Добавить статью
11:15, 16 февраля 2012 130697

Эки баскычтуу бюджеттин элеңдери

Учурда мамлекетте эки баскычтуу бюджет тутумун киргизүү мерчемделди. Мындай жышаана жергиликтүү бийликтерди эки анжы ойлорго, эки башка ой жороптоолорго кириптер кылууда. Көпчүлүк айыл өкмөт башчылары бюджеттик каражаттардын айылдарга арбын калтырылышын кудуңдап сүйүнө кабылдап жатышса, бюджет эмне экендигин элес албаган айыл өкмөт башчылары ооздорун ачышып турган чактары.

КРнын Мамлекеттик салык кызматынын башкы инспектору Бактыгүл Казакбаева айымдын айтымында, салык чогултуу жалпы республикада 2010-жылга караганда өткөн жылы 6 миллиард сомго көп жыйналган болсо, анын 703,4 миллион сому жергиликтүү бюджетке туура келет. Ал эми башкы инспектор Беларусияда ички дүң жыйымдын 35,7 пайызын салыктык жыйымдар түзсө, Кыргызстанда береги көрсөткүч 11,1 пайызга гана туура келерлигин мисалдайт. Демек өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов айтмакчы салыктан 30-40 миллиард сомдун катылып жаткандыгын аныктоого мезгил эбак эле келген болчу. Ушул суммалардын дээрлик төрттөн бир бөлүгү айылдарда көмүлүп жаткандыгын талдоочулар белгилешет.

Капчыгың канча айыл өкмөт?

Нарын районунда 15 айыл өкмөт бар. Алардын чыгашасы өткөн жылда 260,1 миллион сомдон ашкандыгын Нарын аймактык казына бөлүмчөсүнүн жетекчинин орун басары Света Абдыкеримова билдирди. Казыначы айымдан алынган маалымат боюнча көрсөткүч 2010-жылга караганда дээрлик 60 пайызга көбөйгөн. Же болбосо ошол жылы райондогу айыл өкмөттөргө жумшалган каражат 153,9 миллион сом болгон. Ал эми айыл өкмөттөр эптеп ынтыгып 2010-жылда атайын каражатка 913,4 миң сом чогултушса, 2011-жылы 1 миллион 40 миң сом жыйнашыптыр. Натыйжада бир жылда ички жыйымдарды 14 пайызга өстүргөн Нарын районунун айыл өкмөттөрү быйылкы жылда салыштырмалуу оголе көп каражатка эгедер болгону турушат.

Кыңыр иш кырк жылда эмес, кырк күндө

Ошентип айылдардын бийлиги акырындык менен чыңдалып, өр таянып бара жаткансыйт. Бирок Кыргыз өлкөсүндө акыры эки баскычтуу бюджет тутумун киргизүү жараянын кубаттагандар менен бирге энөө кабылдагандар да бар.

«Бюджетти эки баскычтуу кылуудан эч өзгөрүү болбойт. Болгону мурда райондук бюджетке түшкөн акчалар Республикага кетет. Кайра ал жактан которулуп келип ар бир мекеменин өз эсептерине түшөт. Каржылоо жагы начар деле болбойт, ийкемдүү деле болбойт. Бирок менин жеке пикиримде райондук бюджет болгон жок деп райондук каржы бөлүмдөрдү жоюп салбаш керек. Анткени райондон акчаларды «регулировкалоо» болушу керек да»,-дейт Света Абдыкеримова айым. Мындай пикирге депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин жооптуу катчысы Сыдык Байтоков дагы кошулат.

«Негизи айыл өкмөттөргө бюджетти көбөйткөн туура. Ал эми ошол акчалардын кандай жумшалгандыгын ким кантип көзөмөл кылат. Мурда каражат райондо турганда, бир эле район толук көзөмөл болчу эмес. Азыр 15 айыл өкмөттөгү акчалар каралышы керек. Ошон үчүн биринчи системаны түзүп алуу зарыл эле»,-деп түкшүмөл кылат Кеңеш кызматкери. Жооптуу катчы айтмакчы өткөн жылы облустук каржы полициясы дубандагы 63 айыл өкмөттөн эки гана шектүү айыл өкмөттү кароолго алганда, алардагы акча каражаттарды аласалдыруулар орун алгандыгы ашкерелене баштаган. Маселен Нарын районундагы Орток айыл өкмөтү(анда башчысы Жаныбек Төлөев) 2006-жылы мамлекет тарабынан жаштар кооперативдерине деп үстөксүз берилген насыядан 52 миң сомду жымыргандыгы ачыкталып, кайра кусуп бергенге кириптерленген. Ушул эле Нарын районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүндө учурда кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жаткандыгын каржы полиция башкармалыгы белгилейт. Көрсө айыл өкмөттүн аймагындагы Кум-Бел вольфрам жана алтын кен байлыктарын чалгындап жаткан «Рокизол» ЖЧКсы тарабынан айылды өнүктүрүү коруна 391,9 миң сом которулуп берилет. Сырттан келген каражаттарды андагы эрендер оңду-солду чача башташат. Ошол эле маалда жергиликтүү калк көтөрүлүп Кум-Белде иштеп жаткан үч фирмаларга нааразычылык билдиришип өткөн жылдын август айында Кум-Белден бир нече унааларды тартып алышып айылга айдап келишип күрөөгө кармашат. Талаптары экологияга зыян келүүдө, айыл элине берүүчү жардамдарды беришкен жок. Экинчиден, Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков Ак-Сай, Арпа жайлоолорунда жерлери бар айыл өкмөттөргө чет элдик аңчылыктан каражаттар түшөөрүн, бирок ошол акчалар максатсыз эле ар кандай чыгым менен жок болуп жаткандыгын билдирген эле. Ал эми КРнын Эсептөө Палатасынын ишмердүүлү өтө ачык-айкын эместиги белгилүү болду. Палатанын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкы мамлекеттик инспектору Жаңыбай Ыкыласов текшерүүлөр жыйынтыгы жогору жактардын макулдугу менен гана берилерин, а түгүл өзү текшерген материалдар дагы колунда жоктугун билдирип алакан жайды. Демек жогоруда жооптуу катчы С.Байтоков мырза айтмакчы учурда каржы полициясынын кызматкерлери дээрлик эки эсе санда кыскарытылып жатса, Эсептөө Палатасы эмнени эсептеп тапкандыгын ачыктабаса, анды чынында эле мамлекеттеги жарым миңге жакын айыл өкмөттөрдүн каражаттары көзмөлгө кантип алынат деген суроо келип чыгат.

Көч түзөлөбү же жүгү кулап калабы?

Нарын районундагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Сейдилдаев айыл өкмөттөн табылган каражаттардын жергиликтүү бюджетке калтырылышы, айылдардагы көйгөйлөрдү чечүүчө чоң өбөлгө болоорлугун кеп кылат. Анын айтымында колунда акчалары жоктугунан улам кандайдыр долбоорлорго катышууга дагы мүмкүнчүлүктөр чектелип калат. Нарын районунун акиминин милдетин аткарып жаткан Тазабек Мамыров учурунда айыл башчысы, айыл өкмөт жетекчиси болуп иштеген. «Менимче айыл өкмөттүн тапкан бардык каражаттарын өзүнө калтырыш керек. Ошондо айылдардагы колдон келген маселелер чечилет. Азыр чынында кээ бир айыл өкмөт башчылары унаасына бир чака май куйганга акча издеп жүрүшөт. Ал эми берилген акчаны мамлекет көзөмөлгө алганга толук мүмкүнчүлүгү жетет», - дейт акимдин милдетин аткаруучу. Ошол эле учурда бюджет эмне экендигине маани бербеген айыл өкмөттөр бар экендиги белгилүү болду.

«Ошондой деп атышат окшойт. Эми эки баскычтуу бюджет болгондо кандай болот? Чынында жаңы иштеп анын эмне экенин билбейт деле экенмин»,-деп кайра биздин сурообузга суроо менен жооп кайтарат Нарын районундагы Он-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы Маратбек Болотбеков. Узак жыл айыл чарба тармагында эмгектенген адис, КРнын айыл чарбасына Эмгек сиңирген кызматкер Нарынбек Карыбеков учурда айыл өкмөттөр чала жан иштеп калгандыктарын кеп кылат.

«Кана айткылачы азыр айыл өкмөттөр иштеп жатат деп ойлойсуңарбы. Алар эч нерсе кыла алышпайт. Мына илгери башкармалар он миңдеген койлорду, миңдеген бодо малдарды көзөмөлдөшүп, ар күнү иш кылышкан. Эми ошондой жумуш кылыш керек да. «Алтоо айгыр, бешөө бээ. Бир кулун алган жокмун» болуп жатпайбызбы. Райондук, облустук көп мекемелер дагы деле артыкбаш. Андан көрө басымды айылга жасап, системаны өзгөртүш керек. Алар өздөрү акча таап, ошого жараша эмгек алгандай, бир нерсе кургандай акыбалга келгенге аргасыз болгондой болушу абзел»,-дейт Н.Карыбеков мырза. Нарын районундагы депутаттардын Дөбөлү айылдык Кеңешинин төрагасы Улан Боогачиев топтолгон каражаттарды эл менен бирге чечүү зарылдыгын айтат.

«Канча акча табабыз, аны сессияда карайбыз да. Деги эле акчаны эл менен чогуу талкуулаш керек деп ойлоймун».-деп жооп кылат айыл Кеңеш төрагасы. Экономист ардагер Токтобек Керимбаев каражат топтоодо көмүскө абал турукташып калгандыгына кабатыр. «Бизде мурунку эле көрүнүштөр кайталанып жатат. Кайсы айылда болбосун малдын башы так эмес. Салык жыйноодо хронометраждар туруктуу жасалбайт. Ошондуктан тиешелүү салыктар эч качан так эсептелбейт. Болбосо дегеле бюджеттин киреше бөлүгүн азыркыдан 2-3 эсе арбытса болот», -дейт ардагер талдоочу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
81717

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
65280

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
103986

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
70831

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
73055

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
78692

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
112148

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
191134

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
137625

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
127586

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×