Добавить статью
8:44, 9 февраля 2012 90574

Россия менен Кыргызстандын 150 жылдык тарыхый мамилесине карата иш-чараларды өткөрүү боюнча кайрылуу

Кыргыз Республикасынын президенти А.Ш.Атамбаевге

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Ш.Жээнбековго

Кыргыз Республикасынын премьер-Министри Ө.Т.Бабановго

Нарын облустук мамлекеттик администрация башчысы-губернатор К.К.Муратбековго

Манас дастаныбызда кылымдап айтылып келгендей, Теңир-Тоону убагында кыргыздардын борбору кылып, Кашкар, Ата-Башы (Кошой-Коргон), Кочкор-Башы (Кара-Кочкор) жана Барскоон шаарларын куруп, жалпы кыргыздарга курултай чакырып, ички-сырткы эл аралык мааниси бар маселелерди Улуу Жибек соода жолунун боюндагы Чеч-Дөбө мазарында чечип, жердеп келген Катаган уулу Хан Кошой башында турган каракыргыздар дүйнөлүк тарыхка болуп көрбөгөндөй из калтырып келгендиги белгилүү эмеспи.

Ошол Манас дастанынан сырткары дагы 10 к. баштап ЕвроАзия тарыхына ташка тамга салгандай из калтырып Теңир-Тоону мекен кылып, мусулман динин биринчи жолу кабыл алган Карахан жана анын уулу Мусаны айтууга болот.

Мындан сырткары 14 к. 40 уруу кыргыздардын башын бириктирип, Моголстан мамлекетин түзүп, тарыхта баскынчы аталган Тамерлан менен анын уулу өмөр шейхтин 20 миң колуна карата Кыргыздын Алтын Туусун көтөрүп, Нарындын-Тарбагатайында Ата-Журтун коргоп, анын армиясы «моголстандын жапайы токой арстандары»-деген атак алган улуу кол башчы, эмир Кулжыгач-Төрө уулу Баймурат ханды кеп кылуу ашыкча кылбайт.

Кайсыл гана кыргыз тарыхында болбосун кармаштардын майданы болгон Ак-Сай менен Арпада, Какшаал менен Кашкарда, Нарын менен Теңиртоодо нечендеген эрдиктерди ээси экендигин көрсөткөн Алмамбет-Шер менен Кыз-Сайкал, Жаңыл-Мырза менен Эр-Табылды, Кан Шырдакбек менен Мухмед-Кыргыздай улуу бабаларыбызды санап кетүүгө болот.

Ал эми, 19-кылымдын биринчи, экинчи жарымында Цин дөөлөтү менен Кокон хандыгына, Кашкар беги менен Кененсары Касым уулунун Кыргызстанга болгон баскынчылыктарына карата жалпы кыргыздардын башкы кол башчысы болгон Улуттук баатыр Ажыбек Токтобай уулу тууларуу канчалаган чыгармалар, илимий конференциялар жана улуу тойлор теңир-тоо жергесинде Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчылыгында өткөрүлүп келгендиги, Кыргыз-Журту өзүнчө эгемендүүлүгун алып өткөн ата-баба тарыхын тактап келе жатат деп түшүнөбүз. Бул Улуу инсандардын катарында турган бабаларыбыз Төрөгелди менен Тайлак, Адыл менен Качыке баатырлар Медет датка менен Зор Калча, Тартак-Мамбет баатыр менен Атамбек, Айдарбек датка менен Татыбек баатыр, Эшкулу бий менен Бай Баястан, Орус бий менен Матай Олуя, Турдуке баатыр менен Хан Карымшак, Бошубек менен Айтбай, Суруке баатырлар жашаган кутман жердеги чек ара тилкесин мына ушул Улуу инсандар кылымдарды карытып Ак-Сай, Арпаны чеп кылып коргоп келишкендиги жалпы кыргыздарга белгилүү.

Кыргыз, Казак, Орус, Бээжин тарыхтарында аты калган айтылуу Нарындык Атамбек менен Калча баатыр, Хан Карымшак менен Турдуке баатырлар тууралуу эркиндикти алган кыргыз-журтуна кеп кылуунун оңтоюу келип турат. Себеби: эркиндикти сүйүп келген ошол бабаларыбыз дагы 1863-жылы 13-октябрда чагатай тилинде кат жазып, мөөрүн басып Оруссия Падыша өкмөтүнө элчилерин жиберип, кыргыздарды оруссияга кошуп, эли-жердин бүтүндүгүн сактоого болуп көрбөгөндөй билгичтик менен башкаруучулуктарды көрсөткөндүгүн СССР деп аталган мамлекет дагы өз тарыхтарына тактап кеткен болучу. Жалпы Кыргызстанды Орус букаралыгына кошкон Турдуке баатыр менен Хан Карымшактын эмгеги менен Ормон хандын өлүмү тууралуу ысык-көлдүн күңгөй-тескейиндеги 1855-ж. башталган бугу, сарбагыш, саяк чабыштары бара-бара басаңдап, замбрек менен куралданган орустардын күчтүү армиясы кыргыз жергесине келе баштагандан баштап, 1865-жылдардан кийин бул кандуу чабыш толугу менен токтогон. Ушул ж.б. эгектери ошондой эле Чоң-Какшаалдан Долоон ашуусуна чейинки эбейгесиз зор аймакты кыргыз жергесине (Россияга) калтыргандыгы үчүн Падыша өкмөтү Турдуке баатырды Чоң Алтын медаль, 1-даражадагы баркыт чапан, Хан Карымшакты Чоң Күмүш медаль, 1-даражадагы нооту чепкен жана дагы нарындык 4 манап нооту чепкендер менен сыйлангандыгы эл аралык тарыхта түбөлүккө калган.

Мына ушул орустарга документалдуу түрдө кошулуудан кийин, 1864-жылы 23-сентярбрда Орус менен Кытай мамлекеттери чек бөлүүнү колго алышып, натыйжада азыркы Ак-Сай өрөөнүндөгү Торугарт-Ашуусу Чугучак эл аралык келишими (протоколу) аркылуу бөлүнүп, 147 жылдан бери Кыргыз-Журтуна кызмат кылып келе жатат.

Ушул мамлекет аралык бөлүшүүдөн кийин Какшаал, Тоюн, Улуучат, Катуубагыш ж.б. кыргыздарга тийиштүү жерлер Кытай тарапта калып, Турдуке баатыр менен Хан Карымшактын эли Торугарттан экиге бөлүнүп калгандыгы тарыхта белгилүү. Ошентип кыргыздардын борбор шаары болуп турган Токмокто 1867-жылы «черик-болуштугу» түзүлүп, кыргыздар болуштукка бөлүнүп Кыргызстан жаңы бийликке туш болушкан.

Ала-Тоо округунун генерал-губернатору А.Калпаковский менен Хан Карымшактын 1866-жылы Нарындын Көк-Жон деген жайлоосунда жолугушуусу менен ээн турган азыркы Нарын шаары жайгашып турган жерге «Нарын аскер бейтапканасы», «Нарын аскер чеби» жана «Нарын аскер көпүрөөсү» курулмай болуп чечилген. Натыйжада кыргыз окумуштуулары белгилеп келе жаткандай, 1868-жылы азыркы Кыргыз Республикасынын чек ара кызматына караштуу № 2025 чек ара аскер бөлүгү жайгашып турган жерге «Нарын аскер бейтапканасы», «Нарын аскер чеби» жана «Нарын аскер көпүрөөсү» курулуп Нарын шаары негизделген болучу.

Мына ушул ата-баба эмгектерин Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын биринчи катчысы болуп турган Усубалиев Т.У. убагында дагы көтөрүлүп, натыйжада 1963-жылы 30-октябрда Кыргыздардын Оруссия букаралыгына кошулгандыгынын 100 жылдыгынын урматы жогорку деңгээлде белгиленип, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Кыргыз ССРи экинчи жолу Ленин ордени менен сыйланган.

Ал эми азыркы Эгемен Кыргыз Республикасынын жетекчилиги дагы ошол бабаларыбыздан болгон Турдуке баатыр менен хан Карымшактын жолун жолдоп, 1863-жылдан берки ата-баба салтын улап келе жаткандыгы кубанаарлык иш деп эсептейбиз. Муга мисал: азыркы Кыргыз Республикасынын Чүй облусутуна караштуу Кант шаарындагы Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн баазасы Кыргыз Республикасын сырткы күчтөрдөн коргоп турушу, айтып түгөткүс мисал боло алат. Ошондуктан:

Жогорудагылардын негизинде Сиздерге сунуш кылабыз:

1.Россия менен Кыргызстандын 1863-жылдын 2013-жылга чейинки 150 жылдык тарыхый мамилесин 2013-жылдын сентябрь-октябрь айларында Москва, Бишкек жана Петербург, Токмок, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Кара-Кол шаарларында белгилөөнү уюштуруу боюнча мамлекеттик маанидеги чечим (указ, токтом) чыгарып берүүнү;

2.Бишкек менен Москва (Санк-Петербург) шаарларында 1863-жылдын 13-октябрынан берки чыныгы кыргыз менен орус элинин достугун чагылдырган Эл Аралык илимий-практикалык конференцияларды өткөрүүнү;

3.1963-жылы 30-октярдагы Кыргызстан менен Россиянын достугунун 100 жылдыган арналып курулган азыркы Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтындагы достук монументинин эки жагына Турдуке баатыр менен хан Карымшактын жана генерал-губернаторлор А.Г.Калпаковский менен А.О. Дюгемендин эстеликтерин орнотууну;

4.Москва, Бишкек жана Санк-Петербург, Токмок, Нарын шаарларынын борбордук көрүнүктүү көчөлөрүнө Турдуке, Карымшак, Калча, Атамбек баатырлардын ж-а генерал-губернаторлор А. Г. Колпаковский, А.О.Дюгамендин ысымдарын берүүнү;

5.Бул 1863-2013-жылга чейинки Улуу достукту орус жана кыргыз мектеп окуучуларына окутуу үчүн 5 калсстан баштап 11-класска чейинки Орус тарыхына жана Кыргыз тарыхына толук чындыкты жазып чыгарууну;

6.1863-2013-ж.ж. достукту түбөлүккө калтыруу максатында Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын биргелешкен орден, медалдарын, монеталарды чыгарууну, кино, мультфильмдерди тартуу менен спектакелдерди коюнуу уюштурууну;

7.1863-2013-ж.ж. почто маркаларын, конвертер, календарлар, плакаттар, улуу инсандардын эмгегине арналган китептерди орус, кыргыз тилинде жарыкка чыгарууну;

8.Улуу инсандар Турдуке баатырдын 200 жылдыгын, хан Карымшактын 200 жылдыгын 2013-жылы өткөрүү менен ысымдарын түбөлүккө калтыруу максатында Ак-Сай өрөөнүндөгү чекара заставаларына берүүнү;

9.Бул улуу инсандардын тарыхын окутуу үчүн Чекарачылардын, Коргоо министрлигинин, Улуттук гвардиялардын тарыхына киргизүү менен кызмат кылып жаткан жаш жоокерлерди ушул багытта тарбиялоону;

10.Нарын шаарын негиздеген Теңир-Тоолук Улуу инсандар Тоймат уулу Турдукенин, Сазан уулу Карымшактын, Максүт уулу Атамбектин, Сазан уулу Калчанын, А. Г. Калпаковскийдин, А.О.Дюгамендин ж.б. баатырлардын элестерин чагылдырган айкелдерди Нарын шаарынын нак ортосуна орноттурууну.

Элдин көйгөйүн кагаз бетине түшүргөн: Бир нече тарыхый китептердин автору Бокоев Каныбек Сейтакунович

Адрес: Нарын ш., Ленин көчөсү үй № 103 «ж» кв. № 24. чөнтөк телефону 0550281087

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

20-11-2014
Карт Нарын жана Казак хандыгы
133964

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×