Добавить статью
7:17, 7 июня 2012 20041

Ошто июнь коогалаңы жүрүп жаткан учурда жазылган ырлар

(Ыр-реквием)

Бул ырлар 2010-жылдын июнь айында жазылган эле. Ош шаарын түтүн каптап, атылган октор жүрөктөрдү көзөп, көчөлөр жылан сыйпап кеткендей ээн калып, коркунуч үшүн кетирген шаарымда ой-сезимдер кансырап турган чакта жан-дүйнөнүн «ачуу чыңырыгы» болуп жаралган. Ээн көчөлөрдө жолбун иттер гана каңгып жүрүштү. Бул улуттар аралык кагылышууда эки тараптын тең карапайым эли гана азап тартаарын өз көзүм менен көрдүм. Элдин убалына калгандар эч качан оңбойт!

Ош шейиттери

Жараткан ай, шумдугун бул не деген?!

Көр казылса бир күндө жүз-жүздөгөн.

Аял-эркек бир чуңкурга көмүлсө,

Өз койнуна жер да кантип алды экен!

Кайгы жутуп, ыза өрттөйт көөдөндү,

Өлүмдүн суук мыкчып турса чеңгели.

Эриш-аркак эгиз элдер касташып,

Эмне болуп баратабыз биз деги?!

Таш бараңдан өлдү балтыр наристе,

Бычак жеди боюнда бар энелер.

Шейит кетти коргоп элдин намысын

Кыз сүйө элек кырчын улан, кыраан эр.

Шаар тунжурап кийип турат азаны,

Жашаганга жетпестей күч-кайраты.

Шейиттери Оштун баары чогулуп,

«Токтоткула!» деп наалышып жатабы?

Изин суутуп өрт чыгарган өзөктөн,

Азап тарткан баягы эле калың эл.

Ким кааласа ушул күндү кан күсөп,

Кунун алсын ал дүйнөдө шейиттер!

Улут бөлгөн өздөн чыккан жоо дешет,

Ким корсунуп, кимге дагы не жетпейт?!

Койнун ачып, элдин баарын тең көргөн,

Өгөйлөбөйт, баарыбызга кең Мекен.

15.06.2010 Ош ш.

«Көз мончоктой көркөм эле Ош калаам…»

Көңүлүм суз, суктана албайм көркүңө,

Мени быйыл тааныбассың, Ысык-Көл.

Ата-Журтту майыштырган белинен,

Кандуу күндөр жүрөгүмдөн өчө элек.

Жылдагыдай сызгырса да июль ай,

Толкун ойноп, көлдүн суусу жылыбайт.

Ичтен кайнап, баса албастан толкунун,

Кайгымды тең бөлүшкөндөй туюлат.

Оштон келдим ок атылып, өрт күйгөн,

Кара түтүн каптап турган көп күндөр.

Каран күн ай, кыяматың ушулбу,

Көмүлбөстөн жолдо жатса өлүктөр…

Көз мончоктой көркөм эле Ош калаам,

Көп улуттуу, «сен», «мен» дебей жашаган.

Куттуу шаарга бүлүк салып, ырк бузган,

Кайдан чыкты кара ниет кас-душман!

«Кетпе!»- дебе эрке кыял толкундар,

Силерден да артык көрөөр Ошум бар.

Кымбаттыгын кыйын күндө кеч билдим,

Күтөт шаарым. Кош, толкундар, кошкула!

***

«Кабыргам кайыштырып Ошко кайттым…»

Сөйкөмдүн бири түшүп көлдө калды,

«Кетпе!» деп толкун кыйбай жула качты.

Кайыр, кош! Кала турган учур эмес…

Кабыргам кайыштырып Ошко кайттым.

Бул шаарда мага жашоо буюрган соң,

Башына мүшкүл түшүп турган кезде,

Жанымды ала качуу –өлүмдөн оор,

Жаралып калганындай боор этимден.

Кадырын билбептирмин жайчылыкта,

Тагдырын ойлоп азыр түтөп күйөм.

Болсом да өзүм назик, аялуу жан,

Намысым тоодой экен жүрөгүмдө.

Амандык жеңет дешет жамандыкты,

Жүрөктүн акыр бир күн кетер тагы.

Жоготтук үч жүз токсон төрт адамды ,

Биз үчүн бул турмуштун оор сабагы.

Намыска туулуп калган эрлери бар.,

Кыргызым кыйын күндөн далай чыккан.

«Атаңды өлтүргөнгө энеңди бер»,-

Айкөлдүк мурас тутуп алмустактан.

Сөйкөмдүн бири түшсө көлгө мейли,

Сөйкөдөй кош кулакта эки элбиз.

Жарашып ордо шаарга, ыйык тоого,

Ынтымак жашайлы эми биргелешип!

2.07. 2010-жыл, Ош - Ысык-Көл – Ош

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

14-12-2011
Аймактык ММКлар эмне үчүн укук коргоо темасында аз жазышат?
153360

01-12-2011
“Кара чүмбөтчөндөр” өздөрүн коргоого, ал эми дарыгерлер коргонууга даяр...
79434

28-09-2011
Курманжан датканын 200 жылдыгына карата ыр-түрмөк
38871

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×