Добавить статью
11:31, 23 апреля 2012 120225

Жаңы ураан: ЖМКлардан жамаачы журналисттер арылсын же журналист-кабарчылардын канчасы соттолууга тийиш?

Деги Кыргызстан дүйнөдөгү эң кызыктуу мамлекеттин бири. Демек, мамлекеттин негиздүү улутун түзгөн кыргыздар чынында кыйын калк. Абалтадан тарта кырылган сайын көбөйгөн, түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыздар акыры ушул күнгө жетти. Мында да жөн жүрүшкөн жок. 19 жылда эки бийликти аңтарып, эсеби жок митинг-пикеттерди өткөрүп, шайлоолордо кокту-коктуга бөлүнүп, өз улагынан теке салып, айтор өздөрүнчө эле бир дүйнө. Бүгүн бийликте турса бирди сүйлөмөй, бийликтен кетсе башканы оозанмай, бийликте турганда кыйынсынмай, бийликтен кеткенде кайра бийликке сын такмай көнүмүш адат болду. Бул жагынан да кыйындыгын көрсөттү. Эл башкаргысы келгендер жана өзү үчүн бийликти пайдаланганды сүйгөндөр ордо калаада өздөрүнчө кайнап жатса, жер-жерлерде башкаруусуз жараян кулачын жайып, «Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» абал өкүм сүрүүдө. Ал эми айылдар болсо ушак айыңдын гана төө бастысына калып, ар ким өз билген тиричилигине арбалгандарына кыйла жыл айланды. Анткени коомдо өзгөчө роль ойногон жалпыга маалымдоо каражаттары дал ушул айылдарга, шаарчаларга жана кичи шаарларга кандайдыр бир деңгээлде терс кайрыкта ошол бийлик саясатынын ар кандай калчоосунан улам таасирин тийгизди. Демек кыргыздардын дагы бир кыйындыгы ушул сөз эркиндиги деген саябанда да куру калган жок. Натыйжада демократия, сөз эркиндиги деген кепилдиктерди ашкере аша чаап пайдаланган ЖМКлар, андагы оозуна келгенди оттогон «журналист сөрөйлөр» окуяны алынын келишинче каалагандай шөкөттөп жазып, калемди оңду-солду шилтеп, ойдон чыгарылган, каралаган же тескерисинче өлүп-талып мактаган маалыматтар менен элдин ой-чабыттарын өзгөрттү. Бирде бул, бирде тиги ЖМКга ишенген калк катмары, анык чындыкты аңдай албай бара-бара кайдыгерлик мамилеге өздөрүнөн өздөрү эле билинбей өтүп калышты. Ал эми Акаев маалында эле «кара жашик» атка конгон КТРдин бир жактуу, чылгый суулап дагы, кургак дагы каратып туруп бийликти мактаганы калкты кыжырдантып, соңунда алардын өлкөдөн чыгып кеткен «шору» менен чокондолду. Акыры калк катмары эл аралык бирдиктүүлүктө болгон окуяны өз абалында чагылдырган «Азаттык», «Би-Би-Си» үналгыларын угушуп, чанда бир окурман «Заман Кыргызстан» гезитин окуп калышты. Акыры мамлекетте маалыматтык согуш оту тутанып, кимде акча болсо ал гезит чыгарып, теле радио тутумун ачып, анан каалагандай сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк алды. Береги жөрөлгөнүн аягы эч качан жакшылык менен бүткөн жок. Акаев доорунда эң алгач «Свободные Горы» гезити оозуна келгенди оттогондугу үчүн сот аркылуу жабылганда, араң турган коомдук уюмдардын бир даары жана журналистмин деген айрым пенделер: -«мына Демократия аралчасы аталган Кыргызстанда сөз эркиндиги «өлдү»,- деп чамынып чыгышты. Ал маалда ыраматылык Мелис Эшимканов «Асабасы» менен калемди бирде бийликке, бирде оппозициясына, бирде позициясына каалагандай кайрап, сөз жүзүндө сөз эркиндигин, жаңычыл ачык айтып ак сүйлөөнү киргизген өңдөнгөн менен, иш жүзүндө 70 жылдан ашык тарыхы бар жаштардын гезитин менчиктеп алуу аркылуу чынында болушунча эле чалчактады. Ошентип кыргызча ЖМКларда «Асабаны» тууроо, кайым айтыш, ушакты алоолонтуу, адамдын ар намысына, абийирине ачык бүлүк салуу, эч нерсени ылгабоо калыптанды. Акаев чаап кеткен сөз эркиндикти анын учурундагы бийлик ооздуктай алган жок. «Азаттык» үналгысын ободон чыгарбоо, ошол эле «Асаба» гезитин Усубалиев колу аркылуу кудуретсиздикке жеткирип муунтуу акыры барып бийликтин башына муш болуп тийди. Түйүнчөгүн түйүп качкан Акаевден кийин манты жеген кол менен келе калып такка олтурган Бакиев алгач сөз эркиндигине андан да катуу эркиндикти жылоолоду. Бирок затында ыраматылык СССРдин Компартиясынын толук каны бар Бакиев доорунда тез эле ЖМКлар сорттолуп, КООРТ теле каналы күч менен 5-каналга айландырылып, мамлекеттик деген ЖМКларга бир башка, башкаларга бир башка мамиле жасалды. Мында бийликке ачык каршы чабуул жасаган «Де-Факто», ж.б. гезиттер соттордун колу аркылуу жабылып, гезит жетекчилердин алды Швецариядан баш паанек алганга аргасызданды.

Аңгыча бийликке Убактылуу, анан Техникалык өкмөттөр келди. Мында ЖМКларга, демек сөз эркиндигине жашыл жол ачылды. Мезгилдин өтмөгү менен акырындап эл тарабынан шайлоодо упай топтогон партиялар, алар аркылуу Жогорку Кеңеш, акыры президент бийликке толук кандуу олтурду. Учурда болсо жаңы бийлик бардык ЖМКларга бирдей шарт түзүлөт, КТР баякы эмес коомдук канал деп канчалык кан какшабасын, дале ЖМКларда абал өзгөрүп деле кеткен жок. Тек, КТР эмес КТРК аталган башкы маалымат булагында, бир катар мамлекеттик аталган басылмаларда окуяны чагылдыруу ачык-айкындулуукка бет алганы көрүнөө чындык. Айрыкча 2010-жылдын апрель ынкылабынан кийин болуп өткөн маанилүү шайлоолордо КТРКнын талапкерлерге көрсөткөн бирдей шарттарын чоң жетишкендик катары баалоого болот. Ошол эле учурда мамлекеттик аталган ЖМКлар дагы кызылдай эле бийликти мактоодон аз да болсо арылгансыды. Бирок маселе маңызы ушуну менен аягына чыкты деп айтууга эч качан ооз барбайт. Демек коомго терс таасирин тийгизип, атпай Ала-Тоону булгап жаткан «Иттин өлүгү» кайда жатат деген собол ЖМКларга эми анык келди. Чындыкты айтканда кеч болуп бара жатат. Анткени ЖМКларды жана журналисттерди сотко берүү жараяны кайрадан көтөрүлдү. Албетте, коомдо болуп жаткан бардык кыймыл аракеттерге түздөн-түз таасири бар журналист деген жаран жана ал иштеген ЖМК коомдон эч качан сыртта калбашы шаани. Бирок кайым-айтыш, сөөмөй кесөө, алакчылоо, бири-бирине далысын салуу вазыйпаларда мындан ары Кыргызстан мамлекетинде кайсы бир жарандын, же бийликтин, же саясый жана коомдук уюмдун ЖМКлар жана журналисттер менен соттошуусу тап катары жоюулушу керек. Ал үчүн эң оболу бардык ЖМКлар «жамаачы журналисттерден жана шыбакчы ЖМК жетекчилерден» арылмайын болуп келген көрүнүш боло бермекчи жана Ала-Тоо кыргыз жергесинин мындан аркы мамлекеттүүлүгүнүн мааниси кандайдыр бир абалга кириптер болмокчу. Соңку бир эки эле далил.

Биз, кыйлабыз сыйлаган Өмүрбек Текебаев быйылкы жылдын башында «Азия News» аттуу гезитти 1 млн сомго доо коюп сотко берди. Анда Айсулуу Дүйшөнкулова аттуу жаран маек берип, 7-апрелде талап тоноодо «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү катышкан, а түгүл партиянын атынан шайланган Эл өкүлү Райкан Төлөгөнов координациялык иштерди жасаган деген маанайда балп эттирген. Туура, кайсы бир жаран маек бергенге толук акылуу. Ал оозуна эмне келсе оттогонго да чек жок деп маекти жарыялоо менен аталган партиянын кадыр-баркына доо келтирилдиби же жокпу, аны гезит эсептеген эмес. Тек балким сенсация, мүмкүн ачылыш маалымат катары жарыялагандыр. Бирок ал маек партиянын лидери тарабынан «атайын уюушулган кара пиар» деп бааланып, жыйынтык сотко берилүүдө. Демек кайда акыйкат жазуу, бей тарап маалымдуулук деген?

«Учурда сапат үчүн эч ким жооп бербей калды. Акыркы жылдары карандай калпты ышкыртып жатса деле, бир дагы ММКнын жоопкерчилик тартканын көрө алган жокпуз»,-дейт белгилүү журналист Жыргалбек Касаболотов мырза.

Экинчиси, Өмүрбек Текебаевден кийин дагы бир Эл өкүлү Ирина Карамушкина жергиликтүү маалымат агенттигинен 5 млн сом компенсация алууну талап кылууда. Мынча сомду укканда далай ЖМКлар жана албетте «жамаачы журналисттер» асман айга секирген адаттарын карматып, ааламга айгайлап чыга келишти. Агенттиктин кабарчысы Махинур Ниязова мынча акчаны 20 жылда эч нерсе ичпей-жебей жашаганда гана таба алат, ал эки баласы менен күн кечирүүдө деп добулбастар кагылды. Тилекке каршы ошол айгайлагандар эмне үчүн Ниязова айым маалыматты толук тактап, анан сайтка чыгарган жок дегенди оозанышпады. Себеби ЖК депутаты И.Карамушкина айымга таандык делинген унаа Токмок шаарынан эки адамды сүзүп, бирөөсү ошол эле жерден каза тапкан. Кабарчынын берген маалыматы боюнча унаанын ичинде Эл өкүлү да болгон жана бир нече убакыттан кийин унаа кармалганда ичинде депутат айым жок болуп чыккан. Айдоочу болсо мас абалда жана алар майрамдап келе жатышкан. Албетте кырсык болот, ага себепкер ошол майрамбы же чын эле ичип алган айдоочубу аны мезгил аныктайт. Бирок депутат айымдын унаада бар же жок экендигин эмне үчүн тактоого болбойт. Албетте мындай окуя эч качан жерде калбаш керек. Аны жаап жашыруунун дагы эч негизи жок. Тек, маалыматты берерден мурда тактоо зарылчылыгы бар эле да. Экинчиден Эл өкүлү дароо соттошууну каалабагандыгын, редакция менен бир нече жолу сүйлөшүүгө баргандыгын, акыры чыдамы кеткенде сотко даттанганга аргасыздангандыгын билгилейт. Туура, чекитти оңунанбы же солунанбы айтор сот чечет. А эң башкысы мында маалымат айкындыгы анык көрүнгөн эмес.

«Калем алдыңбы колуңа, ошол калемдин ары жагында бүтүндөй бир тагдыр турганын унутпа. Ал тагдыр бир адамдыкы же бүтүндөй элдики», - деп кеңеш берет дагы бир тажрыйбалуу журналист Жыпара Арыкова. Ошентип бир Ниязова айымдын калем шилтөөсүнөн улам бир агенттик сотко жооп бергени калды шекилденет. Эгерде чынында эле кудай алдында да, эл алдында да айткан кеби чын чыгып, унаада И.Карамушкина болбосо, анда мен маалымат агенттиктин 5 миллион сом төлөгөндүгүн каалар эелем. Эң башкысы ушакты, уккан кепти эле жазбаш керек.

Үчүнчү бир ЖМКларды дүрбөткөн жагдай, «Фергана.Ру» агенттигинин жабылышы. Мында деле баякы эле «Сөз эркиндиги өлдү» деген кыйкырыктар басымдуулук кылынууда. А эң башкысы чындыгында агенттик улуттар аралык кырдаалды козуткандыгы канчалык экендигин элес албоо, кандайдыр абалда жазат десе эле ушул деп жаза берүүнүн башы кылтайып жүрбөсүн.

«Жалпыга маалым, интернетти эч качан ооздуктоого болбойт. Ушундай макалалардын туура эместигин далилдеп, коомчулуктун көз карашын нейтралдаштыра турган абдан кылдат журналисттер менен саясатчыларга муктажбызбы деп ойлоймун», - деген эл аралык «Zaman Кыргызстан» гезитинде бышыккан журналист Бактыгүл Чыныбаеванын пикирине толук кошулуу менен сөз төркүнүнө келсек быйылтадан тарта «ЖМКлар жамаачы журналисттерден арылсын» урааны башталышы шарт. Ал үчүн баякы эле Ленин атабыздын эмне кылуу керек? - деген соболу калкып чыга келет. Анын жолу негизинен экөө эле.

Биринчиси, журналист журналист болууга тийиш. Эгерде ал өз алдына ыйыктыкты дагы, оор басырыктуулукту дагы, жооптуулукту дагы, ардактуулукту дагы, абийирдүүлүктү дагы, адеп ахлактуулукту дагы, ыймандуулукту дагы, көөнөрбөстүүлүктү дагы, сабырдуулукту дагы, ниеттүүлүктү дагы, алкымды дагы бирдей шарт-шааниде ала жүрө алганда гана журналист болуп иштеши абзел.

Экинчиси, бир жактуу, бир тараптуу, сүткор, кара курсактын кулу, кимдир бирөөнүн камчысын чабаар, айлакер, амалдуу, намыссыз, маалыматты уурдагыч, оозуна келгенди оттоп жазгыч, чабарман, көр оокаттын көрпендеси сапаттарынын бири эле болсо, мындан ары андай жарандарга ЖМКлардан орун болбоо шарт. Бирок калемди каалагандай кайроодон улам бийликтин дагы, ага каршылаштардын дагы акырынан «жем» жеп калган «жамаачы журналисттер» эч качан арам тапкан жашоосунан кайткысы келе койбойт жана жайына койсо кайтпайт. Анткени ал ушундай жеңил желпи жумушту пайдалануу менен эки бетти тултуйтуп эле эл аралап жүргөндөн уялбай да калган. Экинчиден, аны пайдаланган ЖМК жетекчиси, анын үстүндө турган ээлик кылуучу өз кызыкчылыктары үчүн бардык аракети менен тиги «жамаачы журналист сөрөйдү» каалагандай калем шилтетүүгө аргасыз да кылып салган. Ошондуктан «мындай болуптур дейт», «андай болот экен дейт», «тиги бет тырмаптыр дейт», «анысы жатып бериптир дейт», ж.б. дейттер бара-бара таптакыр жоголушу үчүн менимче журналисттер оболу ич ара бирин-бирин тазалоого барышы керек.

Ушундан улам, «коомдун күзгүсү» атыккан журналист котур ташты койнуна салып жүргөн журналисттен арылганга салым кош! Сен бийликке дагы, каршылаштарына дагы, кайсы бир партия же коомдук уюмга дагы кол жоолук болгон «жамаачыларга» каршы тур! Сен эгерде «жамаачыларды арылтканга салым кошсоң, ошондо «шыбакчы ЖМКлар» өзүнөн өзү соолуйт. Андай журналистмин деп өзүн атагандар жана «Ш» ЖМКлар коомго, демек Ала-Тоолуу, Ак Калпактуу Кыргызстан эл-жеринин эртеңки эгемендүүлүгүнө, мамлекеттүүлүгүнө чоң коркунуч жаратып жаткандыгын бил!

3-Май басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү майрамыңар менен!

[17:19:44] Илгиз Чалбараков: Нарында ЖМКлардын абалы жана коомго таасири

Нарын шаары, Күмөндөр УСУПТЕГИН

Туура 20 жыл аралыгында Нарын облустук адилет башкармалыгы жалпысы кырктан ашуун жалпыга маалымдоо каражаттарын каттаган экен. Башкармалыктын жетектөөчү адиси Махабат Дөөткулова айым берген маалыматка үңүлүп көз чаптырсак 1992-жылдан тарта 21 гезит, 7 телерадио компания жана студия, 4 радио, 1 журнал каттоодон өткөн.

«Быйыл 2-мартта «Долон» аттуу ТРК жана 13-апрелде «Мейкин» деген жамааттык радио да катталышты»,-дейт М.Дөөткулова.

Демек, бийик өрөөндүү аймакта дале ЖМКларды уюштуруу жүзөгө ашып жаткандыгы айгинеленди. Бирок тилекке каршы алардын дээрлик басымдууларынын өмүрү өтө кыска болуп жаткандыгында. Ошого жараша катталган ЖМКлар адилет башкармалыгына тиешелүү шарттагы Уставдарын эки ай аралыгында тапшырууга тийиш болсо дагы, камаарабагандар бар экендигин кошумчалайт башкармалыктын адиси. Натыйжада эмне максатта маалымдоо каражатын ачууну каалаган жаран өтөлгөгө чыга албай калганына өзү себепкер тура. Жыйынтыгында кайсы бир гезиттер бир санын чыгарып ошо бойдон «оомийин» болсо, мен кыйын деген басылмалар 5 санга чейин чыккандыгы белгилүү эле. Ошентип учурда жалпы облустун бардык аймагын маалымат менен камтыган мамлекеттик маанидеги «Теңир Тоо» гезити жана дубандын дээрлик 85-90% калкына көрсөтүүсү жеткен Нарын облустук телерадио компаниясы гана иштеп жатат. «Аян», «Шаңкай» теле көрсөтүүлөрү жана «Алмаз-Нарын» радиосу Нарын шаарынын жана шаарда учукташ орун алган Нарын районунун айрым айылдарына чейин маалыматтарын тарката алышат. Натыйжада 2 миң 600 нуска менен жарыкка чыккан «Теңир Тоо» гезити жана аптасына бар болгону бир саат обологон «Нарын ТВ» облустук алкакта маалыматты таркатууда. Мындан сырткары КТРК, «Азаттык», «Кыргыз Туусу», «Эркин Тоо», «Zaman Кыргызстан», «Де-Факто» ж.б. ЖМКлардын, «Баракелде», «Куш-Кабар», «Кабар», «КирТАГ» сайттардын жана жергиликтүү «naryn.kg» сайтынын кабарчылары маалыматтарды ар кыл өңүттө чагылдырышат.

Жыйынтыгында жергиликтүү алкакта маалымат берүү дагы деле өзгөрүүгө калыптанган эмес деген бүтүм натура. Анткени алар губернатордун же облустук бийликтин камчысынан арыла элек. Жергиликтүү бийлик камчылайын деген ойдо деле эмес. Кандайдыр абалда алар көрсөтмө берип, каалаган маалыматты каалагандай чыгарта алаар. Бирок ЖМКлар оор уйкудан ойгонуша элек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×