Добавить статью
4:21, 14 февраля 2012 48969

Болбогонду болтурган өкүмзар өкмөттү баалоо

Жакында эле кыргыз өкмөтү мамлекеттик органдардын эффективдүүлүгү жөнүндө индикаторлорду киргизүү боюнча жарыя салды. Албетте, бул демилгени колдоо керек. Өкмөттүн көп демилгелери прогрессивдүү эле, бирок көйгөй алардын ишке ашуусунда. Ар дайым акыркы чечимдер кабыл алынбай, анан дагы чечимдер аткарылбай келет. Эгерде чынында эле өкмөт өздөрүнүн жасаган жумушун объективдүү индикаторлор менен бааласа, анда коомчулук мамлекеттик органдардын начар иштеп жатканына дагы бир жолу күбө болушмак.

Эмне үчүн өкмөттүн эффективдүүлүгүнүн индикаторун иштеп чыгыш мынча маанилүү? Өкмөт – экономикада жана коомдун жашоосунда негизги ролду ойнойт. Эгерде өкмөттүн жумушун баалабасак жана эффективдүүлүк индикатордун негизинде тартипке алып келбесек, мындай өкмөт экономикада жана салык төлөөчүлөрдүн жашоосуна бир топ көйгөйлөрдү пайда кылат.

Экономика министрлиги ар бир мамлекеттик орган үчүн эффективдүүлүктү баалоо критерийлерди иштеп чыгып, коомчулука жарыялады. Бирок, эффективдүүлүктү баалоо критерийлеринин ыраатсыздыгы жана системдик жолу жок экени табылды.

Эффективдүүлүк индикаторлор кайсы принциптерге туура келиш керек:

Индикаторлордун ченемдүүлүгү. Албетте, “экономиканын өнүгүсүү” же “мекемеде паракорлукту азайтуу” деген критерийлер индикатор боло албайт. Анткени, аларды өлчөөгө болбойт. Адамдын боюн өлчөөчү көрсөткүч жок ченей алабызбы? Индикаторлордун ченемдүүлүгү өкмөттүн жумушун калыс жана объективдүү баалоо үчүн керек. Ченелген индикаторлор өкмөттүн чыныгы жасалган жумушун көрсөтүп, баалоодо жеке пикирди азайтат.

Мекеменин максатына байлануу. Мекеменин эффективдүүлүк индикаторлору мекеменин негизги максатына байланышы керек.

Акыркы керектөөчү гана баалайт. Эффективдүүлүк индикаторлор өкмөттүн тейлөөсүнүн акыркы керектөөчүлөрүнүн баалоосуна таянышы зарыл, б.а. салык төлөөчүлөргө. Ар бир мекеме өзүнүн акыркы керектөөчүлөрүн аныктайт.

Индикторлорду башка өлкөлөрдүн индикаторлору менен салыштырмалуулугу, жыйынтыкты аныкташ үчүн жана салыштырма анализ үчүн керектелет.

Экономика министрлигинин 7 эффективдүүлүк индикаторлорун айтып кеткен принциптери менен кошо карап көрөлү:

1.      Экономикага келген жеке инвестицииялардын көлөмү – Колдоого татыктуу индикатор, ченеп же башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырсак болот.

2.      Экономикага келген мамлекеттик инвестицииялардын көлөмү – Биринчи индикаторго карама-каршы келет. Мамлекеттик инвестициялардын негизги булагы – салык төлөөчүлөрдүн каражаты, б.а. мамлекеттик инвестициялардын көбөйүшү жеке ички инвестициялардын азайышына алып келет. Башыбыздан өткөн тажрыйбага ишенсек мамлекеттин эффективдүү инвестор болушуна шек пайда болот. Бул көрсөткүч тышкы карыздын, ички карыздын, салыктын көбөйүшүнүн себеби болуп калышы мүмкүн. Мындай абал өлкөнүн макроэкономикалык стабилдүүлүгүнө терс таасирин тийгизет.

3.      Чоң ишмерликтин катталган/иштеген субъектилеринин саны.

4.      Кичине жана орто ишмерликтин катталган/иштеген субъектилеринин саны – Акыркы эки көрсөткүч министрликтердин эффективдүүлүк индикатору боло алышпайт. Анткени, ишкерликтин субъектилеринин саны ар кандай факторлорго көз каранды.

5.      Тышкы сооданын өсүү темпинин көлөмү - Колдоого татыктуу индикатор.

6.      Соода балансындагы экспорт-импорт маанисинин өзгөрүшү - Колдоого татыксыз индикатор, анткени терс соода балансы жаман кубулуш эмес. Америкада жана Европанын көп өлкөлөрүндө көп жылдардан бери терс соода балансы байкалып келе жатат. Товардын кайсы мамлекетке бара жатканы маанилүү деле эмес, негизгиси – товардын агымынын көлөмү.

7.      Административдик баръерлерди кыскартуу: лицензиялар, уруксаттар, чектөөлөр – Абдан маанилүү чара. Бирок мекеменин жумушунун узак мөөнөттөгү көрсөткүчү боло албайт.

Эмне үчүн бул көрсөткүчтөр экономика министрлиги тарабынан эффективдүүлүк индикаторлордун катарына кирген эмес:

Ар бир жаранга болгон ИДПнын көрсөткүчү?

Тышкы түз инвестициялардын көлөмү (FDI)?

Экономика министрлигинин жумушу кандай даражада ишкерлерди канааттандырат?

Өкмөттүн объективдүү эффективдүүлүк индикатору катары эл аралык рейтингдер боло алат. Эл аралык рейтингдин жыйынтыгы изилденген маалыматтарга таянат. Карамагыбызда ар кайсы тармактагы көптөгөн эл аралык рейтингдер бар. Булар өздөрүнүн отчетунда Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн колдонот. Эл аралык рейтингдер өкмөттүн негизги эффективдүүлүк индикатору болушу мүмкүн (коомдун/салык төлөөчүлөрдүн ишенүү индекси менен биргеликте).

Эффективдүүлүк индикаторлор жөнүндө маалымат чогулткан уюмдар өкмөттөн көз каранды болушу керек. Бул объективдүү жана актуалдуу индикаторлордун милдеттүү шарты болуп саналат. Мисалы, коомдун ишенүү индексин мамлекеттик орган жана өкмөт менен байланышкан мекеме изилдебеши керек. Бул көрсөткүчтү изилдөө үчүн кадыр баркы бар жана бул тармакта таанылган мекеме жасоосу керек. Мисалы, “Gallup Media” деген компания коомдук сурамжылоону дүйнөнүн 140 өлкөсүндө жүргүзөт.

Өкмөттүн эффективдүүлүгү жөнүндө биринчи жыйынтык жана анализ алынгандан кийин кайсы мамлекеттик орган жумушун начар жасап жаткандыгы билинет. Мамлекеттик органдын жумушунун эффективдүүлүгү жана бюджетинин ортосунда түз байланыш орнотуу туура болот. Мамлекеттик органдын эффективдүү иштеши жумушкерлердин маянасына бонус катары кошулуп, ал эми начар иштеген мамлекеттик органдын акча алуусу кыскартылып, толук жабылганга чейин алып барат. Андыктан салык төлөөчүлөрдүн эсебинен төлөнгөн мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу маселеси дайыма биринчи орунда туруусу зарыл. 

Максаттарды аныктап, ар бир мекеме жана өкмөт тарабынан көрсөткөн функциялардын жана тейлөөлөрдүн акыркы саны – эң биринчи маселе болуп саналат. Кылдаттык функционалдуу анализдин негизинде өкмөттүн профилдик эмес жана кереги жок функциялары жок кылынат. Бул этап бүткөндөн кийин гана эффективдүүлүк индикаторду киргизсек болот.

Ар бир мекеменин жетекчилиги жана жумушкерлери өздөрүнүн уюмунун жумушунун максатын, ага жетиш үчүн эффективдүүлүктү көрсөткөн индикаторду так билиши керек. Эффективдүүлүктүн индикатору мекеменин коллективинин ишин бириктирет жана толуктайт. Мекеменин чыгымдарын жана жыйынтыктарын дайыма анализдеп турууну унутпаш керек. Мындай анализ мекеменин жыйынтыгына жетүүгө кеткен чыгымдардын тууралыгын аныктайт. Албетте, кеткен чыгымдарга караганда жетишкен жыйынтык жогоруу туруусу зарыл. Мамлекеттик органдар жетишкен жыйынтыктарын гана жарыялабастан, буга кеткен чыгымдарды да айтып турушу керек.

Экономиканын жана коомдун өнүгүүсүнө өкмөттүн эффективдүүлүгү өтө маанилүү, бирок мындай эффективдүүлүккө жетүү өтө кыйын, ага бир нече фундаменталдык себептер бар. Биринчиден, өкмөттүн жумушун өкмөт гана өзгөртө алат. Башкача айтканда, “оорукчан” өзүнүн эрки менен өзүн сакайтыш керек. Бийликтин эрки көп жылдардан бери байкалбай келе жатат. Экинчиден, аткаминерлерде өз иштеринин сапаттарын жогорулатуу стимулу жок. Койгон максаттарга жетпесе жоопкерчилике тартуу механизми жок. Үчүнчүдөн, мамлекет стабилдүү кирешени салыктан алып турат. Салык төлөөчүлөр өкмөттүн тейлөөсүнүн сапаты начар болсо дагы төлөп жатышса, өкмөт көрсөтүп жаткан тейлөөсүнүн сапатын эмнеге жогорулатмак эле? Мамлекеттик тармакка караганда жеке тармакта стимулдар жана жоопкерчилик ачык аныкталган. Жеке ишкана эффективдүү жумуш алып баргандыгынын себебинен сатуулар, кардардык база жана кирешелер жогорулайт. Натыйжасыз жумуш алып баруу зыяндуу, анын негизинде кардарлар качат, ишкер банкрот болот. Базардык механизмдер жеке ишканалардын эффективдүү иштешине мажбурлайт. Мамлекеттик тармакта мындай механиздер жок.

Эффективдүүлүк индикаторлорду киргизүүнүн негизги себеби – өкмөттүн жумушу менен изилденген индикаторлордун жана салык төлөөчүлөрдүн ой пикирлеринин ортосунда түз байланышты орнотуу. Бул чаралар жакшы жыйынтыка алып келет. Өкмөт бул жарандар жалдаган уюм жана ал көрсөткөн тейлөөсу үчүн акча алат. Ошондуктан, жарандар сапаттуу тейлөөнү талап кылууга укугу бар. Качан гана бул жагдайды жарандар түшүнгөндө бул тармакта абал өзгөрөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×