Добавить статью
11:14, 7 июня 2012 35412

«Кайран Эл» аракечтериң неге жашарууда?

Улуу Докенин (албетте Дооронбек Садырбаев) «Кайран Эл» көркөм тасмасы көз алдыга тартылат. Анда негизи Элди, Жерди, Мекенди коргоо, сактоо үчүн канжыгага башын байлаган «кайран эл», демек кыргыздардын 1916-жылдагы кырылгандары сүрөттөлөт. Азыр кудай анын бети ары кылсын андай кыргын жок. Бирок «кайран эл» өзүнөн-өзү жер кезип, өзүнөн-өзү ууланып кайдадыр бир туңгуюкка бара жатат.

Арактан өлгөн алтоо азбы же көпбү?

Быйылкы жылдын апрель айында Нарын шаарындагы Нарын облустук бириктирилгени ооруканасынын (НОБО) кайра жандандыруу бөлүмүнөн аракечтиктен эс учуна келе албай 3 адам каза болгон экен. Ал эми өткөн 5 айда 5 адам ичкиликтин айынан жан таслим кетсе, 5-июнда 64 жаштагы аял бир апта эсине келбей жатып, оо дүйнөгө аттанган. Бөлүмдүн улуу медициналык айымы Шайырбүбү Бекболотова сандарды салыштырып оор үшкүрүнүп алды.

«Биздин бөлүмгө былтыркы жылы жыл ичинде алкогол менен ууланып жалпысы 24 адам келиптир. Алардын сегизи эс-учтарын билбегендер болуп саналат. Натыйжада жетөө бөлүмдөн чыкпай каза болушкан. Тогузу наркологиялык бөлүмгө которулган. Быйыл 5 айда арака ууланып 12 адам түшсө, алардын жетөө эс-учтарын билбей келдерген. Тилекке каршы 5 адам жарык дүйнө менен коштошту. 5-июнь күнү 64 жаштагы аял да бир жума жатып, эсине келбей тиги дүйнөгө кете берди»-деп мунканган медайым 7-июнь күнү Нарын районундагы айылдардан дагы бир адам арака ууланып келгендигин кеп кылды. Аңгыча ак халатчан дарыгерлер топтолушуп, эс-дарты жок кайра жандандыруу бөлүмгө алып келинген «кайран элдин» бир урпагын тегеректеп дарттарын аныктоого киришишти. Кычкылтектин күчү менен дем алып жаткан «кайран бир кыргыздын» бөлүмдө жаткан жеринен мен да күбө болуп көрдүм.

«Азыр ушундай абалга тушуктук. Аракечтикке эң кымбат баадагы дарылар керектелет. Орточо бир адамды дарылоого 6 миң сом кетет. Айрымдарына 16 миң сом талап кылынат. Бирок кеп акчада эмес, кеп өмүрдө болуп жатат. Кеп келечек муундарда, генефонддо»,-дейт бөлүмдүн башчысы Жыргал Алиев.

Бир адамга айына бир литр арак

НОБОнун психо-наркологиялык бөлүмүнүн башчысы Нарынкүл Абдраева 29 жыл бир тармакта эмгектенген облустагы бирден бир адис катары соңку жылдарда алкоголигдердин арбып жана жашарып бара жаткандыгын, жыйынтыганда 1995-жылдан кийинки төрөлгөндөр арасында кем акыл балдар көбөйгөндүгүн каңыры түтөп кеп кылып жатты.

«Мен 1983-жылы Нарындагы ошол учурдагы наркологиялык диспансерге келип иштей баштадым. Көрсө арактан уулануу деген анда жокко эсе экен. Байкасам соңку жылдары алкоголигдер көбөйдү. Негизинен 20дан 45 жашка чейинкилер. Менимче соңку жылдары спирт ичимдиктерине берилгендер 3-4 эсе өстү»,-дейт дарыгер айым. Анын баамында бир кыйла себептер бар.

«Биринчиси албетте жумушсуздук. Кылаарга иштери жок жаштар арак менен алектенүүдө. Анан үй-бүлөдө жашоого каражат жетишпесе, социалдык фактор төмөндөсө, адам аргасыз деле ушундай жолго барат да. Экинчиден шаан-шөкөт көп. Мисалы 10 жана 20 жылдык деген жолугуулар дагы себеп болууда. Бирөө 20 жылдыкка барып үч күн тынбай ичкен экен, дарыланууга аргасыз болууда. Дагы бир мисал базарда олтургандардын 80 пайызы аракечтер десем жаңылышпаймын. Аны байкоо салган деле адам жок. Алар эртең менен келгенде соодабыз жакшы болсун деп ишти арак ичүүдөн башташып, кечинде жакшы соода болду деп стакан кагышып кетишет экен. Айтор адамдарда жашоого кызыкчылыктар жок болуп бара жаткандай. Балдарыбызды окуталы, үйлөнтөлү, андай жашайлы, минтели деген сапаттар жоголгонсуйт. Айрым эркектерде үйдө башчы болуу түгүл, үй-бүлөнү багайын деген сезимдер жок экендиги байкалууда. Арактын айынан өз жандарын канча адам кыйып муунуп өлүп жатышат. Мен алган маалымат боюнча Кыргызстандагы 5 миллион адамдын ар бирине айына 1 литрден туура келген арак сатууга чыгарылат экен»,-дейт Н.Абдраева айым.

Жалдыраган жаш келин

НОБОнун психо-наркологиялык бөлүмүнүн башчысы Нарынкүл Абдраеванын жардамы аркылуу бөлүмдө жаткан «кайран алкаштардын» экөөсү менен кептешүүгө өбөлгө түзүлдү. Биринчисин өз ара аны менен макулдашып ысымын Жылдызбек деп атадык. 34 жаштагы Жылдызбек жогорку билимдүү адам болуп чыкты. Ат-Башынын бир айылында чоңойгон каарманыбыз 22 жылдан бери Бишкекте жашайт. 19 жашында пивонун, 24 жашында арактын даамын таткан кайран Жыке кийинчерээк 10 күндөп ичкенди адатка айландырган.

«Мен институтту бүттүм, бирок адистигим менен иштеген жокмун. Орусияга барып ар кандай жумуш кылып жүрүп, чынында психикалык жактан жапа чектим. Квартирадан чыгарып жиберишет, камап салышат. Талаалап дачаларда жашаган күндөр болду. Анан ичкенге ык алдым. Түн ортосунда туруп алып арак издеген күндөр болду. Ошондуктан кандай болгон учурда да күнү-түнү болобу үйдө арак болгондой шартка жетиштим. Ушуну менен үчүнчү жолу дарыланып жатам. Биринчисинде 7, экинчисинде 9 ай ичкен жокмун. Намаз окуп, 40 күн дааватка да чыктым. Бирок толук арак ичпей коё албай жатам»,-дейт биздин Жылдызбек. Ал эми биз Гуля деп ат койгон аялдын тагдыры бир аз башкача. Гуля 38 жашта. үч жолу турмуш жаңыртып, үчөөнөн үч балалуу болгон. 9-классты аяктагандан кийин мектеп босогосун кайрылып кайра аттаган эмес. 40 жашка чыга элегинде эле жалдырама мүнөзгө кириптер болуп калган Гулянын акыл эси бир орунда эместиги билинет. Анын айтымында апасы каза болгондо катуу капаланган жана ошондон тарта арак менен дайыма достошкон. Ага кошул ташыл жолдон бир унаа баланы сүзүп кеткендигин көрүп катуу чочуп кыйкырган жана талма оорусу менен жапа чегип калган.

«Бул келиндин он күндөп арак ичкендиги бизге белгилүү. Ошондон улам ушундай акыбалга тушукту»,-деген Н.Абдраева айым облус боюнча бир дагы нарколог жоктугун каңыры түтөп белгилейт.

«Азыр наркологдун ишин психиатр 0,5 ставкада аткарып жатат. 2009-жылга чейин атайын бейтепкана бар эле, аны болсо жоюп салды. Айтор наркология мамлекеттик мааниде каралбай калды. Анан кантип иш оңолот»,-дейт Н.Абдраева айым.

Сандар эмнени сайрайт

НОБОнун психо-наркологиялык бөлүмүнүн улуу медициналык айымы Венера Кенжекеева менен баарлашып төмөндөгүдөй маалыматтарды алдык.

2003-жылы аталган бөлүмгө жин оорусу (психиатриялык) менен 192 адам жатып, 189у дарыланып чыкса, алкоголиг оорусу менен 30 адам жатып, отузу тең дарылып чыгышкан экен.

2006-жылы жин менен 254 адам жатып, 270 адам дарыланып чыккан. Бул жылда алкоголиг дартына чалдыгып 79 адам жатса, 91 адам дарыланып чыгарылган.

2011-жылда жин оорусу менен 190 адам жатып, 205 адам чыгарылат. Жаткан алкаштар саны 196га жетип, чыккандарынын саны 203тү түзгөн.

2012-жылдын 5 айында жинденгендерден жаткандары 67, чыкканы 71. Ал эми аракечтерден 96сы жатып, 89у чыгып кетишиптир.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

16-03-2015
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт
165993

30-10-2014
Эки аймактын эки башка капчыгы
83414

02-10-2014
Эне тилди экчегендер, эли-журтун тепсегендер (Кыргыз тилине арналган пародиялар)
80449

22-04-2014
Мектеп парламентинин үчилтиги
113476

27-03-2014
Ой пикир: Бай сотко барса-барпаңдап, кедей сотко барса калтаңдайбы?
74094

24-01-2014
Оро албаган орок тандайт
52050

20-01-2014
Жыйналышы көп болоор, жыйынтыгы жок болоор
66407

29-11-2013
Жамиланын талаасы
68830

28-11-2013
Калымбүбүнүн карааны
38969

21-11-2013
КИЖКны жеңүүчү ким?
29732

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×