Добавить статью
3:31, 29 мая 2012 40203

 Туризмди өнүктүрүү - Кыргызстандагы жакырчылыкты жоюунун жолу

Азыркы мезгилде Кыргызстандагы туризм маселеси мамлекеттин колдоосу жок болгондуктан ар кандай тоскоолдуктарга жана проблемаларга дуушар болуп, бар болгону 4% гана ички дүң кирешени берүүдө. Бул айкын чындык.

Туризм жаатындагы бизнес өкүлдөрүнүн аракетинин негизинде Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү ар жыл сайын өсүүдө. Бул 2 млн адамдан ашык дегенди билдирет. Ушул маселени чечүүдө албетте, мамлекеттин салымы зор болушу керек. Бишкек шаарында 3-апрелде «Социалдык өнөктөштүктүн жоктугу - Кыргызстандагы туризмди өнүктурүүдөгү тоскоолдуктардын негизги фактору» деген темада өткөн тегерек столдо эл аралык эксперт, Австриянын өкүлү доктор Кристиан Баумгартнер белгилегендей, туризм 3 негизги бөлүктөн турат: саясат, коом жана бизнес. Мамлекет туризмди өнүктүрүүнүн негизги тратегиясын бизнес менен биргелешкен кызматташтыкты түзсө, өкмөт мамлекеттин аброюн көтөрүү максатында туризм маселесин алдынкы орунга коюуусу керек. Учурда туризм жаатындагы көрүнүштөр албетте, бул багытта билим берүү маселесин түп тамырынан бери өзгөртүүнү талап кылат. Анткени бул тармак негизги экономикалык кирешенин булагы болуп эсептелет. Ошондой эле заманбап экомикалык абалга эмгек майданынын өсүшүнө, капиталдын болушуна, интеллектуалдык ресурстардын, мыкты адистердин келишине зарыл, алар туризмдин талабына татыктуу болушу керек.

Туризм жаатындагы атайын адистерди даярдоо окуу жайлары менен ишканалардын ортосундагы мамилелердин жоктугу бул багытта атайын адистерди даярдоочу окуу жайлардын ортосундагы алака мамилелердин, келишимдердин түзүлбөгөндүгүнө байланыштуу. Бул окуу жайлары өз киндиктерин өздөрү кесишип өз алдынча иш алып барууда. Ошондуктан, туризм тармагында адистердин өтө аздыгына карабастан, окуу жайды жаңы аяктаган жаш, тажрыйбасы жок адистердин туризм жаатында иштеп жатканын кезиктирүү мүмкүн эмес.

Сабатуу, туруктуу жана конструктивдүү мамлеккеттик саясаттын жоктугу, маселенин анда-санда көтөрүлүшү, ар кандай макулдашуулардын, биримдүүлүктүн жоктугу, туризмди өнүктүүрүдө, адистерди даярдоодо чоң көйгөйлөрдү жаратууда. Ушул себептен улам бул социалдык өнөктөштөр мамлекеттин жардамысыз эле бул милдеттерди өз моюнуна алып маселелерди чечип жана аткарып келе жатышат.

Туризм жаатындагы көйгөй болобу, же адистерди даярдообу, же бул социалдык өнөктөштуктү түзүүдөбү, айтор мамлекет эң негизги, эң башкы ролдуойношу керек, себеби бул учурдун курч талабы. Ошондуктан, социалдык өнөктөштүктү түзүүнүн формасын жана иштөө тартибин аныктап түзүү зарылдыгы турат жана жасалуу жолдорун, экономикалык шарттарын изилдөө, ошону менен бирге анын кызматын, аны аткаруу чөйрөсүн аныктоо керек. Бул багытта иштөөнүн далили болуп туризмдин инфраструктурасы негизги киреше булагы экендигин эсептелет, ошондой эле адистерди даярдоодо, жаңы, сапаттуу өндүрүштөрдү түзүүдө кошумча чыгымдар талап кылынбайт.

Экономикалык өзгөрүүлөр болуп жатканда адистерди даярдоо маселеси заманбап талабына жооп бериши керек, себеби эмгек майданы жумуш беричүүлөрдүн суроо-талабын канаттандыруусу ылайык . Ошондо гана адистерди даярдоо маселеси экономикалык жана социалдык негизди түзө алат. Демек, ушул шарттар адистештирилген окуу жайлардын, туристтик бирикмелердин, жумуш берүүчүлөрдүн, мамлекеттин бириктешип иштөө зарылдыгын көрсөтүүдө, анткени бул социалдык өнөктөштүктүн жыйынтыгын өздөрү колдоно алышат, гүлдөп өсүү жолдору пайда болот жана атакты чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө жетишет.

Мындай өнөктөштүк жол атайын адистикти окутууда ар бир өнөктүн кызыкчылыгын көздөйт: бул адис тажрыйбалуу, өз ишин так билген жана компетенттүү боло алат. Мындай иш-чара коомду, бизнес чөйрөсүн жана мамлекетти абдан кызыктырыш керек, себеби бул атаандаштыкты жаратат, туризм чөйрөсүнүн өсүшүн камсыз кылат жана киреше киргизе ала тургандыгы айкын иш.

Европа Биримдигинин «Кыргызстанда атайын билим берүү жана адистикке үйрөтүү өнөктөштүгүн өркүндөтүү» жана «Билим берүү» бирикмелеринин доолборлорунун алкагында Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында пилоттук изилдөөлөр болуп өттү. Изилдөөлөрдүн максаты - бул иш-чара жүргөн аймактардагы калктын турмушу, ал-акыбалы, болуп жаткан иштердин көрүнүшү жана мүмкүнчүлүктөрү, кадр маселесинин жетишпестиги жана аларды даярдоо эле.

Туризм чөйрөсүндөгү менеджерлер жана жетекчилер өздөрү компаниянын түзучүүлөрү болгондуктун бул бизнести башка колго өткөрүүгө даяр эмес.Ушул жетекчилердин атайын адистештирилген билими болбогондуктан жоопкерчиликти алууда алардын мүмкүнчүлүктөрү чектелген. Бул маселелерди кесипкөйлөр атайын пландардын, программалардын, көрсөтмөлөрдүн негизинде гана кабыл ала алат.

Албетте, мындай кесипкөйлөрдү атайын окуу жайлары жана адистештирилген лицейлер даярдашы керек, себеби эмгек майданында бул кызматты аткарууучулардын жетишпегендиги учурда 80% түзөт.

Изилдөөлөргө таянсак, туризм жаатындагы адистерди даярдоону негизинен 15 жогорку окуу жайлары аткарышат, бул сан жалпы жогорку окуу жайларынын 27,3% түзөт, атайын окуу жайларынын саны 2 гана болгондуктан бул 1,6 % көрсөтөт. Бул салыштуулардын негизинде жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү жумушсуздуктун санын көбөйтуүүдө, анткени бул бүтүрүүчулөр өз адистиги боюнча кызмат ордун таба алышпайт.

Кыргызстан территориясы 95% тоолордон турат, демек жаратылыш байлыктары көп. Өлкөбүздүн калкы ар кандай улуттардан түзүлгөндүктөн, каада- салттары, өзгөчөлүктөрү, байыртадан келе жаткан үрп-адаттары экологиялык жана таанып-билүүчүлүк туризмди өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу шарттарды тузөт.

Кыргызстанда 19 корук жана жаратылыш парктары бар. Бул майданда болгону 625 адам эмгектенет. Жогорудагы пилоттук изилдөлөргө таянсак, экологиялык туризмдин өнүгүшү начар экендиги далилденди. Атап айтсак, Ош облусунда болгону 1,7%, Ысык-Көлдө -1,5 %, Чуй өрөөнүндө - 2,5 %, Жалал-Абадда 1,5% пайыз эмгек орду бар. Ушул киреше булактары негизинен айыл өкмөттөрүнө тийешелүү болгондуктан, албетте булардын кызыкчылыгы зор экендиги белгилүү. Айыл жергесиндеги жумушсуздардын саны 1,599 га жетти. Эгерде ыңгайлуу шарттар түзүлүп берилсе, албетте бул сан кыскармак, себеби алардын көпчүлүгү экологиялык, таанып билүүчүлук туризм жаатында чакан бизнес ача алмак. Мындай кызматташтык ички жана тышкы миграцияны токтотууга,өлкөдөгү туруктулуктуу кармоого зор салым кошмок.

Пилоттук изилдөө дагы бир топ башка да көйгөйлөр бар экендигин айгинеледи. Эмгек майданындагы жумушсуздукту 15 жаштан 25 жашка чейнки жаштар түзгөндүктөн, бул көрсөткүч 62% түзөт. Албетте, жаштар калыптана эле болгондуктан, криминалдык структуралар, диний, экстремисттик топтор, айрым саясатчылардын таасирине кирип кетүү коркунучу бар. .Жыйынтыгында, араздашуу, бөлүнүп-жарылуу жана жакырчылыктын көбөйүүсү сыяктуу коркунутар бар.

Жаштардын жана айыл тургундарынын иш тажрыйбасынын жоктугу, төмөнкү деңгээлдеги жумуш орундарында иштөөгө гана шарт тузөт, бул болсо өтө аз айлык маяна менен камсыз кылат. Ушундай жумуш учурда эмгек майданынын 70% ээлейт. Ушуга окшогон тоскоолдуктар аймактардын өсүп-өнүгүшүнүн тең салмактуулугун бузат,эмгек майданындагы талаптарга жооп бербейт жана адистиктеги билимдин өсүү деңгээлин кыскартат.

Жаштар,айрыкча айылдык жаштар турмуш жолун баштап жаткан мезгилде жумуштун өзгөчөлуүктөрүн жана мүмкүнчүлуктөрүн билбегендиктен, кошумча маалымат аз болгондуктан өздөрүнө кесип тандоо мүмкүнчүлуктөрү чектелуүү. Бул шарта жаш адистер дагы бир жолу тоскоолдукка учурашышат, алган кесиби эмгек майданындагы суроо-талапка толук жооп бербейт. Көпчүлүк ата-энелер балдарыбыз жогорку билимге ээ болсо эле (айрыкча айыл жергесинде) болду деген түшүнүктө жашашат. Дипломду алган баласы иш менен камсыз боло алабы,кандайча кызмат кыла алат ? Бул жөнүндө эч ким ойлонгусу келбейт. Кайрадан эле жумушсуздардын армиясы көбөйөт. Албетте, жашоого туура келбегендиктен, турмуш кечирүү оор болгондуктан, айрымдарынын кесиптик лицейлерде билим алуу зарылдыгы келип чыгат, ал эми көпчүлүгү чет мамлекеттерге барып иштөөгө, же болбосо аз маяна төлөнгөн төмөнкү деңгээлдеги жумушту аткарууга мажбур болушат.

Эмгек менен камсыз кылуу,адистикти берүү үчүн туризм жаатындагы өнөктөштүктүн зарылдыгын эч ким тана албайт. Мындай шериктештик эки тараптын алакасын жаратат, максат коюууга, жемишти жыйнап алууга, бул өнөктөштүктү алып баруунун формасын жана жолдорун түзүүгө көмөк көрсөтөт.

Пилоттук изилдөөлөр ар бир аймакта экотуризмди өнуктүрүү үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар экендигин көрсөттү. Бирок адистердин аздыгы,бизнестин начар коюлгандыгы,иштеп жаткан кызматкерлердин, алардын жетекчилеринин кесиптик алсыздыгы, мамлекеттин колдоосу жоктугу бул чөйрөнүн өсүшунө тоскоол болууда. Окуу жайлары экотуризм багытында адистерди даярдашпайт, айрымдары гана бул багыттын өзгөчөлүктөрүн түшүнө билишет. Үч өзөктүн :мамлекет, бизнес жана кесиптик окуу жайларынын ортосундагы алака мамиленин жоктугунун жыйынтыгы мына ушул.

Кыргызстандын өзөгүн экотуризм түзөт, кызыгууну жаратат, "Алыскы тоолуу, жашоо турмушу начар, шарты болбогон алыс жакка жаш адистер барабы ?"-деген суроо туулат.

Андыктан, туризм жаатында жергиликтүү тургундардан эмгек кадрларын даярдоо маселеси биринчи орунга чыкты.

Мамлекет жана жергиликтүү айыл өкмөттөрү бул зарылчылыкты түшүнүшөт,бирок бул жаата мамлекеттик болобу, же жергиликтүү деңгээлде болобу эч кандай саясат жана өнүгүү жолдору аныкталган эмес. Жумуш берүүчүлөрдун окуу жайларына койгон дагы бир талабы - бул окуу жайлары толук кандуу адистерди даярдай алышпайт,бүтүрүүчүлөр чет тилдерди билишпейт. Бул болсо башка кесиптеги адистерди - тилчилерди же эл аралык окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн кызматка тарттырат , себеби аларда тил билүү маселеси жок. Бул жаш бүтуүүчүлөр жумуш ыкмасын билбегендиги, кесипкөйлүктүн жоктугу менен айырмалангандыктыктан кайрадан окутуу, үйрөтүү зарылдыгы пайда болот, ал болсо убакытты жана кошумча чыгымдарды талап кылат.

Кесиптик окуу жайлары жумуш берүүчүлөргө жооп катарында алардын окуунун жүрүшүнө кызыкпагандыгы, окуу программасын түзүүдө жана жумуш ордунда тажрыйба алууда көмөк көрсөтпөйт деген аргументти айтышат.

Тегерек столдун алкагындагы кызуу талаш - тартыштарын негизинде катышуучулар үч өзөктүн биргелешип иштөө керектигин, алакалык мамиле түзөө билуүүсүн, социалдык өнөктөштүктүн принцциптерин аткара ала тургандыгын, туризм жаатында кесипкөйлүккө ээ болууну, окутууну жолго салууну, ар бир жааттын кызыкчылыгын коргоону, тийиштуу нормативтик базаларды түзө билүүнү, салык маселесин карап чыгуу керек экендигин белгилеп кетишти.

Дагы бир көтөрүлгөн маселе - бул окуу жайларда эмгектенген мугалимдердин иш тажрыйбасынын, билим деңгээлин жогорку даражага жеткирүү. Бул студенттердин терең билим алуусуна, туризимдин өнүгүүсүнө, бул багыт үчүн кемпингтерди курууга жана пайдаланууга өбөлгө түзөт.

Бул максатта иш чараны аткарууда дагы бир жолу кайталанычуу маселе мамлекеттин орду,себеби мамлекет гана негизги багытты ,маселени чечүүдөгу иш тартипти аныктай алат. Муну биз социалдык өнөктөштүк дейбиз.

Бирок,тилекке каршы,туризм саясаты Кыргызстанда өнүккөн эмес,мыйзам жолу толук аныкталбаган,өнүктүрүү багыты да такталбагандыктан социалдык өнөктөштүктү түзүү мүмкүнчүлүгү жокко эсе.

Туризмди өнүктүрүү максатындагы жолду аныктоодо, албетте, эл аралык

эксперттердин пикирине кулак салуу керек. Алардын бири Австриялык доктор Кристиан Баумгартнер быйылкы жылы 1 миллиард туристтердин болушу мүмкуүн экендигин эскертет. Мындай көрүнүш жыл сайын өсүүдө,бул кыймылга экономикалык кризистер да тескери таасирин тийгизиши мүмкүн эмес. 2005 жылдан бери туристтердин саны жыл сайын 6,5% өсүүдө,ал эми 2010 жылы эл аралык туристтердин саны 940 млн-го жеткен, ал эми 2020 жылы 1,6 миллиардка жетет деген болжолдоолор бар, себеби туристтерди Азия өлкөлөрү көп кызыктырууда. Бирок, бул Азия өлкөлөрүнүн баюуусуна, өсүп-өнүгушүнө толук шарт түзө алабы, кандай иш-чаралар аткарылышы керек ? Бул маселелерди чечүүдө жаратылыш өзгөчөлүктөрүн, аны коргоо жолдорун жана кандайча жүзөөго ашыруу керек экендигин толук кандуу аныктоо керек.

Дагы бир кыйынчылык - бул өлкөдөгү саясий туруктуулуктун жоктугу,бирок бул убактылуу көрүнүш болгондуктун анча деле коркунуч күтүлбөйт. Демография маселеси да туризмдин өнүгүшүнө таасирин тийгизет. Экономикасы жарды адамдар миграцияга дуушар болушпайт ,андыктан алар бизнести өнүктүрүү аракетине да катыша алышпайт. Эл аралык туризм маселесине терең ойлонуу менен,туристтердин кызыкчылыгын, маданиятын, диний жана жаш өзгөчөлүктөрүн да эсепке алуу маселеси бар. Жашы улгайыңкы туристтердин саны жылдан жылга көбөйүүдө. Бул болсо аларга өзгөчө жана аяр мамиле кылуу,кызыктыра алуу керек дегенди билдирет.

Туризмдин өнүгүшүнө климаттын терс жакка өзгөрүшү да таасирин тийгизүүдө, анткени транспорт ( унаа) көбөйүп жатат. Ошондой эле жаратылыш байлыктарын, атап айтканда отелдердин сууну чексиз колдонуусу, булгагандыгы, ошондуктан аны кайрадан ичүүгө туура келгендиги да ойлонтпой койбойт. Бул жагдайды Индия мамлекети жакшы колго алган : сууну жылытуу максатында күн батареялары колдонулат.

Массалык туризмдин көбөйүп баратышы да көңүл бурууну талап кылат, себеби ар ким өз алдынча жеке өзү эс алгысы келет. Бул жерде пирамида принцибин тутуу зарыл : пирамиданын чокусу - бул келечек, ал болочок муундарга мураска кала турган нерсе.

Эл аралык туризмди өнүктүрүүдөгү негизги маселенин бири - эл аралык туристтердин санын болжолдуу түрдө аныктап туруу, туристтерди кабыл алган өлкөнүн экономикалык абалын эске алуу, калктын жашоосун изилдөө болуп эсептелет.

Бүткүл дүйнөлүк туристтер бирикмесинин билдирүүсунө караганда, туристтердин 75 % туруктуу туристтер. Алардын өздөрүнүн багыты жана көздөгөн кызыкчылыктары бар. Экотуризимге кызыккандардын саны 5%. Кыргызстанга кызыккан, көрөм деген,

Кыргызстанга салым кошом деген туристтерди 25 % деп баалайбыз. Бул меймандар Кыргызстандын жаратылышына,тарыхына, маданиятына кызыккан адамдар. аларга экстримдин кереги жок. Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнүн дагы бир принциби - туризмдин өнүгүү түзүлүшүн так билүү, кошуна мамлекеттер менен алакада болуу, адистерди өстүрүү экендигин унутпайлы. Бириккен Улуттар Уюму туризмдин өнүгүшү жакырчылыкты жоет деп эсептейт. Көпчүлүктүн оюнда туризм чөлкөмүнөн жалаң гана колунда бар адамдар пайда табат деген пикир бар. Бул таптакыр туура эмес, тескерисинче элет жерлердеги жакырчылыкты жоюууда зор туризм ишкерчилиги зор көмөк көрсөтмөкчү. Буга мисал кылып Черногорияны айтсак болот. Акыркы 10 жыл ичинде Черногория туризмди өлкөнү өнүктүруүүнүн негизги багыты деп тааныгандан кийин ар кандай иш-чараларды иштеп чыкты. Мисалы, тоого чыгууда жэргиликтуу тоону сүйүүчүлөр ишке тартылды. Бирок булар гид катары эмес,тез жардам көрсөтүү жана өзгөчө кырдаал жаатында кызмат аткарышат. Дагы бир маселе - элет жергесинде жашаган жергиликтүү калк туристтердин эмнеге кызыгаарын билишпейт. Мындан туристтер үчүн шарт түзүп берүү зарылдыгы келип чыгат. Бул сервис деп аталат: тутамына жашоо шартын түзүү, кандай тамак жасап берүү,эмнеге ынтызар деген маселелерди камтыйт. Бул маселени чечүүдө жергиликтүү азык - түлүктүн кандай экендигин, анын сапатын, бул туристтерге керекпи деген суроону да тактап алыш керек.

Кайрадан эле Черногорияны алсак, ал жактагы картошка ири өлчөмдө жана абдан даамдуу келет, а биз болсо момө - жемишибиз, кагыбыз менен сыймыктансак болот. Демек, Кыргызстандагы азык - түлүк маселесине көңүл буруу, анын сапатын жакшыртуу зарылдыгы бар. Бул багытта мейманкана, отелдер жана дүкөндөр бирдикте иш жүргүзүшү керек. Мейманкана жок болгон жерде, албетте кыргыздын жарым саат аралыгында даяр боло турган үйүн - боз үйдү колдонуш керек. Ошондой эле туроператордук кызматтан пайдалануу мүмкүнчлүгү бар. Бул максатта министрликтердин, жарандык секторлордун, бизнес чөйросүнүн ортосунда меморандум түзүлүшү керек. Бирок бул жөн гана келишим болбостон, жүзөгө ашырылуучу документ болушу керек. Бул долбоор ишке ашса, албетте ар бир түзүм учун пайда болору шексиз. Долбоор ар дайым толукталып,жакшыртылып турушу жөнүндө маселе болбостугу

бул айдан ачык маселе.

Эми Лаосту алып карайлы. Аяктагы бир кичинекей кыштакка туристтер келип эле жатышкан, бул көрүнүш тегеректеги кыштактардын өнүгүшүнө да оң таасирин тийгизе баштады. Ошол эле учурда жаратылышты коргоо, улуттук каада - салт, үрп - адаттарды сактоону унутпаш керек. Гиддер жергиликтүү жаныбарларды, өсүмдүктөрдү таанып - билсе, саякат учурунда бул жаратылыш байлыктарын колдонуп, улуттук тамак - аш бышырып туристтерди коноктой алса, бул сөзсүз турдө унутта калбайт жана башка туристтердин кызыгуусун да арттырат. Ошондо жаштарды шаарга агылуусун да токтотуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Буга Лаос өлкөсү мисал.

Эквадор. Бул өлкөдө үйлөрдү жергиликтүү курулуш материалдардан жасаша жана туристтерге батирге беришет. Ушунун өзү үй – бүлөгө кошумча каражат алып келет. Бул жерден дагы бир жолу боз үй жөнүндө айтсак болот.

Шри -Ланка мамлекетинде чакан мейманканалардын иштөөсү өнүккөн. Бул жакта иштеген жаштар бир эле мезгилде жумушун аткарышат жана билимин өркүндөтө алышат, жыйынтыгында тажрыйбалуулук өсөт, туризм өркүндөйт. Шри - Ланканын экинчи кызыктуу нерсеси - булар өздөрүнүн гиддерин башка мамлекеттерде окутуусу болуп эсептелет. Алар ал жактан ар кандай тилде сүйлөгөндү үйрөнүп, ал өлкөдөгү өзгөчөлүктөрдү байкап келгендиктен, өз мамлекетине кайткан соң башка гиддерди окутуу мүмкүнчүлүгүно ээ болушат, ошентип эл аралык мамиле да терең өсөт.

Кыргызстанга эл аралык алкакта боло турган өнөктөштөр да керек. Мисалы, Дунай дарыясынын жээгинде 10 мамлекет жайгашкан. Мунун өзү эле биримдикти түзгөндүктөн, бул 10 мамлекет Дунай дарыясын мындан ары да өркүндөтүүнү өз милдетибиз деп эсептей башташты. Албетте, ар бир мамлекеттин өзүнүн өзгөчөлүүлүгү бар, шарты ар кандай, буга карабастан өркүндөтүүнүн жалпы багыты аныкталды жана ишке аша баштады. Негизги басым жергиликтүү калкты ишке тартууга коюлду. Бул жакта туризм, тоо туризми жана велосипед туризми орчундуу болуп эсептелет. Эгерде Сербияга болжол менен 1000 дей велотуристтер келип жүргөн болсо, жол белгилери орнотулуп , машруттар иштетилип чыгып, карталар бериле баштагандан кийин велотуристтердин саны бир жылдын ичинде 15 эсеге өскөн.

Университеттер, башка билим берүү мекемелер, бей өкмөт уюмдар, профсоюздук ассоциациялар бул багытты колдоого алуусу керектиги айдан ачык болуп турат. Социалдык өнөктөштүктүн болушу мамлекеттин, жергиликтүү органдардын, бизнес жаатынын, профсоюздардын төмөнкү багытта иш алып баруусу зарыл:

- Мүлктү күрөөгө коюууга мүмкүн эместигин эске алуу менен жаштарга экотуризмди өркүндөтүү максатында жеңилдетилген кредит берүүнү калк арасында талкуулоо,

- Туризм жаатында ишкердикти ачкандарга, айрыкча жаштарга салыктын жөнөкөй жана жеңил болушу. Мындай аракет айрыкча баштапкы мезгилде зарыл экендигин эске алуу ;

- Жогоруда айтылган жаңы ойлордуу эске алуу менен туризм жөнүндөгү мыйзамдын доолборун калк арасында талкуулоо жана карап чыгуу ;

- Бизнес жаатындагы ишкерлерди жана кесипкөйлөрдү даярдаган окуу жайларынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү, эки тараптын биримдиги менен окуу программасын иштеп чыгуу, окутуунун ыкмаларын аныктоо, кесиптик стандарттарды тактоо, тажрыйба алмашуу, окуутучуларга бизнес ишкерлеринин көмөк көрсөтууүүсү, окуу процессине туризм ишкерлерин тартуу ;

- Элет жергесинде экотуризмди өнүктүруүү концепциясын иштеп чыгуу ;

- Экотуризм жаатында Кыргызстандын абройун арттыруу жана көтөрүү,

- Туризм багытындагы жогорку билими бар адистерди кыска мөөнөттөгү курстарда кайрадан окууту ;

- Ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүү максатында өз алдынча иштей ала турган ишкерлерге мүмкүнчулүк берүү ;

- Айылдык мектептерде «Аймак таануу» сабагын иш планга киргизүү, ошондой эле бул максатта мектеп окуучулары менен маданий экскурсияларды өткөзүп туруу ;

- Дене тарбияга жана тоо туризмге,тоо спортуна кызыгууну арттыруу максатында концепцияны карап чыгуу жана киргизүү. Ушул чечим экстремалдык туризмге да тиешелүү ;

- Туризм, экотуризм жаатында адистерди, мугалимдерди даярдоо концепциясын аныктоо жана жайылтуу ;

- Жаратылыш коруктардын, парктардын, лагерлердин, турбазалардын мыйзам ченемдүүлүгүн аныктоо ;

- Мамлекетке, профсоюздарга тийиштүү объектилердин акыбалын, алардын иштөөсүн калк арасында талкуулоо ;

- Волонтердук негизде активдүү студенттерди долбоор тузүүгө тартуу ;

- Туризмди даңазалоо, абройду көтөрүү максатында Кыргызстанда ар кандай иш - чараларды өткөрүп туруу, буга басма сөз каражаттарын, жарнак, көрнөк кызматын тартуу.

1)Ибрагимова.Г -- билим беруу жаатындагы эксперт

2)Карымшакова Г .—Евробиримдигинин “Социалдык өнөктөштүктү кесиптик билим берүүдө жана окутууда онүктүрүү” долбоорунун координатору

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×