Добавить статью
7:51, 5 мая 2012 63861

Конституциянын укуктук жана саясий ролу

Кыргыз Республикасынын Конституциясы эң ириде дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттер арасында эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык Кыргызстан деген мамлекет бар экендигин, ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөөрүн тастыктап турган мамлекеттүүлүктүн юридикалык актысы жана коомдун ар кыл бөлүгүнүн кызыкчылыктары макулдашылган коомдук келишим.

Өлкөбүздөгү 2010-жылы 7-апрелиндеги окуялардан кийин Убактылуу өкмөттүн №1 декретине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Конституциясында Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңешине жана Өкмөтүнө бекитилип берилген ыйгарым укуктар менен милдеттер Убактылуу Өкмөткө өтүшүнөн жана президенттин аппараты, тышкы иштер министрлиги сыяктуу бир топ мамлекеттик маанилүү органдарды жокко чыгаруудан улам мамлекеттин ички жана тышкы саясатын жүргүзүүдө, өлкөнү укуктук талаага алып келүүдө, убактылуу бийликти мыйзамдаштыруу үчүн конституциялык референдум өткөрүү зарылдыгы келип чыккан. Айрыкча Ош жана Жалал-Абад облустарында жүз берген июнь окуяларынан кийин өлкөдө стабилдүүлүктү орнотуу жана мамлекеттүүлүктү сактап калуу үчүн өзгөчө кырдаал учуруна карабай жаңы конституцияны кабыл алуу боюнча 2010-жылдын 27-июнунда шашылыш референдум өткөрүлгөндүгү, ал референдумга катышкандар өзгөртүү-толуктоолордон мурда өлкө стабилдүүлүгү жана мамлекетибиздин укуктук-конституциялык жолго түшүүсү үчүн добуш бергендиги конституциянын ролу мамлекет үчүн канчалык маанилүү экендигин айгинелеп турат.

Буга карабастан кайсы бийлик келбесин, кандай президент болбосун дароо эле саясий талашка түшүп, жалпысынан ар бир эки жылда бир жолу ошол бийликтин башында тургандар тарабынан бийликти кайрадан бөлүштүрүү жана президенттин колуна топтоо үчүн жасалган, ар кандай саясий күчтөрдүн пикет-митингдери менен коштолгон, ар кыл конституциялык кеңешмелерди түзө коюу менен ишке ашкан жана жасалма референдумдар менен бекемделген өзгөртүүлөр өнөкөтү башталып 1993-жылы 5-майынан бүгүнкү күнгө чейин сегиз жолу өзгөртүүгө дуушар болгон. Биринчи президент А.Акаев мезгилинде төрт жолу 1994, 1996, 1998 жана 2003-жылдары, экинчи президент К.Бакиевдин тушунда үч жолу 2006-жылы эки жолу жана 2007-жылы бир жолу жаңыдан редакцияланган.

Ал эми 2010-жылы Р.Отунбаева Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрайымы болуп турган мезгилде же мурдагыдай өлкөдө бир президент жок бардык бийлик 14 мүчөдөн турган Убактылуу өкмөттүн колунда болгон мезгилде бир жолу эле бирок, түп тамырынан бери жаңы делинген, президенттик-парламенттик башкарууну жокко чыгарып, парламенттик-президенттик жаңы башкаруусун киргизген. Бул дагы баш мыйзам айланасында болуп келген саясий талаш-тартыштарга укуктук чекит кое алган жок, буга өлкөбүздө жакында болуп өткөн оппозиция өкүлдөрү К.Ташиев, А.Мадумаров, А.Келдибеков, ж.б тарабынан өткөрүлгөн митинг, пикеттерде 1993-жылы кабыл алынган конституцияга кайтуу талабынын айтылышын айтсак болот. Эң кызыктуусу кайсы саясий топ бийликке келбесин, же кимдер оппозицияда калбасын эки тарап тең аракеттеги конституцияны өзгөртүү талабын көтөрүп чыгат жана бардык тараптар бул аркылуу кыска мөөнөттүү саясий проблемаларды чечип алууну көздөшөт. Бирок биз мындай саясий жол менен эч качан өлкөдөгү жана саясаттагы стабилдүүлүктү камсыз кыла албайбыз.

Ансыз деле эки президентти өлкөдөн кууп кетирген, эки төңкөрүштүн келип чыгуусунун себептеринин бири дагын ушул болгон себеби өлкө башчылары жогорудагыдай жол менен баш мыйзамды өздөрү каалагандай өзгөртүп алуусунунун натыйжасында бир президент конституцияны бузуп 15 жыл президент болсо, ал эми экинчи президенттин дагын мамлекеттик бийликти узурпациялап алуусу, шайлоо жана референдумдарды бурмалоосу жогорудагыдай төңкөрүшкө алып келген.

Ал эми аракеттеги 2010-жылы Ош жана Жалал-Абад облустарында өзгөчө кырдаал мезгилинде кабыл алынган бирок, ушул эле мыйзамдын 114-беренесинде «Өзгөчө жана согуш абалынын учурунда ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат» деп чектеп коюлган, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 130 токтомуна ылайык 1777339 жаран же добуш берүүгө катышкан жарандардын жалпы санынан 90,55 пайызы колдогон деген референдумдун натыйжасында юридикалык күчүнө кирген жаңы Конституция өзү менен бирге чоң укуктук-жана саясий маселени чечкендигин көпчүлүк карапайым жарандар аңдап биле алган эмес. Бул референдум Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 19-майындагы №39 «Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө» декретинин дагын күчүнө киришин шарттап, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрайымы Роза Отунбаевага Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президентинин ыйгарым укуктары берилген жана андан көп өтпөй өткөөл деген макам алынып салынып толук президенттик бийликке ээ болуусуна жол ачкан. Президенттин конституцияда көрсөтүлгөндөй түздөн-түз шайлоо жолу менен эмес, референдум жолу менен президенттик ыйгарым укуктарга ээ болушу, албетте кыргыз конституциялык укугу жана кыргыз саясаты үчүн өзгөчө талаш-тартышты туудурган маселе болуп калды, себеби конституциялык укукка ылайык референдум менен шайлоонун көп окшоштуктары болгону менен экөө эки башка маселе. Референдум - бул мамлекеттик маанилүү маселелерди бүткүл элдик добуш берүү менен чечүү жана мыйзамды кабыл алуунун бир формасы. Ал эми шайлоо бул - кайсыл талапкерди жана саясий партияны тандап, шайлоо аркылуу аларга мыйзамда көрсөтүлгөн президенттик же депутаттык ыйгарым укуктарды берүү. Андыктан бул меселе бүгүнкү күнгө чейин коомчулукта жана кээ бир саясатчылар тарабынан талаш-тартышка түшүп, бул президенттин конституциялык укуктук макамы кандай болот деген суроолор пайда болуп жатат.

Бул конституциянын артыкчылыктары катары жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону күчөткөндүгү, менчик укугунун корголушу, массалык маалымат каражаттарына эркиндик берүүсү, өлкөгө жаңы парламенттик башкаруу системасын алып келгендигин айтсак болот. Кемчилиги катары чукул арада өзгөчө кырдаал мезгилинде альтернативасы жок кабыл алынгандыгын жана өлкө үчүн эң маанилүү мамлекеттин тышкы саясатын жүргүзүү укугунун бир эле мезгилде президентке, өкмөт башчысына жана спикерге берилиши жана президенттин жападан жалгыз өз алдынча тышкы саясат жүргүзүү укугунун кескин чектелиши, көптөн бери коомчулуктун кызыгуусун жаратып бирок аягына чыкпай келе жаткан сот реформасына терс таасирин тийгизип жаткандыгы, өлкөдөгү мамлекеттик бийликти партиялар арасында бөлүп алууга, партиялар ичинде баш аламандыктарга жана партиялык жоопкерчиликтин жоктугуна жол бергендигин гана белгилесек болчудай.

Бирок кандай гана конституция болбосун, ким тарабынан кабыл алынбасын Конституция бул - биздин эгемендүүлүгүбүздү жана укуктук демократиялуу өлкө экендигибизди аныктаган баш мыйзам катары мамлекет жана жалпы эле эл үчүн чоң укуктук жана саясий мааниге жана түбөлүк тарыхый күчкө ээ болуп кала берет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

30-06-2011
Талапкердин үгүтү - шайлоочунун үмүтү
44381

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×