Добавить статью
3:27, 4 июля 2012 28278

Манас университетинде маанай кандай?

Кыргыздарды шылдыңдоо, басынтуу, куугунтуктоо көнүмүш адатка айланган. Баш көтөрүп каяша сүйлөгөн агай-эжекелерди шылтоо таап жумуштан которуп же биротоло кетирүүдө. Эми бизди окутканга ошол Түркиядан келген айрым агайлардын моралдык укуктары барбы? Өзгөчө Коммуникация факультетинде мындай көрүнүш күчөп кетти. Түбү келип бул жакшылыкка алып келбеси анык. Биз студенттер каршылык көргөзсөк окуудан айдаласыңар дешет. Андыктан жашыруун ат менен жазып жатабыз. Соттук териштирүү болсо жооп берүүгө даярбыз.

Бардыгы КТМУнун ректору Сулайман Кайыповдун ордуна түрк ректору Себахаддин Балжынын мыйзамсыз келүүсүнөн башталды. Башта деле бар болчу дейли, бирок Сулайман агай аларды тыйып турчу. Биздин Коммуникация факультетинде Бунуямин Айхан деген Кедей хан боло калганда күчөдү. Кыргыздарда эмне сөөк өчтүсү барбы, кыргыз дегенде эле титиреп кетет. Биз урматтаган, студенттер менен жакын, өзү кино тармагы боюнча жалгыз илимдин доктору (Түркиядан коргоп келген), Алматыга жума сайын каттап иштеген Молдияр Ергебеков деген казак агайыбыз бар. Анын фейсбукка жазган маалыматын окуп төбө чачыбыз тик турду. Аны Бунуямин Айхан деген декандын орун басары чакырып, «сен чын эле казаксыңбы?» – деп суракка алат. Ал «чын эле казакмын» деп оюнда эч нерсе жок айтса, декандын орун басары «дагы жакшы кыргыз болбой калганың» деп балп этет. Ошол жерден Молдияр агай «кыргыз сага эмне кылды?» дегенине жооп бере албай, бул сөздү ачыкка чыгарып ийгени үчүн ректоргатка туура эмес маалымат берип агайыбызды жумуштан бошотуп жатат. Мындан улам Кыргызстандын жеринде жүрүп, кыргызга акаарат келтирген декандын орун басарынын Кыргызстанда иштегенге, кыргыз студенттерге сабак бергенге моралдык укугу барбы?!

Ушул эле Бунуямин агай бизге акыл насааттарын берип, кызыктуу сабак берген Кыяс Молдокасымов агайыбыздын сабактарын ачылбайт, ага барбагыла деп кызганычтык кылып жүрүп, агайдын түз сүйлөгөн сөздөрү үчүн кесиби тарыхчы деген шылтоо менен агайды бизден ажыратып жатат. Кыяс агайдын «Азаттык» радиосундагы, КТРдеги, Кыргыз Туусундагы тажрыйбалары, мыкты журналисттик ишмердиги, биздин кызыкчылыгыбызды коргоп келгени бизге өтө зарыл эле. Студенттердин таламын талашкан, мыкты сабак берген Үмүт Асанова эжекебизди факультеттен башка жака которуп жатат. Тажрыйбалуу, кадырлуу агайларыбыз Кубанычбек Идиновду, Кадыр Өмүркуловду, Талип Ибраимовду, Жали Сооданбекти, Асанбек Иманалиевди эгер жарым ставкага иштегиңер келсе кайрылып көргүлө деген кагазын карматып узатып жатат. Тажрыйбалуу эжекелерибиз Сагын Алаева, Гүлзада Станалиеваны таптакыр башка факультетке которуп таштады. Эми жогорудагы агай-эжекелерибиз факультеттен кетсе, бизге «Кыргызстанда какырып-түкүрүктөрө берсе болот, каалагандай какырып түкүрө бергиле» деп Түркиядан симпозиумга келген коноктордун оозун ачтырган Хасрет Акташ бизди маданияттуулукка окутабы?! Кыргызстанды акыр-чикирге, какырык-түкүрүктөрдүн өлкөсүнө теңеген Хасрет Акташты тартипке чакырган бизде мыйзам барбы деги?! Биз студенттер кыргыздарды шылдыңдаган Бунуямин Айхан, Хасрет Акташ сыяктуу агайлардын сабагын албайлы, мындай мугалимдер биздин өлкөдө иштебесин деген талаптарды койгону жатабыз.

Бизди кыжырланткан дагы бир жагдай, «кыргыздардын канында уурулук бар, алардан абайлагыла деген» Бунуямин Айхандын чакырыгы. Биздин факультетте камералар, монтаж жасаган компьютерлер кеңири. Аларды мурда туура пайдалануу менен Манас университетин дүйнөгө таанылткан кыска метраждуу тасмалар даярдалган. Бунуямин Айхан Кедей хан боло калганда камералар, монтаждык столдорду кеңири пайдаланууга тыюу салынды. Ал «кыргыздардын канында уурулук бар, кыргыздарга камераларды, монтаждык столдорду көзөмөл кылдырбаш керек» деп, ал жерлерге түрк ассистенттерди отургузду. Алар саат 8ден 5ке чейин иштеп, бөлмөлөрдү култтап кетишет. Сабак учурунда камера алалбаган, монтажга отура албаган студенттер ар кайсыл телеканалдарга жалдырап, дипломдук ишин эптеп бүтүрүштү. Бунуяминдин кыргыздарды ууру деп шылдыңдоосун эмне деп түшүнүүгө болот? Кыргыз мугалимдер каяша сүйлөсө эле биз акчаны берип жатабыз, силер ошого жашап жатасыңар деп чыгышат. Чын-чынына келгенде жаңыдан окууну бүтүп асистент болуп ишке кирген түрк бүтүрүүчүлөрү бир жарым миң доллар маяна алса, чачын бубак баскан кыргыз профессорлору миң долларга жетпеген маяна алышат. Түркиядан келген мугалимдер кыргыздардан 200-300 пайыз көп маяна алышат жана Түркиядагы маяналары да сакталат. Түркия мамлекети берген акчаны ошондо ким алган болот? Кыргыз тарап бөлүп берген 85 га жердин баасын эсептеп көрбөйлүбү анда?! Алардын мындай аракети курулай гана кыргыз тарапты басынтуу!

Эми кыргыздарга каршы тымызын саясат жүргүзгөндөрдүн анабашчысы ким? Биз Сезер Акаржали деген профессор атыккан агай турат деп ойлойбуз. Ал кыргыз агайларга сабак берилбесин деген аракетте 22 предметти ээлеп, менчиктеп алган. Берген сабактары баш-аягы жок түшүнүксүз. Түркиялык адистер жазган айрым эмгектерди мен жазганмын деп жүрүп, плагиаттыгы билинип, анысын докторантурада окуган 10 чакты докторант интернеттен таап, ректоратка кайрылса, жазалагандын ордуна түрктөрдүн таламын талашкан мыйзамсыз ректор Себахаддин Балжы Сезер Акаржалини тайрактатып кетирбей кармап жүрөт. Журт безери Сезер кыргыз мугалимдерди каалагандай басынтып, «менин алдымда сүйлөгөнгө акыңар жок» деп кыйкырат. Жакында эле факультеттеги бир жыйында биздин сыймыктуу эжекебиз, профессор Үмүт Асанованы «менин алдымда сенин каршы сүйлөгөнгө акың жок» деп кыйкырганы, эжекени «кыргызсың» деп басынтканы тууралуу угуп аябай кыжырландык. Профессор Үмүт Асанова «улуттук жактан басынтуу болуп жатат» деп ректор, проректор катышкан факультеттин жыйынында айткан сөзүнө мыйзамсыз ректор Себахаддин Балжы былжыраган сөзү менен жооп берип, эч кандай жыйынтык чыгарбаганы бизди өкүндүрөт! Акыры журт безери Сезер Акаржали максатына жетип, баш көтөрүп, каяша сүйлөгөн кадыр-барктуу агай-эжекелерибиз факультеттен тазаланып жатат. Факультете кыргыздарды шылдыңдаган, басынткан жогорудагы түрк агайлардын башында ректор өзү тургандай сезилет. Болбосо эмдигиче андай агайларга бир чара колдонот болчу!

Биз бул макалабызда айрым гана фактыларды келтирдик. Университетте жыйындар, иш кагаздары бир гана түрк тилинде болоорун, факультетте негизги сабактар басымдуу түрдө түрк тилинде окутулаарын, практикалык сабактар аз болуп, бүтүрүүчүлөр кесиптик атаандаштыкта артта калып жатканыбыз жана башка толгон-токой жагдайлар тууралуу жазсак гезит бетине чак келбес. Биздин үнүбүздү коомчулук укса деген аракетте сиздердин гезитиңиздер аркылуу кайрылып жатканыбыз ошондон улам болууда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×