Добавить статью
11:56, 6 апреля 2012 148184

Камалган шаар кантүүдө?

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 29-мартта тик учак менен Миң-Куш шаарчасына Казарман айылынан учуп келди. Өкмөт жетекчисине шаарчанын эң башкы эки талылуу абалы сунушталды. Ошону менен катар жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрдү.

Аккан сууда арам барбы же жокпу?

Шаарчадан бир нече чакырым аралыкты өрдөп барган жерде орун алган таза суу жайын кайрадан куруп чыгууга 7 млн сом зарыл экен. Анткени жергиликтүү калк «биз радиациясы бар сууларды иче баштадык» дешип бир нече жылдан бери коңгуроо кагып келишет. Дарыгерлер ар кандай оорулардан адам өлүмдөрү арбып бара жаткандыктарына барабан кагышууда. Айтор кандай айткан күндө дагы кечээки гүлдөгөн шаарчада бүгүн мышык ыйлаар абал сакталганы сакталган.

-«Албетте 7 млн сом чоң акча. Балким биз тендер жарыялап, ачык сынак өткөрүп, суу алуучу жайды 2 млн сомго калыбына келтирербиз. Бирок адегенде суунун өзүн аныктап алышыбыз керек. Сууда чын эле радиация барбы же жокпу. А кокус бар болсо анда маселе башкача чечилет. Ошондуктан суунун аныктыгын билиш үчүн мен сиздер сураган акчага кол коюп берем. Бир айда аныктыгын чыгаргыла»,- деди ошол жерден өкмөт башчысы.

Убайым салган Туюк-Суу

Миң-Куштун алкымында, түштүк чыгыш өңүрүндө Туюк-Суу өрөөнү чалкып жатат. Жергиликтүү элдин айтымындагы эң кооз өрөөндөрдүн бири болгон Туюк-Суу учурда эң кооптуу дагы жай болуп эсептелет. Адистердин берген маалыматы боюнча, 1952-жылы ошол Туюк-Сууга, шаарчанын жогору жагына, агын суунун боюна жакын жерге эң алгачкы уран калдыктар көмүлө баштаган. Анан кийин гана эсибизге келип, калдыктарды төмөн жактагы коопсуз жерлерге көмүү башталган экен. Жалпысы төрт жерге жымырылган калдыктардан ушул Туюк-Суунуку өтө опурталдуу экендигин адистер далилдеп турушту. Башкы себеп тоо боорлордун көчүп, жыла башташы. Эң байкалаарлык абал 2004-жылы билинип, бир метрдей жер жылгандыгы айкындалган. Кокусунан тоо боорлору Туюк-Сууну бөгөп калса, анда капталдардагы уран калдыктары сууга кошулуп, ал аркылуу Миң-Куш суусу менен Көкөмерен аркылуу Нарын дайрага кошулат. Мындай жагдайды адистер «Экологиялык кыйроо» деп атап, орду толгус оор абал жараларын ар дайым айтып келишет. Бул жолу дагы бир ирээт ошол кептер айтылды. Суроого жоопту өкмөт жетекчиси эл менен жолукканда билдирди.

Кар Кудайдын берген жакшылыгы

Өмүрбек Бабанов эл менен кездешкенде айткан бир кеби ушундай болду.

«Көп жерлерге кар жаабай, элдери кудайдан жаан сурап жатышат. Бизге болсо кар жаады. Ал эми аны пайдалануу биздин, элдин милдети. Аны карап алуу керек», - деген Ө.Бабанов өкмөттүн 100 күндүк программасын, алдыдагы аткарылуучу жагдайлар тууралуу маалыматтарды берди. Анын айтымында, 300-400 млн доллар тутумундагы «Өнүгүү Банкы» ипотекалык насыяларды бере баштамакчы. Ошону менен катар Катар өлкөсүнүн биргелигинде инвестициялык кор да жүзөгө ашуу үмүтү турат. Ал ишке ашса кордун фонду 100 млн доллар болмокчу.

«Биз Орусиялык Атом министрлиги менен сүйлөшүп келишим түзүп жатабыз. Буюрса 20 млн долларлык программа 2013-2016-жылдары иштейт. Ошондор Туюк-Суу сыяктуу абалдар коопсуздандырылат», - деп жооп кылды премьер-министр.

Оозду ачырган 35 миң тонна уран

Жергиликтүү тургундар ар кыл багыттагы суроолорду, көйгөйлөрдү, сунуштарды, каалоолорду билдиришти. Алардын арасынан Эмилбек Акматалиев аттуу ардагердин кеби чынында өзгөчө болду.

«Миң-Кушка эмгеги өткөндөрдүн көбүнүн көздөрү өтүп кетти. Кыйласы көчүп кетишти. Мында мага окшогон айрым улуу муундар, каза болгондордун бала-бакыралары, ушул жерде туулуп өскөндөр, көп жыл жашагандар калды негизинен. Мен көп жыл иштеген адис катары эсеп чыгардым. Ошондо Миң-Куштан бери жагы 29 миң 200 тонна, ары жагы 35 миң тонна уран концентраты казылып алыныптыр. Ошондуктан азыркы жашап жаткан ар бир үй-бүлөгө 500 миң сомдон компенсация берилиши керек. Ал үчүн мен Путинге, Медведевге, Кириенкого кат жазгам. Алар компенсация төлөп берүүлөрү керек», - деди ардагер Э.Акматалиев. А киши биз менен эркин баарлашууда буларды кошумчалады.

«Уулум мен 1959-жылдан тарта келип иштедим. «Оргтехникада» директордун орун басары, директор да болдум. Жылуулук борбордо башкы кыбаачы, директор катары жалпысы 20 жыл иштедим. Азыр персоналдык пенсия алам. Мени менен 24 адам иштесе, калгандары башка улут, кыргыздан мен жалгыз кызмат кылдым. Анда баары жашыруун эле да. Бирок суткасына 3-5 тонна уран концентраты иштетилчү. Ошондо мен айткан 35 миң тоннага чейин уран концентраты иштетилиптир. Ошонун мизир акчасын же болбосо 13 млн долларын азыр элге бериш керек. Анткени бизге уран сиңип бүткөн. Ал баладан балага өтөт. Дагы бир мисал айтайын бизге андагы СССРдин Атом энергетика министрлери мисалы Маков, Славский дегендер келген. Маков болсо биздин этти жеген эмес. Ага атайын Өзбекстандан алынып келинген эт берилген», - деди Э.Акматалиев.

Камалган шаардын каткырыктары

Деги элден айланса болот. Оор кырдаалдарга карабай кабагым кашым дебестен тиричилик кылып жатышат.

«Бизге сырттан адам келсе кут деп кабыл алабыз. Миң-Кушка мейман келсе сүйүнөбүз», - деген Гүлжан Ниязалиева кечээ эле 1995-жылы миңкуштук болуптур.

«Мурда 1972-жылдан 1986-жылга чейин «Оргтехникада» иштеп кеткем. Турмуш шарт менен көчүп конуп жүрүп кайра келдик. Анткени жолдошум милициянын участкалык инспектору болду ошол 1995-жылы ушул Миң-Кушка. Ар кайсы жерде жүрүп, айылыбыз Кайырмадан жер дагы албаппыз. Эч бир жерде тамыбыз жок. Анан эл катары жашап жатабыз Миң-Кушта. Эч жакка деле кетпейбиз го, каякка бармак элек. Бош жүргөн балдар жайында ар кайсы жерден темир казышчу, эми ал да жок калды окшойт. Кышында көмүр казып, сатымыш болушат. Башка жумуш жок да», - дейт Г.Ниязалиева. Шаарчаны аралап жүрүп, суу ташып келген унааны кезиктирдик 16-аянтчадан. Сураштырсак сууну ташып берип калышыптыр. Чака-чайнегин, баклашкаларды көтөрүшүп сууну тегеректеп калышты. Айтмакчы шаарчанын коммуналдык жана тиричилик ишканасынын жетекчиси болом деп таанышкан Жыпара Шералиева таза суу боюнча бир дагы маалымат бере алган жок.

«Мен шашып атам. Мен тиги кишиге кагаз беришим керек» деп жан далбастап жатты ошол биз жолуккан маалда жетекчи айым. Балким маанилүү бир маселе боюнча жүргөндүр деп жөн болдук. Ал эми айыл өкмөт башчысы Самирбек Жунушов суу түтүктөр жарылгандыктан улам элге суу ташылып берилип жаткандыгын билдирди.

Ошентип көчөдөн топтошуп жүргөндөрдүн бири Таллин Шамуратов кепке келди. 49 жашка келген Таллин мырза пайгамбар жашындагыдай көрүнөт.

«Эмне кылабыз, жумушубуз боштук. Кара-Ой жакта жерибиз бар эле, аны берейин деген да, алып берели деген да жан жок. Гагаринди космоско миңкуштуктар учуруп, азыр өзүбүз кайда учаарыбызды билбей «камалган шаарда» турган кезибиз», - деп ырсайганда жанындагылардын да жаактары ачыла берип, бир жыргап каткырып алышып, бараткан тарабына көңүлдүү кадам шилтешти. Чынында ичке дагы, сыртка дагы катуу текшерүү аркылуу киргизип, чыгарылгандыктан улам миңкуштуктар өздөрүн «камалган шаар» деп атап алышкандыгы эл оозунда айтылып келет.

Миң-Куштун келечеги барбы?

Бар! - деп жооп кылды Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков. Облус жетекчисинин баамында башкысы каалаган инвесторлорго жол ачуу абзел.

«Биринчи кадам бул албетте инвестиция. Мына азыр мен аркылуу эле үч инвестор келүүгө даяр турушат. Бирок алар ошол өлкөдөгү тынчтыкты каалашат. Кен байлыктарды иштетели десек эле, элди пайдалангандар чыга калып жатышпайбы. Албетте экологияны бузган шарттарга биз дагы макул эмеспиз. Мисалы Миң-Куштан эле союз маалында 450 миң тонна көмүр казылып алынчу. А быйыл Миң-Куш, Дүңгүрөмө, Кара-Кечени кошуп 230 миң тонна көмүр өндүрдүк. Экинчиден бул жерде гипстин 12 млрд, акиташтын 7 млн тонна кени жатат. Ошондуктан коркпой эле каалаган инвесторлор менен иштешүү керек. Өрөөн кооз, малга ыңгайлуу болгондуктан жеңилдетилген насыяларды берүү да туура иш болот»,-дейт губернатор К.Муратбеков.

Күмөндөр Усуптегин. .

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
84843

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
67448

03-09-2013
Өкмөт башчысынын иш сапарынан сүртүмдөр
107802

26-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары-элдин ресурстары»
73098

26-04-2013
Таластан алган таасирлер (Биринчи макала)
75437

24-04-2013
«Өлкөнүн ресурстары - элдин ресурстары». Адамдын саламаттыгына каражат кандай жумшалууда?
80856

28-03-2013
Ыйлап жүрүп арык каз, ырдап жүрүп суу сугар
115475

25-03-2013
Нарындагы жолугушуудагы ажылдактар
197623

15-01-2013
Ала Тоодо шыбагадан куру калган бир кыштак
141987

29-12-2012
«Профсоюз - бул биз»
131480

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×