Добавить статью
6:48, 5 июля 2012 62784

Билим берүүнүн маңызын жаңылоонун социалдык-экономикалык негиздери жана багыттары

Киришүү

Ар кандай цивилизациялуу, өнүккүн өлкөлөрдүн стратегиялык максаты – социалдык-укуктук жана демократиялык мамлекетти түптөө болуп эсептелет. Ошол эле учурда өнүккөн өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык саясатынын негизги приоритети болуп элдин жашоосунун сапатын камсыздоо саналат.

Бул максатка жетүүдө Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү бир гана материалдык-техникалык, финасалык ресурстарды, өндүрүштү андан ары өнүктүрүүнү талап кылбастан, интеллектуалдык ресурстарды өнүктүрүүнү, адамдык капиталга инвестициял жасоону талап кылууда. Себеби экономикалык ирилешүү учурунда ар бир мамлекеттин экономикасынын өнүгүү деңгээли, анын конкуренттик артыкчылыгы бир жагынан адам капиталынын байытылышы жана ал капиталдын андан ары турмушта кеңири колдонулушу менен аныкталат. Мындан, республиканын экономикасынын бардык тармактарын өнүктүрүүнүн негизги шарттарынын бири болуп билим берүү тармагына инвестициялоо (билим деңгээлин, квалификациясын көтөрүү, ден-соолугун чыңдоо жана социалдык жоопкерчилигин арттыруу ж.б.), адам капиталынын сапатын көтөрүү, өлкөнүн инновациялык экономикалык өнүгүү жолуна түшүүсүн шарттоо эсептелет. Бул багытта жогорку квалификациялуу, өз адистиги боюнча эң алдыңкы технологияларды окуп үйрөнгөн, өз элин, жерин жүрөгүнүн түпкүрүнөн сүйгөн көп тармактуу адистерди даярдоонун архиваждуу орду бар.

Дүйнөдө билим берүү тармагындагы жетишкендиктердин, өзгөрүүлөрдүн, маалыматтардын, алга жылуулардын темпинин тездиги жана масштабдуулугу, ошондой эле жогорку билим берүү системасынын коомдогу ролунун уламдан улам чоңойуусу жана анын андан ары тез темпте өсүп өнүгүп жатышы Кыргыз Республикасында билим берүү тармагын реформалоого, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялануусуна түрткү болууда. Акыркы учурдагы министрликтин бул багыттагы аракетин(окуу жайларды ирилештирүү, аларды эл аралык аккредитациядан өткөрүү, окутуучулук кадрларын туура пайдалануу, илимий изилдөөлөрдү күчөтүү ж.б.) колдоого арзыйт.

Бул макалада ушундай таризде дүйнөлүк экономикалык өнүгүүнүн, Кыргызстандын, региондун социалдык-экономикалык абалынын билим берүү системасына тийгизген таасирлерине жана андан келип чыгуучу кээ бир жыйынтыктарга токтолобуз.

1.Дүйнөлүк глобалдык экономикалык тренддер

1.1. БУУ, ЭАВФ, БДСУ сыяктуу эл аралык уюмдар дүйнөдөгү экономикалык өсүүнүн темпин, финансалык кризистерди шарттаган себептерди изилдөөнүн негизинде келечекке багытталган прогноздорду анализдөөдө жана аларга карата өз ойлорун сунуштоодо.

1.2.Эл аралык аренада жаңы эконмикалык бирикмелер – БРИК (Бразилия, Россия, Индия, Китай), ШКУ – Шанхай кызматташуу уюму ж.б. пайда болду. Бул уюмдардын дүйнөлүк экономика тийгизген таасири жылдан-жылга күчөп барууда. Эксперттердин прогноздоруна ылайык 2020-жылдарга карата Шанхай, Гонконг, Индия, Бразилия жаңы финансалык борборлор болуп калуусу күтүлүүдө.

1.3.Грециядагы финасалык кризис, Испаниядагы экономикалык абал, Араб мамлекеттериндеги толкуулор дүйнөлүк экономикалык абалдын туруктануусуна өз таасирин тийгизүүдө.

1.4.Мндай экономикалык туруксуздукта бир гана инновациялар, жаңылануулар конкуренцияга жөндөмдүү мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнүн чечүүчү драйвери болуу мүмкүндүгү болжолдонууда.

1.5.Жогоруда айтылгандардан ар бир өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн түпкүлүгү бир жагынан ал мамлекеттеги социалдык туруктуулукту орнотуу болсо, экинчи жагынан ага жетишүүнүн негизги багыты болуп жалпы жарандардын жашоосунун сапатын камсыздоо болуп саналат. Бул процессти ишке аширууда өзгөчө орунду ЖОЖдор ээлейт. Анткени алар учурдагы инновациялык экономиканын чыныгы борбору, билим, илим жана инновациялык өнүгүү чынжырын түзүүчү негизги звеносу, билим берүү жана маданият тармагынын чечүүчү ядросу болуп эсептелет.

2.Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы

2.1.Кыргыз Республикасындагы жарандардын жашоо шарты боюнча Кыргызстан жүздөн кийинки, ал эми коррупция боюча 165-орунду ээледи. Кыргызстандын мындай рейтинги мамлекеттин социалдык тармактарынын (билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б.) жетишерлик төмөнкү абалы, бизнес чөйрөсүнүн инновациялык негиздеринин алсыздыгы, өлкөбүздө коррупциянын тамырынын уламдан – улам тереңдеп жайылышы, жумушка жарамдуу жарандарга жумуш орундардын жоктугу, жогорку билимдүү жаш кадрлардын адистик боюнча иштөөгө шарттын болбогондугу ж.б.саналат.

2.2.Мамлекеттик бюджетти түзүүчү кээ бир ишканалардын (энергетика, транспорт ж.б.) негизги фонддорунун износ болуп бүткөндүгү жана аларды жаңылоо зарылдыгынын чекке жеткендиги белгилүү. Бул тармактарды бир тараптан камтыган коррупция начарлатса, экинчи тараптан адис эмес кадрлардын тармакты башкаргандыгы, (М.:энергетиканы экономист, геологияны менеджер ж.б )саналат.

2.3.Мамлекет менен бизнестин жеке-мамлекеттик партнердук форматтагы кызматташуу тенденциясынын түптөлө электиги, мамлекеттик органдарга болгон ишенбөөчүлүгү, бийликке негизинен акчалуулардын гана келүүсү, сот системасындагы адилетсиздик ж.б. дын орун алуусу элдин ишенимин күндөн-күнгө жоготууда.

2.4.Мамлекеттин жарандарынын өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга болгон активдүүлүгүнүн өтө төмөндүгү (мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер, деги эле көпчүлүк жарандар өз кызыкчылыгын өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору коеру белгилүү),ж.б.

3.Түштүк регионунун экономикалык өзгөчөлүктөрү

3.1.Түштүк регионунун экономикасы негизинен айыл чарбасы менен байланышкан. Бул тармактын күчтүү позициялары болуп пахта, тамеки, жашылча жер жемиштерин өндүрүү жана чыгашасынан ашыра сатуу саналат. өндүрүш тармагын алганда анын негизги өзөгүн энергетика, жаратылыш байлыктарын(көмүр, сымап, сурьма, кремний ж.б.) иштетүү эсептелет. Бирок бул тармактарды өнүктүрүү абалы СССР мезгилиндеги деңгээлге эмес, Кыргызстан эгемендүүлүктү алган учурдагы көрсөткүчтөргө да жете албай жатат.Анын себеби болуп ишканалардын финансалык абалынын начардыгы жана жетекчилеринин эл аралык мамилени, өндүрүштү жолго коюуга билим деңгээлдеринин жетишпестиги себеп болууда. Бул айтылгандарга ынануу үчүн Түштүк регионундагы областардын стратегиялык өнүгүү программалары менен таанышуу жетиштүү болот.

3.2. Регионду көтөрүү үчүн андагы негизги деп эсептелинген энергетика, көмүр казуу, нефти иштетүү тармактарын модернизациялоо жана жаңылануу жактары алдыңкы орунга чыгуусу менен бирдикте ишканалардын жетекчилигине жакшы адис эле эмес, күчтүү уюштуруучу(менеджер), ар тарптуу билимге ээ болгон кадрлардын болуусу зарыл.

3.3. Кыргызстандын түштүк борбору саналган Ош шаарында өнүгүүнүн жаңы чекиттери – финансалык, банк, укуктук кызматтары, техникалык (технологиялык) кызмат көрсөтүүлөр, медицина, билим берүү ж.б. тармактарынын өнүгүүсү байкалууда. Бирок бул тармактар региондун өнүгүүсүнүн локомотиви болуу абалына өсүп жете элек. Ал үчүн аларда жаңы экономикалык системалардын жаралуусу, өндүрүштү, социалдык чөйрөнү башкаруунун жаңы ыкмаларынын түптөлүүсү зарыл.

Мындай көз караш менен караганда учурдагы алдыңкы ЖОЖдор аймакты өнүктүрүүдө бийликтин чечүүчү партнерлорунун бири катары каралуусу керек, б.а түштүктөгү алдыңкы ЖОЖдор аймактын экономикалык өсүүнүн катализатору, маданий жана коомдук өнүгүүнүн борбору, мамлекет, коом жана бизнестин ортосундагы байланыштыруучу звено болуп берүүсү мезгилдин талабы.

Бизге белгилүү болгондой дүйнөгө белгилүү болгон Калифорниядагы Беркли университети жана технологиялык институту, Массачусет технологиялык институту, Стэнфорд университети, Кытайдагы Синьхуа университети, Индиядагы технологиялык институт ж.б.лар өз өлкөсүнүн өнүгүүсүндө өзгөчөлөнгөн бир канча сапаттарга ээ боло алышкан. Андай сапаттар болуп:

1.Дүйнөлүк деңгээлдеги эл аралык программалар жана алдыңкы илимий изилдөөлөр менен иштөөсү, чет мамлекеттик студенттерди, илимпоздорду тартуусу, биргелешкен билим берүү тармагындагы проектилер жана илимий программалар менен иштөөсү.

2.Билим берүүнү илим изилдөө, бизнес менен айкалыштырып окуу программаларынын мазмунунун жаңылануусуна, практикалык жумушка жакындашуусуна мүмкүнчүлүк түзгөндүгү.

3.Алдыңкы илимий багыттар (критикалык технологиялар) боюнча иштөө аркылуу инновациялык көз караштагы жаңы илимий жана окутуучу кадрлардын калыптануусуна шарт түзгөдүгү.

4.Дүйнөдөгү эң алдыңкы илимий-технологиялык, проблемалык борборлорду, лабораторияларды (кээ бир ачык басылмаларда чыккан маалыматка караганда мындай чоң бир лабораторияга сарпталуучу каражаттын жалпы суммасы Россиянын Илимдер академиясына бөлүнгөн каражаттын суммасынан да көптүк кылат) түзүү аркылуу окуу процессин жакшыртууга, өндүрүшкө (бизнеске) алдыңкы технолгияларды сунуштоого, алар менен чогуу иштөөгө мүмкүнчүлүк түзгөндүгү.

5.Бийлик менен тыгыз иштөөнүн негизинде жогоруда аталган ЖОЖдор мамлекеттик гранттарды, буйрутмаларды аткарууга түз бюджеттик каржылоону алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишкендиги ж.б.лар саналат.

Демек, мындан Кыргызстандагы ЖОЖдор да өлкөбүздүн өнүгүүсүндө өздөрүнүн белгилүү салымдарын кошуусу үчүн студентке түздөн – түз окутуучунун билим берүүсү менен гана чектелбестен билим, инновация жана компотенция формаларында интеллектуалдык капиталды калыптандыруучу борбор болуп калыптануусу зарыл.

Ал үчүн биздин оюбузча төмөнкү 4 негизги багыттагы жумуштарды аткаруу керек:

1.Дүйнөлүк деңгээлдеги конкуренцияга жарамдуу окуу программаларын,илимий проектилерин иштеп чыгуу жана окуу процессине, илимий изилдөөгө кийирүү;

2.Конкуренцияга жарамдуу технологияларды жана инновацияларды жаратуучу шарттарды (инфраструктураларды) түзүү жана аларды жайылтуу;

3.Бизнес, илимий ишканалар жана борборлор, билим берүүчү ЖОЖдор, бийлик бутактары менен тыгыз партнердук байланыш системасын түзүү;

4.ЖОЖду башкаруунун жаңыча системасынын инфраструктурасын түзүү аркылуу окуу жайды жогорку эл аралык баскычка көтөрүү.

Алибетте бул стратегиялык пландагы жумуштарды ишке ашыруу үчүн биринчи иретте бизнес, өндүрүш ишканалары, билим берүүчү уюмдар ж.б. лар менен бир канча жылдарга түзүлгөн эки тарап тең кызыкдар болгон келишимдерди түзүү, кадрлардын квалификациясын көтөрүү жаатындагы борборлорду ачуу, региондун экономикасын которүү багытындагы инновациялык биргелешкен ишканаларды, технопаркты түзүү жана чоң регионалдык масштабтагы биргелешкен бизнес-проектерди ишке ашыруу сыяктуу иштерди жүргүзүү керек.

Жогоруда келтирилгенн негизги позицияларды чечмелеп көрөлү:

1. Дүйнөлүк деңгээлдеги конкуренцияга жарамдуу окуу программаларын,илимий проектилерин иштеп чыгуу жана окуу процессине, илимий изилдөөгө кийирүү

1.1.Алдыңкы регионалдык жогорку окуу жай профессионалдык билим берүү программаларын б(прикладдык бакалавриаттан тартып докторантурага чейин) түзүүнү, аларды окуу процессине кийирүүнү кыска мөөнөттө эң жогорку деңгээлде ишке ашыруусу зарыл.

1.2.Конкуренцияга жарамдуу бакалавриат, магистратура жана аспирантура багытындагы модулдук программаларды иштеп чыгуу менен бирдикте окутуунун бардык баскычтарында билим берүүнүн эң активдүү методдорун (кейс-технология, компьютердик симуляция, моделдештирүү ж.б.) окуу процессине кийирүүсү абзел.

1.3.Окуу жайдын базасында илимий институттуар, инновациялык ишканалар жана ЖОЖдордун тармактык байланышкан модели ишке ашыруу керек. Студенттер, аспиранттар окуу планда көрсөтүлгөн жалпы кредиттердин 1/3 ин илимий институттарда, инновациялык маанайдагы ишканаларда, компанияларда чет мамлекеттеги партнер окуу жайларында окуу процессине катышуу аркылуу алуусу зарыл, б.а. окуу жайда академиялык мобилдүүлүк принциби окутуунун бардык баскычтарында талаптагыдай терең жайылтылат.

1.4.Жогорку конкуренцияга жарамдуу деңгээлге жетүү максатында окуу жай өзүнүн интеллектуалдык, финансалык, материалдык ресурстарын эң алдыңкы илимий жана билим берүү багыттарына топтоштурат, б.а. университет өнүгүү идеологиясын ишке ашырат. ЖОЖ “критикалык” илимий-техникалык багыттарды континенталдык экономикалык интеграциялануу процесстерди эске алуу менен дүйнөлүк илимдин өнүгүү багыттарын анализдеп, республиканын жана региондун стратегиялык өнүгүү концепциясын кароо менен тандайт.

2. Конкуренцияга жарамдуу технологияларды жана инновацияларды жаратуучу шарттарды (инфраструктураларды) түзүү жана аларды жайылтуу

2.1.Илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын өндүрүшкө кийирүүдө инновациялык циклди толук түзүүгө негизделет, б.а. илимий изилдөөлөрдүн темасын тандоодон баштап өндүрүштөн продукт, изделия түрүндө чыгарууга чейинки цикл толук камтылат. Ошондуктан ЖОЖ региондун кадрларды даярдоо, бизнестеги илимий чөйрөнү, жаңы технологияларды, региондогу инновациялык ишмердүүлүктү колдоочу инфраструктураларды жаратуу функцияларына ээ болгон инновациялык базалык борборго, айрыкча анын ядросуна айланат.

2.2. Окуу жайда эмгектенген илимпоздордун илим-изилдөө иштеринин стратегиялык максаттары болуп, Кыргыз Республикасында приоритетүү деп белгиленген илимий багыттары менен дал келүүсү шартталат жана окутуучулардын, аспиранттардын, илимий кызматкерлердин, магистранттардын жана студенттердин илимий изилдөө иштеринин жыйынтыктары өлкөнүн, региондун, шаардын экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууга багытталат.

2.3.Ош шаарына, Ош областына, Түштүк регионуна жакынкы 10-20 жылдарга зарыл болгон илимий-техникалык, гуманитардык ж.б. багыттардагы проблемаларды аныктоо жана бул багыттар боюнча илимий кадрларды даярдоо, илимий –техникалык, социалдык проектерди даярдоо жана анын үстүнөн иштөө ЖОЖдун окутуу иштери менен бирдей деңгээлде жасалуучу жумушуна айланат.

3. Бизнес, илимий ишканалар жана борборлор, билим берүүчү ЖОЖдор, бийлик бутактары менен тыгыз партнердук байланыш системасын түзүү

3.1. ЖОЖдун башка ишканалар менен болгон партнердук байланыштары региондун инновациялык өнүгүүсүнүн стратегиялык маселелерин чечүүнү камсыздоочу узак убакытка бекитилген келишимдердин негизинде ишке ашырылат.

3.2. Алдыңкы ишканалар жана компаниялар менен болгон партнердук байланыштар ЖОЖдогу билим берүү багытындагы программаларды биргелике модернизациялоого, кадрларды даярдоонун багытталган жолдомосун ишке ашырууга, долбоордук-технологиялык магистердик программаларды кийирүүгө, алардын корперативдик багытталуусуна, базалык кафедраларды, окуу-өндүрүштүк аянтчаларды, лабораторияларды түзүүгө жардам берет.

3.3. Республикадагы, чет мамлекеттеги белгилүү окумуштууларды келишим менен университетке кыска мөөнөттөргө чакыруу кадимки көрүнүшкө айланат.

3.4.«ОшМУ- КР нын УИА Түштүк Бөлүмү - Башка ЖОЖдор, Илим изилдөө тармактары» курамындагы биргеликтеги изилдөөлөрдү күчөтүү, алардын Эл чарбасындагы колдонулуштарына активдүү катышуу, жаңыилимий табылгаларды окуупроцессинекийирүү адаттагы милдет болуп калат.

4. ЖОЖду башкаруунун жаңыча системасынын инфраструктурасын түзүү аркылуу окуу жайды жогорку эл аралык баскычка көтөрүү

4.1.ЖОЖду башкаруу системасы менеджменттин демократиялуулук, оптималдуулук, эффективдүүлүк жана ачыктык принциптерине негизделиши керек. Бул принциптерге жетишүү үчүн окуу жайдын Байкоочу Кеңеши, Окумуштуулар Кеңеши, окуу–усулдук кеңеши, илимий-техникалык кеңеши ж.б. дын аткаруучу функциялары такталып, алардын иш-пландары бирин-бири толуктай турган таризде түзүлүүсү зарыл. Ал эми ЖОЖдун эң жогорку органы болгон Окумуштуулар кеңешинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышы ректорат тарабынан жүргүзүлүп, Байкоочу кеңеш тарабынан көзөмөлдөнөт. Алардын жыйынтыгы зарыл учурда университеттин Окумуштуулар Кеңешинде кайрадан каралат, талкууланат жана чечим кабыл алынат.

4.2.Окумуштуулар Кеңешине жардамчы органдар болуп окуу-усулдук, илимий-техникалык кеңештер жана финансы–экономикалык, кадрлар боюнча, студенттер боюнча комиссиялар ж.б. саналат. Алар өз багыттары боюнча зарыл болгон жоболорду, көрсөтмөлөрдү, инструктивдик документтерди ж.б. керектүү материалдарды, ошондой эле окуу жайдагы структураларды текшерип, таанышып чыккандан кийин справкаларды даярдап, Окумуштуулар Кеңешине алып чыгып, керектүү чечимдерди кабыл алып, аны аткаруу үчүн ректоратка, структуранын жетекчилерине, институттун директорлоруна, декандарга жана кафедра башчыларына жиберип турат жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт.

4.3.ЖОЖдун базасында келечекте юридикалык статуска ээ болгон өзүнүн финансалык балансы жана оперативдүү башкаруу укугуна ээ болгон институттар түзүлүлөт жана алар түздөн-түз чет элдик окуу жайлар менен партнердук байланышты калыптандырышат. Ошондойэле алар башка окуу жайлар, өндүрүштүк уюмдар жана компаниялар, эл аралык фонддор, банктар ж.б. менен иш алып барууга мүмкүнчүлүк алышат. Мындан, алардын өнүгүүсүнө жана кошумча каражаттарды табуусуна кеңири жол ачылат. Ошондой эле кадрларды туура пайдалануу жолу менен окутуунун сапатын көтөрүүгө, материалдык-техникалык базаны эффективдүү пайдаланууга, чоң-чоң илимий программаларда чогуу иштөөгө мүмкүнчүлүк ачылат. Жыйынтыгында ЖОЖ жаңы баскычка көтөрүлөт.

Автор жөнүндө маалымат:

Ташполотов Ысламидин, физика-математика илимдеринин доктору, ОшМУнун профессору

моб.тел.: +(996)550260554, дом.тел.: +(996)3222 62485

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×