Добавить статью
3:42, 10 мая 2012 19299

Адам кубаттуу ишти дайым кыла бербейт

Башындагы баяндамалардан кийин жыйынтык катары айтылчу сөзгө көңүл буралы.

Адам кубаттуу ишти дайым кыла бербейт. Кубаттуу иш дайым жыйынтыктуу болот.

Биз ушул чогулган адамдар, ар бирибиз өзүбүздүн ой толгоо санаттарын, иш түзүмдү иликтеп, бир чоң негиздүү ишти баштайлы.

Турмуш ар дайым сабак тартуулайт. Сабактар туура иликтенсе, адам өсүүдө, туура эмес иликтенсе, адам кемүүдө болот турбайбы. Биздин иш-чара жыйынтыктуу болуп, ар бирибиз туура, так маселени көрүп, аны чечкенге күжүрмөн ишибизди мекенге, элге, урпакка арнайлы.

Сөздүн тереңин тааныган адамдын көбү бул көтөрүлгөн маселелер боюнча өзүнүн кубаттуу кызматын арнайт деп биз ишенип турабыз.

Себеби билгилер элдин куту болуп туруп бул иштен четте калбайт деп ойлойбуз. Ар бир адам жошоодогу чоң милдетин аткаргысы келет, өзүнүн атын булгагысы келбейт.

Жашоонун ыргагын түздөш үчүн жашоонун ыргагын тааныш керек.

Азыркы учурда жашоонун ыргагы өсүүдөбү, өнүгүүдөбү же артка тартылуудабы, кетенчиктөөдөбү?

Бул үчүн иликтөө кубаттуу, күчтүү болуусу зарыл. Эгер бир тармакты алып көрсөк, андагы деңгээл салыштырмалуу өсүүдөбү же жокпу? Деңгээлдин өсүүсүн өзөктүү (негизги) көрсөткүчтөр айкындоосу зарыл. Акыл калчап, таразалап, иштөө зарыл.

Көп учурда адам көрсөткүчтөрдүн тереңине жетпей баалайт. Көрсөткүчтүн тереңине жетпей баалаганда, ал көрсөткүчтөр негизинен өсүүнү көрсөтсө да, жашоодо ал өсүү болбойт. Мисалы: билимибиз өсүп-өркүндөдү деген көрсөткүч жашоодо өзүнүн ордун таппаса, ал көрсөткүч тереңге жеткен көрсөткүч эмес.

Дарыгердин саны өсүп, бирок өтө терең билимге жеткен адистер жок.

Тил, адабиятты окуп бүткөн адистер болгону менен, адамдын көңүлүнүн тереңин таап, таасир берип, тереңдикке чакырып, баалуулукту тартуулаган чыгарма аз болсо, сөздүн кудуретин тааныган адис жок.

Эгер жаңы нуктагы илим-билим болсо, ошонун негизинде иш болбосо, ачылыштар болбосо, анда ал жөн эле аны техникалык жактан жакшы колдонуучу адис.

Эгер акыйкатчымын (сот) деген адистер акыйкаттын көзүн таанып, туура нукта иш кылбаса, таразаны тең кармабаса, ал өзүнүн туура эместиги менен бул түшүнүккө балта чапкан адам. Өндүрүштү башкарам, аны тааныдым деп, билим алагандын көбү өндүрүштү тааный албаса, акча каражатты туура нукка пайдалана албаса, анда ал адамда өндүрүштү тааныган билим жок.

Өндүрүштү бузган адамдардын катары улам көбөйүп турса, анда алардын жашоо негизи болгон баалуулугу туура эмес нукта. Алардын баалуулугу мите курттай бирөөнүн канын соруп, бирөөнүн эмгегин жеп, бирөөнүн убалына калып, бирөөнүн көз жашы менен байлыкты куруп, жашоону негиз туткандар.

Бул баалуулуук – эл сүйбөгөн баалуулук, эл жериген баалуулук, элдин нааразычылыгын, каргышын туудурган баалуулук.

Мындай көрүнүштөр биздин азыркы жашообузда арбын кездешет. Эмнеден улам биз ушундай жагдайга кабылып калдык деген суроо жаралат. Ар бир элдин, улуттун жашоосунда өнүгүүнүн багыттары эки түрдө болот: тамырлуу жана тамырсыз багыттар.

Тамырлуу багыт – бул ата-тектен келаткан колдоо, коргоо, биримдик, ынтымак. Бул нерсе жашоонун ыргагында, жашоонун негизинде болгон. Буга мисал: уруунун ичиндеги кызмат, эл ичиндеги ашар, эл ынтымагы (жакшылыкта, жамандыкта) ж.б.у.с. нерселер.

Тамырсыз багыт – колунда бар адамдардын колдоо, коргоо көрсөтпөй калганы. “Үстөк кылып бер” деп акча бергени, эр азаматтардын элге кызмат кылбай калганы, алар эл жүгүн көтөрбөй, жеке кызыкчылыкка иштеп калганы. Арстанбек акын айткандай, көп адамдардын элден чыгып калганы ж.б.у.с. көрүнүштөр.

Бул эки багыттын айырмасы – аркалаган кызматында, көтөргөн жүгүндө, тандаган багытында болгону менен, биримдиги да бар. Биримдиги - өсүп, өнүгүүсүндө.

Бирок биз кандай өнүгүүнү каалайбыз? Эл менен, мекен менен иши жок жеке адамдардын жетишкендиктеринин өнүгүүсүнбү? Же ынтымагы, биримдиги күч болгон жалпы элдин өнүгүүсүнбү? Ал үчүн биз өзүбүздүн турмуштук бай тажрыйбабызды иликтеп, андан сабак алып, бир жыйынтыкка келишибиз абзел.

Адамдын тарыхы – бул анын баскан жолу, көтөргөн түйшүгү, кылган иши, топтогон тажрыйбасы, акылынын өсүшү. Акыл адамга багыт, өсүү, өнүгүүнү тартуулайт. Адамзаттын тарыхы – бул адамдардын, коомдун, мамлекеттин өсүүсү, кыйроосу, жандануусу, өнүгүүсү жана андан чыккан жыйынтык берчү тажрыйбасы.

Улуттун өсүп, өнүгүүсү – бул кылымды карытып топтогон жашоо жагдайына жараша, дүйнөтаанымына жараша нарк-насили, салт-санаасы, таалим-тарбиясы менен жуурулушкан акыл казынасы, турмуштук тажрыйбасы жана туткан баалуулугу.

Эгер улуттун туткан баалуулугуна доо кетсе, анда улутка чоң мүчүлүштүктөр келээри айкын, улут өз тамырына балта чабат.

Ошондуктан биз кылымдарды карыткан өзөктүү билимибизге кайрылалы.

Билим – бул билбегенди билүү, турмуштун ак-карасын таануу, өсүп-өнүгүүгө жол издөө, кылымды карыткан адамзаттын акылын колдоно билүү.

Билим өсүп-өнүгүүгө жол берет. Азыркы учурдагы билим кылым карыткан акыл менен айкалышканы оң. Бул жашоонун талабы. Кылым карыткан адамзаттын акылы – бул ак бол, таза бол, күчтүү бол. Актын, тазанын ичинде ойдун, иштин, кызматтын, жашоонун ар бир ыргагын камтыган сөз.

Күчтүү бол – бул сөз өтө терең, ошонун кырларынын бири – акылга күчтүү, билимге күчтүү, сезимге күчтүү, жашоодо күчтүү ж.б.у.с. түшүнүктөр.

Ушунун баары адам төрөлгөндөн баштап, өлгөнгө чейинки талап.

Биз кааларыбыз, ушул талапты терең түшүнүп турмушка ашырсак экен.

Акылга акыл кошуп ширетели, акылга айкын сөздү киргизели. Акылман адамдардын кызматы өтө баалуу жана негиздүү. Биз акыл топтоп, негиздүү ишти баштайлы.

Педагогика илиминин аалымы Н. Волков таамай белгилегендей, “эстутумсуз тарых болбойт, тарыхсыз салт болбойт, салтсыз маданият болбойт, маданиятсыз тарбия болбойт, тарбиясыз инсан болбойт, инсансыз улут болбойт”.

Эң оболу биз билим берүү тармагын өзгөртүүнү сунуштайбыз.

Билим берүү тармагында ата-эне менен мектептин байланышы каражат маселелеринин негизинде эле болуп калды. Мектеп балдар үчүн өтө чоң мааниге ээ. Үй-бүлө бере албаганды мектеп берүүсү зарыл. Мектеп билим багытында эле алектенбестен, балдарга даректүү тарбияны бергени оң. Ал тарбия кыргыздын эс тутумуна негизделген, баалуулугуна ширелген тарбия болушу керек.

Бул үчүн мектеп менен ата-эненин болгон байланышы жеке эле каражатка такалбай, баалуулукка да такалганы оң. Үйдөн ата-эне балага мектепке жана мугалимге сый мамилени үйрөткөнү оң.

Азыркы учурда окуучунун укугу мугалимдин укугунан бийик турат. Окуучу мугалимге одоно мамиле жасаган көрүнүштөр көбөйдү. Ошол эле учурда мугалимдер окуучуга одоно мамиле жасаганда, алардын жоопкерчилиги күч. Мындай көрүнүштөрдү жойгонго аракет болгону оң.

Биздин сунушубуз, балдарды туура багытта тарбиялаш үчүн өзгөчө кыргыздын каада-салтына, баалуулугуна негизделген сабактарды берген абзел. Бул үчүн биздин коом үч тепкичтүү жыйынтык берчү иш чараны сунуштайт.

Алгачкы кадамы – чоң шаарда, кичи шаарда жана айылда бирден мектептерде улуттук билимди камтыган өзгөчө сабактарды өткөрүү.

Бул сабак жеке эле окуучуларга эмес, мугалимдерге да өткөзүү зарыл деп эсептейбиз.

Бул ишти «Бакдөөлөт» коому Сиздердин колдооңор менен алып кетүүгө даяр.

Ушул эле иш чараны бала бакчаларда өткөрүүнү сунуштайбыз. Бул үчүн шаар ичиндеги бир бакчада эксперимент катары иштеп баштасак болот.

Өзгөрүү бир эле билим берүү тармагы менен чектелбестен, улуттун өнүгүүсүнүн башаты болгон маданият тармагында да алгылыктуу аракеттер болуусу зарыл деп эсептейбиз.

Маданият тармагында басымды кут, дөөлөт, баалуулукка арналган иштер болгону оң.

Бул иш чараларыбыз өкмөт тарабынан колдоого алынат деген ишенимибиз бар!

Элдин куту болгон билгилер бул иштин ажарын ачат, деп толук ишенебиз!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×