Добавить статью
8:38, 2 апреля 2012 48227

“Баалуулук жашоо нугун калыптайт”

“...Өз мекенин тааныткан сырлар келди

Сын-сыпатты билгизген багыт келди

Көчмөндөрдүн сырын айтаар мезгил келди...”

(“Тууралык”, Бишкек, “Турар”, 2012., 45-б.)

Мен сөзүмдү 3 өңүткө бөлүп айткым келет:

1. Өткөн чак

2. Учур чак

3. Келечек

“Өткөнүн билбеген келечекке жол таппайт”, дегендей биз ар дайым тарыхыбыздан сабак алуубуз абзел. Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, эл калат. Ошол элди эл кылып уютуп турган, ар дайым элдин жүгүн көтөргөн, элге багыт көрсөткөн билгилер бар болгон үчүн эл бар болот, өнөт, өсөт.

Улуу сөз бар: “Өмүр кыска, жашоо узун” деген. Сөз баккан элдин урпагы катары ушул сөздөн улам терең ойго баттым.

Мен бүгүн бир кылым артка кылчайып, элимдин өткөн тарыхын иликтедим. 20-кылымдын 15-35-жылдарында эл кыйналып, билгилердин алдында эң жооптуу туңгуюк кырдаал турган. Ал мезгил бир доордон экинчи доорго өтүү – опурталдуу өткөөл учур эле (үркүн, жокчулук, ачарчылык, революция, элибиздин дээрлик көпчүлүгүнүн сабатсыздыгы, улут катары элибиздин санынын аздыгы кендирди кесип турган).

Бирок уюткулуу элибиз тууралыкты туу туткан билги азаматтардан куру эмес эле.

Кыргыз тарыхында ташка тамга баскандай из калтырган, кылымга тете иш жасаган билгилерибиздин бири Касым Тыныстановду өзгөчө белгилеп кетейин.

К. Тыныстановдун өзгөчөлүгү элибиздин сабатсыздыгын жоюу үчүн эбегейсиз зор эмгегин арнаганы, акылмандыгы жана келечекти көрө билгендиги менен таанылып, ал баштаган иштин үзүрү бүгүнкү күнү даана көрүнүп турат.

Мамлекетибиз түптөлүп жаткан өткөөл доорунда, элдин талап-мүдөөлөрүнүн кай бирин чечкенге өкмөттүн күчү жетишпей, каржысы жок болуп турган маалда, кыргыздардын сабаттуулугу Совет элдеринин сабаттуулугунан кыйла артта калганын сезип, билип, өнүгүүдөн артта калбайлы деп, ошол убактагы кыргыздын билгилерин чогултуп, өз каражаттарына окуу куралдарын чыгарып, элибиздин сабатсыздыгын жойгонго жол ачкан.

Ушул эмгектин жемиши болуп, азыркы мезгилде элибиздин сабаттуулугу боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстан 14-орунда турат. Ал эми дүйнөгө таасири чоң мамлкеттерди карап көрсөк, АКШ – 19, Россия – 22, Франция – 29, Германия – 30, Япония – 31, Израиль – 62, Малайзия – 94, Туркия -100, Кытай -102 орунда турушат. (бул Москвада “Логос” басмасынан чыккан Л.С. Гуткиндин “Человечество на рубеже веков: показатели социально-экономического развития стран мира” деген китебинин 42-43-беттеринде жазылып турат.)

Бүгүнкү салыштырмалуу бейпил, тынч заманыбызда өкмөттүн эле каржысына таянып иш кылган көпчүлүк билгилердин арасында “Тыныстановдор” барбы, качан чыгат?

Өмүрү кыска болсо да, жашоосу узун болгон, элге кылган кызматы менен жылдыздай жанып, жарык из калтырган, эл жүгүн көтөргөн, туура багыт көрсөткөн дагы бир кыргыздын чыгаан уулу Жусуп Абдрахмановдун эмгегине токтолуп кетейин.

1932-33-жылдары Абдрахмановдун чечкиндүү кадамдары ошол заманда Сталиндин өзүн эмес атын укканда, калтырап титиреп, кың дебей буйругун аткарган кээ бир эл башчыларынан өзгөчөлөнүп көрсөткөн эрдиги - өз өмүрүн бычак мизине коюп, өз элин гана эмес, ошол убакта Кыргызстанга Казакстандан, Сибирден келген 130 миңге жакын элди ачарчылык апаатынан сактап калган. Абдрахманов элдин тагдырын Сталиндин буйругунан да, өзүнүн өмүрүнөн да өйдө койгон.

Бул инсандардын жашоосундагы баалуулуктары кыргыздын түпкүлүктүү баалуулуктары менен төп келет. Кыргыз кыргыз болгону, кыргыз атка конгону эч убакта жеке кызыкчылыкты элдин, мекендин кызыкчылыгынан жогору коюшкан эмес. Атүгүл элдин жашоосу үчүн өз өмүрлөрүн кыйганга даяр болушкан.

Ушундай бийик сапатка жеткен билгилер элдин уюткусу болуп, элдин биримдигин бекемдеп, кең келечекке жол чабышкан.

Совет доорунда, өзгөчө 60-70-жылдарда интернационалдык идеологиянын басымы алдында түзмө-түз Москванын саясый карамагында болгонуна карабай, кыргыз билгилери ошол убактагы улуттук баалуулуктарды сактап эле калбастан, аларды өркүндөтүүгө да өбөлгө түзүшкөн. Дал ошол убакта кыргыздын маданияты: адабияты, көркөм искусствосу, опера-балет, кинематографиясы өркүндөп, өскөн. Ата-бабалардан келе жаткан мурасты ошол убактагы билгилер эбегейсиз зор каалоо менен өз урпактарына жеткизгиси келген. Эгер коммунисттик партия кыргыздын аң-сезимин ээлөөгө аракет жасаса, кыргыз билгилери элдин бүтүндүгү, жандүйнө баалуулуктары үчүн күрөшүп, болгон кубатын, бүт өмүрүн ушул ыйык милдетке арнап келишкен.

Азыркы учурда өзүнүн өмүрүн эмес, өзүнүн байлыгын, иш кызматын эл үчүн курмандыкка чалган билгилерибизди санасак кол толбой калат. Андайлар жок эмес, бирок жалгыз дарак токой болбой, турмуштун ызгаар-аптабына туруштук бере албай, жалгыздан кыйрап, бирине-бири жөлөк болчу биримдикти көксөп турган учурга жеттик.

Эми учур чакка көңүлүңүздөрдү бурайын.

Жашоо мыйзамына ылайык табиятта жандуу-жансыз нерселердин баары өз ыргагында, өз багытында такай же үзгүлтүксүз кыймылда болуп турат.

Мисалы: мухиттин суу агымдары тынымсыз өз нугунан чыкпай айланып турат. Жашоонун ыңгай шарттарына ыкташкан куштардын жана жан-жаныбарлардын мезгилге байланышкан айлампа көчү. Ааламдык деңгээлде жер дагы белгилүү бир мөөнөттө өз нугунан чыкпай, күнгө карата жайгашуусун өзгөртүп жүрүп улам айланып турат.

Бул жашоо мыйзамы, жашоо негизи, жашоо ыргагы.

Адамдардын жашоосун алып карасак, ушундай көрүнүш байкалат. Бирок баардык жерде эмес, баардык элдерде эмес. Айтайын дегеним, адамзатында жашоонун эки түрү бар: көчмөн жана отурукташкан.

Көчмөн жашоо жогоруда биз айткан жашоонун мыйзамына жана жашоо негизине толугу менен жооп бербесе да, аны менен шайкештикти кармаган жол.

Кыргыздын көчмөн жашоосунан бир мисал: жылдын төрт мезгилинде кыргыздар төрт жолу журт которгону, мезгилдин өзгөчөлүгүнө ыктап, жердин ыңгайлуу шартын гана издеп өз кызыкчылыгын ойлобостон, жердин да кайра калыптануусун көздөп, “Конгон журтумдан көчкөн журтум таза болсун” деп, улам бир журттан башка журтка көчүп жашаган.

Көчмөндөр бир жерге байланып, ал жердин кунарын кетирип, соолутуп, кирдетип, жер кыртышын бузуп оюп-тешип, табияттын ыргагын бузганга жол берген эмес. Ушунусу менен алар отурукташкан элдерден айырмаланып турушчу.

Бүгүнкү дүйнөлөшүү өкүм сүрүп турган доордо адам баласынын жашоосунда мурда болуп көрбөгөн “чоң көчтөр” пайда болду. Ал “көчтөр” – акчанын, акылдын, өндүрүштүн, кара күчтүн көчтөрү.

Бул “көчтөр” жогоруда айтылган жашоонун мыйзамына жана жашоонун негизине кандай деңгээлде жооп берээри, өзгөчө кыргыздын бүгүнкү күнүнүн суроосу болуп турат.

Анткени бүгүн дал ушул “көчтөр” кыргыздын шайын кетирип, артка чоюп же туңгуюкка кептеп жатканын баарыбыз болбосо да, көпчүлүгүбүз түшүнүп деле калдык.

Кыргыздын салттуу көчтөрү менен бүгүнкү “көчтөрүн” салыштырып көрөлү. Салттуу көчтөрдүн баалуулуктары кандай эле, бүгүнкү “көчтөрдүн” баалуулугу эмнеде?

Мурда кыргыздарда элдин амандыгын, бүтүндүгүн, биримдигин көздөгөн жана табияттын тең салмактуулугун сактаган көчтөр болсо, бүгүнкү “көчтөр” элдин баалуулугун четке каккан, же аргасыздан барган жеке же топтун кызыкчылыгын көздөгөн, элге зыяны тийсе да, өзүнө пайда тапкан “өзүмчүл көчтөр” кыргыздын тамырына балта чаап, доо кетирип жаткан учурга жеттик.

Мисалы, мамлекеттик казынадан, элден уурдалган акчалар сыртка чыгарылып, кимдин кызыкчылыгына иштеп, кайсы өлкөнүн өндүрүшүн өстүрүп, кайсы элдин багына жумуш орундар ачылып жатканы белгисиз.

Өз мекенибизде ордун таппаган акылдар бөтөн жерде, бөтөн элде өзүбүздүн элибизге алып келчү пайданы кимдер гана көрүп жаткан жок. Ал эми ошол бөтөн жерде кыргыздын акылы бааланабы, аны менен эл сыймыктанабы, бул кубандырчу деле суроо эмес.

Кара күчтүн көчүп жатканына биз токтолбой эле коёлу, анын себептери жана көздөгөн максаттары аргасыздан келип чыкканы баарыбызга белгилүү.

Бирок, бүгүн дүйнөдө күч алган жаңы көчтөрдүн башка да түрүн байкасак болот. Ага мисал, Кытай мамлекетинин жүргүзгөн саясаты. Башка элден, мамлекеттен мүмкүнчүлүк алып, ишкерлик жүргүзүү менен өз мекендештерине иш орундары менен камсыз кылып, жердин тардыгына байланыштуу кытай жергесинен элди алып чыгарууга көмөктөшкөн иш билгилерди кытай өкмөтү каржы жана саясый жагынан чоң колдоого алат. Барган жерлерде кытайлар биримдиктүү эл катары таанылганы алардын маданий борборлорунун жана “кытай шаарчаларынын” (чайна таун) ачылыштары далилдейт.

Эми кыргызга кайрылалы.

Эмне үчүн бир убакта дүйнөгө даңкы тараган, дүйнө элдери суктануу менен караган кыргыз эли бүгүн кейиштүү абалда отурабыз? Мен ойлойм, мунун себеби, кыргыздар өздөрүнүн түпкүлүктүү баалуулуктарын бөтөн элден келген, кыргызга жат болгон баалуулуктарга алмаштырып алганында.

Эми биз кайда барабыз, келечегибиз кандай болот, эгерде биз баалуулуктарыбызды кайрадан карап чыкпасак?

Келечек жөнүндө кеп кылсак, мен келечекти 3кө бөлүп карайт элем:

1. Кем келечек

2. Ортозаар келечек

3. Үлгүлүү келечек.

1. Кем келечек – бул элдин кубаты жок, салт-санаасы сүзүлгөн, өзөктүү маданияты төмөн же унут боло баштаган, башка маданиятка басыла баштаган, өндүрүшү жок келечек.

Буга мисал, Россиянын түндүгүндөгү элдердин көпчүлүгүн айтсак болот. СССР жаңы түптөлүп жаткан маалда, РСФСРдин аймагында жашаган элдердин арасында улут каттоо иши жүргүзүлүп, 192 улут жашайт деп тизмектелген. Кийин Союз ураганда, ошол эле Россиянын аймагында жашаган улуттардын тизмеги кыйла өзгөрүп, 102 гана улут жашайт деп тастыкталган. Ортодо 90 улуттун жоголуп кеткенин эмне менен түшүндүрсө болот. Алар өздөрүнүн тамырын, өзөгүн, түпкүлүктүү маданиятын, тилин, салт-санаасын жоготкондуктан, өз алдынча улут деп аталбай, башка улуттун курамына кирип сиңип кетишкен (асимиляция). Бүгүн ошол элдердин көрүнүктүү жетишкендиктери да байкалбай, өндүрүшү да жок, эгер болсо да, ал өндүрүштүн ээлиги башка элдердин колунда.

2. Ортозаар келечек – эл жоголбойт, жашоо-тиричилик төмөн жагдайда, өндүрүш өспөйт.

Бул көрсөткүч толугу менен биздин мамлекетибиздин же элибиздин жагдайын көрсөтүп турат, десем жаңылышпайм. Бирок ушул жагдай бүгүнкү алсыз элдерди ажыдаардай жутуп жок кылып жаткан дүйнөлөшүүгө канча убакытка туруштук бере алат? Менимче, бере албайт. Эмне кылуу керек? Ойлонолу.

Келечектин эң жагымдуусу үлгүлүү келечек.

3. Үлгүлүү келечек – бул түпкүлүктүү маданиятын башка элдер кызыгып карай баштаган, ала баштаган, өндүрүшү өскөн кубаттуу эл.

Тарыхта мындай кубаттуу элдер көп болгон. Жакынкылары – Франция, Англия, Испания ж.б. Бир убакта орустардын ак сөөктөрү өз тилин, маданиятын, адеп-аклагын француздардыкына алмаштырып, аларды туурап, француз болуп кала жаздагандай, бүгүн да кубаттуу элдердин маданиятын, тилин, адебин, салтын, наркын жана башка баалуулуктарын толугу менен кабыл алып, өзүнүн түпкүлүктүү баалуулуктарын унут калтырып, кээде жээрип да, маңкуртчулуктун торуна кабылган элдер бүгүн да жок эмес.

Мисалы, бүгүн кыргыздын жаштарынын көбү Корей элинин кинолору аркылуу алардын маданиятына, салтына, баалуулуктарына кызыгуу жаратып, алардын кийингенин, чач жасалгалоосун, адаттарын туураганга чейин барып калган учурлар кездешет. Кореянын өндүрүшү болсо дүйнөлүк деңгээлге чыгып, алдыңкы орундарда турганын эч ким тана албайт.

Бул элди үлгү тутуунун негизи бар. 1960-жылдары Түштүк Кореянын экономикасы урап, дефолт абалына келген учурда, Пак Чон Хи деген эл башчысы (президенти) билгилерине кайрылып, сырттан келген карызга батырчу жардамга ишенбей, өзүнүн элинин күчү менен гана бул кырдаалдан чыгаарын түшүндүрүп, мамлекеттик өндүрүштү түптөө максатында элдин өз ыктыяры менен болгон акча-алтын каражаттарын чогултуп, мамлекеттин казынасына өткөрүүгө үндөп, элдин ишенимине жетип, ойлогон максатына жеткен. Бул жерде билгилердин да орду өтө маанилүү болчу. Алар биримдикке келип, бир максатты көздөп, элден чогулган каражаттын жардамы менен Кореянын белгилүү иш билгилери GoldStar (LG), Daewoo, Hundai, Kia, Samsung аттуу 5 корпорацияны түптөп, элге иш орундарын жана киреше булактарын жаратышкан. Ушундан улам Корея бүгүнкү ийгиликтерге жетип отурат. Бул жагдайда корей элинин биримдиги жана бирдиктүүлүгү өзүн көрсөттү.

Дүйнөгө үлгү болгон бул мисал боло электен мурда эле кыргыздын билгиси К. Тыныстанов дал ушундай көсөмдүктү өз элине көрсөткөн. Билгилерден чогулган каражаттардын жардамы менен кыргыздын сабатсыздыгын жоюп, үзүрү болуп азыркы учурда кыргыздын сабаттуулугу дүйнө өлкөлөрүнүн арасында 14-орунду ээлегени болду.

“Аккан арыктан суу агат” дегендей, уюткулуу элибизде асыл көрөңгө жоголо элек. Биздин дүйнөтаанымыбызга, тамырыбызга, өзөгүбүзгө, маданиятыбызга сокку көрсөткөн ар кандай агымдагы күчтөргө туруштук берүү үчүн биздин элибиздин билгилери биримдикке келип, бир муштумга түйүлүп, күчүн көрсөткөнгө кудуретибиз деле жетет.

Ушул мүмкүнчүлүктү колдонуп, элдин уюткусу болгон билгилер биригип, кең келечегибизге кызмат кылышса, улутун сактап калган инсан катары тарыхтан көрүнүктүү орунду ээлешет.

Эгерде билгилер багыт көрсөтпөй, элдин жүгүн көтөрбөсө, эл өзүнө өзү кам көрүп, уюшуп, чоң күч болуп, күтүлбөгөн өзгөрүүнү алып келиши мүмкүн. Ошондо билгилер эл катарына кошулбай, өз ордун жоготуп, барксыз болуп, элден чыгып калышат.

“Кайратың тоону бузса да

Кашыгың көлдү сузса да

Оозуңдан чыккан сөзүңө

Зоо куланып, учса да

Эл менен сен адамсың

Элден чыксаң жамансың

Кабарың күнгө жетсе да

Жылдызга колуң жетсе да

Жараткандын дүйнөсү

Бүт колуңа өтсө да

Эл менен сен бийиксиң

Элден чыксаң кийиксиң”, деп Арстанбек акын айткандай, биз, жаштар сиздерди, элибиздин уюткусун кармаган билгилерди биримдикке чакырмакчыбыз!

Сиздердин биримдигиңер аркылуу гана кыргыз эли биримдикке жана бирдиктүүлүккө келе алат.

Сиздер туткан баалуулуктар жалпы элибиздин жашоосунун нугун калыптайт!

Сиздердин баалуулугуңар эмне болсо, элибиздин көрөөр күнү, бараар жери ошол болот.

Сиздерден, кыргыздын түпкүлүктүү баалуулуктарына кайрылып, кыргыздын жашоосун оң жолго салат, деп үмүттөнөбүз!

Бүгүнкү туңгуюктан элибизди алып чыгып, жаркын келечекке жол баштап берүүңүздөрдү талап кылабыз!

Ал үчүн өзүңүздөр ич ара биримдикке келишиңиздерди, жана ошол биримдигиңер кайсы баалуулуктун негизинде болоорун адашпай тактап алууңуздарды талап кылабыз!

Сиздер баштаган жолду улай турган муун бар деп, биз ишеним менен айта алабыз!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×