Добавить статью
6:52, 5 июля 2012 40935

Геосаясат: «Алеша» алыс кете алабы?

Кечээ жакында президент А. Атамбаев атайын указы менен улуттук коопсуздук концепциясын бекиткен. Анда ички жана тышкы коркунучтар, алардын алдын алуунун механизмдери каралган. Аңгыча эле Россиянын аскер башчыларынын бири генерал-полковник Владимир Чиркин жакын арада Борбор Азияда куралдуу кагылыштар орун алуусу толук мүмкүн деп билдирүү жасады. Буга Тажикстан бир аз териккендей түр көрсөткөнсүдү, бирок Өзбекстандын соңку кадамы капталдан урган канжардай эле болду. Тагыраагы Жамааттык коопсуздук уюмунун алкагында өнөктөш болуп келаткан Өзбекстан уюмга болгон мүчөлүгүн токтотту.

Бул жагдай Кыргызстандын коопсуздугуна кандай таасир берүүсү мүмкүн? Тикелей таасир бербесе да кыйыр түрдө кесепеттери болбой койбойт. Анткени Жамааттык коопсуздук келишиминин уюму – бул Россиянын таасирин күчөтүүнүн куралы. СССР кыйрап жок болгондон кийин гегемондугун толук кандуу калыптандыра албаса да КМШ аймагында айтканын эки кылбай аткартууга Москванын эки көзү төрт. Бирок Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Кремль каалагандай кол куушуруп бере турган инсан эмес. Маселен, Өзбекстан буга чейин да ЖККУнун курамынан чыгып кеткен жайы бар. Бирок кайра келип кошулган. Демек Москванын гана көзүн карабастан өз кызыкчылыктарына жараша кадам таштай алат десек болот. Минтип мышык-чычкан ойногон саясаты менен Ислам Каримов ЖККУну дээрлик жокко чыгарат өңдөнүп калды. Ансыз да эл аралык коомчулук ЖККУну анчалык деле таңазар ала бербегени маалым. Эми минтип ич ара ыдыроо тенденциясына жол ачылып отурат.

Өзбекстанга чейин Россия менен болгон мамилесин Тажикстан да бир топ салкындатып алган. Маселе орустардын Тажикстандагы 7 миңден ашуун аскерлери орун алган 201-аскер базасына байланыштуу. 2014-жылы келишимдин мөөнөтү аяктайт. Бирок аны узартууда пикир келишпестиктер орун алып Москванын беделине шек келтирген кырдаал жаралып жаткандай. Оруч учкучтарынын кармалышы, ага карата Кремльдин реакциясы маселени ырбатып ийген жайы бар.

Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөр өз ара да кырды бычак кырдаалга кептелип турган кездери. Өзгөчө Өзбекстан менен Тажикстандын мамилеси жакын арада жакшыра турган эмес. Мындай шартта маселенин конструктивдүү чечилүүсүнө өбөлгө түзө турган аянтча керек эле. Бирок Россия мындай вазыйпаны аткара албады. Тескерисинче тажик президенти Э. Рахмон менен өзбектердин башчысы И. Каримов Россиянын колдоосуна ээ болуу үчүн «күнүлөштөрдөй» эле элес калтырышкан.

Кандай болгон күнү да бул эки кошунабыз Россияга ишеним артпай тургандыктарын ачык билдиришти. Ал эми Кыргызстан ары эмес, же бери эмес болуп турган чагыбыз. Эл аралык мамилелерде анча жактыра бербестигиңди жарыя кылып ачык конфронтацияга өтүү бери дегенде эле алабармандык катары бааланат эмеспи. Андыктан мындай учурларда салкын кандуулук менен салабаттуу саясат зарыл. Анткен менен биздин аткаминерлерибиздин алабармандыкка алдырып коймо адаттары бар. Кечээки эле К. Бакиевдин тышкы саясаттагы аракеттери лакапка айлана турган болуп калды. Андан кийинки А. Атамбаевдин деле «Манас» аэропортундагы АКШ баш болгон альянстын базасы боюнча билдирүүсү «Алеша деле алыс кетпей тургандыгын» көрсөтүп койду окшойт.

Маселеге Ооганстан тараптан соккон жел туз кошуп жатат. Анткени геосаясый мааниси зор болгон Борбор Азиялык чөлкөмдүн жакын арадагы опурталдуу келечеги чөлкөмдө орун алган өлкөлөрдүн жон териси менен сезилип атса, дүйнөлүк оюнчулардын бүйүрүн кызытууда.

Мындай шартта Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт деген «кожолорубуздун» саясаты кызык болууда. Анткени Россияга жагынам деппи же кысымына туруштук бералбайбы, айтор «Манастагы» АКШнын базасын кетирем, башкасын ача турган болсом ЖККУнун (Москванын деген эле сөз) уруксаатысыз иш кылбайм дегени ар кандай түкшүмөлдөргө түртүүдө. Бирок ошол эле учурда айтпай турган сөздөрдү айтып ийген учурлары (көбүн эсе ички аудиторияга багытталган) да жок эмес.

Кандай болгон күндө да жыйырма жылдан бери жыйынтык бере албаган тышкы саясатыбызды, жыйырма жылдан бери элибизди жыргатпаган ички саясатыбызды ыраатка келтирүүгө мезгил келди. Антпесе алды-артыбыздан аңдып турган атаандаштарыбыз болжоп болбой турган саясатты тутунуп алышты. Өлкө башчысынын кабак-кашы өзгөрсө эле жарылып кетүүгө даяр Өзбекстан, жарандык согуштан алган сабактары күмөндүү болуп турган Тажикстан өңдүү коңшуналардын арасында коопсуздук маселеси өтө актуалдуу болуп эсептелет. Ал эми аны камсыздоонун механизмдери өзүнчө бир узун кеп. Өлкө ичинде кескин кадамдарга баруу менен ырааттуу жолго түшпөсө, күнүмдүк кирди-чыкты саясат менен алыс бара албайбыз. Ал эми регионалдык аспектиден ала турган болсок, ЖККУну жаңылай же түп орду менен алмаштыра турган чаралар керек болуп калды көрүнөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

26-07-2012
Саясий антибиотик
54508

28-06-2012
Коррупцияны жеңүүнүн стратегиясы
30009

21-04-2011
Конституциялык коллизия же коалициялык казус
37054

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×