Добавить статью
3:44, 27 февраля 2012 46113

Эмнени эксен ошону аласын...

Кыргыз эли өзүнүн тарыхында көп жолу кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, кайра чыйралып, жок болуп барып, жыйналып ХХI кылымдын босогосун аттады.

Эгемендүүлүктү алып, эреркеген биздин башкаруучулар биринчи кезекте, мал чарбасы менен айыл чарбаларын бириктирген колхоз-совхоздорду талкалап, «..боенуп болсо да Хипикке кирип..» кетүүгө аз калдык.

Айылда жашоо кыйындап кетти десек, борбор шаарларда да карапайым калк иштеген завод-фабрикаларды бир ууч атка минерлер ич ара менчиктештире коюп, темирин темирдей, жерин жердей сатышып, элдин 70 жыл топтогон байлыгы менен бешене теринен байыган, жаңы кыргыздар пайда болушту. Кийин депутат, министр сөрөй болушуп, өзүнчө эле Кыргыздын саясый элитасы аталып, ак сөөктөр коомун түзүшүп, кайра эле Кыргызстанды сазга отургузуп, сүлүк курттай каныбызды соро баштады. Иштеп жаткан мекемелерди атайылап банкротко учуратып, сатып ала коюу көнүмүш адатка айланды.

Бир кашка башы чыга калып, Манастын элин Санта Клаустун балдары десе, бир акылманы койлорго паспорт алып, тезек тергиле дегенге чейин барышты. Булардын баары биздин бийлик төбөлдөрүнүн бийлиги менен байлыгына мас болуп, көздөрүн май басканы тура. Ушундай кезде Расул Гамзатовдун жазган ыр саптары эске түшөт.

«..Арабызда эч ким ачка болбосун,

Анан эч ким өтө тойбосун.

Бир күнөөбүз ачкалыктан жаралса

Бир күнөөбүз тойгондуктан болбосун..»,

Эки жолу эл толкуп, падышаларды кетирген менен Абил бийге окшогон азаматтар дагы эле эл бийлеп калды. Канча азаматтын каны, эмне үчүн төгүлдү эле?

Эмне үчүн өнүкпөйбүз,эмне үчүн коррупция чырмооктой чырмалышып Кыргызстанды туңгуюкка алып бара жатат. Жакшы сөздөр айтылып, бирок, 20 жылдан бери ишке ашпай жатат. Себеби, биз сөздүн улуулугун, касиетин унуттук. Шилекей чачыратып, кээде карганып, кээде жаалданып, ооз керип сөз берип, ал сөздөрүбүз иш жүзүндө жанданбай, же сөз менен элдин курсагы тойбой, кой ушу Кыргызстанды деп, орустун, казактын жараны болгону канча.

Элдин ишеними, бул биз отурган бутак. Бирок, ошол бутакты да балталап, бир убакта оппозиция болгон эрендер кайра эле эски күүнү черте баштады.

Ала-Тоо аянтында ташка чегилип жазылган үч сап эң сонун сөз бар, аны окуган сайын мына, өнүгүүнүн формуласы деген ой менен миңдеген адам жанынан өтсө керек.

«А с ы л о й, а к с өз, а д а л и ш ».

Же бул сөздөр келечек муун же жаңы саясый элита үчүн жазылганбы?

Азыркы саясатчымын дегендердин сөзүн угуп отуруп, элдин жашоосунан, көйгөйүнөн өтө эле алыстап кеткенине күбө болуп турасын. Алдамчылык кадимки күнүмдүк оокатка айланды. Жетекчилерге жумуш менен кирип калсаң, эптеп эле алдап жолго салышка аракет кыла баштайт, анткени чечүүгө дарамети жетпейт же чечүүнүн жолун билбейт. Ал эми карапайым калк эшик кагып, жыл бою бир маселесин чече албай жүргөндөрү бар.

Элди мейли эми, көнүп деле калдык десен, өздөрү да бирин-бири алдап, акыры өздөрү алданып, жигитчилик касиет да калбай баратат.

90-жылдары соодагерлик башталганда, бардык алып сатарлар ушундай жол менен байып, кайра бир күнү эле банкрот болуп, отуруп калчу.

Себеби эмнени эксен, ошону аласын. Арпа эгип, эч качан буудай ала албайсын.

Коомго алдамчылыктын мөмөсүн сепсен, эч качан акыйкаттын мөмөсүн бербейт.

Дүйнөлүк коомдо Карма (санкрите боюнча-кыймыл же ошол кыймылдын мөмөсү) - деген түшүнүк бар.Ушул Карманын мыйзамы боюнча адам тирүүсүндө ар бир кыймыл аракети үчүн жооп алат. Жакшылык кылсан, жакшылык көрөсүн, жамандык кылсан жамандык көрөсүн, уурдасаң уурдаласын. Башкача айтканда, «Оң колуң менен кылсан, сол колуң менен тартасын» - деген эле ата бабаларыбыздын осуяты жана Жараткандын мыйзамы.

Анни Безанттын китебинде жазылгандай «Карманын мыйзамдарын билбеген адам океандын үстүндө жүргөн, калагы жок кайыктай болуп калат. Бул мыйзам ченемдүүлүктү билүү ошол кайыктын бурагычына барабар, кайсы жээкти көздөй сүзсөң, ошол жээке барасың»

Биздин пенделик адашуубуз да мүмкүн ушул болуп жүрбөсүн, бир күнү Щвецияны, бир күнү Гонконгду, бир күнү Грузиндердерди ээрчиген. Биз мамлекеттик бийликти реформа кылбастак, ички жан дүйнөбүздү тазалыкка, ыйманга, адилеттүүлүккө ,эң негизи сөздүн атасы болууга өзгөртүп алсак, алга карай жылуу тез арада болот эле. Эмне үчүн Грузияда реформа ийгиликке жетти? Биринчиден, менталитети такыр башка, экинчиден саясый элита толугу менен жаштарга алмашты.

Ал эми бизде баягы эле саясатчылар, баягы эле куру сөздөр, элге жасалган кыянатчылык… «Мен элге ушундай сөз бердим эле, аткара албай калдым, эми кызматымды тапшырайын» - деген бир да саясатчы же жетекчи болбоду биздин тарыхта. Ал үчүн уяты, ар намысы бар адам болуш керек окшойт. Биздин элдин айкөлдүк, ишенчээктигинен аша чаап пайдалана берүүгө болбойт.

Ошон үчүн, оңололу, артка жол жок. Ал эми революциялык жол менен өнүгүүнү каалагандар адашат, эми революция болсо, бир гана бийлике эле эмес, азыркы бай манаптарга да каршы күрөш болот. Себеби, өзүңүз сепкен, алдамчылыктын, паракорлуктун,

уятсыздык менен эки жүздүүлүктүн, уурулуктун мөмөсү бышып, жетилип жатат.

Келгиле, асыл ойдун, ак сөздүн, адал иштин уругун себеличи.

Антпесек, «..Манастын эли кор болот

Байдын манка балдары,

Калп айтып, жанды кейитип,

Кыргызыма зор болот,

Каргышы жаман бул элдин

Капилет сени каргаса,

Маңдайына шор болот.

Башынды сенин корголоп,

Байлыгын сени коргобойт,

Барган жериң ор болот,

Кыянат кылсаң өз элге

Эки көзүң кор болот

Өзүң батпай каалага

Байлыгың кетет талаага

Балдарын качып, туш тушка

Батасың, боорум санаага.

Азыртан этек жыйыңыз

Болду эми чыдам түгөндү,

Уурулукту тыйыңыз…»

(Ыр саптары интернеттен)

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×