Добавить статью
10:16, 14 июня 2012 50036

Ш.Султаналиев, филология илимдеринин кандидаты

Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмонов жөнүндө «Мезгил жана Алыкул» аттуу көркөм тасма тартылганын угуп, «миң уккандан бир көргөн артык» дегендей, тасма кандай ишке ашты болду экен деп кызыгып атайын кинотеатрга барып тасманы көрүп кайттым. Анткени кыргыз элинин сыймыгы болгон таланттуу акын жөнүндөгү тасманы ар бир адам көрүүгө милдеттүү.

Режиссеру Айдай Чотуева Алыкулдун өмүр баянын толук чагылдырганга аракет кылган, себеби, акындын өмүр жолундагы урунттуу учурлардын баары камтылган. Алыкулдун башынан кандай кыйынчылыктар өткөнүн, маселен, кызынын каза болуп өзү жалгыз көтөрүп чыгып кеткенин, Зейнеп экөөнүн пикиринин келишпестигин элестүү, күчтүү берилиптир.

Режиссердун ролдорду бөлүштүрүү тарабы туура болгон. Алыкул Осмоновдун образын жараткан «Учур» театрынын актеру Чыңгыз Мамаев деген жигит мага аябай жагып калды. Чыңгыз Алыкулга түспөлү жагынан да, үнүнүн аткаруу чеберчилиги дагы, актердук ойноо ыкмасы да дал келип, акындын образын ачып берген.

Ал эми Айдай Жигиталиева Алыкулдун өмүрүндө негизги роль ойногон эмеспи. Айдай ата энесинин сөзүнөн чыга албай, Алыкул экөөнүн сезими ата энесинин айынан талкалангандыгы болгону болгондой берилген. Акын өзү дагы айткандай «Котором, таң калам, кубанам» дегендей, Жолборс терисин жамынган баатыр чыгармасын жазып ошол сүйүүнүн күйүтүн басканы тасмада чагылдырылган.

Ошондой эле тасмадагы Мидин менен Алыкулдун мамилеси жаман болгон деген пикир туура эмес. Негизинен Мидин Алыбаевдин «Мааниси жок Махабат» аттуу Алыкул Осмоновдун чыгармасына каршы макаласы бир кырдаалда заказ менен жазылып, ошол кездеги «Ленинчил жаш» газетасына чыгып кетет. Чындыгында эки бир туугандын ортосунда деле карама каршылыктар болуп, кайра жарашып атышпайбы. Анан бир макалага карап, кыргыздын эки залкар талантынын ортосуна дубал коюуну туура деп эсептебейм. Мидин Алыкулду эч качан жаман көргөн эмес, тескерисинче жакшы көргөн. Николай Удаловдун эскерүү китебинде мындай дейт «бир сапар Мидин келип «Алыкул ооруп жүрөт, аны тирүүсүндө сыйлашыбыз керек, биз баркына жетпей жүрөбүз, путевка алып азыр көлгө узатып келдим» деген.

Тасманын мына ушундай кемчилиги болсо болгондур, бирок артыкчылыгы көбүрөөк.

Орустарда адабиятка из калтырган инсандар жөнүндө китептер, кинотасмалар биринин артынан экинчиси чыгып атат. Кыргыз элинде бүгүнкү күндө адабият майданында өз орду бар инсан жөнүндө алгачкы тасма тартылды.

Буюрса, башка дагы кыргыз акын жазуучулары: Жусуп Турусбеков, Мукай Элебаев, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Мидин Алыбаев сыяктуу адамдар жөнүндө тасмалар тартылса, ар биринин чыгармачылыгы жана өзүнчө өзгөчөлүгү бар экенине кыргыз окурман журтчулугуна маалымат болот эле деген ойдомун.

Айтайын дегеним, жаштар китеп окубай калышты. Залкарлар жөнүндө тасмалар тартылса биринчиден, окуучулар жана студенттер алардын чыгармалары менен, экинчиден, басып өткөн жолу менен жандуу, турмушта болуп өткөн сыяктуу тааныш болушмак.

Алыкул улуу акыныбыз дегенибиз менен жаштарыбыз Алыкулдун бир ырын толук айтып бере алышпайт. Алыкулдун чыгармаларын, өмүр таржымалдарын китеп окушпагандан кийин жакшы билишпейт. Окуучулар, студенттер ушул тасманы көрүшсө, Алыкул Осонов жөнүндө толугураак маалымат алат эле деп ойлойм.

Мен бул кинотасманы коруп, жакшы пикирде калдым.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×