аз санынын түзүп жатышы да ар кандай шылтоо-себептерден улам болушу да ыктымал.

1996-2000-жылдар ичинде кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдарыдын адистеринин күчү менен мыйзам долбоорлор,колдонуудагы мыйзамдар менен ченемдик-укуктук актылар, андан тышкары “Мамлекеттин кызматтын негиздери жөнүндө” мыйзамдын гендерлик экспертизасы жүргүзүлгөн. Мына ушундан кийин гана гендердик компоненттерди бул мыйзамдарга жана ченемдик-укуктук актыларга киргизүүгө багытталган сунуштарды колдоо аракеттери болгон.

Өкмөт тарабынан аялдардын абалын жакшыртуу боюнча “Аялзат” улуттук программасынын жыйынтыгында мамлекеттик кызматтар чөйрөсүндө эркектер менен аялдардын мүмкүнчүлүктөрүндөгү гендердик баланстын жок деп таанылган.

Ошентип гендердик айырмачылык азыркы кезге чейин улантылып келүүдө. Муну болсо коомдун аң-сезиминде,укук жаатында да реалдуу гендердик балансталбагандык, башкача айтканда тең салмаксыздык байкалуусу менен түшүндүрүлөт. Аткаруу бийлигинин бутактарында гендердик ош-кыйышты жөнгө салуу жагында “Гендердик теңчиликти камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Азыркы учурда өлкөбүздө колдонуудагы ченемдик –актылар ага ылайык келүүгө тийиш. Негизинен бул аталган мыйзамда улуттук салттар негизинде аялдар менен эркектин ортосундагы алдыңкы демократиялык мамилелерди бекемдөөгө жана аял менен эркектин укуктарынын теңдүүлүгүнө мамлекеттик кепилдик берээри жазылган.

Азыркы учурда өлкө үчүн аялдардын саясий укуктарын жылдырууда олуттуу тоскоолдуктар бар, алардын катарына институционалдык механимдин жетишсиздиги, кадрдык камсыз кылууда ордун басуучулуктун жоктугу, калктын аң сезиминде гендердик мамилелердин жоктугу, жетекчи аялдарды даярдоо тутумунун жоктугу, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн гендердик көйгөйдүн маанисин жана гендердик сезгичтүүлүктү түшүнбөөсү же түшүнгүсү келбегендиктеринен да болуусу толук мүмкүн.

Макала соңунда көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдүн алгылыктуу тажрыйбасы менен аялдар менен эркектер үчүн тең укуктар жана тең мүмкүнчүлүктөр принцибин мыйзамдуу карманган өлкөлөр экономикалык жактан болбосун, социалдык жагында да ийгиликтерге жетишкендиктерин көрүүдөбүз.Андыктан аялдардын гендердик теңчиликке жетүү багытында жогоруда баяндалган көйгөйлүү маселелер иштиктүү чечилүү менен бирге, бул багытта мамлекеттик деңгээлде иш чаралар алынып барылып, Өкмөт мүчөлөрү көңүл топтоо менен аялдарды тең укуктуу өнөктөш катары таанууга мезгил жана учур келип жетти деп макалага чекит койгум келет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

09-12-2011
Көк бөрү - улуттук спорт оюну
53868

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×